СССРдин эл артисти Болот Миңжылкиев. Архив

Бишкекте операнын эл аралык фестивалы өтүп, дүйнөлүк шедеврлер жаңырат

61
Эл аралык фестиваль 21-апрель күнү саат 18:00дө Жузеппе Вердинин "Аида" операсы менен ачыла турганы маалым болду.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Ордо калаада Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында СССРдин эл артисти Болот Миңжылкыев атындагы IV эл аралык опера искусствосунун фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чара 21-апрелде башталып, 25-апрелде аяктай турганы маалым болду.

"Фестивалга Россия, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Украина жана Кыргызстандын опера сахнасынын жылдыздары, мыкты вокалисттери катышат. Көрүүчүлөргө дүйнөлүк опера классикасынын шедеврлери, театрдын репертуарындагы мыкты чыгармалар тартууланат. Фестиваль 21-апрель күнү саат 18:00дө Жузеппе Вердинин "Аида" операсы менен ачылат", — деп айтылат билдирмеде.

23-апрелде гала-концерт өтүп, анда улуттук, чет элдик жана орус классикасынын мыкты чыгармалары жаңыра турганы айтылды.

Фестиваль 25-апрелде легендарлуу Александр Бородиндин "Князь Игорь" операсы менен аяктамакчы.

61
Белгилер:
концерт, фестиваль, опера, Болот Миңжылкыев
Тема боюнча
"Ак Мөөр" операсы 20 жылдан кийин кайрадан жаңыртылып коюлду. Сүрөттөр
Прозаик, драматург, киносценарист Токтобек Үсөнов

Үсөнов: өлкөдө сценаристтерди окутуу колго алынган эмес

72
(жаңыланган 14:11 14.05.2021)
Прозаик, драматург, киносценарист Токтобек Үсөнов кыргыз киносунун пайдубалы катары Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары турганын белгиледи.

Кыргызстанда топ жарган сценаристтер дээрлик жокко эсе. Анткени бул багытта окутуу, үйрөтүү колго алынган эмес. Мындай пикирин Токтобек Үсөнов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Үсөнов: өлкөдө сценаристтерди окутуу колго алынган эмес

Анын айтымында, аталган тармакта окууга умтулуп, аны өнүктүрүүнү каалаган жаштарга тийиштүү колдоо дагы болбойт.

"Стивен Спилберг "кинодогу эң маанилүү нерсе — сценарий" деген. Ошондуктан кино тартууда сценарийге өзгөчө маани берүү зарыл. Маселен, кыргыз киносунун өнүгүү тарыхын алып карасак, анын пайдубалы катары Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары турат. Ал эми соңку учурда өлкөдө топ жарган ийигиликтүү сценаристтер жокко эсе. Себеби бул багытта окутуу, үйрөтүү колго алынган эмес. Аталган тармакта окууга умутулуп, аны өнүктүрүүнү каалаган жаштарга тийиштүү колдоо көрсөтүлбөйт. Мындан сырткары, өлкөдө киноиндустрия рыногу абдан чакан болуп, сценаристтерге тажрыйба топтоосуна мүмкүнчүлүк жок. Башкача айтканда, сценаристтикти толук кандуу кесип катары алып кетүү абдан татаал. Жөнөкөй аңгеме жазуу жеңилирээк. Анда жүрөктөн чыккан окуяны эмоция менен сүрөттөп берсе болот. Ал эми сценарий үчүн ошол окуянын үстүнөн абдан тыкыр иш алып баруу талап кылынат. Кыймыл-аракетти, эмоцияны атайын ыкмалар менен кооздоо зарыл", — деди Үсөнов.

Ошондой эле ал соңку учурларда өлкөдө тартылып жаткан кассалык кинолордун сценарийи атайын голивуддук стандартка ылайыкталып жазылып, бирок алардын оригиналдуулугу маселе жарата турганын кошумчалады.

72
Белгилер:
Токтобек Үсөнов, маданият, кино, сценарий
Тема боюнча
Учуп жүргөн кыргызга таң калып... "Ак илбирстин тукумунан" таберик сүрөт
КТРКнын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары Айбек Мусаев

Мусаев: "Кыргыз радиосунун" 90 жылдыгы мамлекеттик масштабда өтөт

108
(жаңыланган 12:36 14.05.2021)
КТРКнын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары Айбек Мусаев "Кыргыз радиосунун" 90 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүү мерчемделип жатканын маалымдады.

