Биз бүгүн ошол акелердин бири, ынтымактан өткөн дөөлөт жок деп, кыргыз урууларын, адамдарды ынтымак-ырашкерликке, биримдикке чакырган Сарт аке Доскулу уулу тууралуу 9 факт сунуштайбыз.
Туулган жери, теги, турагы. Сарт аке Доскулу уулу түпкү теги Түштүктөн келген ичкиликтердин төөлөс (дөөлөс) уруусунан. Азыркы Ноокаттын төөлөстөрүнөн деп айтылат. Өзүнүн аты — Сартбай, атасы — Доскулу, андан ары Байболот – Кудаш – Жаный – Мендеке – Зумбул – Чулум – Толуман – Дөөлөс деп кете берет. Туулган датасы так эмес, болжолу 1770-1780-жылдардын аралыгында учурдагы Нарын шаарынын четиндеги Теке-Секирик деген айылда туулган. Баланын ысымын ошол учурда Доскулунукуна келип конуп калган кашкарлык уйгур досу Алимахун азан чакырып Сартбай деп коюп берет. Ал 11 жашка чейин Нарын суусун бойлой балалык курагын өткөрүп жүрүп, ата-энеси менен кошо Ысык-Көлдүн тескейиндеги азыркы Жети-Өгүз жергесинин Жалгыз-Өрүк деген кыштоосуна көчүп келет. Он жетиге толгон кезде айтылуу манап, бий Боронбайдын көзүнө урунуп, ал боз уланды өзүнө алдырып алат. Боронбай менен конушташ болуп жайкысын Ысык-Көлдүн Каркыра жайлоосунда жайлап, кыштоосун азыркы Ак-Суу районунун Түргөн суусунун боюнда өткөргөн.
Мүнөзү. Топто отурганда талашып кепке аралашпаган, бирөө сүйлөп жатканда анын оозунан сөзүн жулуп албаган, кепке конок берип отуруп, зарыл болгондо гана таамай, так, орундуу, угуп отургандарды уютуп пикир айткан киши болгон. Көпчүлүк анын кебин угуп калалы деп атайын соболдорду таштап, унчукпай баш ийкеп, нускалуу баянга жибип гана отурган. Ал бей-бечараларга кайрымдуу, сыйкор инсан экен.
Мойт акенин суроолоруна Сарт акенин жооптору. Бир жолу эл топтолгон жерде Мойт аке Сарт акеге бир нече суроо менен кайрылат, ал киши болсо өзүнүн жообун берип отурат. Бул диалог мындай:
— Кандай адам бай болот
— Үйүнө кут түшкөн, пейли кенен, колу ачык, тукуму өскөн адам бай болот.
— Эркек деген ким, аял деген ким?
— Эркек — үрөн, аял — жер. Үрөн жайсыз өспөйт.
— Бул дүйнөдө ким карып?
— Ынтымагы жок эл карып.
— Бейиш эмне, тозок эмне?
— Шарыят жолу менен жүрсөң, эмгек менен, таман акы, маңдай териң менен адам катары жашасаң — бейиш; шарыят жолунан адашсаң, адамча жашай албасаң — тозок.
— Кубаныч эмне, кайгы эмне?
— Кубанычтын да, кайгынын да булагы көп. Чоң кубаныч — балалуу болуу. Чоң кайгы — анын учуп кетиши.
— Душман менен туугандын айырмасы кандай?
— Күбүр сөз — душман, так айтылган ачык сөз — тууган.
— Бул жалганда не семиз?
— Суудан семиз эч нерсе жок. Ал эми калган жандыктын бардыгынын семизи да, арыгы да убактылуу. Суу бардык жандыкка өмүр тартуулап, эне болуп турат.
— Бу дүйнөдө не кордук, не олжо?
— Отун— олжо, суу — кордук. Суу жок болсо өсүмдүк гана эмес, жан-жаныбар да өспөйт. Отун болбосо, адамдын жашоосу өтпөйт.
— Бийлик эмне?
Мына ушундай сөз эрөөлүндө айтылган кептер эл арасына тарап, калк үчүн кыйшаюусуз аткарылуучу адептик нормаларга айланган.
