Логотип конкурса Ты супер!. Архивное фото

Эми ата-апалар катыша алат. НТВ каналы "Ты супер! 60+" сынагын баштады

(жаңыланган 16:07 31.03.2021)
"Ты супер" шоусу бир нече ирет ТЭФИ премиясынын лауреаты болгон. "Ты супер! 60+" сынагын НТВ телекомпаниясы менен Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Агартуу министрлигинин колдоосу менен өткөрүп жатат.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. НТВ телеканалы жаңы музыкалык долбоордун алкагында "Ты супер! 60+" сынагын жарыялады.

Конкурска түрдүү себептерден улам жакындарынын колдоосу жок калган Россия, КМШ жана Балтика мамлекеттеринде жашаган 60 жаштан жогорку курактагы вокалисттер катышат.

НТВ телеканалынын башкы продюсери Тимур Вайнштейндин айтымында, "Ты супер!" долбоорунун жаңы багыты жөн жерден пайда болгон жок.

"18 мамлекеттен келген 385 бала үчүн шоунун мааниси чоң болуп калды. Эми болсо чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү болбой, жакындарынын колдоосу жок калган улгайган адамдарга жардам бергибиз келип жатат", — деди Вайнштейн.

Анын айтымына караганда, конкурс вокалисттерге жакындары менен кайрадан көрүшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Учурда кастинг соңуна чыкты. Долбоордун эң жаш катышуучусу 60ка чыкса, эң улуусу 87де. Вокалисттер арасында тажрыйбалуулары бар. Мисалы, жаңы шоунун биринчи сезонуна консерваториянын бүтүрүүчүлөрү жана Мариинский театрынын артисти өткөн. Бирок катышуучулардын көпчүлүгү музыка менен байланышы жоктор — дарыгерлер, химиктер, үй кожойкелери, Ички иштер министрлигинин отставкадагы полковниги.

Сынакты мурдагыдай эле Вадим Такменёв менен Анастасия Пак алып барат. Ал эми калыстар тобунун мүчөлөрү менен продюсерлер азырынча сыр бойдон калууда. Эрежелери дагы мурдагыдай эле.

Сахнага чыккандан кийин күтүү зонасына өтүү үчүн катышуучулар үч же төрт калыстын "ооба" деген жообун алышы керек. Андай болбой калса вокалист сынактан кетиши керек болот.

"Ты супер" шоусу бир нече ирет ТЭФИ премиясынын лауреаты болгон. "Ты супер! 60+" сынагын НТВ телекомпаниясы менен Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Агартуу министрлигинин колдоосу менен өткөрүп жатат.

Белгилер:
"Ты супер! 60+" сынагы, долбоор, сынак, шоу, НТВ
Тема боюнча
Күзүндө Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өткөрүлөт

Улуттук банк Жусуп Баласагын тууралуу ролик тартты. Видео

(жаңыланган 00:31 22.04.2021)
Кыргызстандын Улуттук банкы Facebook социалдык тармагына улуу ойчул Жусуп Баласагын тууралуу ролик жарыялады.

Актёрлор Марат Алышпаев жана Назым Мендебаиров роль жараткан роликтин режиссёру Руслан Акун.

Сценарий боюнча Жусуп Баласагынды хандын алдына чакырышат. Ал жерде чогулгандардын бардыгы ханга перс тилинде сүйлөп, кылыч белек кылып жаткан болот.
Баласагындын хан алдында жалтанбай туруп кыргыз тилинде сүйлөгөнү ал жердегилерге жакпайт.

Ошондо ойчул башчыга кайрылып, “Элим өз тилинде жазып, билимин өркүндөтсө дейм” деп жооп берет. Аны мындай сөздөрүнөн кийин хан башкы кеңешчиси кылып шайлап коёт.

Улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын 1015-жылы, айрым маалыматтар боюнча 1016-жылы Карахандар каганатындагы Чүй өрөөнүнүн чыгышындагы азыркы Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан биринчи борбору — Баласагын шаарында туулган.

1069-1070-жылдары Жусуп Баласагын жазган түрк тилиндеги "Кутадгу билиг" ("Куттуу билим") эмгеги дүйнөнүн көп тилдерине которулган.
Азыркы учурда Жусуптун "Кутадгу билиг" поэмасынын үч нускасы сакталып турат. Бир нускасы Вена шаарында (Австрия) сакталуу. Египеттин борбору Каир шаарында сакталып турган экинчи нуска 1986-ж. табылган.

