Тыныбек Жапый уулу жөнүндө фактылар. 21инде белгилүү манасчы, 30унда бий болгон

Манас эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Жазылуу
ХIХ кылымдагы улуу манасчылардын сап башындагы Тыныбек Жапый уулунун манас айтуучулук чеберчилиги жогорку деңгээлде болгон. Анын улуу өнөрдө өзүнчө манас мектебин түзүүчүлөрдүн бири болгондугун айтышат.
Өз заманынын залкары Тыныбек Жапый уулу тууралуу небереси, Кыргыз эл артисти Табылды Актановдун жардамы менен улуу манасчынын өмүрүндөгү орчундуу окуяларга токтолуп, фактыларды сунуштайбыз.
Өмүр жолу. Тыныбек Жапый уулу 1846-жылы Ысык-Көлдүн Кайнар айылында туулган. Атасы Жапыйдын бир аз тили чулдурураак болгону менен күлүк таптаган саяпкер, баатыр мүнөз, найзакер адам болот. Манасчы бугу уруусунун тынымсейит уругунан. Апасынын чын аты Болушкан болгону менен эркелетип Бопуй деп аташкан.  Жапый көпкө чейин бала көрбөй жүрүп кырктын кырынан ашкан соң уулдуу болуп, атын Тыныбек коёт. Кичинесинен эле аңчылыкка кызыккан улуу манасчы тузак тартып, капкан салып чоңоюптур.
Аян. Манасчынын атасы Жапый уруулар арасындагы жайыт, жер талаш маселелери боюнча кат жазып, 12-13 жашар Тыныбекти эки-үч жигитке кошуп, бугулардын манабы Чыныбайга жиберет. Чыныбайга жолугуп, каттын жообун алып кайра келе жатып, жол жүрүп чарчаган жаш бала азыркы Чоң-Жаргылчак менен Кичи-Жаргылчак айылынын тушунда жайгашкан Бир-Булак деген жерде ат өргүтүп уктап калат. Тыныбектин уктап жатып аян алганын Табылды Актанов айтып берди.
Манас эпоснун каарамандары чагылдыралган шахмат фигуралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2019
Манастын колуна кыргын салып... Калк энеси Каныкей тууралуу 15 факты
"13 жашар Тыныбектин түшүндө көл кадимкидей экиге бөлүнүп ортосу ачылат да, көлдүн ортосунан кокту пайда болот. Манас атабыз көп кол менен ошол кокту аркылуу чыгып келген экен. Манас ата "тос калпагыңды" деп колуна буудайга окшош таттуу дан салып берет. Ошону жеп, анысы түгөнгүчөктү баланын эси да чыгат. Бул түш дейин десе түш эмес, өң дейин десе өң эмес абалда болгон экен. Баары башкача сезимде өтөт. Ошентип Алмамбет, Чубак, Бакай деп баары менен тааныштырып "Чоң казатка аттанып баратабыз" деп Манас ата аян берген экен. Күн ысык. Тыныбек атабыз кыйналгандан чочуп ойгонуп тура калып эле кунанына минип, айылына чаап жөнөйт. Айылы да Караколдон бери, бир күнчүлүк жерде болот. Ошентип келе жатып жатакчылардын айылына жолугат. Алар жоро куруп, бозо ичип отуруп кызыганда "аа, Жапый баатырдын баласы болсоң ырда. Жөн эле бекер тамак ичип отура бересиңби?" деп тамашалашат. Ошол убакта жакшы көрүп жүргөн кызыбы, айтор, Тыныбектин Тоёно деген кызга арналган жалгыз ыры бар экен. Жатакчылар да аны кайра-кайра ырдата беришет. Акырында боз үйдүн сыртынан "Манас айт, Манас де. Айкөлдөн башта" деген үндөр Тыныбекке гана угулуп, эшикте бороон-чапкын болгондой туюлат. Жаш бала алгач ирет ошондон таң атканча буркан-шаркан түшүп манас айтат. Баягы дуулдап отурган элдин баары аңырайып оозун ачып калат. Эртеси ошол жерде отурган карыялардын бири "бул бала жөн бала болбой калды" деп жылуулап жаап жаткырып, түшкө чейин уктатышат. Ойгонгондо баарылап атына мингизип, айылына узатып жиберишет. Ошондон кийин "Жапыйдын баласы "Манасты" укмуш айтат экен" деген сөз элге жайылып кетет".
