СССРдин эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, кинорежиссёр Болот Шамшиев. Архив

Болот Шамшиевди эскерип... Минскиликтерге кыргыз кинолору тартууланат

(жаңыланган 10:51 07.04.2021)
Беларуста атактуу режиссёр Шамшиевдин мындан 49 жыл мурда тартылып кыргыз киносунун шедеврлеринин катарын толуктаган мыкты тасмасы да көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Минск калаасында 9-11-апрелде кыргыз киносунун күндөрү өтүп, борбор шаардын тургундары кыргыз жана советтик кинорежиссёрлор тарткан тасмаларды көрө алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларустагы элчилигинен билдиришти.

Аталган мамлекеттин жарандарына сунушталып жаткан кинокартиналар кезегинде улуттук жана эл аралык кино сыйлыктарынын байгелерине татыган.

Иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, СССРдин эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, кинорежиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына карата уюштурулуп жатканы маалымдалды.

Анын ачылышында, тагыраагы, биринчи күнү жаш кинорежиссёр Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" мюзикли (2018-жыл) тартууланат. Бул эмгек эл аралык кинофестивалдарда байгеге татып жана улуттук "Ак илбирс" сыйлыгынын сегиз номинациясына ээ болгон.

Кийинки күндөрү минскиликтерге "Сүтак", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинокартиналарын көрүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Тасмалар Минск калаасындагы "Беларусь" кинотеатрында көрсөтүлөт.

Беларустагы кыргыз кино күндөрү эки өлкөнүн ортосундагы маданий эл аралык кызматташуунун алкагында жана бул жааттагы алака-катышты жакшыртуу максатында өтмөкчү.

Элчилик бул маданий иш-чара аталган өлкөнүн Маданият министрлигинин колдоосу менен уюштурулганын билдирди.

Белгилер:
элчилик, маданият күндөрү, кино, "Дарак ыры" тасмасы, Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы, Беларусь, Кыргызстан
Тема боюнча
"Оскар" сыйлыгына ат салышып жаткан 8 тасма
Белгилүү актриса Жессика Альба ден соолугуна байланыштуу кинодон кеткенин жар салды
Манас кырк чоросу. Сүрөтчү Г. Петровдун эпоско иллюстрациясы

Манастын кырк чоросунун аты-жөнү. Кырк жактан келген кыйындар

(жаңыланган 18:07 14.04.2021)
Sputnik Кыргызстан агенттиги Манастын кырк чоросунун аты-жөнүн сунуштайт. Материалдагы ысымдар Тоголок Молдо менен Сагынбай Орозбаковдун варианттары боюнча берилген.

Манасчы Талантаалы Бакчиев белгилегендей, кырк чоро деп айтылып жүргөнү менен эпосто 42 же андан көп сан берилет. Тоголок Молдонун варианты боюнча, 48и чоро, 40ы алардын зардалы, мындайча айтканда, жардамчысы. Алар курал-жарак ташып, атын карап, керектүү жардамдарды көрсөтүшкөн. Манаста "Себилдүүсү сексен төрт. Серп салган жагы кызыл өрт" деп бекеринен айтылбаса керек. Айрым манасчылардын варианттарында бардык чоронун аты аталат, кээ биринде толук айтылбайт.

Манастын кырк чоросу кырк тараптан келген. Бир күндө эмес, аз-аздан келип куралган. Кээси Манастан кичүү болсо, айрымдары тең болгон. Чоролордун көбү азган-тозгондор. Өз элине, жерине батпай, куугунтукка алынгандыктан "Манас айкөл экен, баатыр экен, чыгаан экен" деп үмүт артып келишкен.

Эпосто "Чокудан алтын табышты, чокусу ушул экен деп чоро болуп жабышты. Кыргыздан чыккан кыраан деп, кыргыздан ушул табылды. Кыйыны экен кыргыздын, кырк чоро болуп жабышты" деп айтылат. Орой угулганы менен чындыгында чоролор Манаска "агалап-сагалап" келишкен. Кырк чоронун 12си Чоң казатта окко учкан. Калгандары Чоң казаттан кайтып келип, Манас жаракатынан улам эки дүйнө ортосунда болуп турганда, тилекке каршы, бийлик көздөгөндөр жакка ооп кеткени айтылат.

Баатырдын кырк чоросу тууралуу кызыктуу фактыларды кабарчы Гүлдана Талантбекова даярдаган материалдан окуй аласыздар.