Насаат тууралуу. "Илгери Түп суусунун боюнда арык, белек ууруларынын бир жыйынында Мураталы бий:
— Сарт аке, насаат-насаат эле дейбиз, бул насааттын насиби эмнеде? — деп сурап калат. Анда Сарт аке:
— "Насаат — жашоо эрежеси, турмуш багыты. Ким насаатты кабыл албаса, боюна сиңирбесе, сокур пенде караңгыда кан жолго таяксыз жалгыз чыккандай болот, — деп насааттын маңыздуу өзөгүн чечмелеп бериптир" (А.Имановдон). Демек, ал адам жашоосундагы нуска сөздүн, кишилерге айтылуучу насааттын маанисин өтө жогору баалоо менен өзү да насаат чыгаруучу, жыйноочу жана калкка жеткирүүчү катары маңыздуу жашап өткөн. Эл болсо Сарт аке сыяктуу акылмандарды, манасчыларды, акындарды, чечендерди, санжырачыларды кепке тартып, аларга ар түрдүү суроолорду берип, сөз жарышындагы даанышман ойлорун, педагогикалык насааттарын кызыгуу менен уккан.
Сарт акенин эл арасына тараган айрым акылман ойлору. "Жакшы атка конуу — асылдык. Ага жетүү кыйын, аны колдон чыгарып коюу арзан. Колдон чыккан — жоголгон нерсе. Жоктун орду толбойт, толсо да мурдагыдай болбойт". Демек, ал жакшы атка жетүү кыйын экенин, ал эми аны жоготуп коюу бир паста эле болорун, жоголгон нерсе адамга кайра келбешин айтып насааттайт. Ал эми адамды ичи тардыктан, көрө албастыктан алыс болууга чакырып, аларды кем акылдык деп мындай нускасын айтып өткөн: "Өзүңдөн мыктыларга, жашоо-тиричилиги жогоруларга, зоболосу бийиктерге суктанба, өзүңдөн пастарга, ал мусапыр болсо да, карып болсо да, кем акыл болсо да сын такпа. Суктануу кызганчаактыктан келип чыккан илдет болсо, сын тагуу текеберчиликтен, кем акылдыктан, өзүн көтөрө чалуудан, кемсинтүүдөн келип чыгат". "Кесир деген — ырысын тебүү", "Түптүү элде нарк-нуска, салт, үрп-адат, адеп-ыйбаа туруктуу", "Ниет оңолгондо, эси-дартың да, сүйлөгөн сөзүң да оңолот", "Адамдын оң жолдо болуусунун өбөлгөсү — этияттык" ж.б. насааттары азыркы күнгө чейин Сарт акенин айтканы деп тарбиялоо, таалим берүү максатында колдонулуп, элдин практикалык иш-аракетине активдүү аралашып, а түгүл тоталитардык-атеисттик деген советтик коомдо да өз функциясын жоготпой келди.
Элди мүңкүрөөдөн баш көтөрткөнү. Бир жылы Көл айланасына кар калың түшүп, кыш оор болот. Анын үстүнө жаздын мойну да узун болуп, мал-жан зыянга көп учурап, элдин бели майтарылып, кыйла мүңкүрөп, ачарчылык, тумоо каптайт. Ар айылда болгон чыгашага, жокчулук, жакырчылыкка аргасыз моюн тосуп, өлбө жаным, өлбө менен илкип калгандарды кеп салып, алдуу, алсызды түгөлдөп отурганда Сарт аке: "Кудайдын башка салганын көтөрбөскө чара жок. Башты жерге салып, болуп өткөндү эскерип, муңайгандан пайда жок. Мал өсөт, баш өсөт. Өскөн — жоктун ордун толтурат. Бул жалганда жеңилбей турган нерсе жок. Калайык ынтымакта болуп, бардары жогуна каралашса, бул абалдан да чыгабыз: жокчулукту барчылык, өлүмдү тирүүчүлүк жеңет; бөксөнүн да орду толот; асили алсызды алдуу, кем акылды акылдуу, бейнасипти насиптүү, ыймансызды ыймандуу, жакырчылыкты бакырчылык жеңип келген. Адам жашоосу мына ушинтип уланып келген. Жашоо бир калыпта болбойт; бай, анын тукуму түбөлүк бай бойдон калбайт; жарды, анын тукуму түбөлүк жарды бойдон калбайт. Турмуш, жашоо тиричилик деген оошот: атүгүл бай жардыга, жарды байга айланат. Келме кезек деген – ошол. Тирүү болсок баарын жеңербиз. "Өлгөн арстандан тирүү күчүк артык" деген кеп бар эмеспи. Элдин тирүү калгандарына каниет кылалы. Жашоодо болгон-койгондун баары убактылуу, баары буюрганына жараша: алдың толо аш болсо да, буюрганын жейсиң. Бул жалганда Кудай шыбаа кылган үч кайыптын негизинде өмүр сүрөбүз: даам кайып, жүз кайып, нике кайып делинет", — деп элдин рухун көтөрүп, мүңкүрөбөй жашоого чакырган экен" (А.Имановдон).Уруулук чабыштарда ортого түшкөн. Кыргыз тарыхынын кандуу окуялары — бугу менен сарыбагыштардын чабышы, ага Ормон хан, Балбай сыяктуу адамдардын аралашып калышы. Мына ушул аябай ырбап кеткен жаңжалды басууда, андан ары башка элдердин (казак, орус, кытай) кийлигишип кетүүсүн токтотууда, Тезек төрө, Тилекмат сыяктуу эле Сарт акенин дипломатиялык эмгеги чоң болгон. Бугулардын арык тукуму менен белек тукумун да элдештиргендиги айтылып келет.
