Атама 20 жаштан өтүп жолуккам. Саргашка акын Амантай Кутманалиев менен маек

© Фото / предоставлено Амантаем КутманалиевымТөкмө акын Амантай Кутманалиев
Төкмө акын Амантай Кутманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Жазылуу
Бүгүн кыргыздын ак таңдай акындарынан жаштайынан сабак алып, аларды устат туткан Амантай Кутманалиевдин туулган күнү. КРдин эмгек сиңирген артисти мындан 34 жыл мурун айылдагы мектепти бүтүрүп келип, 18 жашында филармониянын босогосун аттаган.
Өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн куттуу жайга байлаган 52 жаштагы талант менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.
— Сөздү балалыгыңыздан баштайлы. Атаңызды бой жеткенде гана көргөн экенсиз.
— Адамдын турмушу өйдө-ылдый, ар кандай болот. Биз боор көтөрө элек кезде атам менен апам эки башка жолго түшүп, өз-өзүнчө жашап калган. Мен 90-жылдардын башында эл алдына чыгып калганда атам мени телевизордон көрүп бир күнү филармонияга издеп келиптир. Ал кезде Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияны аяктап иштеп баштагам. Бир күнү режиссёр "Амантай, сага аябай окшош киши келиптир, атаң эле окшойт" деп айтып калды. Анан эшикке чуркап чыксам эле атам кучактап калды, көз жашы мойнуман ылдый агып койнума кирет десең... Аябай сагыныптыр. Экөөбүз ээрчишип алып жолдун аркы өйүзүндөгү ашканага барып тамактанып сүйлөшүп отурдук. Каякта турарымды сурап, "элге таанылып келе жатканда мени пайда болуп калды деп ойлобогун. Биздин санжыра, тарыхыбызды билип калсын деп ошолорду кеп кылганы атайы келдим" деди. Мен аталап эле аны жатаканага ээрчитип жөнөдүм. Ал кезде Элмирбек Иманалиев экөөбүз бир бөлмөдө жашачубуз, ал айттырбай эле сыртка чыгып кетти. Атам узак убакыт көп нерсени сүйлөп отурду, мен болушунча көңүл буруп укканга аракет кылдым. "Балам, акты-көктү билип калдың, Эстебес Турсуналиевдей залкарларды атадай көрүп этегин кармап, чачпагын көтөрүп ээрчип жүргөнүң жакшы. Биздин тукумда жамакчылык, ырчылык өнөр болгон. Чоң атаң Кутманалы комузу жок эле той-топурларда жар чакырып ырдачу" деп айткан эле.
© Sputnik / Мирбек СакеновКРдин эмгек сиңирген артисти Кутманалиев эки уулдун атасы
Акын-импровизатор Амантай Кутманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
КРдин эмгек сиңирген артисти Кутманалиев эки уулдун атасы
— Ошондо канча жыл такыр көрүшпөй жүрүп жолугуп жатасыздар?
— Апам "атаң жок, өлүгүңдү көрөйүн, өлүп калган" деп койчу. Аны кийин түшүндүм, бала куса болбосун, түңүлүп чыйрак өссүн деп ошентчү экен да. Себеби кичинекей кезимде атама өзгөчө жакын экенмин. Биз жолукканда атам 62 жашта болчу. Анда атам "апаңа кайра чогуу эле турмуш улайлы деп канча жолу бардым, бирок макул болбой койду" дегени эсимде. Филармониядан жолукканга чейин атамды 2-3-класста көргөм. Кийин мага латын арибинде ыр түрүндө кат жазып да жүрдү, ал каттары азыркыга чейин сакталып жүрөт.
Режиссёр-сценарист Маяк Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2021
Жолон Мамытовдун уулу Маяк: атамдын тарбиясынан улам пара алган эмесмин
Филармонияда кезиккен соң көпкө чейин амандаша албай, таштап кеткен дарегине бара албай жүргөм. Бир күнү кайтыш болуп калганын филармонияда иштегендер угузушту. Атамдын байбичесинин улуу баласы менен сүйлөшүп, ага атамды өзүмдүн айылыма алып барып жерге береримди шак эле айттым. Андан соң эмне кыларымды билбей апама чалып угузуп, ал кишини көндүрүш үчүн "атамды Кара-Балтада акыркы сапарга узаталы деп жатышкан экен. Анан мен өзүм акын болом деп жүрсөм, кийин бир акын менен айтышып жатканда "сенин атаңдын сөөгү талаада калган" десе мен эмне кылам деп апамды эптеп көндүргөм. Атамды Таласка айылга алып барып жерге берип, аксакалдардын алкоо сөздөрүн уккам.
