Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата беш айлык жүрүүдө. Шарттары

© Sputnik / Азат АкаевКнига про кыргызского ученого и государственного деятеля Касыма Тыныстанова
Книга про кыргызского ученого и государственного деятеля Касыма Тыныстанова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Агартуучунун 120 жылдыгына карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 16-марттан 30-августка чейин беш айлык акция жарыялаган.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Мамлекеттик жана коомдук ишмер, биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата беш айлык жүрүүдө. Бул тууралуу КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан билдиришти.
Аталган беш айлык 16-марттан 30-августка чейин жарыяланган.
"Иш-чаранын алкагындагы сынактарга бардык билим берүү мекемелери, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка бардык каалоочулар онлайн да, аралыктан да катыша алат", — деп айтылат маалыматта.
Шарттары:
Жогорку, орто жана башталгыч кесиптик окуу жайлар жыйын, тегерек стол, кереге кеңеш, конференция сыяктуу иш-чараларды, сынактарды өткөрүүсү шарт. Сынактардын жана тесттердин мыктылары окуу жайдын жетекчилиги тарабынан Улуттук комиссияга сунушталууга тийиш.
Актриса Айша Карасаева жана филолог Кусеин Карасаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2021
Далай ажалдан калган тилчи. Окумуштуу Кусеин Карасаев тууралуу 9 факты
Мектептерде Касым Тыныстановдун өмүр жолуна, ишмердүүлүгүнө байланыштуу окуучулар арасында викториналар уюштурулуп, көргөзмө, бурчтар даярдалышы шарт.
Ал эми ЖМКлар залкар инсандын бейнесин ачып берген берүүлөрдү, уктурууларды, макалаларды, маектерди кеңири чагылдырып, сабаттуулукка өзгөчө көңүл бурулуусу кажет. Ошондой эле иш-чаралар социалдык тармакка жарыяланып, аларга #мамтил, #Тыныстанов_120 хэштегдери коюлушу керек.
Беш айлык Тыныстановдун туулган күнүндө жыйынтыкталып, жобонун шарттарына ылайык жасалган кызыктуу, мазмундуу, таасирдүү иштердин ээлери атайын сыйлыктарга ээ боло турганы айтылды.
Толук маалыматты Улуттук комиссиянын расмий mamtil.kg/ky сайтынан алууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0