Чоңбаш манасчыга шакирт болгону. Тыныбек "Манасты" адегенде эч кимге угузбай, жашырынып айкан экен. Бир ирет мергенчилер тоодогу үңкүрдө манас айтып жаткан Тыныбекти көрүп калып, ал сөз айылдагыларга желдей тарап кетет. Ошентип атасы Жапый "кой, элди чакырып Тыныбекти манас айттырайын. Жакшы айтып, эл көөнүнө толсо бата алайын" деп элди жыят. Ал убакта манас айтууга чоң ырым кармашкан. Кокус бузуп алса зыяны да тийип калган учур кездешкен. "Элдин купулуна толгон Тыныбекти атасы чоң манасчы Чоңбашка шакирт кылып кошуп берип, бала анын жанында үч жыл жүрөт. Чоңбаштын өз аты Нармантай болгон. Ал киши да өз доорунун чоң манасчысы аталган", — деди Актанов.
Отузунда бий болгон. Тыныбек жыйырма бир жашында улуу өнөрдүн ээси катары узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына тааныла баштайт. Отуз жашында атак-даңкка жетип, уруулар аралык чогулушта бийлердин башчысы болуп шайланат да, өмүрүнүн аягына чейин ошол кызматты аркалайт. Тыныбек манасчынын бий болгондугу жана ошол маалдагы маалыматтар ушу кезге чейин Алматыда сакталып калган.
Нарынга көчүшү. Манасчынын Нарынга көчүп келген себеби да жерге байланыштуу. "Тууган арасында чырдаша бербейли" деп орустун губернатору менен сүйлөшүп, Чыныбай манап Нарындан жер алып берип, Тыныбек жер которот. Бул маселе да эки-үч жылда барып чечилген", — деди Актанов. Нарынга келгенде анын манасчылык өнөрү өркүндөп өскөн.
Советский казахский поэт, писатель, драматург, акын Баянгали Алимжанов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2020
Айтматов ыраазы болуп, Жусуп Мамай бата берген. Казак манасчы Алимжановдун маеги
Манасчылыгы. Тыныбек манасчы "Манастын" бардык бөлүмдөрүн эң жогорку көркөмдүктө айта билген. Уламадан калган кептерге караганда, "Манастагы" "Чоң казат" бөлүмүнүн жаратуучусу дал ушул Тыныбек манасчы болгон. "Манастын" бул бөлүмүн алты ай айтса түгөнбөгөн, андыктан ал улуу жомокчу аталган. Дагы бир өзгөчөлүгү — үнүнүн тунуктугу менен күчтүүлүгү. Көпкө манас айтпай калса буулугуп өзүн жаман сезе баштачу экен. Ошол себептенби, кээде өзү эле элди чогултуп манас айтып кирген дешет. Тыныбектин аткаруусундагы эпос толук жазылып алынбаса да, анын "Манас" үчилтигин толук айткандыгы белгилүү. 1943-жылы Сатар Алмамбетов Берлинде Тыныбектин вариантындагы "Манастын" үзүндүсүн китеп кылып чыгарткан. Аталган эпостун үзүндүсүнө баш сөздү Алмамбетов "Беталман" деген псевдоним менен жазган экен. Тыныбек Жапый уулунун доорунан бери манасчылардын өзүнчө мектеби түптөлгөн десек болот. Тоголок Молдо, Доңузбай, Байбагыш, Сагымбай сыяктуу атактуу манасчылар Тыныбекке таасирленип сабак алган шакирттери болушат. Ал эми алар улуу манасчыдан алган өнөрүн шакирттерине беришкен. Тоголок Молдо, Калыгулдан Молдобасан Мусулманкул уулу, Байбагыштан Багыш Сазан уулу, Доңузбайдан Мамбет Чокмор уулу таалим алат. Ушул манасчылардын варианттарын салыштыра келген айрым изилдөөчүлөр көп жагынан жакындыкты байкап, аны Тыныбек манасчынын өзүнчө өнөр мектеби катары карап жүрүшөт.
"Семетей" эпосун кагазга түшүрүү. Убагында Тыныбектин "Манасын" жаздыртып алуу да тыңгылыктуу колго алынган эмес. Болгону "Семетей" эпосунан кичинекей эпизод жазып алынган. Ал жазма кийин Казань шаарында, андан соң 1925-жылы араб алфавитинде Москва шаарында басылып чыккан. Улуу манасчынын уулу, манасчы Актан Тыныбековдун айтканына караганда, 1989-жылы Нарын участкасынын башчысы Иванов Дербишаалы деген тилмечине тапшырма берип Тыныбектен "Семетей" бөлүмү жаздырылган. Аны жазуу иши бир жайга созулуптур.
