Актёр Жолдошбек Жанжигит уулу менен келинчеги, актриса Анара Ажыканова

Бир көрүп сүйгөм. Издешпей табышкан Жолдош Жанжигит уулу менен Анара Ажыканова

511
(жаңыланган 21:23 15.04.2021)
Кыргызстанда театрдан, чыгармачылыктан табышкан түгөйлөр арбын. Алардын арасында актёр Жолдошбек Жанжигит уулу менен келинчеги, актриса Анара Ажыканова да бар.

Акчасы аз болгонуна карабай театрды, маданиятты таштабай, карьера, үй-бүлөнү бирдей алып кеткен өнөр адамдары, жубайларды Sputnik Кыргызстан агенттиги кепке тартты.

— Актёрлордун жашоосу катардагы үй-бүлөлөрдүкүнөн айырмаланабы?

Жолдошбек Жанжигит уулу: — Элден эч айырмаланбайбыз. Болгону үйгө барганда үй оокатынан сырткары роль жаттамай деген нерсе бар. Мен барарым менен жакшы көргөн диваныма барам да жатам. Ал эми Анара үй жыйнап, балдарын карап, тамак жасап, айтор, тиричилик менен алек болот. Эртеси театрга барганда Анара баягы берилген ролду жаттап, шакылдап айтып берет, мен болсо жаттабай барам. Анан мени режиссёр урушат. Көрсө, келинчегим үй жумуштарын жасап жатып эле баарын кайталап жүрө берет экен. Негизи эле мен ролдорду аябай оор кабыл алам. Бир сыйра жиним келип, баары менен урушуп анан өзүмө келем.

Супруги актер Жолдошбек Жанжигит уулу и актриса Анара Ажыканова
© Фото / из личного архива Жолдошбека Жанжигит уулу
Кыргызстанда театрдан, чыгармачылыктан табышкан түгөйлөр арбын. Алардын арасында актёр Жолдошбек Жанжигит уулу менен келинчеги, актриса Анара Ажыканова да бар.

— Аял кишинин көбү эле үйүнө барганда эс албай тиричилик менен алек болсо керек. Бизде маданиятка көңүл аз бурулат эмеспи, театрга баргандардын саны да азайды. Мындан улам театрды таштап башка тармакка кетип калууну ойлонгон эмес белеңиздер?

Ж.Ж.: — Ал туура. Биздин үлүш жерибиз, мал-жаныбыз жок, бизнес менен алектенбейбиз. Жалаң гана чыгармачылык менен отуруу азыркы заманда кыйын. Бирок тирүү адамдын ар бирине берилген ырыскысы болот экен. Арзыбаган айлыгыбыз берекелүү, шеринеге да, башкасына да жетет (күлүп).

Айлыктын аздыгынан 2001-жылдан 2017-жылга чейин тамада болуп иштеп, андан кийин токтоттум. Себеби адам андан деле эс алгысы келет экен. Өмүрү тааныбаган адамыңды жерге-сууга тийгизбей мактаган деле оңой эмес да. Азыр айрым учурда дос, тааныштар суранып чакырса, той алып барып калам. 2017-жылы тойду токтотуп, Москвага барып президенттин алдындагы Башкаруу академиясында саясат таануу факультетинде билим алдым. Андан кийин Бишкектеги Жаш көрүүчүлөр, Нарын драма театрларын башкардым. Нарын драма театрын башкарып жүрүп өкмөттүн, министрликтин колдоосу жок эле кыска метраждуу "Тайлак баатыр" көркөм тасмасын тарттык. Аны тартууга жергиликтүү эл, театр артисттери жана ишкерлер колдоо көрсөтүштү.

Актриса Анара Ажыканова на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Анара Ажыканова: театрды таштаган жокмун, болгону теледен көп чыкпай калдым. Мурда "Учур" теле театры иштеп турган убакта "Бөбөк сенин жомогуң", "Учурдун ыр-күлкүсү" деген берүүлөр чыгып турчу. Азыр алар тартылбай токтоп калган

— Анара эжени да теледен, тасмалардан көп көрбөй калдык. Башка тармакка кетип калган жоксузбу?

