Бишкекте "Ак-Мөөр" опера-дастанынын премьерасы өтөт

© Sputnik / Акылбек БатырбековАбдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры. Архив
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Жазылуу
Иш-чара 17-апрель күнү саат 17:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болот.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкекте КР эл артисти Жумакадыр Каныметовдун "Ак-Мөөр" опера-дастанынын премьерасы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Ага ылайык, иш-чара 17-апрель күнү саат 17:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болот.
"Эл артисти Жумакадыр Каныметов опера-дастандын дирижёр-коюучусу, ал эми режиссёру Искендер Сартбаев. Опера-дастанды коё турган сүрөтчү КР эл артисти Маратбек Шарафидинов, балетмейстер-коюучусу Тилек Кийизбаев, хормейстери КР эмгек сиңирген артисти Карагул Тиленчиев. Либреттону КР эл акыны Акбар Рыскулов жазган", — деп жазылат маалыматта.
Опера-дастандын башкы ролдорун театрдын солисттери аткара турганы, учурда кызуу даярдык көрүлүп жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0