Тыныбектин өң-келбети. Илгери түндүк кыргыздар жылына бир жолу уруу аралык маселелерди, чыр-чатактарды чечүү үчүн жыйын курган. Азыркыча айтканда курултай болгон. "Ошондой жыйындардын биринде Тыныбек манасчыны окумуштуу Белек Солтоноев көргөн экен. Кийин ал манасчынын өңү-түсүн, үнүнүн тембрине чейин сүрөттөп, "жүзү аппак, тарам-тарам кызылы бар, жээрде сакал. Өзү алибеттүү. Үнү да абдан күчтүү, манас айтып баштаганда үнү коңгурап баштайт экен" деп жазып калтырган.
Казак акыны Жамбыл таңданган. Табылды Актановдун айтымында, уруу аралык жыйында Тыныбек өзү да бий болчу экен. "Жыйналыш бүткөндөн кийин "Манас" угабыз деген эл ич ара чатакташып, чабышып кете жаздаганда Шабдан атабыз "Тыныбек деген тигил же бул уруунуку эмес, бүтүндөй кыргыздыкы. Улуулашып уккула. Кана, кимиң улуусуң?" десе, эл бийлегендердин эң улуусу 80ден ашкан Сооронбай ажы болуп чыгат. Ал кеминдик кадимки Дүр манаптын атасы болгон. Ошентип Тыныбек Кеминге келип, үч ай манас айткан экен. Ошол тапта кыргыздарды кыдырып ырдап жүргөн казак акыны Жамбыл Кеминге Тыныбекти көрүү үчүн келет. Кийин Жамбыл акын "100 жашка чыктым, бирок Тыныбектей адамды, манасчыны көрбөдүм да укпадым. Экинчи мындай талант жаралбайт болушу керек"  деп жазып кеткен", — деп айтты Актанов.
Көчмөндөр оюндарынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2019
Батасын алган аялдар төрөгөн. "Манас" эпосундагы Кошой тууралуу 12 факты
Үй-бүлөсү. Тыныбек манасчынын үч аялынан төрт эркек, беш кызы болгон. Алгач Дөөлөтаалы деген кишинин кызы Аккушка үйлөнөт. "Кичүү аялдарынан Сооронбай, Дегенбай, Турдумамбет деген абаларыбыз болгон. Менин атам Актандын апасы — манасчынын улуу аялы Аккуш чоң апабыз. Азыр абаларыбыздын баары каза болуп, эркек балдардан мен эле калдым. Эжелерим, абаларыбыздын небере-чөбөрөлөрү бар", — деди залкардын урпагы Табылды Актанов. Тыныбек манасчы каза болор алдында "өз тукумунан анын жолун улантуучу манасчы чыкса экен" деген тилекте балдарына манас айттырып көрөт. Уулу Сооронбайга "балам, сен көп арбыта албайт экенсиң, Байбагыш дурус жомокчу болуп калган экен" деп жээни Байбагышка ыраазы болгон жайы бар.
Каза болушу. Тыныбек Жапый уулу 1902-жылы Тянь-Шандын Байдулу жайлоосунун Туюк деген төрүндө көз жумган. Ал каза болгон күнү Ай тутулганы маалым. Улуу манасчынын өнөрүн баалап, ыйык туткан эл бул кубулушту жаратылыштын аза күтүүсү катары кабылдаган. "Тыныбек манасчы каза болгондо 15 мүнөттөй Ай тутулгандыгы Москвадагы басылмаларга да чыгыптыр. Каза болордо ырдаган ыр саптарынан үзүндү азыркы филармониянын алдындагы эстелигинде жазылып турат. Бул кишинин касиетин ушундан билсе болот, канча жыл өтсө да кадимки топурак кыштан салынган Тыныбектин күмбөзү күнү бүгүнкүдөй сакталып калган", — деди Табылды Актанов.
Тыныбек манасчы каза болгондо уулу Актан Тыныбеков 13 жашар бала болгон экен.
Тыныбек манасчынын өмүр жолу драмада. Улуу манасчы туурасында драматург Жаныш Кулмамбетов 1992-жылы "Кагылайын, Манасым!" ("Тыныбек") аттуу драма жазып, режиссер Искендер Рыскулов Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында спектаклин койгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0