Ысык-Колдун жети акеси китеби. Архив

Тилекмат аке тууралуу 12 факты. "Сөз атасы" аталган элдик дипломат

(жаңыланган 20:27 07.04.2021)
Тилекмат чечендиги жанда жок, жылуу сөзү менен "жыланды да ийининен чыгарган" киши болгон. Анын калыстыгы, таразадай тактыгы азыркыга чейин насаатталып айтылып келет.

Тилекмат аке бийлик төбөлдөрүнө даанышман кеңешчи, ар кандай кыйын иштерди оң жагына оодарып келген элчи катары таанымал болуп, эл көйгөйүн эл пайдасына чечип турган. Анын бир жолу бугу менен сарыбагыш чатагына казактардын аралашып кетүү коркунучу туулуп калган кезде элчи болуп Тезек төрөгө барып, ага ушунчалык акыл муюткан сөз айтып, эки урууну гана эмес, жалпы кыргызды бир кыргындан сактап бата алганы айтылат.

Биз бүгүн ошол Жылкыайдар уулу Тилекмат аке тууралуу 12 факт сунуштайбыз.

Туулган жери, теги. Жылкыайдар уулу Тилекмат болжолу 1799 же 1800-жылы (1793-жылы деген да пикир кездешет) азыркы Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылында (мурдагы Шалбаа деген жерде) туулган. Атасы – Жылкыайдар, анын атасы – Алымбек, анын атасы – Кампир (Кампар), ал болсо Төлөктүн уулу, Төлөктүн атасы Торойчу, алардын атасы Сары Баргы. Тилекматтын тегин манасчы Жусуп Мамай кытайлык черик уруусунан десе, философ окумуштуу Маматемин Эркебаев түштүк жактан, азыркы Кара-Кулжа тараптагы Ажике өрөөнүнөн келгендер деп айтат. Бир топ булактарда адигиненин сарыбаргы уруусунан экендиги, дагы башка булактарда бугунун белек уруусунан болору белгиленет. Анын теги жөнүндө көп варианттагы санжыралар кездешет. Булардын талаштуулары да көп. Мунун баары анын тагдырындагы көп окуяларга байланыштуу. Алар өзүнчө чоң сөз.

Жылкыайдардын энеси Күмүшай (же Айымжан) Какшаалдын Кажабагыт деген жеринен. Алымбек Кара-Кулжадан кол курап өтүп, Какшаалда бек болот, ал жердегилер бийлик талаштан улам аны өлтүрмөкчү болгондо экинчи аялы Күмүшай менен качып кетет. Дагы бир маалыматта мындай айтылат: "Беш бектин бири болуп, Кара-Кулжанын Ажыке өрөөнүнөн барган Кампар уулу Алымбек бий дайындалган. Кийинчерээк кытайлар менен Торугарт ашуусунда катуу согушта Алымбек бий жарадар болот. Ал кансырап алы кетип, аялы Айжаркынга аманатын айтат. Досу Боорсок бийге барып жардам сурап, "боюңдагы баланы аман-эсен көз жарып, эркек төрөсөң атын Айдар кой, кыз төрөлсө өзүң бил" деп табыштап, "аман-эсен болсом кайтып келермин" дейт. Айжаркын аман-эсен төрөп, Боорсок бий азан чакырып, Алымбек досунун айткан аманатын аткарып, балага Айдар деген ат коёт. Боорсок бий кызы Күмүшайга Бирназар бий менен куда болушуп, "келип алып кетишсин" деп кабар берет" (Оболбек Аблаков. Акылман, элчи Тилекмат аке. – Б.: 2009, 108-б.). Тилекматтын теги тууралуу ушундай ар кыл маалыматтар кездешет. Атасы Жылкыайдардын сөөгү бирөөлөрдүн айтуусунда Кара-Кулжанын Сары-Булак деген айылында болсо, бирөөлөрдүн айтуусунда Түптүн Талды-Суусунда.

Мүнөзү, кадыр-баркы. Тилекмат чечендиги жанда жок, жылуу сөзү менен "жыланды да ийининен чыгарган" киши болгон. Анын калыстыгы, таразадай тактыгы азыркыга чейин насаатталып айтылып келет. Сарт аке ага "Тилешим бактылуу адам. Ал калайык-калк үчүн жаралган. Аны карегимдей, жүрөгүмдөй баалаймын. Ал барында телегейим тегиз, деним таза, жаным жаннатта" деп баа берген экен.