"Кыргыз радиосунун" 90 жылдан бери эфирден жаңырып, коомдун саясий-экономикалык, адабий, маданий жана башка турмушун чагылдырып келет. Уктуруулар атайын архив болуп саналган алтын казынада сакталып турат. Бул тууралуу Айбек Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Мусаев: "Кыргыз радиосунун" 90 жылдыгы мамлекеттик масштабда өтөт

Анын айтымында, интернеттин өнүгүүсү менен радио пассивдүү маалымат каражаты саналганы менен заман талабына жараша ыңгайлашуу мүмкүнчүлүгү бар.

"Өз кезегинде дүйнөдө ыкчам маалымат таратуучу каражат катары радио саналып келсе, учурда салттуу ЖМК катары эсептелет. Радио угармандар маалымат алуучулардын 72 пайызын түзөт деп айтылганы менен учурда башка маалымат каражаттарына караганда пассивдүү болууда. Ошентсе дагы ал өзүнүн салттуу багытын сактап келе жатат. Заманбап техниканын көмөгү менен визуалдашып, интернет аркылуу эфирге чыгып, оперативдүү, ыкчам маалымат таратууга ыңгайлашууда. КТРКнын "Кыргыз радиосу" FM жыштыгынан турган жалгыз радио болгон. 90 жылдан бери коомдун саясий-экономикалык жашоосун, адабият, маданият жана башка элдин турмушун чагылдырып келет. "Кыргыз радиосунун" 90 жылдык мааракеси пандемияга туш келип калды. Ошого карабастан эпидемиологиялык абал жакшырса, күзгө чукул илимий-практикалык конференциялар пландалууда. Ал иш-чара эл аралык деңгээлде болсо деген максаттар бар. Учурда КТРКнын карамагында "Биринчи радио", "Кыргыз радиосу" жана "Миң кыял" болуп, үч түрдүү контенти бар. Кылымга тете убакытта "Кыргыз радиосунун" эфирден кеткен архиви алтын казынасында сакталып турат. Мындан тышкары, "Балдар FM" жана "Достук" деген редакциялар бар болчу. Алардын угармандары азайып, тийиштүү деңгээлде натыйжа бербегендиктен эки радиого чачыратылып, реорганизация жасалган. Мамлекет каржылап, мүмкүндүк түзүлсө балдар үчүн радио түзүү зарылдыгы бар. Учурда "Келечек" деп аталган радионун программалары иштелип чыккан", — деди Мусаев.

Ошондой эле ал радио-спектаклдерди кайрадан жаздыруу жөнгө салына баштаганын кошумчалады.

Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:

108
Белгилер:
маараке, КТРК, радио, Айбек Мусаев
Тема боюнча
Орокчиев: көзү өтүп кеткендердин маегин угуп "бул тирүү экен" дегендер болгон

Кыргызстан элине ыраазымын. Рахмондун оппозициясы менен Бишкекте элдешкен видеосу

0
(жаңыланган 22:17 14.05.2021)
Мындан 24 жыл мурун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Бириккен тажик оппозициянын лидери Саид Абдулло Нури Бишкек шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жарандык согушту токтотуу боюнча документтерге кол коюлган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги андагы тарыхый күндө тажик президенти Эмомали Рахмондун сүйлөгөн сөзүнүн толук видеосун сунуштайт.

Коңшу мамлекеттин президенти Рахмон жана Бириккен тажик оппозициянын лидери Саид Абдулло Нури өз командасы менен Бишкек шаарына 1997-жылдын 13-майында келген. Беш жылдан бери бийлик талашып согушуп 100 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылып, бир миллиондон ашык кишини качырган жарандык согушту токтотууга Кыргызстандын тунгуч ажосу Аскар Акаев, кыргыз аскер чалгынчылар, дипломаттар, саясатчылар жана тынчтык орнотуучу батальон ортомчу болуп, тажикстандыктардын элдешүүсүнө көмөктөшкөн.

Сүйлөшүүлөр 14-майда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында башталып, үч күнгө созулган. Кыргызстандын борборунда Бишкек меморандумуна жана "Саясий маселелер боюнча" протоколуна кол коюлган. Анда тажик президенти Рахмон кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, кыргызстандыктардын Тажикстандагы жарандык согушту токтотуудагы ордун баса белгилеген.