Анара Ажыканова: — Театрды таштаган деле жокмун, болгону теледен көп чыкпай калдым. Мурда "Учур" теле театры иштеп турган убакта "Бөбөк сенин жомогуң", "Учурдун ыр-күлкүсү" деген берүүлөр чыгып турчу. Азыр алар тартылбай токтоп калган. "Учур" мурдагыдай теле эмес жөн эле театр. Чыгармачылыкты таптакыр таштап, киного тартылбай калдым деп айта албайм. Акыркы жолу режиссёр Бакыт Мукулдун "Акыркы көч" тасмасында роль жараттым. Андан тышкары, жаш режиссёрлордун фильмдерине тартылып жатам.

Ж.Ж.: — Анара өтө жөнөкөй, өзүн көп жарнамалабай бербейт. Маекке да эптеп көндүрүп келдим. Буга роль берсе унчукпай алат дагы, премьерада катыра ойноп коёт. Режиссёрлор бир иштешкенден кийин тасмаларына кайра-кайра чакырышат. Жакында эле Бакыт Мукулдун "Акыркы көч" тасмасына тартылды. Ал киши "Жоки, аялыңды буга чейин эмнеге катып жүргөнсүң, ролду укмуш аткарат турбайбы. Анара ролду сүйлөбөй эле ойноп коёт экен" деп жогорку баасын берди. Негизи жакшы актёр режиссёрдун табылгасы да. Тасмага тартылууга чакыргандар көп. Бирок биз баарына макул болуп тартыла бербейбиз, айрымдарынан баш тартууга туура келет.

Актер Жолдошбек Жанжигит уулу на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Жолдош Жанжигит уулу: биздин үлүш жерибиз, мал-жаныбыз жок, бизнес менен алектенбейбиз. Жалаң гана чыгармачылык менен отуруу азыркы заманда кыйын. Бирок тирүү адамдын ар бирине берилген ырыскысы болот экен. Арзыбаган айлыгыбыз берекелүү, шеринеге да, башкасына да жетет (күлүп)

— Сиздерди театр табыштырды беле? Жаңы таанышкан күнүңөрдү эстеп айтып бересиздерби.

Ж.Ж.: — Анда экөөбүз тең 11-классты жаңы бүтүп, окууга тапшырганы келгенбиз. Ошол мезгилде Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайга тандоо болуп жаткан. Мен Чүйдөн, Анара Таластан келиптир. Экөөбүз тең тандоонун 1-2-туруна жетишпей, кийинки сынакка катышканбыз. Анараны сынакка барганда тепкичтен көрүп эле жактырып калгам. Ичимен "сынактан ушул кыз да өтсө экен" деп тиленип койгом. Ошентип сынактан өтүп, Москвага жөнөдүм. Поезддин ичинен Анараны көрүп калып аябай сүйүнгөм. Кудайдын буйругу менен экөөбүз кыз-жигит болуп, андан кийин окууну бүтө электе Москвадан эле баш кошконбуз. Элге окшоп лимузин жалдабай эле бир рублден чогултуп чуваш, якут, корей студиялары менен той кылганбыз. Кеткенде жалгыз болуп кетип, кайра Кыргызстанга экөөбүз, курсактагы бала, диплом менен комплект болуп келгенбиз. Ошондуктан мен Москваны жакшы көрөм.

Бул жакка келгенде Анара экөөбүз КТРКнын алдында түзүлгөн "Учур" деген алгачкы теле театрда чогуу иштедик.

— Анара эже, Жолдош байке сизди бир көрүп жактырып калганын байкап, сездиңиз беле?

А.А.: — Мен чынын айтсам байкабаптырмын. Жолдошту поездде бара жатканда көргөм.

Ж.Ж.: — Сезимдерин эми ачык айта баштады (күлүп).

Супруги актер Жолдошбек Жанжигит уулу и актриса Анара Ажыканова с дочерью
© Фото / из личного архива Жолдошбека Жанжигит уулу
Жолдош Жанжигит уулу: Кудайдын буйругу менен экөөбүз кыз-жигит болуп, андан кийин окууну бүтө электе Москвадан эле баш кошконбуз. Кеткенде жалгыз болуп кетип, кайра Кыргызстанга экөөбүз, курсактагы бала, диплом менен комплект болуп келгенбиз

— Жолдош байке, театрларды башкарып, жетекчилик кызматтарда иштеп жүрөсүз. Буга Анара эженин салымы да чоң болсо керек. Ийгиликке жетүүдө жаныңдагы адамдын колдоосу маанилүү эмеспи.

