Короосуна кафелдин 70 түсү менен сүрөт тарткан Бегимгүл. Аксылык кыздын маеги

© Фото / предоставлено Бегимгул ЖолдошбековойСүрөтчү Бегимгул Жолдошбекова
Сүрөтчү Бегимгул Жолдошбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Жазылуу
Бегимгүл Жолдошбекова үйүнүн короосуна кафель менен мозаика сүрөтүн тартып элдин көңүлүн бурду. Анын эмгегинен кыргыз элинин баалуулуктарын көрүүгө болот. Мунун арты менен ага буюртма бергендердин саны арбыган. Алардын бири борбор калаадагы китепкана болду.
Сүрөтчү кыздын таланты муну менен эле чектелбейт, мык жана жип менен атактуулардын портретин да жараткан. Ата-энеси аларды үйүнүн төрүнө илип сыймыктанып отурушат.
Бегимгүл Бишкектеги Улуттук көркөм сүрөт академиясында 2-курста окуйт. Ал Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кум айылында туулган. Негизги эмгегин ошол жактагы үйүнүн короосунан баштаган.
— Дароо эле негизги суроодон баштасак, корооңузга сүрөт тартуу идеясы кайдан келди?
— Үйүбүздү куруп бүткөндөн кийин короону кандай кылсак, ал өзгөчө болуш керек деп ойлонуп жүргөнбүз. Ата-энем искусствого кызыккан адамдар. Анан атам "оо, бул үйдө сүрөтчү жашайт экен дей тургандай оригиналдуу кылбайсыңбы" деп сунуштады. Мен бир жыл бою интернетти казып, мозаикалардын түрүн изилдеп көрдүм. Акыры таш менен жасалгаланган нерселер көңүлүмө толду. Бирок бизде андай таштар жок болгондуктан кафель менен жасай берейин деп чечтим.
© Фото / предоставлено Бегимгул ЖолдошбековойСүрөтчү Бегимгүл Жолдошбекова: Үйүбүздү куруп бүткөндөн кийин короону өзгөчө кылалы дедик. Бир жыл бою интернетти казып, мозаикалардын түрүн изилдеп көрдүм. Акыры таш менен жасалгаланган нерселер жакты. Бирок бизде андай таштар жок болгондуктан кафель менен жасай берейин деп чечтим.
Художница Бегимгул Жолдошбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Сүрөтчү Бегимгүл Жолдошбекова: Үйүбүздү куруп бүткөндөн кийин короону өзгөчө кылалы дедик. Бир жыл бою интернетти казып, мозаикалардын түрүн изилдеп көрдүм. Акыры таш менен жасалгаланган нерселер жакты. Бирок бизде андай таштар жок болгондуктан кафель менен жасай берейин деп чечтим.
— Кафелдин түстөрү сүрөт тартуу үчүн жетишсиз эмеспи, кантип таптыңыз?
— Мен жасай турган дубалдын аянты 45-50 чарчы метр. Сүрөттөрдү жаратуу үчүн жетимиштей түс керек болчу. Көп убактым кафелдин түстөрүн издеп жүрүп өттү окшойт. Барбаган жерибиз калган жок. Дагы жакшы, чоң шаарларыбыз Бишкек, Ошто бар экен. Ал убакта карантин күчүндө болуп, алып келүү да кыйынга турду. Айылга жеткирүү оор болгонуна карабай алдырдым. Ошентсе да мен каалаган түстөрдүн баарын таба алган жокпуз. Баары бир окшоштурганга аракет кылдым. Эгер мен каалагандай түстөр болгондо, мындан да жакшы чыкмак. Бирок жоктон көрө жогору. Маанилүүсү, атам айткандай эле ары-бери өткөндөр "оо-о" деп таң калуу менен карап жатышат (күлүп).
— Дарбазаңыз да өзгөчө экен, жөнөкөй эле тунукеге сүрөт тартылганбы?
— Негизи дарбазаны жыгачтан тургузалы дегенбиз. Тилекке каршы, ал биздин капчыгыбызга туура келбейт экен. Ошол себептүү тунукеден эле койгонго туура келди. Жөнөкөй тунукени боёп коёлу десек өңү бат эле өчүп калчудай. Анан ар кандай түстөгүсүн сатып алып, бири-бирине жабыштырып жасадык.
© Фото / предоставлено Бегимгул ЖолдошбековойМык, жип менен тартылган Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү. Бегимгүл Жолдошбекова мык менен жипке колу жышылып калганын, кызыгуусу күч болгондуктан ага да кайыл болуп кийинки сүрөттөрдү тартканын айтты.
Работы художницы Бегимгул Жолдошбековой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мык, жип менен тартылган Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү. Бегимгүл Жолдошбекова мык менен жипке колу жышылып калганын, кызыгуусу күч болгондуктан ага да кайыл болуп кийинки сүрөттөрдү тартканын айтты.
— Ат, жолборс, бүркүт, жайлоо жана бугуларды тартыптырсыз, мунун кандай мааниси бар?