Элге тараган уламыш. Тилекматты калк аябай сыйлаган, жогору баалаган, андыктан ал тууралуу жакшы кептерди көп чыгарган. Мисалы, мындай баян айтылат: "Тилекмат жаңы төрөлгөндө Бирназар бий токойдон жаңы жыгач алдырып келип, бешик жасатып жатканда үйүнө бир дубана келип, бешик жасап жаткан кишинин жанына олтуруп, жыгачты кармалап көрүп "Бирназар бий, мобу жыгачка булбул уя жасап, булбул тууган жыгач экен. Менин билген белгилериме караганда, бул бешикке жаткан уулуңуз дубанда жок чечен болот" дейт. Анда Бирназар бий "айтканың келсин, дубана" деп алкаган экен. Ошол дубана айткандай, Тилекмат адамда жок чечен болгон экен" (Жетимишбаев К., Масыракунов Р. Санжыра санаты. – Б.: 1994. – 74-б.). Дагы бир сөздөрдө Бирназар бий татаал тагдырдагы Айдар деген баласы бар бир келинге нике кыйдырып алат да, ошол бала жылкы кайтарып, жашынан тирикарак болуп өсөт, бий ал балага азан чакыртып, Жылкыайдар деген ат берет да, өз баласы катары асырайт.

Жылкыайдардын түшү. Бир күнү Жылкыайдар күндүз эле жылкы кайтарып жатып, түш көрөт. Аны ойготуп алган өгөй атасы Бирназар кандай түш көргөнүн сураганда ал "Ысык-Көлдүн эки башындагы ушундай бир келишкен көк теректердин башын бириктире албай жатып, акыры бириктирдим эле, ошондо сиз келип ойгонуп кеттим" дейт. Бирназар бий баланын түшү тууралуу тилин оозуна каттырып, боз бээ союп, түлөө берет. Кийин уулуна кыз тандатып, уулу жигиттер менен кыз издеп, акыры Барскоондон Шекер деген кызды жактырат. Жылкыайдар менен Шекер биринчи уулунун атын Тилекмат коёт, андан кийин да үч уулдуу болот (Байтайлак, Кыдырбай), Шекер бу дүйнө менен кош айтышып кеткенде Жылкыайдар уулу Тилекматтын ыраазычылыгы жана колдоосу менен кайра төшөк жаңыртып, андан да бир уулдуу болот. Ошентип Жылкыайдар Бирназардын уулу деп таанылып, Тилекматты баш кылып беш уулду тарбиялаган ата катары эл ичинде кадырлуу ордун табат.

Чечендин элге таанылышы. Бир жолу Каркырада казак-кыргыз чогуу отурган жерде казактын бир карысы "Аскалуу зоо өлбөйт, агыны катуу суу өлбөйт, ар күнү чыккан күн өлбөйт" деп билермандана жан-жагына карап коёт, ошондо улага жакта отурган жаш кыргыз жигит Тилекмат "Аскалуу зоону кар басып, кар алдында жатса, анын өлгөнү эмей эмнеси, агыны катуу сууну муз каптаса, үстүн жаманы да, жакшысы да тебелеп өтсө, суунун өлгөнү эмей эмнеси, чыккан күндүн бетин булут жаап, жарыгын чача албаса, күндүн өлгөнү эмей эмнеси" деп коёт. Ошентип сөз эрөөлүндө кыргызга намыс алып берет. Ушуларды укканбы, бир жолу даңкы таш жарып турган Ормон хан аны чакыртат да: "Жолдун ээси ким, суунун ээси ким, сөздүн ээси ким", — деп табышмак айтат, ошондо Тилекмат: "Жолдун ээси—– туяк, суунун ээси — булак, сөздүн ээси — кулак", — деп булардын ар бирин чечмелеп берет.

Кокон хандыгынын өкүлдөрүн жайгарганы. Алгач жолу Тилекмат 1830-жылы Кокон ханынын өкүлдөрү (беги) келгенде элди сактап калган. Анда кокондуктар бугуларды чапмак болуп, сарбаздар жулунуп Тамга айылына конуш конуп турган. Бугулардын ханы Боронбай аларга барып жолугууга даабай бир жигитти жиберсе, аны уу берип жайлашып, экинчиси эч нерсе айта албай башы алынып, эми кайра элчиликке барууга эч ким бел байлабай турганда ошол барсын деп Тилекматка токтолушат, ал болсо Боронбайдын айтылуу боз жоргосуна анжиян ээрди токуп, жабууларын келиштирип, өзү да кымбат кымкап чепкен кийип, кырк жигит курап, хан сөөлөтүндө кирип барат. Барат да кокондуктарга жолугуп, алардын алык-салыктарына макул болуп, жакшы сөзү менен ийитип, алардан Ысык-Көл аймагынын ханы деген мөөр басылган кагазын да, сарпайын да алып, элди бир согуштан сактап калат. Ал Кокон хандыгынын аскер чептерине Ысык-Көлдүн башкаруучусу, хандыктын ишенимдүү адамы катары барып-келип турган.