Ж.Ж.: — Бул жагынан келинчегим менен абдан сыймыктанам. Дайыма колдоп-коштоп турат. Москвага окууга тапшырарда "Жоки, окушуң керек, анын келечеги бар" деп автоунаадан бери саттырды. Үйдө колдоо болбосо кайдагы ийгилик, жумушуң да жүрбөй калат. Мен окууга, жумушка, сыртка кеткенде балдарды өзү карап калат. Ушул деңгээлге Анаранын 90 пайыз колдоосу менен жеттим. Келинчегим дайыма "Жоки, сен иште, сен бар" деп турат. Экөөбүз тең актёр болгонубуз менен Анара үй-бүлөнү биринчи орунга коюп, турмуш-тиричиликке мени көп аралаштырган жок. 

— Анара эже, Жолдош байкенин мыкты актёр, үн коштоочу экенин билебиз. Ал эми үйдө кандай ата?

А.А.: — Жолдош абдан күйүмдүү. Кайсы жерде жүрбөсүн "үй жылуубу, курсагыңар токпу?" деп сурап турат. Үй-бүлө биринчи орунда.

— Үйдө пикир келишпестик жаралса, кырдаалдан кантип чыгасыздар?

Ж.Ж.: — Мындай кырдаалга көбүнчө мен кептейм. Анткени дос-тамырым көп, алар менен ашыкча майрамдап кетебиз. Анара экөөбүз кээде Алыкул менен Зейнептейбиз. Ал Алыкулдай бир жумалап сүйлөбөй койсо, мага андан өткөн жаза жок. Эми мындай учур анда-санда болот. Калганы Кудай кут кылсын, жакшы. Болор-болбоско деле урушуп-талашпайбыз, бири-бирибиздин ишибизге кийлигишпейбиз.

Супруги актер Жолдошбек Жанжигит уулу и актриса Анара Ажыканова
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Анара Ажыканова: Жолдош абдан күйүмдүү. Кайсы жерде жүрбөсүн "үй жылуубу, курсагыңар токпу?" деп сурап турат. Үй-бүлө биринчи орунда

— Экөөңүздөр театр же кинодо чогуу роль жараттыңар беле. Мисалы, жубайлардын же түгөйлөрдүн дегендей.

Ж.Ж.: — Жок. Экөөбүз бир үй-бүлө болгону менен театрда чогуу ойногон ролдорубуз жок. Ошентип чечкенбиз.

— Баш кошуп бирге түтүн булатып келе жатканыңыздарга 20 жылдан ашыптыр. Бул аралыкта турмуштун өйдө-ылдыйын көрдүңүздөр да. Бактылуу, бекем үй-бүлө курууда эмне маанилүү деп ойлойсуздар. Балким, өзүңөр жасай албай калган нерселерден сабак кылып айтып берерсиңер.

А.А.: — Үй-бүлө бекем болуш үчүн биринчи сабыр керек го деп ойлойм. "Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр" деген кеп бар. Экөөнүн бирөө кичине көтөрүмдүүрөөк болушу шарт. Мисалы, Жолдош менен болор-болбос нерсе үчүн талашып-тартыша бербейм. Айрымдар майда нерсеге деле күйөөсүн аралаштыра берет. Мен ал туура эмес деп ойлойм. Бирок балдар маселесине келгенде атасы менен кеңешем. Жолдош маселени бат, анан тарс эле чечип коёт. Ошол сапатын баалайм. Менде жок мүнөз Жолдошто, анда жок мүнөз менде бар. Жубайлар бири-бирин толуктап, оокатты кеңешип кылганы жакшы го деген ойдомун. Анан бири-бирин уга билиш керек.

Ж.Ж.: — Ар бир үй-бүлө өзүнчө токой да. Кыргызстанда канча үй-бүлө бар. Алардын ар биринин өзүнүн купуя сыры бар. Биздин үй-бүлөнү ала турган болсок, балдарыбызды эркин кармайбыз. "Аны кылба, бул ийримге барба" деп чектөө койбойбуз. Анын үстүнө мен атасыз, Анара энеси жок өскөн. Өзүбүз көрбөгөн нерсени балдарга көрсөткүбүз келет. Балдарды чектеп, урушмай жок. Каалаган ийримдерине барышат. Улуу балабыз 20га чыгып кол арага жарап калды. Азыр бизге акыл айта баштады. Бир жыл Кытайга барып окуп келди. Баланын сыртка чыгып келгени деле жакшы экен. Ошол жактан көп нерсени үйрөндү окшойт.