— Апаңыз дагы акылман жан экен да...
— Апам атамдын экинчи аялы эле. Биринчи жубайынан бала көрбөгөндүктөн күйөөсү каза болуп төрт баласы менен калган апама жолугуп баш кошкон. Экөө кийин бала-бакыралуу болуп жашап жүрүп, эки башка жолго түшкөн экен. Ошентип апам жалгыз тогуз баланы чоңойтуп өстүрдү. Ал кишинин акылмандыгынан эки атанын балдары болгонубузга карабай ынтымактуу, бири-бирибизге жаман сөз айтпай эрезеге жеттик.
© Фото / предоставлено Амантаем КутманалиевымТөкмө акын Амантай Кутманалиев мындан 34 жыл мурун айылдагы мектепти бүтүрүп келип, 18 жашында филармониянын босогосун аттаган
Төкмө акын Амантай Кутманалиев мындан 34 жыл мурун айылдагы мектепти бүтүрүп келип, 18 жашында филармониянын босогосун аттаган - Sputnik Кыргызстан
1/3
Төкмө акын Амантай Кутманалиев мындан 34 жыл мурун айылдагы мектепти бүтүрүп келип, 18 жашында филармониянын босогосун аттаган
© Фото / предоставлено Амантаем КутманалиевымТөкмө акын Амантай Кутманалиев: апам "атаң жок, өлүгүңдү көрөйүн, өлүп калган" деп койчу. Аны кийин түшүндүм, бала куса болбосун, түңүлүп чыйрак өссүн деп ошентчү экен да
Төкмө акын Амантай Кутманалиев: апам атаң жок, өлүгүңдү көрөйүн, өлүп калган деп койчу. Аны кийин түшүндүм, бала куса болбосун, түңүлүп чыйрак өссүн деп ошентчү экен да - Sputnik Кыргызстан
2/3
Төкмө акын Амантай Кутманалиев: апам "атаң жок, өлүгүңдү көрөйүн, өлүп калган" деп койчу. Аны кийин түшүндүм, бала куса болбосун, түңүлүп чыйрак өссүн деп ошентчү экен да
© Фото / предоставлено Амантаем КутманалиевымТөкмө акын Амантай Кутманалиев: Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев — бардыгы тең устаттарым. Ошолор менен жүрүп калганыма сыймыктанам
Төкмө акын Амантай Кутманалиев: Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев — бардыгы тең устаттарым. Ошолор менен жүрүп калганыма сыймыктанам - Sputnik Кыргызстан
3/3
Төкмө акын Амантай Кутманалиев: Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев — бардыгы тең устаттарым. Ошолор менен жүрүп калганыма сыймыктанам
1/3
Төкмө акын Амантай Кутманалиев мындан 34 жыл мурун айылдагы мектепти бүтүрүп келип, 18 жашында филармониянын босогосун аттаган
2/3
Төкмө акын Амантай Кутманалиев: апам "атаң жок, өлүгүңдү көрөйүн, өлүп калган" деп койчу. Аны кийин түшүндүм, бала куса болбосун, түңүлүп чыйрак өссүн деп ошентчү экен да
3/3
Төкмө акын Амантай Кутманалиев: Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев — бардыгы тең устаттарым. Ошолор менен жүрүп калганыма сыймыктанам
— Биринчи устатыңыз ак таңдай акын Эстебес Турсуналиев, айылда ал кишинин көзүнө кантип илинип калдыңыз эле?
Акын-импровизатор Идрис Айитбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Төкмө акын Идрис Айитбаев: сындап ырдаганым үчүн сес көрсөткөн "чоңдор" болгон
— Биздин айылга Эстебес Турсуналиев концерт коюп барып, менин чымынымды байкап филармонияга чакырган. Эстекем дегенде бүт айыл клубга түп көтөрүлө барчу. Мен ал кезде комуз билчү эмесмин. Концерт бүткөндөн кийин мени сахнанын артындагы бөлмөгө агам жетелеп барды. Устатым ырда деди, мен адатымча эле көзүмдү жумуп алып ырдап кирдим. Соңунда төкмө акын "мына бул балаңарды сөзсүз борборго алып келгиле, бирдемеси бар экен. Армияга чакырып кетсе ысык-суукта үнү, ою өзгөрүп кетиши мүмкүн, сөзсүз алып баргыла" деп айылдын клубуна табыштап кеткен. 1987-жылдын аяк ченинде Фрунзеге келип шак эле филармонияга жумушка алынгам. Ал жылдары улуу муундун өкүлдөрү Замирбек Үсөнбаевден кийин эл арасынан жамактап, оюнан чыгарып ырдаган балдар чыгабы деп караштырып жүрүшкөн экен.
