Манасчы, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиевдин Айтуучулук өнөр китебинин бет ачары

Манас ааламы ыроологон касиет. Манасчы Бакчиевдин китеби тартууланды

125
(жаңыланган 19:46 23.04.2021)
Иш-чарага Улуу Британия, Франция, Россия, Украина жана Болгариянын көрүнүктүү маданият жана искусство ишмерлери, изилдөөчүлөр катышып, ой-пикирин билдиришти.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бүгүн манасчы, филология илимдеринин доктору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талантаалы Бакчиевдин орус тилинде жарык көргөн "Айтуучулук өнөр" ("Сказительский дар") китебинин бет ачары болду. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты.

  • Гости презентации книги Сказительский дар Талантаалы Бакчиева в Бишкеке
    Бүгүн манасчы, филология илимдеринин доктору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талантаалы Бакчиевдин орус тилинде жарык көргөн "Айтуучулук өнөр" ("Сказительский дар") китебинин бет ачары болду
    © Фото / команда проекта "Сказительский Дар"
  • Гости презентации книги Сказительский дар Талантаалы Бакчиева в Бишкеке
    Китеп илимий же көркөм чыгарма болуп саналбайт. Манасчы буга чейин өзүнүн башынан өткөн окуялары баяндалган эмгек эссеге жакыныраак экенин белгилеген
    © Фото / команда проекта "Сказительский Дар"
  • Презентация книги Сказительский дар Талантаалы Бакчиева в Бишкеке
    Эмгекте башкы орунду улуу манасчы Саякбай Каралаев ээлейт. Бакчиевдин айтымында, аны Айкөлдүн ааламына аралаштырган да Саякбай манасчы болгон
    © Фото / команда проекта "Сказительский Дар"
1 / 3
© Фото / команда проекта "Сказительский Дар"
Бүгүн манасчы, филология илимдеринин доктору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талантаалы Бакчиевдин орус тилинде жарык көргөн "Айтуучулук өнөр" ("Сказительский дар") китебинин бет ачары болду

Китеп илимий же көркөм чыгарма болуп саналбайт. Манасчы буга чейин өзүнүн башынан өткөн окуялары баяндалган эмгек эссеге жакыныраак экенин белгилеген. Эмгекте башкы орунду улуу манасчы Саякбай Каралаев ээлейт. Бакчиевдин айтымында, аны Айкөлдүн ааламына аралаштырган да Саякбай манасчы болгон.

"Иш-чарага Улуу Британия, Франция, Россия, Украина жана Болгариянын көрүнүктүү маданият жана искусство ишмерлери, окумуштуулар, изилдөөчүлөр катышып, ой-пикирин билдиришти. Мындан тышкары, президенттик аппараттын өкүлү Кудайберген Базарбаев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев келди", — деп айтылат маалыматта.

Бет ачарды уюштургандардын айтымында, китеп эпикалык дүйнөгө жакын, аны тереңден түшүнгөн адамдарга арналган.

Ал эми автор китеп айтуучулук өнөрдү иликтеп жаткандарга да пайдалуу болот деген ишенимин билдирди. Бакчиевдин пикиринде, айтуучулук өнөрдү кылдат түшүнүү үчүн алгач манасчынын табиятын иликтөө керек.

125
Белгилер:
окумуштуулар, бет ачар, китеп, Талантаалы Бакчиев, Манас эпосу
Тема боюнча
Салттуу баш кийимди даңазалаган "Элечек" китеби улуттук сынактан баш байге алды
Легендарлуу боксчу Орзубек Назаровдун эки тилде китеби жарык көрдү. Сүрөт

Кыргызстандын ЮНЕСКО тизмесине кирген маданий мурастары

105
(жаңыланган 16:39 11.05.2021)
Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине материалдык жана материалдык эмес 10 баалуулук кирген. Алардын тизмесин, кыскача тарыхын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан көрө аласыздар.
Кыргызстандын маданий мурастары

ЮНЕСКО 1997-жылдан тарта жалпы адамзат үчүн баалуу деп эсептелген табигый жана колдон чыккан объектилерди аныктоо боюнча иш жүргүзүп келет. 2003-жылдан баштап уюм ар кыл маданияттын материалдык эмес мурасын сактоо жаатында иш алып барат.