Супруги актер Жолдошбек Жанжигит уулу и актриса Анара Ажыканова
© Фото / из личного архива Жолдошбека Жанжигит уулу
Жолдош Жанжигит уулу: негизи биздин жумуш баркталбаган кесип. Эл космоско учуп, поезд куруп, автоунаа жасап жатат. Биз болсо "сен апасы, мен атасы" деп кино тартып жатып кээде "ушу да жумушпу" деп ойлоп кетесиң

— Балдарыңардын силердин жолду жолдогонун каалайсыздарбы?

Ж.Ж.: — Апаң экөөбүздүн эле артист болгонубуз жетишет дей беребиз. Алар башка жолду тандаса, балким, кыйналбай бактылуу жашайт чыгар деп ойлойсуң. Бирок азыр кичинекей, чоңойгондо кандай тармакты тандаса да биз аларды колдойбуз. Улуу балама "жашсың, чет өлкөнү көрүп кел, оку, иште" деп жатабыз. Экинчи уулубуз ар кайсы ийримге барып көрдү. Азыр сүрөт тартып жүрөт. Ушул чыгармачылыкка жакын болот окшойт деп ойлоп жүрөбүз. Кызыбыз али кичинекей.

Негизи биздин жумуш баркталбаган кесип. Эл космоско учуп, поезд куруп, автоунаа жасап жатат. Биз болсо "сен апасы, мен атасы" деп кино тартып жатып кээде "ушу да жумушпу" деп ойлоп кетесиң. Бирок аймактарга барып калганда эл колуңду кармап, алкап, сени менен сүрөткө түшүп, сыйлаганда төбөң көккө жетип калат.

— Бул кесипти тандап алганыңар үчүн өкүнбөйсүңөрбү?

Ж.Ж.: — Эгер мага дагы бир жолу тандоо берилсе ойлонмокмун. Кокус мамлекет бай, маданиятыбызга Европадагыдай көңүл бурулса, кайра эле ушул кесипти тандамакмын. Эгер абал ушул эле бойдон калса, анда башка тармакка кетмекмин.

А.А.: — Актриса болуу — бала кезимдеги кыял. Айлыкты көрүп, балдар чоңоюп калганда "каап, башка эле кесипти тандап кетпей" деп ойлоносуң. Бирок театрдын тузу оор деп коёт. Айлыгы аз болсо да театрда жүргөндө өзүңдү бактылуу сезесиң. Сыртта эмне болуп жатканын театрга киргенде унутуп, өзүнчө дүйнөгө киргендей болосуң. Театрдан алган акчабыз берекелүү, баарына шүгүр кылабыз.

511
Белгилер:
Анара Ажыканова, Актёр, театр, Жолдошбек Жанжигит уулу
Тема боюнча
Кызыктуу жашообуздун бир эле принциби бар. Издешпей табышкан Дайырбековдор
Аяп, күтүп, сыйлап... Издешпей табышкан Азамат Кыязов менен Жаңылай Алиева
Төкмө акын Эламан Келдибеков

"Бала Барпы" Эламан акын: Баткен коогасында үйдө 60тан ашык киши жашады

977
(жаңыланган 20:10 06.05.2021)
Баткендик төкмө акын Эламан Келдибековду коомчулук “бала Барпы” деп да атап келишет. Ал Барпынын обонуна салып, айтышка улуу акындын ыкмасы менен түшөт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги төкмө акын Эламан Келдибеков менен кабарлашып, акындын туугандарынын ал-жайын сурап, өнөр туурасында аз-маз баарлашкан элек.

Акын учурда Москва шаарында иштеп жүрөт.

— Азыр Россияда турбайсызбы?

— Мен азыр Россиянын Москва шаарында жүрөм. Абалым кудайга шүгүр, иштеп жатам. Былтыр 28-декабрда келгем. Жаңы жылды бул жактан тостум. Москвага келген себебим, иштеп, акча таап, анын үстүнө жер көрөйүн деп да ойлодум. 