"Мен баарынан мурда Аскар Акаевич жеке өзүңүзгө чын дилимден ыраазычылыгымды билдиргим келет жана сиз аркылуу боордош Кыргызстандын элине бүгүнкүдөй биздин жолугушууну меймандос Бишкекте өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн ыраазычылык айтам. Биздин эки эл чек ара менен гана байланышпастан, жүздөгөн жылдардан бери тарыхый, маданий, руханий жактан байланышып келген. Мүмкүн ушундан улам Кыргызстандын жетекчилиги 1992-жылы эле биздин көйгөйдүн саясий жактан чечилишине кызыкдар экендигин көрсөткөндүр. Биринчилерден болуп Тажикстанга өзүнүн тынчтыкты орнотуучу делегациясын жиберген. Кыргыз бийлиги дайыма тажик бийлигинин көйгөйлөрүнө сабырдуулук менен, изги ою менен мамиле жасап келгенин баса белгилеп айткым келет. Бүгүн жалпы күчтүү эркибиздин, Кыргыз Республикасынын президенти, менин бир тууганым Аскар Акаевичтин жигердүү көмөктөшүүсү, Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык катчысынын атайын өкүлү мырза Меремдин ортомчулугунун аркасында биз Бишкек меморандумуна, "Саясий маселелер боюнча" протоколуна кол койдук", — деген Рахмон.

Ал эми Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев биздин редакцияга берген маегинде ал процесстер кыйынчылык менен өтүп, Рахмон Нури экөө бири-бири менен кайым айтышып, жүз карашпай калышканын эскерген.

"Адегенде эле эки тарап бир имаратта отургусу келбеди. Чыгыш салты боюнча коноктор менен үйдүн ээси бир дасторконго чогуу отуруп тамак ичкенден тарта элдешүү процесси башталат деп үч саат бою аларды көндүрдүм. Акырында эки жак тең макул болуп, түн ичинде баарын дасторконго отургузуп, бир нанды өзүм сындырып тамак ичтик. Айта кетчү жагдай, бул сүйлөшүүгө тажик калкынын атактуу акыны Гулрухсор Сафиева да кошулду. Эртеси, 14-майда, сүйлөшүүлөр башталып, анда БУУнун генералдык катчысы Кофи Аннандын атайын өкүлү Ганс Дитрих Мерем экөөбүз ортомчу болдук. Процесс бир топ кыйынчылык менен коштолду. Ар бир тарап өз кызыкчылыгын коргогонго өттү. Расмий Душанбе күч түзүмдөрү каршылаш тараптын колуна өтүп кетеби деп кооптонду. Ал эми оппозиция бийликтин өзөгүн түзгөн таасирдүү министрликтеринин тизгинин алууга умтулду. Эки жак бийлик талашып, бири-биринин сөзүн укпай жатты. Мырза Мерем экөөбүз буларды бир пикирге келтиргенге аракеттенип жаттык. Ошентип үч күн өттү, эч натыйжа болгон жок.17-майда бири-бири менен кайым айтышып, жүз карашпай калышты. Түштөн кийин аэропортко камынып жатканын угуп, кечки тамакка калышын өтүнүп дароо Рахмонго телефон чалдым. Ошентип кечки тамакты ичкен соң эки тарапка кайрылдым: "Үч күндөн бери тажик эли менен бүт Борбордук Азия ЖМКдан Бишкектеги сүйлөшүүлөр кандай өтүп жатканын карап турган учуру. Эгерде ушул жерден элдешүүнү баштап кетпесеңер, анда тажик калкы силерди эч качан кечирбейт", — дедим. Мырза Мерем да мени колдоп, "тынчтык орнотууга саналуу кадамдар калды" деп эки жакты ынандырды. Бул түнкү чечүүчү сүйлөшүүдө Сафиеванын да ролу чоң. Ал менин өтүнүчүм боюнча Саид Абдулло Нури, Ходжи Акбар Тураджонзоданы Рахмон менен сүйлөшүүнү улантууга көндүрдү. Рахмон, Нури жана Тураджонзода биздин сөзүбүзгө муюп, сүйлөшүүлөрдү улантышты. Ошентип түнү бою эки тарап менен документтердин үстүндө иштеп, баарын тактадык. 18-майда таңга маал баарыбыз абдан чарчап, тыныгууга кетишти. Ошол учурда биз келишимди даярдадык. Түштөн кийин расмий Душанбе менен Бириккен тажик оппозициясы "Саясий маселелер жөнүндө" протоколуна кол койду. Бул Бишкектеги сүйлөшүүнүн башкы жетишкендиги эле", — деген Акаев.

Ага чейин каршылашкан эки тарап 1994-1997-жылдары Москва, Алматы, Исламабад, Ашхабад, Тегеран, Мешхед жана Хост (Түндүк Афганистан) шаарларында жолуккан, бирок бир пикирге келе алышкан эмес.

Кийин Бишкекте кол коюлган документтердин негизинде ошол эле жылдын 27-июнунда Кремлде эки тарап тынчтык жөнүндө келишимге кол коюу менен элдешүү процесси баштаган.

0
Белгилер:
видео, сүйлөшүүлөр, Эмомали Рахмон, Тажикстан, Аскар Акаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Гиссардан чоң, эки миллион сомдук "Арашан" койлору. Новопокровкада тартылган видео