Байлык жөнүндө. Акеш Иманов агай Сарт акенин мындай бир окуясын жазыптыр. Сарт аке токсонго таяп калган кезинде айтылуу Сары-Өзөн Чүйдөн Мүсүр деген бир жаш манап жигит акенин даңкын угуп: "батасы жакшы дейт, берген батасы сая кетпейт дейт. Эмнеси болсо да эл-жер көргүчө аке менен жүз көрүшүп, бетме-бет акыл сөздөрүн угуп, алдынан өтүп, батасын алып келейин", — деп келип калат.
Ал Сарт акенин үйүндө беймарал мейман болуп отурганда:
— Аке, Ысык-Көлдүн айланасы, аны курчап турган күңгөй, тескей тоолордун өрдөшү кенен, малга абдан жайлуу келет деп укчу элек. Айткандай эле жер-суу кенен экен, көз жоосун алган кооз экен. Көлдө байлар көп деп укчу элек, чыгаан байлардан канчасы бар? — деп сурап калат.
Анда Сарт аке:
Нускалуу сөздөрдү угуп, көңүлү ыракатка баткан манап эки-үч күн өрүү болуп, кетерине бир күн калганда жигиттерине жетелете келген байтал бээни сойдуруп, атайы камдай келген ээр-токумдуу келишкен жоргону тартуулап, бата берип коюусун өтүнөт.
Ошондо Сарт аке:
— Балам, турмушка моюн тозгон – абзел иш. Толсоң – бөксөрбө, чайпалсаң – төгүлбө, узарсаң – кыскарба, өмүрүң текке кетпесин, сөзүң сая кетпесин. Алла-таалам өмүрүң менен пейилиңе береке берсин! Оомийин! – деп бата берген экен.
Өмүр соңунда. "Быйыл жаз алды менен Сырт аркылуу Нарынга шашпай көчүп баргыла, жолуңар Кичи-Жууку ашуусу, Борду, Ак-Бел, Кара-Сай, Кызыл-Эшме, Кара-Каман, Балгарт болсун" дептир. Нарындагы туугандары урмат менен тосуп алат. Сарт аке балдарына бир күнү эле "ат жеткен жердеги элдин баарын чакыргыла, малдын семиздеринен сойгула, өз колум менен элге тамак берем" дейт. Балдары айткандай кылат. Сарт аке аксакалдар менен бирге олтуруп эт жейт, кеп курушат. Бата тиленет. Эл узайт. Анан балдарына "баш-аягымды тарткыла" дейт. Жайланып жатып керээз айтып кирет: "Балдарым, ууру кылбагыла, ушак сүйлөбөгүлө, ала жипти аттабагыла, ит өлтүрбөгүлө" дейт. Болду. Келмесин келтирет. Молдонун ыйман айтуусун суранат. Ошол замат узап кете берет. Ар-ар кырдан ашып кеткен меймандар кайра кайтып, өкүрүп түшөт. Мына бул акылмандык — өмүрдүн да, өлүмдүн да, адамдардын да баркын билгендик.
Өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн куттуу жайга байлаган 52 жаштагы талант менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.
— Сөздү балалыгыңыздан баштайлы. Атаңызды бой жеткенде гана көргөн экенсиз.