— Акындык дайыма изденүүнү талап кылат эмеспи. Өнөргө убакыт табылып жатабы?

—  Бул жактагы мигранттар да мени көрүп “Бул да бизге окшоп иштегени келиптир. Өнөрү калып кетет го”, — деп ойлошот. Айрымдары ачык эле сурайт, бирок өнөр эч качан калбайт. Анткени аны атайын үйрөнүүгө болбойт эмеспи. Бул да тубаса кудайдан берилген талант. Анан жоопкерчилик жагы да бар. Заманыбыздын залкары болгон Элмирбек Иманалиевдин да шакирти болуп калдык. Бул акындык өнөрдүн алдындагы жоопкерчиликти эки эсе көбөйтөт. Муну менен катар төкмөлүктү өрчүтүп, мокотпой алып жүрүү үчүн бир гана китеп окуп, үйдө отуруу керек эмес. Үйрөнүүнүн жолдору көп, акын көз менен көрүп, кулак менен угуп, сезип да үйрөнөт. Ошол себептен бул жактан да изденүүнү токтотпой, чыгармачылык менен катар ишимди алып кетүүдөмүн десем болот.

Баткенский акын-импровизатор Эламан Келдибеков
© Фото / Нурлан Темирбек уулу
Баткендик төкмө акын Эламан Келдибековду коомчулук “бала Барпы” деп да атап келишет. Ал Барпынын обонуна салып, айтышка улуу акындын ыкмасы менен түшөт

— Баткендин кулуну болосуз. Акыркы кандуу окуя, тажиктердин кол салуусун сиз кандайча уктуңуз?

— Мен Лейлек районунун Маргун айылынан болом. Биздин айыл Арка, 60 жылдык, Максат айылдары менен чектеш. Кечээки окуялар ушул айылдарда болду. Ал айылдын тургундары биздин айылга качып келишкен экен. Коңшулардын чектеш айылдарында жашаган карапайым эл менен буга чейин алакабыз бар эле. Алар биздин базарга, биз алардыкына барып соода кылып турган кез болгон.  Ошондой эле коңшу тажиктер менен талаш-тартыш, кагылыштар мурунтан эле болуп келген. Бирок ушул жолкусунда абдан оор болду. Тажикстандын  атайын даярданганын көрдүк. Ушундай мыкаачылык менен басып кирип, тынч жаткан элдин канын төгүп, мал-мүлкүн талоонго алышты. Муну менен эле жөн калбай, кайра бизди сотко берип койгонуна аргасыз баш чайкайсың. Ушунчалык бетсиздикке ишенбей да кетет экенсиң. Кыжырым келди. 

Баткенский акын-импровизатор Эламан Келдибеков
© Фото / Нурлан Темирбек уулу
Төкмө акын Эламан Келдибеков: заманыбыздын залкары болгон Элмирбек Иманалиевдин да шакирти болуп калдык. Бул акындык өнөрдүн алдындагы жоопкерчиликти эки эсе көбөйтөт

— Ушул окуяга чейин сиз чек ара боюнча оюңузду билдирип, Камчыбек Ташиевге да жооп кайтарган ырыңыздын видеосу социалдык тармакта кенен тарап, талкуу жараткан... 

— Чек ара боюнча былтыр да социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасагам. Быйыл да өзүңүздөр көргөндөй жогорку жакка кайрылдым. Бул, биринчиден, акындык парзым, экинчиден, ушул өлкөнүн жаранымын. Үчүнчүдөн, Баткендин баласы болгондугум үчүн чек ара темасында көбүрөөк кайрылууга туура келет. Себеби акын болуп туруп элдин үнүн айтып чыкпасам, жеткирбесем, менин эмнем акын? Бул кайрылуумду туура эле кылдым деп ойлойм. 

Ушу тапта:

“Баткендин эли баатыр эл

Таш менен коргойт чектерин.

Тажиктер бизге үйрөттү

Таш доору өтүп кеткенин”, — деген саптар келип жатат.

— Ата-энеңиз Баткендеги каргашалуу окуяда жабыркашкан жокпу, баары жакшыбы?

— Негизи абдан коркушкан экен. Кандуу окуя башталганда үйдө чек арага жакын айылдардан качып келген 60тан ашык адам жашаптыр. Азыр апам бар, атам мен беш айлык кезимде каза болуп калган. Өзүм алты бир туугандын кичүүсүмүн. Туугандарымдын бардыгы айылда турушат. Кудайга шүгүр, азыр баары тынч.

