Интернет жылдызы Атамбаев: мурда ырдап көргөн эмесмин, үнүм кийин ачылды

© Фото / Рустом УмоталиевЭлдик талант, ырчы жигит Кубаныч Атамбаев
Элдик талант, ырчы жигит Кубаныч Атамбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2021
Жазылуу
Эл болгондон кийин арабыздан нукура таланттар суурулуп чыга берет эмеспи. Мындай адамдар ушу тапта интернет айдыңында өз угармандарын, колдоочуларын таап, өнөрүн тартуулап келет.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы элдик талант, ырчы жигит Кубаныч Атамбаев менен баарлашты.
Кубаныч учурда Улуттук консерваториянын даярдоо курсунда сабак алууда. Анын алдыга койгон чоң максаттары бар.
© Sputnik / Жоомарт УраимовАтамбаев: классикалык жанрдагы ырларды жактырып, жеке ырдоо бөлүмүнө барууну көздөп турам
Певец Кубаныч Атамбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Атамбаев: классикалык жанрдагы ырларды жактырып, жеке ырдоо бөлүмүнө барууну көздөп турам
— Ырдаганыңызды интернеттен угуп көрүп, абдан жактырдык. Угурмандар да алкап жатат. Музыкалык билимиңиз барбы?
— Учурда Калый Молдобосанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын даярдоо курсунда окуп жатам. Буюрса, быйыл 1-курска тапшырам. Классикалык жанрдагы ырларды жактырып, жеке ырдоо бөлүмүнө барууну көздөп турам. Негизинен ырларымды интернетке жарыялаганыма аз эле болду. Бирок элдин, жакындарымдын жылуу пикирлерин окуп канат байлап, колдоолор дем-күч берип жатат. Алдыда чыгармачылыктын ысык-суугуна күйүп, ушул тармактын адамы болууну чечтим.
Буга чейин электрик-монтажёр кесиби боюнча кесиптик окуу жайына тапшырып, атайын адистикке ээ болгом. Бирок ал тармакта иштеген деле жокмун. Анткени окуумду аяктаарым менен дароо эле музыкалык билим алууга бел байладым.
— Электрик болуу үйүңүздөгүлөрдүн каалоосу беле?
— Жок, аны деле өзүм тандап тапшыргам. Себеби атамдын кесиби электрик болчу. Ал киши каза болуп калгандан кийин кичинемден бери атамдын жолун жолдойм деген тилегим бар эле.
— Анан кандайча чыгармачылыкка кирип кеттиңиз?
— Студент кезимде Аксуубай Атабаев атындагы маданият үйүндө бий ийримине катышып, "Келечек", "Жаш кыял" бий ансамблдеринде бийлеп жүрүп ырдоого кызыгып кеттим. Спорт сарайынын жана Улуттук филармониянын сахнасында бир канча ирет бийлеп жүрдүк. Анан кафелерде ырдаган досторума кошулуп ырдап, кызыгуу пайда болду. Чындыгында буга чейин менде үн, ырдоо жөндөмү деле жок болчу. Таң калычтуусу, 2018-жылдан кийин үнүм ачылып кадимкидей ырдай баштадым. Бул өзүм үчүн да ачылыш болду. Мурда такыр ырдачу эмесмин. Муну Кудайдын белеги катары кабыл алдым. Ошону менен алгач Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун эстрада бөлүмүнө тапшыргам. Бирок өзүм эски ырларды жактыргандыктан ал жактан жол таба албастыгымды түшүнүп, Улуттук консерваторияга келдим.
— Негизи үйдө ырдагандар барбы?
— Өзүм Талас облусунун Манас районуна караштуу Кеңеш айылында өстүм. Үйдө ортончусумун. Апам жакшы ырдайт. Тайларымдан да тар чөйрөдө жакшы ырдагандар бар. Бирок эл алдына, сахнага эч кимиси чыккан эмес.
© Фото / Рустом УмоталиевАтамбаев: чындыгында буга чейин менде үн, ырдоо жөндөмү деле жок болчу
Певец Кубаныч Атамбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Атамбаев: чындыгында буга чейин менде үн, ырдоо жөндөмү деле жок болчу
— Кесибиңиз менен иштебей калдыңызбы?
— Ооба, үйдөгүлөр алгач "ырчылык да кесиппи, ырдап эмне кыласың?" дегендей сөздөрдү айтып каршы болушкан. Бирок мен көгөрүп эле ушул тармакта ийгиликке жетем деп туруп алдым. Азыр интернетте элдин колдогонун көрүп, ырларымды угуп, үй-бүлөм да жакшы пикирлерин айта баштады. Сыймыктанып да калышат. Буюрса, жакшы ой-максат, тилектерим бар. Келечекте республикадагы чоң сахнада эле ырдабастан, өлкөнүн атынан чет мамлекеттерге да чыгууну көздөп жатам. Билимимди дагы тереңдетип, көп нерсе үйрөнүүнү каалайм. Учурда Саян Исын деген агайдан сабак алып жатам. Улуу ырчылардын чыгармачылыгына эле эмес, тагдырына да кызыгам жана музыканын багыттары, тарыхы боюнча кенен билим алгым келет.
— Айрым жаш таланттар техникалык жактан туура ырдоону өздөштүрүү менен табигый талантын жоготуудан корко турганын айтышат. Сизде андай жокпу?
— Кудай берген таланты болсо да профессионал музыканттан сабак алып коюш керек. Устаты да шакиртин түшүнгөн адискөй инсан болушу зарыл деп ойлойм. Айрымдар анын табиятын түшүнбөгөн музыкант менен иштешүүдөн чочулайт. Анткени ар кимдин ырдоо табияты, техникасы ар башка. Бирок менде андай коркуу сезими жок. Мыкты музыкант болуу үчүн алдыга умтулуп, көп билим алуу керек. Классикалык ырларга баш бакканда СССРдин эл артисти Муслим Магомаевдин чыгармачылыгын жактырдым. Өзүбүздүкүлөрдөн Болот Миңжылкыевдин талантына суктанам. Ушул залкарлардын көзүн көрбөсөм да ырдаганын интернеттен угуп, сабак алам. Кумир туткан агайларым десем болот.
© Sputnik / Жоомарт УраимовАтамбаев: үйдөгүлөр алгач "ырчылык да кесиппи, ырдап эмне кыласың?" дегендей сөздөрдү айтып каршы болушкан
Певец Кубаныч Атамбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Атамбаев: үйдөгүлөр алгач "ырчылык да кесиппи, ырдап эмне кыласың?" дегендей сөздөрдү айтып каршы болушкан
— Азыр кайсы ырларды аткарып жүрөсүз?
— Көбүнчө Болот Миңжылкыев, Рыспай Абдыкадыров жана Муслим Магомаев өңдүү таланттардын ырларын аткарып жатам. Орус тилиндеги ырларга көп басым жасайм. Азыр итальянча ырдоону өздөштүрүп, тилди да үйрөнүүдөмүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0