Белгилер:
ысым, эпос, Тоголок Молдо, кырк чоро, Манас
Тема боюнча
Манастын колуна кыргын салып... Калк энеси Каныкей тууралуу 15 факты
Манаска берген убадасынан тайган. Эпостогу Кыз Сайкал тууралуу 7 факты
Бишкек баатырдын эстелиги

Бишкек баатыр деген ким? Эстелиги ачылган тарыхый инсан тууралуу 8 факты

(жаңыланган 14:51 14.04.2021)
Sputnik борбор калаанын чок ортосуна эстелиги орнотулган Бишкек баатыр деген ким деген суроого жооп издеди.

Кыргызстандын борбору Бишкек аталып калышынын себеби ар бир адамга кызык болсо керек. Санжырадагы маалыматтарда Бишкек аттуу инсан мындан 4-5 кылым мурда жашаган. Тарыхчылар аны көчмөн кыргыз элине чарба маданиятын киргизгени үчүн баатыр катары сыпаттаса, кийинки муун аны найза, кылыч көтөргөн кадимки баатыр катары элестетет деп айтышат.

Sputnik маалымат агенттиги Бишкек баатыр тууралуу фактыларды чогултту. Материалды даярдоого Бишкек баатырдын тарыхый ордун аныктоо боюнча сынактын жеңүүчүсү, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Рыскул Жолдошев жардам берди. Ал Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунда кыргыз элинин келип чыгышын иликтейт.

Фрунзе Бишкекке айланганда

Совет мезгилинде, тагыраагы, 1926-жылдан тарта Кыргызстандын борбору аскер ишмери Михаил Фрунзенин атынан Фрунзе деп аталып келген. Эгемендүүлүк алгандан кийин борбордун тарыхый атын кайтаруу аракети жүрөт. Мурда Фрунзе шаары Пишпек же Бишкек аталган деп талашып жатып, акыры Бишкекке токтолушат.

Андан кийин "Бишкек" деген сөздүн этимологиясына кызыккандар жаралат. Бул боюнча тарыхчы, философ, адабиятчы, коомдук ишмерлерден тарта карапайым адамдарга чейин жазышкан. Алгач 70-жылдары казак топонимдерин изилдеген окумуштуулардын бири "пиш кек" же "пиш пек" деген сөз "беш бийик", "беш бийик тоо" дегенди түшүндүрөрүн айтат. Айрымдары "беш бек" деген сөздөн келип чыкты, "бул жакта мурда беш бек жашаган болушу мүмкүн" деген пикирлерин да айтат. Ирандын "биш гүх" же бизче "учтуу тоо" дегендер да болот. Дагы бирөө калмактын "бийик тоо" деген сөзүнөн чыккан дейт. Булардын баары адамдын логикалык ой жүгүртүүсүнөн келип чыгып, илимде элдик түшүнүк деп аталгандыктан кабыл алынган эмес.

Торжественное открытие памятника Бишкек баатыру на площади Ала-Тоо в Бишкеке
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Кыргыздын оозеки чыгармаларында Бишкек баатыр тууралуу уламыштар айтылып келет. Анда көчмөн кыргыз мал менен жүргөндө Бишкек эгин эгип, дыйканчылык кылып, устакана ачып, там салып, коңшу эл менен соода-сатык иштерди жүргүзгөнү айтылат

Бишкектин коргону шаарга айланганда

Кыргыздын оозеки чыгармаларында Бишкек баатыр тууралуу уламыштар айтылып келет. Анда көчмөн кыргыз мал менен жүргөндө Бишкек эгин эгип, дыйканчылык кылып, устакана ачып, там салып, коңшу эл менен соода-сатык иштерди жүргүзгөнү айтылат. Бишкек көз жумарда балдарына керээз катары "мени ушул жерге койгула, аш берип, анан коргон салгыла" деп айтат. Балдары керээзин аткарып чоң коргон салып, ал бара-бара Бишкектин коргону болуп калат. Беш баласы атасынын жолу менен чарбачылыкты улантып, кербендерди кабыл алып турган. Соодагерлер "Бишкектин коргонуна бардык, Бишкекке бардык" деп айтышат. Убакыттын өтүшү менен адамдар отурукташып, коргон кыштакка, андан кийин шаарга айланат. Кокон хандыгы учурунда бир катар чептер курулуп, анын ичинде Бишкек чеби да болгон. Кийин орус аскерлери келип, өз тилине ылайыктап Бишкекти Пишпек деп атап алышат.

Бишкек тарыхый инсанбы?