— Жакшы суроо болду. Адамдар сүрөттү көргөндө маанисине деле көңүл бурушпайт. Сүрөт бир маанини камтыбаса, ал мыкты боло албайт. Ошондуктан ар бир эмгегиме терең философияны кошууга аракеттенем. Бул сүрөтүмдүн мааниси да кыргыздарга таандык. Биринчи сүрөттө тоолор, суу, андагы боз үй менен жаратылышыбыздын кооздугун даңазалагым келген. Экинчи сүрөттү болсо аталарыбыздын "ат — адамдын канаты" деген сөзүнөн алып тарттым. Ортодогу ак боз аттын атайын символикалык мааниси бар. Андагы суунун чачырап жатканын көрсөтүү бир аз оор болду. Кийинки сүрөт орустар өзүн аюуга, түрктөр карышкырга салыштыргандай эле кыргыздар өздөрүн ак илбирстин тукумдары деп атаганынан келип чыкты десем болот. Алар аттарды кууп бараткандай көрүнөт. Ал эми бүркүттүн түлкү алып жаткандагысы жашоо үчүн күрөш дегенди түшүндүрөт. Анан дагы ит агытып, куш салган илгеркилердин салттык оюну болгон эмеспи. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы Бугу эне бар. Жалпы сүрөттө жылдын төрт мезгили камтылган.
© Фото / предоставлено Бегимгул ЖолдошбековойСүрөтчү Бегимгүл Жолдошбекова: жакшы окуп, көп нерсени үйрөнүп, борборубузду да көрктөндүрүүгө салым кошом деген пландарым бар. Анан ишкерлик менен да алектенүүгө максат койгом.
Художница Бегимгул Жолдошбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Сүрөтчү Бегимгүл Жолдошбекова: жакшы окуп, көп нерсени үйрөнүп, борборубузду да көрктөндүрүүгө салым кошом деген пландарым бар. Анан ишкерлик менен да алектенүүгө максат койгом.
— Мунун баарын канча убакытта бүттүңүз? Канча каражат сарпталды?
— Так эсептеп көрбөптүрмүн. Ошончо жасап жатканга жараша бат эле түшүп калбасын деп материалдын кымбатына карабай сапаттуусун алдык. Болжол менен 1000-1500 доллардай кетти окшойт. Каражаттын баарын атам өз мойнуна алды. Муну карантин убагында убактымды текке кетирбейин деп май айында баштагам, сентябрда бүтүрдүм.
20 жаштагы ишкер Ырыс Нурланова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
Кирпик жасоодон баштаган бизнесим миллионер кылды. 20 жаштагы Ырыс менен маек
— Кичинекей кыз үчүн оор материалдар менен иштөө кыйын эмеспи, кимдер жардам берди?
— Атам баштан-аяк оң колум болду. Дубалдын бийиктиги үч метр болгондуктан мага ыңгайлуу тепкич жасап берди. Башыма күн өтпөсүн деп үстүн тосуп көлөкө кылды. Баса, дубалды атам өзү тургузган, ал эми сүрөттү өзүм тартып, кооздодум. Кафелдин чоңдорун атам атайын шаймандар менен кесип берип турду.
Бул эмгегимди жаратар алдында "кичинекей эле кызсың, бүтүрө албайсың, кафелди талкалап бекер эле чыгым кыласың" дегендер болгон. Бүткөндөн кийин "сонун болуптур" деп сүрөткө түшүп жатышат.
— Канча убакыттан бери бул өнөрүңүз менен алектенесиз?
— Мектепте окуп жүргөндө бирөөлөрдүн портретин тартып берип, акча тапчумун. Анда болгон дубал гезиттер менин мойнумда эле. Чоң энем кол өнөрчүлүк менен алектенчү, ага жардам берип жүрүп көп нерсе үйрөндүм. Чоң атам архитектор болгон экен. Бул өнөр мага кан аркылуу өткөн болушу да мүмкүн. Балалыгымдан бери эле сүрөт тартууга кызыгам.
— Дубалга сүрөт түшүргөндөн кийин башка жактан буюртмалар болдубу?
— Ооба, учурда буюртма бергендер арбын. Жакында эле бир китепкананын сыртын бүтүрүп бер деп сунуш түштү. Ал биздин короодон эки-үч эсе чоң. Анын чиймесин тартып бүтүп калдым. Бул кара жумуш эмес, чыгармачылык болгону үчүн жогору бааланат, болжол менен 100 миң сомдон ашыгыраак болот го. Жаныма жардамчыларды алып жатам. "Акча төлөбөй эле кой, үйрөнүп алайын" дегендер да бар. Негизи азырынча көп буюртма албай, окуумду жакшы бүтүрүп алайын деп жатам.
© Фото / предоставлено Бегимгул ЖолдошбековойКафель менен тартылган Бегимгул Жолдошбекованын сүрөттөрү
Кафель менен тартылган Бегимгул Жолдошбекованын сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
1/6
Кафель менен тартылган Бегимгул Жолдошбекованын сүрөттөрү
© Фото / предоставлено Бегимгул ЖолдошбековойКафель менен тартылган Бегимгул Жолдошбекованын сүрөттөрү
Кафель менен тартылган Бегимгул Жолдошбекованын сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
2/6