Кытай менен мамилени да калыбына келтирген. XIX кылымдын 70-жылдарында азыркы Кытай Эл Республикасынын Шыңжан аймагында Жети-Шаар деген мамлекет болуп, анын башчысы Жакыпбек эле. Алар менен тынч жашоо тууралуу дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү дал ушул Тилекмат жүргүзгөн, бир жолу кара калмактар менен чабышып кете тургандай кырдаал түзүлгөндө да ал ишти жайгарып, элди дагы бир уруштан аман алып калат.

Бугу менен сарыбагыш чатагындагы элчилиги. Сарыбагыштардан Ормон хан өлтүрүлгөндө кун төлөө айыбын да Калыгул олуяга бугулардын өкүлү катары барып түшүндүрүп, кутултуп келген. Бул эки уруу ортосундагы согуш өртүнүн эми дагы аёосуз кан төгүүлөргө өтүп кетишинин алдын алууда Тилекмат казак султаны Тезек төрөгө сарыбагыштар барган чакта ал да барып, уруу чабышына казактарды аралаштырбай, төрөгө бугудан кыз алып берип, кыргыздын кырылып калышынын жолун бууган эрдиги эки уруу жакшылары тарабынан жогору бааланган.

Орусияны негизги өнөктөш катары көргөн. Тилекмат бугу кыргыздары бир канча династиялардын талашына түшкөн учурда жашаган. Ал орустардын келишин, орус бийлигин колдогон. Верный, Омск шаарына орус төбөлдөрү менен бугу кыргыздарынын атынан сүйлөшүүгө барган. Россиялык жер кезерлер Ч.Ч.Валихановдун, П.Семёновдун экспедицияларында аларды элден чыккан айрым адамдардын бейбаштыгынан коргоп жүргөн. Анын кеңеши менен Качыбек Шералин баш болгон элчилер Россияга кошулуу демилгеси менен Омск шаарына Падышылак Россиянын Батыш-Сибирь генерал-губернаторлугуна барган. Россия ага капитан аскердик чинин, Станислав лентасын тагуу укугу менен "За усердие" медалын ыйгарган.

Өлүмү. Айрым маалыматтар боюнча, аны жалаа менен түрмөгө каматышат. Ошол кездеги борбор эсептелген Верный (учурдагы Алматы шаары) абагында жатып, бирок бошоп чыгат. 1868-жылы (1863-жылы деген маалыматтар да кездешет) келе жатканда ар ким ар кандай айтат, атынын үзөңгүсүнө тагылган уудан улам каза болот. Тилекматтын өлүм зыйнатына Сарт аке:

Усталарга табылбас,
Болот темир курчтайым.
Мүнүшкөргө табылбас,
Бозум түлөк куштайым,
Ашуусу бийик белдейим,
Агыны катуу селдейим,
Элге эми табылбайт,
О, Тилекмат, сендейим, — деп өкүрүп түшкөн экен.

Тилекмат акенин балдары көп эле болгон. Ошолордун ичинде тарыхта аты калганы Чыныбай Тилекмат уулу. Ал Россия менен достук мамилесин орноткондордун бири жана атанын жолун жолдогон уул катары белгилүү.

Эл эсиндеги элчи. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алган соң Тилекмат акенин ысымы Жети-Өгүз районундагы Шалбаа айылына ыйгарылган. Ошол айылдан анча алыс эмес Оргочордогу жол тоомуна анын Сарт аке менен бирге турган эстелиги 1998-жылы орнотулган. Дагы бир эстелик бюсту 2018-жылы Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында коюлган (каражатты Жогорку Кеңеш берген, автору скульптор Аскар Турумбеков). "Кыргызстан дипломаттары" коомдук бирикмеси "Тилекмат аке" коомдук фонду менен бирге "Тилекмат аке" сыйлыгын уюштурган, анын лауреаттары: Муратбек Иманалиев, Роза Отунбаева, Марат Саралинов, Асанбек Осмоналиев, Баатыр Сыргабаев, чет элдик элчилер — Мухтар Шаханов (Казакстан), Метин Кылыч (Түркия), Ли Йонг (БУУ) жана КМШ өлкөлөрүнүн сүрөтчүлөр коомдук бирикмесинин президенти Таалайбек Усубалиев, эл депутаты Каныбек Иманалиев, Кыргызстандын Калькуттадагы ардактуу консулу Прамуд Кумар Сараф.