— Адамдын турмушу өйдө-ылдый, ар кандай болот. Биз боор көтөрө элек кезде атам менен апам эки башка жолго түшүп, өз-өзүнчө жашап калган. Мен 90-жылдардын башында эл алдына чыгып калганда атам мени телевизордон көрүп бир күнү филармонияга издеп келиптир. Ал кезде Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияны аяктап иштеп баштагам. Бир күнү режиссёр "Амантай, сага аябай окшош киши келиптир, атаң эле окшойт" деп айтып калды. Анан эшикке чуркап чыксам эле атам кучактап калды, көз жашы мойнуман ылдый агып койнума кирет десең... Аябай сагыныптыр. Экөөбүз ээрчишип алып жолдун аркы өйүзүндөгү ашканага барып тамактанып сүйлөшүп отурдук. Каякта турарымды сурап, "элге таанылып келе жатканда мени пайда болуп калды деп ойлобогун. Биздин санжыра, тарыхыбызды билип калсын деп ошолорду кеп кылганы атайы келдим" деди. Мен аталап эле аны жатаканага ээрчитип жөнөдүм. Ал кезде Элмирбек Иманалиев экөөбүз бир бөлмөдө жашачубуз, ал айттырбай эле сыртка чыгып кетти. Атам узак убакыт көп нерсени сүйлөп отурду, мен болушунча көңүл буруп укканга аракет кылдым. "Балам, акты-көктү билип калдың, Эстебес Турсуналиевдей залкарларды атадай көрүп этегин кармап, чачпагын көтөрүп ээрчип жүргөнүң жакшы. Биздин тукумда жамакчылык, ырчылык өнөр болгон. Чоң атаң Кутманалы комузу жок эле той-топурларда жар чакырып ырдачу" деп айткан эле.
— Ошондо канча жыл такыр көрүшпөй жүрүп жолугуп жатасыздар?
— Апам "атаң жок, өлүгүңдү көрөйүн, өлүп калган" деп койчу. Аны кийин түшүндүм, бала куса болбосун, түңүлүп чыйрак өссүн деп ошентчү экен да. Себеби кичинекей кезимде атама өзгөчө жакын экенмин. Биз жолукканда атам 62 жашта болчу. Анда атам "апаңа кайра чогуу эле турмуш улайлы деп канча жолу бардым, бирок макул болбой койду" дегени эсимде. Филармониядан жолукканга чейин атамды 2-3-класста көргөм. Кийин мага латын арибинде ыр түрүндө кат жазып да жүрдү, ал каттары азыркыга чейин сакталып жүрөт.
— Апаңыз дагы акылман жан экен да...
— Апам атамдын экинчи аялы эле. Биринчи жубайынан бала көрбөгөндүктөн күйөөсү каза болуп төрт баласы менен калган апама жолугуп баш кошкон. Экөө кийин бала-бакыралуу болуп жашап жүрүп, эки башка жолго түшкөн экен. Ошентип апам жалгыз тогуз баланы чоңойтуп өстүрдү. Ал кишинин акылмандыгынан эки атанын балдары болгонубузга карабай ынтымактуу, бири-бирибизге жаман сөз айтпай эрезеге жеттик.
— Биринчи устатыңыз ак таңдай акын Эстебес Турсуналиев, айылда ал кишинин көзүнө кантип илинип калдыңыз эле?
— Айылдагы мектепти бүтүп эле 18 жашыңызда филармонияга келип, куттуу жерге өмүрүңүздү байлап койгон экенсиз да?
— Филармониянын тарыхында айылдан түз эле келип жумушка алынган мен элемин. Жаш акындар жок болуп, Эстекем шак эле штатка киргизип койгон. Ал кезде командировкалар көп болуп Алматы шаарына Кызыл-Аскерге баргандай эле каттай берчүбүз. Өзбекстандагы, Тажикстандагы кыргыздарга чейин барчубуз. Менимче, акын, ырчы көбүнчө ошондой сапарларда, эл арасында жүргөндө такшалып, чери да жазылат. Алыстан автобус менен борборго жакындап калганда элдин баары сүйүнчү, менин Фрунзеде там-ташым деле болбогондуктан кайра аймактарга кетип калгым келчү. Жалпы 35 жылга чукул бул жакта иштеп келем, анын 16 жылын жатаканада, батирлерде жашап жүрдүм. Ошол жылдары Жаңыл Абдрахманова деген жеңең менен Искусство институтунун жатаканасында табышып үйлөндүк. Азыр ортобузда Эмир, Байтур деген эки уулубуз бар.