Ал эми Намангандан табылган үчүнчү нускасы азыр белгилүү болгон нускалардын эң толугу болуп эсептелинет. Эстеликтин үчүнчү нускасы азыр Өзбекстан илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фондунда сакталууда. Наманган жана Каир шаарларынан табылган нускалар араб ариби менен жазылган.

Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат.

Белгилер:
ролик, Жусуп Баласагын, Улуттук банк, Кыргызстан
Тема боюнча
Нөшөрлөгөн жаанга карабай Саякбайды уккан эл. Улуттук банктын видеосу
Кер мурут жигит Сүймөнкул Чокморов. Улуттук банктын улуу инсан тууралуу видеосу

Согуштун балдары. Океев, Жакиев жана Байжиевдин таберик сүрөтү

(жаңыланган 18:41 21.04.2021)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Байбичеси Жумаш Өмүрова жана кызы Азиза Океева менен турган СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен Кыргыз эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев жана КРдин эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин сүрөтү 1995-жылы Бишкек шаарында тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Байбичеси Жумаш Өмүрова жана кызы Азиза Океева менен турган СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен Кыргыз эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев жана КРдин эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин сүрөтү 1995-жылы Бишкек шаарында тартылган.

Ал жылы Океевдин 60 жылдыгы белгиленип, кинематографисттин жакындары, кесиптештери Опера жана балет театрына чогулган эле.

Ошол кезеңди сценарист Мар Байжиев мындайча эскерди.

"Төлөмүш менен Бексултан бир айылда чогуу окушкан, үчөөбүз тең согуштан кийинки балдарбыз. Жакиев экөөбүз филология факультетинде бирге билим алдык. Мен орус, ал кыргыз бөлүмүндө студент болчу. Кийин Океев Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетинин үн режиссёр адистигин бүтүрүп келгенде мен "Кыргызфильмде" редактор болчумун. Ал жылдары бирге иштешип, кеңешип иш кылып жүрдүк. Анткени ал жылдары бизде көпчүлүк кыргыз кинолорун еврейлер, орустар тартышчу. Нуртай Борбиев, Геннадий Базаров, Болот Шамшиевдер жаңыдан жогорку окуу жайды бүтүп келе башташкан. Жаштар кыргыз эли кандай таланттуу, акылман эл экенин көрсөткүбүз келип бири-бирибиз менен тыгыз иштешип, ата мекендик кинематографияны дүйнөлүк деңгээлге чыгаруунун көздөчүбүз", — деди драматург.

Байжиев чыгармачылыгында Океевдин "Ак илбирстин тукуму", "Алтын күз" кинофильминин, Бексултан Жакиев "Мурасынын" сценарийин жазган.

1995-жылы Төлөмүш Океев Кыргызстандын Түркиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп турган.

Белгилер:
таберик сүрөт, Бексултан Жакиев, Мар Байжиев, Төлөмүш Океев, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
Чокморовдун ден соолугун алган "Караш-Караш окуясы". Таберик сүрөт
Кыргыз окумуштууларынын Бакайы — Юдахин шакирттери менен. Таберик сүрөт
Якутияда бугу издеген Болот Шамшиев, Жолон Мамытов, Айтурган Темирова. Таберик сүрөт
Дүкөндөгү кумшкекер. Архив

ЕЭК Кыргызстанга шекерди бажы алымысыз алып келип турууга уруксат берди

(жаңыланган 23:58 22.04.2021)
Тарифтик жеңилдик 15-майдан 30-сентябрга чейин болот. Натыйжада Кыргызстанга 40 миң тоннадан ашык кумшекер бажы алымы жок келет.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу алып турууну чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.

Мындай чечим комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Тарифтик жеңилдик 2021-жылдын 15-майынан 30-сентябрына чейин болот. Арменияга 22,4 миң тонна, Казакстанга 134,4 миң тонна, Кыргызстанга 40 миң тонна, Россияга 350 тоннадан ашык эмес өлчөмдө ташылып келген кумшекер бажы алымынан бошотулат.

ЕЭК белгилегендей, комиссиянын кеңешинин чечими расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.

Эске сала кетсек, азыр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташуунун  бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.

Белгилер:
импорт, Кумшекер, бажы, чечим, комиссия, ЕЭК, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт. Даректери
Кумшекер бир айда 7,2 пайызга кымбаттады. Жер-жерлердеги баалар