Баткенский акын-импровизатор Эламан Келдибеков во время выступления
© Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"
Төкмө акын Эламан Келдибеков: устатыбыз Элмирбек Иманалиевден көп нерсе үйрөндүк. Ал кишинин өткөнүнө бир жылдан ашып калды. Бирок ушу кезге чейин устатыбыз дайыма биз менен жүргөндөй эле сезиле берет

— Сиз негизинен комуз чертпей, өзгөчө стилде ырдайсыз. Муну атайын тандап алдыңыз беле же башынан ырдоо техникаңыз ушундайбы?

— Барпы атабыздын стилинде ырдайм. Ошол себептен эл да мени “Бала Барпы”, “Жаш Барпы” деп коюшса керек. Негизинен комузу жок айтышуу комуз менен төккөнгө караганда бир аз оор. Анткени кээде эки саптын же төрт саптын ортосунда комуз чертип турууга болот. Барпы атабыздын стилинде ырдоодо тездик, ыкчам ойлонуп төгүү керек. Айтыштарымда кээде ырдап жатып эле токтоп калып, эл мени, мен элди карап туруп калган ирмемдер кездешет. Бирок мындай стилде ырдоо өзүмө жагат. Айтыштардын биринде кадимки Түгөлбай Казаков агабыз “ушинтип ырдап көрчү, сага жарашса керек” деп ушул обонду сунуштаган. Ырдап көрдүм, мага абдан жакты.

— Комуз черткенди билесизби?

— Комуз жагына келгенде элдин оозун ачырып күү черте ала турган комузчу эмесмин. Бирок акындыктын деңгээлинде чертем.

Баткенский акын-импровизатор Эламан Келдибеков во время выступления
© Фото / предоставлено Эламаном Келдибековым
Төкмө акын Эламан Келдибеков: кандуу окуя башталганда үйдө чек арага жакын айылдардан качып келген 60тан ашык адам жашаптыр

—  Айтылуу акын Элмирбек Иманалиевди устатым деп калдыңыз. Ал кишиден эмне ала алдыңыз?

—  Устатыбыз Элмирбек Иманалиевден көп нерсе үйрөндүк. Устат шакиртине эмне үйрөтүшү керек болсо, билгенинин баарын шакирттерине берип кетти деп айта алам. Ал кишинин өткөнүнө бир жылдан ашып калды. Бирок ушу кезге чейин устатыбыз дайыма биз менен жүргөндөй эле сезиле берет. Анын айткандары бүт шакирттеринин эсинде. Бизге “өнөр менен иштегиле, өнөрдү хобби эмес, кесип кылгыла” деп айткан сөздөрү бар. Менимче, бардык шакирттери устаттын ушул сөзүн жерде калтырбай, аракетин жасап өнөрдүн артына түшүп, тынбай изденип келе жатышат. Карап отурсам, жыйырмадан ашык балага төкмөлүктүн сырларын ачып берип кетиптир. Азыр алыста болсом дагы устатыбыздай болгонго, анын адамдык сапатын алып жүрүүгө аракет кылам.

— Ал жакта жүрүп төкмө акындар менен байланышты үзгөн жоксузбу?

— Төкмө акындардын баары менен мамилем жакшы. Сүйлөшүп, кабар алышып турабыз. Кечээки Баткен окуясында баары чалып, Whatsapp аркылуу жазып “үй-бүлөң тынчпы?” деп сурап турушту. Негизи устатыбыздын эң аз сүйлөгөн жана аз суроо берген шакирти мен элем (күлүп). Кээ бир адамдар акын болсо эле көп сүйлөйт деп ойлошот. Бирок мени менен иштешип же жанымда жүрүп калгандар “абдан аз сүйлөйт экенсиң, кишини зериктирип жибердиң” деп нааразы болуп калышат. Болгон мүнөзүм ошондой.

Баткенский акын-импровизатор Эламан Келдибеков в кругу коллег
© Фото / Жанылай Кекеева
Төкмө акын Эламан Келдибеков: комуз жагына келгенде элдин оозун ачырып күү черте ала турган комузчу эмесмин. Бирок акындыктын деңгээлинде чертем

— Акын кайда болсо да коомдун күрө тамырын сезе билет эмеспи. Россиядагы мигранттардын жашоосу сизге кандай таасир калтырды?