— Башкаларга салыштырмалуу улуу муундагы залкар акындар менен сиз көп иштешип калдыңыз. Алардан алганыңызды кийинки муунга өткөрүү вазийпасы мойнуңузда болсо керек?
— Кесиптик ишмердүүлүк же чыгармачылыкта сөзсүз изденүү талап кылынат. Сиздер кантип изденесиздер?
— Изденүү — жашоонун бир бөлүгү. Ал токтоп калса адам муздап, жашоого көңүлү тартпай калат. Токтоп калган суудай болуп сасып, бака чардаган көлчүккө айланат.
— Буга чейин Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын, КРдин эмгек сиңирген артисти наамын алган элеңиз. Эл артистин алганга убакыт келип калган экен да?
— Сыйлыкты берсе алып, бербесе эч качан кейибеш керек. Анткени сыйлык чыгармачылыкка абдан чоң таасир бере албайт, балким, дем-күч болор. Менимче, сыйлык бергенде адамды өкмөт расмий тааныды деп билсек болот. Анан сыйлык руханий эмес, материалдык нерсе. Эң негизгиси, туура ыйгарылып, аны татыктуулар алганы жакшы. Мен деле эл артисти болгонго жарап калдым окшойт.
Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.
Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. 15 жашынан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. 2016-жылы ага КРдин эл артисти наамы берилген.
Элмирбек Иманалиев 1993-жылдан тарта төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катыша баштаган. Сүрөт 1993-1994-жылдары "Ак таңдай" сынагында тартылган.
20 жыл мурунку сүрөт. Алп акындардын жаш кези.
Элмирбек Иманалиев устаты Тууганбай Абдиев жана башка теңтуштары менен
Бул кадрда Элмирбек Иманалиев кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев жана азыркынын белгилүү төкмөсү Азамат Болгонбаев менен
Элмирбек Иманалиев ар тараптуу талант эле. Ал төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
Иманалиев айтылуу Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү экендигин белгилей кетели
Акын Элмирбек Иманалив ырчы Гүлбү Ороскул кызы менен. Эки өнөрпозду чыгармачылык гана эмес, турмуштук жол дагы бириктирген.
Эки таланттын күлгүндөй жаш кези. Сүрөттө алар группалаштары менен.
Элмирбек акын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрсө, Ороскул кызы Муратаалы Күрөңкеев атындагы училищеден билим алган.
Өнөр адамдары Айзуура жана Сезим аттуу кыздуу болушкан. Жубайлар кийинчерээк эки ача жолго түшкөн.
2016-жыл. Акындын тун кызы Айзуура Иманалиева турмушка узап жаткан кез. Сүрөттө кыздан тышкары Элмирбек Иманалиев, Гүлбү Ороскул кызы жана алардын күйөө баласы Мирзат Муканов.
Жубайы Нурзат медицина кызматкери. Өзү өнөрдөн алыс болсо да күйөөсүнүн айтыштарын калтырбай көрүп, күйөрмандык кыларын айтканы бар.
Нурзат айым Элмирбек экөө башында байке-карындаш катары эле сүйлөшкөнүн, кийин билинбей жүрүп эле жакын болуп кеткенин баяндап берген
Жубайлар үч уул, бир кыздуу болушкан
Элмирбек Иманалиев улуу жана кичүү муундагы шакирттери менен
Акын 2016-жылы маданиятка кошкон салымы үчүн КРдин эл артисти наамына ээ болгон
Ак таңдай акын 42 жашында каза тапты. Өзү өтсө дагы өнөрү түбөлүк экени шексиз. Туугандары анын атындагы коомдук фонд негиздеген.
Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.
Акындын иш бөлмөсү бош калды... Сүрөттө комуздары, чапаны жана сыйлыктары.
Жубайы Нурзат Абдрашитова редакцияга берген маегинде жашоо жолдошу бардагыдай эместигин, сагынычы күч алганын айткан.
Элмирбек Иманалиев жубайы Нурзат жана жакын досу, белгилүү акын Зайырбек Ажыматов менен. Тилекке каршы, Ажыматов Иманалиев көз жумгандан 9 күндөн кийин каза болгон.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +4…+9, Талас өрөөнүндө +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +9…+14 градусту көрсөтөт.
Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүн табы борбордо +7…+9, Ош шаарында +9…+14 градус болот.