Уламыштардан тышкары 1930-жылдары Алыкул Осмоновдун "Бишкектин легендасы" деген китеби, 1970-жылдары Шаршенбек Үмөталиевдин "Пишпек баяны" аттуу макаласы жарык көрөт. Бишкектин реалдуу инсан экендигин айгинелей турган пикирлер жаралат. Орус документтеринде Бишкек тууралуу маалымат жок. Бир гана кыргыздын оозеки чыгармаларында жана санжырада бар. Санжырада анын солто уруусунан чыккандыгы, Солтонун баласы Чаа, андан Жоочалыш, анан Кенен, анын баласы Бишкек экендиги айтылат. Бишкектин Түлөберди, Эсенгул, Канай баатырлар (17-18 кылымдарда) менен замандаш болгону да белгиленет. Ал колунда жок болгондуктан жер иштетип дыйканчылык кылат, устакана, там салат. Учурунда манаптар менен теңата чыгып, өз пикирин билдирип турганы айтылат. Урпактарынын оозунан алынган маалыматтар Илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда 1921-жылдан бери сакталуу.

Церемония открытия памятника национальному герою Бишкек-баатыру. 14 апреля 2021 года
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Уламыштардан тышкары 1930-жылдары Алыкул Осмоновдун "Бишкектин легендасы" деген китеби, 1970-жылдары Шаршенбек Үмөталиевдин "Пишпек баяны" аттуу макаласы жарык көрөт. Бишкектин реалдуу инсан экендигин айгинелей турган пикирлер жаралат

Бишкек баатырбы же чарбачыл адамбы?

Жергиликтүү эл Кыргызстанга келген орустарга да Бишкек тууралуу уламыштарды айтып берет. 1876-жылы гезитке Бишкек тууралуу макала даярдап, шаар анын атын алып жүргөндүгү тууралуу жазышат. Редакцияга материалды даярдоого жардам берген Рыскул Жолдошев белгилегендей, 90-жылдары тарыхчылар бул уламышты так маалымат катары жазып салышат. Жазуучу Асанбек Стамов аны калмактар менен согушкан баатыр деп көркөмдөп, "туу жыгар" атап, "Бишкек баатыр" деген китеп жазат. Тарыхчы Өскөн Осмонов көркөм чыгарманы тарыхый очерк кылып жазат. Мындан улам эл арасында Бишкек баатыр деген түшүнүк тарайт. Уламыш, санжырада, жадагалса урпактары айтып берген маалыматта анын баатырлыгы тууралуу маалымат жок. Бишкек жунгар, калмак доорунан кийин тынч убакта жашаган киши. Жер талашканда казак-кыргыз чабыштарына катышышы мүмкүн, бирок Осмоновдун варианты боюнча, Цинь империясынын баскынчылыгына каршы турганы чындыкка дал келбейт. Себеби Цинь империясы менен кыргыздар эч качан согушкан эмес. Тарыхчы Василий Бартольд 1893-1894-жылдары Кыргызстанга келгенде ага тургундар "шаардын четинде Бишкек атанын чеби бар" деп айтып беришкен, мындан улам мурда кыргыздар Бишкекти "ата" деп айткан деп болжолдоого болот. Жолдошевдин айтымында, Бишкек өз учурунда кыргыздарга чарба маданиятын тараткан, соода кылган, коргон салдырганы менен тарыхта калды. Аны найзакер, кылыч көтөргөн адам эмес, эмгеги менен баатыр атанган, баба дыйкан деп айтуу туура болот.

Бишкектин ысымы эмнени билдирет?

Тарыхта "бишкек" жыгачтан жасалган буюм, кымыз аралаштыргыч таяк экендиги айтылат. Дагы бир уламыштарга таянсак, Бишкек баатырдын энесинин толгоосу сабадагы кымызды бишкек менен бышып жатканда башталат. Ушундан улам балага Бишкек деген ат коюлат. Бишкектин энеси Кубул (Көпуул) кадимки "Олжобай менен Кишимжан" дастанындагы Олжобайды өлтүрткөн, жедигер уруусун бийлеген Канкочкордун уулу Кудакенин кызы экендиги айтылат.

Бишкектин атасы Кенен баатыр менен Кудаке бий абдан жакшы мамиледе болгон. 45 жашка чейин көргөн уулдарына ичи чыкпаган Кенен тектүү жедигерден үйлөнсөм тукумум өсөт деген ниетте Кудакенин кызынын колун сурап, ага үйлөнгөн. Кенен баатырдын тилеги кабыл болуп, Кубул болочок баатыр Бишкекти төрөгөн.