— Айылдагы мектепти бүтүп эле 18 жашыңызда филармонияга келип, куттуу жерге өмүрүңүздү байлап койгон экенсиз да?
— Филармониянын тарыхында айылдан түз эле келип жумушка алынган мен элемин. Жаш акындар жок болуп, Эстекем шак эле штатка киргизип койгон. Ал кезде командировкалар көп болуп Алматы шаарына Кызыл-Аскерге баргандай эле каттай берчүбүз. Өзбекстандагы, Тажикстандагы кыргыздарга чейин барчубуз. Менимче, акын, ырчы көбүнчө ошондой сапарларда, эл арасында жүргөндө такшалып, чери да жазылат. Алыстан автобус менен борборго жакындап калганда элдин баары сүйүнчү, менин Фрунзеде там-ташым деле болбогондуктан кайра аймактарга кетип калгым келчү. Жалпы 35 жылга чукул бул жакта иштеп келем, анын 16 жылын жатаканада, батирлерде жашап жүрдүм. Ошол жылдары Жаңыл Абдрахманова деген жеңең менен Искусство институтунун жатаканасында табышып үйлөндүк. Азыр ортобузда Эмир, Байтур деген эки уулубуз бар.
— Башкаларга салыштырмалуу улуу муундагы залкар акындар менен сиз көп иштешип калдыңыз. Алардан алганыңызды кийинки муунга өткөрүү вазийпасы мойнуңузда болсо керек?
Супруга акына Элмирбека Иманалиева Нурзат Абдырашитова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2020
Элмирбек Иманалиевдин жубайы: жашоо атабыз бардагыдай эмес, сагыныч күч алды...
— Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев — бардыгы тең устаттарым. Ошолор менен жүрүп калганыма сыймыктанам. Алар бизге "балдар, силердин оозуңарга ыр салып бере албайбыз, өзүңөрдүн ары жагыңарда бир нерсе болуш керек. Бизден ырдоо манераны, акындык обондорду, тарых, санжыраны гана ала аласыңар. Шакирти устатына аябай окшош болбошу керек. Сабак алган адамдарынын көлөкөсүндө калып калат. Бир эле адамды устат катары көрүү туура эмес" деп калышчу. Биз ошол залкарлардан үйрөнгөнүбүздү азыр колдон келишинче жаштарга берип жатабыз. Азыр арабызга таланттуу жаштардын кошулуп жатканына абдан сүйүнөм. Бүгүнкү күндө 30-40тай акын бар. Ар бири өзүнүн орду, салмагы, табылгасы менен айырмаланып турат. Мен филармонияга жаңы келгенде төрт эле төкмө калды, ошолор менен бул өнөр токтоп калабы деген сөздөр жүрчү.
© Sputnik / Мирбек СакеновАк таңдай акын устаттык кылып бош убактысында жаш акындарды тарбиялоо менен алек
Акын-импровизатор Амантай Кутманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ак таңдай акын устаттык кылып бош убактысында жаш акындарды тарбиялоо менен алек
— Кесиптик ишмердүүлүк же чыгармачылыкта сөзсүз изденүү талап кылынат. Сиздер кантип изденесиздер?
— Изденүү — жашоонун бир бөлүгү. Ал токтоп калса адам муздап, жашоого көңүлү тартпай калат. Токтоп калган суудай болуп сасып, бака чардаган көлчүккө айланат.
— Буга чейин Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын, КРдин эмгек сиңирген артисти наамын алган элеңиз. Эл артистин алганга убакыт келип калган экен да?
— Сыйлыкты берсе алып, бербесе эч качан кейибеш керек. Анткени сыйлык чыгармачылыкка абдан чоң таасир бере албайт, балким, дем-күч болор. Менимче, сыйлык бергенде адамды өкмөт расмий тааныды деп билсек болот. Анан сыйлык руханий эмес, материалдык нерсе. Эң негизгиси, туура ыйгарылып, аны татыктуулар алганы жакшы. Мен деле эл артисти болгонго жарап калдым окшойт.
Жаңылыктар түрмөгү
0