— Коомду, андагы көйгөйлөрдү көргөндө оозуңа куюлушуп ырларың келип турат. Россияда кыргыздар абдан көп экен. Досторума айтсам “пандемияга байланыштуу бул дагы азайып калганы, мындан да көп болчу” дейт. Кыргызстандагы кыргыздарга караганда иштеп, мамлекеттин сыртында жүргөн мекендештерде патриоттуулук сезим эки эсе күчтүүрөөк экен деп ойлоп калдым. Негизи Россияга жөнөп жатканда орус тилин үйрөнүп келейин деген да оюм болгон. Себеби тилди жакшы билчү эмесмин. Анан бул жакка келсем баары эле кыргыз. Дүкөнгө кирсең, таксиге түшсөң, ишке барсаң деле кыргыздар. Кыргызча эле сүйлөп жүрөм (күлүп). Жумушта бухгалтер орус кызы. Аны менен түшүнүшө албай күлкүлүү окуялар болду. 

977
Белгилер:
Эламан Келдибеков, окуя, Мигрант, Россия, өнөр, Баткен, төкмө акын
Тема боюнча
Комузчу Бердибекова: күүлөрүн нотага түшүргөндө Нурак агай катуу толкунданган

34 жашында студент болгон Тууганбай Абдиев. Улуу акындын жашоосундагы ирмемдер

230
(жаңыланган 18:11 05.05.2021)
  • Төкмө акындын жаштарга өз өнөрүн тартуулап жаткан учуру
  • Ашыраалы Айталиев, актриса Сабира Күмүшалиева жана Тууганбай Абдиев
  • КРдин эл артисти бокс менен машыгып, көк бөрү да ойноп койчу
  • СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү Тууганбай Абдиев кыздары менен
  • Төкмө акын Эстебес Турсуналиев, композитор Сардарбек Жумалиев жана Тууганбай Абдиев
  • Тууганбай Абдиев 47 жыл Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда иштеген
  • III даражадагы Манас орденинин ээси замандаштары жана сахналаштары менен
  • Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев шакирттеринин курчоосунда отурушат
  • Ак таңдай акын чыгармачылыгынын аркасында бир топ өлкөлөргө гастролдоп барган
  • Жубайы Эсенбүбү экөө төрт кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн
  • Сөз баккан инсандын Таӊшы комуз, Ыр канатында ыр жыйнактары менен эки китеби жарык көргөн
  • Тууганбай Абдиев 2008-жылы 1-декабрда узакка созулган оорудан 71 жашында кайтыш болгон
Кыргыз Республикасынын эл артисти Тууганбай Абдиев көзү тирүү болгондо быйыл 84 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсанды эскерип, анын өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Ак таңдай акын Тууганбай Абдиев 1937-жылы 3-майда Токтогул районунун Ничке-Сай айылында жарык дүйнөгө келген. Жаштайынан комуз чертип жамактап ырдап, өспүрүм кезинде Коргоол Досуевдин батасын алган. Эмгек жолун мектепти бүткөн соң Токтогул райондук маданият үйүнөн баштап, кийин Жалал-Абад облусундагы драма театрында эмгектенген. 24 жашында Токтогул Саьылганов атындагы Улуттук филармонияга жумушка чакыртылып, Осмонкул Бөлөбалаев, Ысмайыл Борончиевдер менен сахналаш болгон. Ал куттуу жерде 47 жыл бою иштеген.

Кыргыз Республикасынын эл артисти комузда кол ойнотуп, кара күүлөрдү да черте билген. "Чоң кербез", "Бала кербез", "Тогуз кайрык", "Мырза кербез", "Кара өзгөй", "Кер толгоо", "Ак тамак, Көк тамак", "Ак Бакай" күүлөрүн ийине жеткире ойногон. Ошондой эле "Жаныш-Байыш", "Курманбек", "Ак Мөөр" кенже эпосторун чеберчилик менен аткарып, Дооронбек Садырбаев тарткан "Махабат дастаны" көркөм тасмасында Раймалынын образын жараткан.