Белгилер:
Тилекмат аке, Россия, Кыргызстан, талаш, уруу, дипломат, чечен, даанышман
Тема боюнча
Кеп казына. Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан дипломат Тилекмат аке
Заманың келди жакындап, тайган иттей такымдап. Олуя акын Арстанбек тууралуу 13 факты
КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жомокчу Бегайым Жайчиева

Жайчиева: кыргыз эл жомоктору кооздугу менен айырмаланат

КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жомокчу Бегайым Жайчиева кыргыз эл жомоктору мазмунунун тереңдиги, купуялуулугу жагынан бийик турарын айтты.
Жайчиева: кыргыз эл жомоктору кооздугу менен айырмаланат

Кыргыздар көчмөн болуп, ат чаап, жер которуп жүргөндүктөн жомокторунда баатырдык, айкөлдүк, ак ниеттик, ак жүрөктүк көбүрөөк айтылат. Мындай пикирин Бегайым Жайчиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфириндеги маекте билдирди.

Анын айтымында, кыргыз жомокторундагы окуялар адамды ойго салса, башка элдерде жеңилирээк баяндалат.

"Жомоктун тилеги дүйнө элдеринин баарында бирдей. Акыйкаттык жеңип, жыйынтыгы жакшы бүтөт. Кыргыздар көчмөн болуп, ат чаап, жер которуп жүргөндүктөн жомокторунда баатырдык, айкөлдүк, ак ниеттик, ак жүрөктүк көбүрөөк айтылат. Мисалы, "Миң күндүк жомок" деген китеп бар. Анда дүйнөдөгү бардык элдердин жомоктору камтылган. Мен бардыгын толук окуп чыктым. Кыргыз эл жомоктору кооздугу, жеткиликтүүгү менен айырмаланат. Ойго салып, балдарга тарбия берип, чоңдорду да кызыктырып, курч окуяларга бай келет. Кыргыздар жомокту түшүндүрүп айта билген, каармандарын ача билген жомокчу эл ", — деди Жайчиева.

Ошондой эле жомокчу бала тарбиялоону жомоктон баштоо керек экенин, ата-энелер жомокко маани бериши зарылдыгын кошумчалады.

Белгилер:
Бегайым Жайчиева, тарбия, балдар, китеп, жомок
Тема боюнча
Психолог: балага корккон нерсесин жомок аркылуу жеткирсе болот
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры. Архив

Бишкекте "Ак-Мөөр" опера-дастанынын премьерасы өтөт

Иш-чара 17-апрель күнү саат 17:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болот.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкекте КР эл артисти Жумакадыр Каныметовдун "Ак-Мөөр" опера-дастанынын премьерасы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, иш-чара 17-апрель күнү саат 17:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болот.

"Эл артисти Жумакадыр Каныметов опера-дастандын дирижёр-коюучусу, ал эми режиссёру Искендер Сартбаев. Опера-дастанды коё турган сүрөтчү КР эл артисти Маратбек Шарафидинов, балетмейстер-коюучусу Тилек Кийизбаев, хормейстери КР эмгек сиңирген артисти Карагул Тиленчиев. Либреттону КР эл акыны Акбар Рыскулов жазган", — деп жазылат маалыматта.

Опера-дастандын башкы ролдорун театрдын солисттери аткара турганы, учурда кызуу даярдык көрүлүп жатканы кошумчаланды.

Белгилер:
маданият, иш-чара
Тема боюнча
Күзүндө Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өткөрүлөт
Тез жардам кызматынын жанында турган дарыгер. Архив

COVID: 240 киши вирус жуктуруп, эки бейтап каза тапты

(жаңыланган 10:40 14.04.2021)
Кыргызстан боюнча коронавирус жуктургандардын саны 90 839га жетсе, анын ичинен 86 313ү сакайып кетти.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус 240 кишиден табылып, 161 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 118;
  • Ош шаары – 4;
  • Чүй облусу – 21;
  • Ош облусу – 4;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Баткен облусу – 1.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 133;
  • Чүй облусу – 85;
  • Ош облусу – 5;
  • Талас обулусу – 4;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Баткен облусу – 2.

Ушуну менен өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 90 839га жетсе, анын ичинен 86 313ү сакайып кетти.

Акыркы суткада коронавирустан Бишкек шаарынын эки тургуну каза тапты. Аларды кошкондо пандемия башталгандан бери Кыргызстанда вирустан көз жумгандардын саны 1534кө жетти.

Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема боюнча
Жакшы кабар! Казакстанда эки күндөн бери COVID жуктургандардын саны азаюуда