3/6

4/6

5/6

6/6

— Мык, жип (стринг арт) менен атактуулардын портреттерин тарткан турбайсызбы. Аны кайдан үйрөндүңүз эле?
— Азыр интернет баарыбыздын жардамчыбыз болуп калбадыбы. Ошол жактан эле үйрөндүм. Алгач Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн тарткам. Мык менен жипке колум жышылып калган, кызыгуум күч болгондуктан ага да кайыл болуп кийинки сүрөттөрдү тарттым. Алар азыр үйүмдүн төрүндө илинип турат. Андан башка кесибиме байланыштуу дизайнерлик менен да алектенем. Өзүмө кийим, баштыктарды да тигип алам.
Үмөт манасчынын видео маеги: бой жетиши, көз тийүү жана кыялдагы режиссерлук - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2020
Үмөт манасчынын видео маеги: бой жетиши, көз тийүү жана кыялдагы режиссерлук
— Келечекте өзүңүздүн үйүңүздү кандай элестетесиз?
— Үй-бүлөм мен окууга тапшырып жатканда эле биздин үйдү музей сыяктуу кылып бересиң дешкен. Ар бир бөлмөнү өзгөчө кылып бүтүрүп берүүгө аракет жасайм. Дагы жакшы окуп, көп нерсени үйрөнүп, борборубузду да көрктөндүрүүгө салым кошом деген пландарым бар. Анан ишкерлик менен да алектенүүгө максат койгом. Пландарымды дайыма күндөлүккө түшүрүп турам. Ушул убакка чейин эмнелерди пландасам баары аткарылып келе жатат. Буюрса, дагы кыялдарым орундалат деп ишенем. Ал эми өзүмдүн үйүмдүн көлдүн жээгинде же токойдун ортосунда болушун каалайм. Ошого жараша жасалгасын да өзүм жаратам деген кыялым бар.
© Фото / предоставлено Бегимгул ЖолдошбековойБегимгүл Жолдошбекова: кесибиме байланыштуу дизайнерлик менен да алектенем. Өзүмө кийим, баштыктарды да тигип алам.
Работы художницы Бегимгул Жолдошбековой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бегимгүл Жолдошбекова: кесибиме байланыштуу дизайнерлик менен да алектенем. Өзүмө кийим, баштыктарды да тигип алам.
— Ошол кыялга чогуу жетүүгө көмөкчү боло турган жигиттер барбы?
— Айрыкча ушул короону бүтүргөндөн кийин "кардарлар" көбөйдү (күлүп). Азырынча андай адам жок. Бирок ар бир кыздын кыялданган адамы болот эмеспи. Мен кыялданган жигит түшүнүктүү, акылдуу, күчтүү жана мени колдоп турган киши болушу керек. Анын кесиби маанилүү эмес, кандай болсо да мен аны колдойм.
Жаңылыктар түрмөгү
0