Эӊ кызыгы, төкмө акын 34 жашында Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили филологиясына тапшырып, аталган ЖОЖду 39 жашында аяктаган. Кийин "Таӊшы комуз", "Ыр канатында" ыр жыйнактарын чыгарып, Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев, Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Сыймык Бейшекеевдин жол көргөзгөн устаты болгон.

Жеке жашоосунда бокс менен машыгып, көк бөрү ойноп, жубайы экөө алты баланы тарбиялап өстүрүп, 71 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган.

III даражадагы "Манас" орденинин ээси жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окууга болот.

230
  • Төкмө акындын жаштарга өз өнөрүн тартуулап жаткан учуру
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Төкмө акындын жаштарга өз өнөрүн тартуулап жаткан учуру

  • Ашыраалы Айталиев, актриса Сабира Күмүшалиева жана Тууганбай Абдиев
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Ашыраалы Айталиев, актриса Сабира Күмүшалиева жана Тууганбай Абдиев

  • КРдин эл артисти бокс менен машыгып, көк бөрү да ойноп койчу
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    КРдин эл артисти бокс менен машыгып, көк бөрү да ойноп койчу

  • СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү Тууганбай Абдиев кыздары менен
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү Тууганбай Абдиев кыздары менен

  • Төкмө акын Эстебес Турсуналиев, композитор Сардарбек Жумалиев жана Тууганбай Абдиев
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    Төкмө акын Эстебес Турсуналиев, композитор Сардарбек Жумалиев жана Тууганбай Абдиев

  • Тууганбай Абдиев 47 жыл Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда иштеген
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Тууганбай Абдиев 47 жыл Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда иштеген

  • III даражадагы Манас орденинин ээси замандаштары жана сахналаштары менен
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    III даражадагы "Манас" орденинин ээси замандаштары жана сахналаштары менен

  • Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев шакирттеринин курчоосунда отурушат
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев шакирттеринин курчоосунда отурушат

  • Ак таңдай акын чыгармачылыгынын аркасында бир топ өлкөлөргө гастролдоп барган
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    Ак таңдай акын чыгармачылыгынын аркасында бир топ өлкөлөргө гастролдоп барган

  • Жубайы Эсенбүбү экөө төрт кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    Жубайы Эсенбүбү экөө төрт кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн

  • Сөз баккан инсандын Таӊшы комуз, Ыр канатында ыр жыйнактары менен эки китеби жарык көргөн
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Сөз баккан инсандын "Таӊшы комуз", "Ыр канатында" ыр жыйнактары менен эки китеби жарык көргөн

  • Тууганбай Абдиев 2008-жылы 1-декабрда узакка созулган оорудан 71 жашында кайтыш болгон
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Тууганбай Абдиев 2008-жылы 1-декабрда узакка созулган оорудан 71 жашында кайтыш болгон

Белгилер:
сүрөт, Тууганбай Абдиев, төкмө акын, комузчу
Тема боюнча
Элмирбектин жаштыгы, тагдыры, өксүткөн өлүмү... Акындын сүрөттө калган элеси
Гиннеске кирген биринчи кыргыз. Каскадер Кудайбергеновдун сүрөттөгү ирмемдери
Жолон Мамытовдун сүйүүсү, ырлары, бүлөсү. Акындын сүрөттө калган элеси
Рио-де-Жанейро шаарында метродо атышуу

Бразилияда метродо атышуу болуп, 25 киши көз жумду. Видео

0
(жаңыланган 00:31 07.05.2021)
Окуянын алгачкы мүнөттөрүндөгү видео тарап, анда жай тургундар октон сактануу үчүн жерде отурганын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында метродо полиция менен баңгизат сатуучулардын арасында атышуу болуп, 25 киши каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Окуянын алгачкы мүнөттөрүндөгү видео тарап, анда жай тургундар октон сактануу үчүн жерде отурганын көрүүгө болот.

Маалыматка караганда, шаар полициясы баңгизат сатуучуларды кармоо үчүн атайын операция жүргүзгөн. Жыйынтыгында 24 шектүү жана полициянын бир офицери каза болгону айтылат. Алардан тышкары төрт адам жаракат алган. Экөө жай тургун экени кошумчаланды.

0
Белгилер:
өлүм, видео, атышуу, полиция, Бразилия
Тема боюнча
Баткендеги үйдөн Ми-24 тик учагынан атылган авиаракета табылды. Видео