Церемония открытия памятника национальному герою Бишкек-баатыру. 14 апреля 2021 года
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Дагы бир уламыштарга таянсак, Бишкек баатырдын энесинин толгоосу сабадагы кымызды бишкек менен бышып жатканда башталат. Ушундан улам балага Бишкек деген ат коюлат

Бишкек баатырдын урпактары тууралуу

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги тарыхтагы белгилүү адамдардын укум-тукумдары тууралуу материал даярдаган, анда өзүн Бишкек баатырдын сегизинчи урпагы деп атаган Жамиля Алымбекова тууралуу да жазылган. Ал "Бишкек баатыр" коомдук бирикмесин жетектеп келет.

"Бишкек баатыр менин жетинчи атам. Андан беркилери Баймурат, Карачолок баатыр, Шопок баатыр, Курманаалы, Алымбек жана өз атам Сарман болот. Бишкек баатырдын урпактары Сокулук, Түз, Чат-Көл, Талас, Ысык-Ата жана Бишкекте турат. Атабыздын аркасы менен мен да тарыхка кызыгып калдым", — деген Алымбекова.

Анын айтымында, Бишкек баатыр 1700-жылдары Аксы, Ала-Бука өрөөнүндө туулуп, кийин Чүй өрөөнүнө отурукташып, 74 же 87 жашында көз жумган.

Бишкекте Бишкектин эстелиги коюлбай келди

Борбордун өзүндө Бишкек баатырдын айкели узак убакыт орнотулбай келди. Бул боюнча 2012-жылдан бери "Солто" жана "Бишкек баатыр" коомдук бирикмелери демилге көтөрүп келген.

Бишкек баатырдын эстелигине 2019-жылы шаар бийлиги тарабынан сынак жарыяланган. Анда 30 скульптордун арасынан Адил Сейталиев жеңүүчү болгон. Баатырдын айкелин коюу боюнча иштер өткөн жылдын июнь айында башталып, ачылышы 31-август — Кыргызстандын эгемендик күнүнө пландалган. Бирок пандемиядан улам курулуш иштери өз убагында бүтпөй калган болчу. Эстеликти орнотууга 8 миллион сомдон ашык акча жумшалган. Бул каражатты "Бишкек баатыр" коомдук бирикмеси марафондо чогулткан.

Эстелик бүгүн, 14-апрелде, ачылып, иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Бийиктиги 3,5 метр болгон эстелик шаардын Эркиндик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишине тургузулган.

Садыр Жапаров Бишкектин баатыр киши болгонун айтты...

Жапаров эстеликтин тургузулушу шаар тарыхында маанилүү окуя экенине токтолуп, Бишкек баатыр тууралуу айта кетти.

Президент Кыргызстана Садыр Жапаров выступает с речью на церемонии открытия памятника Бишкек баатыру
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Өлкө башчы кыргыз эли душмандар менен катуу салгылашып турган XVII–XVIII кылымдарда Бишкек баатыр эрдиги менен таанылганын кошумчалады
"Кыргыздын солто уруусунан чыккан Бишкек баатыр ырыс жылоологон касиеттүү адамдардан болгон. Оозеки жана документалдык булактарга караганда, Бишкек баатырдын сөөгү жашырылган жер "Пишпек-Ата коргону" аталып, ал жер калайык-калк сыйынган ыйык жайга айланган. Тегерегине акырындап эл уюп, отурукташкан журт байырлап, процесс токтобой уланып отуруп, акыры чоң шаар калыптанды", — деди президент.

Өлкө башчы кыргыз эли душмандар менен катуу салгылашып турган XVII–XVIII кылымдарда Бишкек баатыр эрдиги менен таанылганын кошумчалады.

"Бүгүнкү күндө Бишкек Кенен уулу жашап өткөн доорго кызыгуу тереңдеп, тарыхчы-окумуштууларыбыз, жазуучуларыбыз анын өмүр таржымалын ийне-жибине чейин тактаганга аракет кылып жатат. Көркөм чыгармалар, илимий иликтөөлөр жазылууда. Ал турсун анын чыныгы ысымы кандай болгондугу тууралуу тактоолор, жаңы версиялар жаралып, шаарыбыздын узак тарыхын изилдөөнүн бир багыты болуп калды", — деди Жапаров.

Сөзүнүн аягында ал борбор калаанын көркүн арттыруу үчүн бүгүн көптөгөн иш-аракеттер жүрүп жатканын, шаар жасалгасы дагы бир эстелик менен толукталганын белгиледи.

Белгилер:
шаар, уламыш, санжыра, тарых, эстелик, Садыр Жапаров, Бишкек баатыр
Тема боюнча
Тайлак баатыр жөнүндө 10 факты. 42 жашында тыңчынын колунан өлүм таап...
20 жолу үйлөнүп, 21 ирет баласы чарчап калган Барпы акын жөнүндө 15 факт