Эң алгач ЮНЕСКОнун тизмесине 2009-жылы "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей-комплекси кирген. Андан кийин 2012-жылы ала кийиз менен шырдак маданий мурас деп таанылган. Кылымдарды карыта жашап, колдогу көр оокатты эмес көкүрөк-көөдөндөгү жан байлыкты туу туткан көчмөн кыргыз элинин бүтүндөй дүйнө таанымын, жашоо тиричилиги менен салт-санаасын чагылдырган "Манас", "Семетей, "Сейтек" эпикалык үчилтигин да ЮНЕСКОнун тизмесинен табууга болот. 2014-жылдын 27-ноябрында Кыргызстан менен Казакстандын атынан боз үй даярдоо боюнча салттуу билим жана ыкмалар адамзаттын жалпы байлыгы катары бааланган. 2015-жылы кыргыз-казак элине орток айтыш өнөрү адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын тизмесине кирген. Бурана мунарасы да материалдык мурастар тизмесинен орун алган. 2016-жылы ЮНЕСКОнун тизмесине 12 мамлекеттин атынан Нооруз майрамы менен буудай унунан жасалган калама кирген.

Ошондой эле ЮНЕСКОнун тизмесине 2017-жылы көк бөрү оюну киргизилген. Көк бөрү —  ат үстүндөгү эрендердин эр оюну. Кыргыздардын ак калпагын жасоо өнөрү жана кийүү маданияты тизмеге 2019-жылы, ал эми тогуз коргоол оюну 2020-жылы кирген.

105
Белгилер:
тарых, жай, маданий мурас, ЮНЕСКО
Тема боюнча
Жапаров ЮНЕСКО директорун КРдеги чокуга чыгууга чакырып, макулдугун алды
Мамлекеттик тарых музейи. Архив

Тарых музейинин чет элдик компанияга канча карызы бар экени айтылды

263
(жаңыланган 13:53 11.05.2021)
Тарых музейине экспонаттарды коюп, электрондук башкарууга өткөргөн германиялык компанияга акы төлөнө электигине байланыштуу маданий жай ачылбай жатканы айтылды.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Мамлекеттик тарых музейинин германиялык Vitrinen-und Glasbau REIER компаниясына 225 миӊ евро карызы бар. Аталган сумма төлөнгөндөн кийин гана маданий жай иштеп баштайт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети өткөргөн көчмө жыйында айтканын парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында баяндама жасаган министр карыз качан төлөнөрүн айткан эмес.

"Ал компания музейге эмерек, жабдуу, экспонаттарды койгон. Музейде баары электрондук башкарууга толугу менен өткөрүлгөн. Учурда алардын программаларынын ачкычтары жогоруда аталган компанияда", — деген министр.

Эл өкүлдөрү көтөрүлгөн маселелерди тез арада чечүүнү жана музей ушул жылдын 31-августунда ишке кириши керектигин белгилеп өтүшкөн.

Буга чейин маданий жайдын жетекчиси Кеңешбек Алмакүчүков Sputnik Кыргызстан агенттигине комментарий берип, музей сот иштерине жана карызга байланыштуу ачылбай жатканын айткан.

Реконструкцияланган тарых музейинин таржымалы

Эске салсак, Мамлекеттик тарых музейин оңдоо 2016-жылы 25-мартта башталган. Иштери аяктап калганда 2018-жылдын май айында ЖК депутаттары музейди реконструкциялоодо сатып алынган эмеректердин кымбат баасына нааразы болуп, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары наркын ачыктаган. Музейди реконструкциялоодон чыккан чырдан улам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү баштап, июлда Башкы прокуратура имаратты оңдоо жана жабдуу сатып алуу үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражаттын мыйзамсыз колдонулушу боюнча кылмыш ишин козгоп, иш сотко өткөн.

Дал ошол сот иштери али күнгө чейин аягына чыга элек. Бул ишке катыштыгы бар делген Сапар Исаковго карата Жогорку сот жакында эле Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромдун реконструкциясы боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Ишти кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.

Музей жетекчиси сот иштеринен сырткары маданий жайдын ачылбай жаткандыгына башкы буюртмачы менен аткаруучу компаниянын ортосундагы каржы маселеси да себеп экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине буга чейин айткан.

Анда музейди реконструкциялоо иштери толугу менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жүктөлгөнү, алар маданий жайдын ичин жасап, оңдоо иштерине немец компаниясын дагы тартып, ортодо чет өлкөлүк компанияга 19 миллион сомдун тегерегинде карыз болуп калганы маалымдалган. Карызды төлөмөйүн чет элдик компания музейдин ичиндеги мультимедиалык жабдуулардын паролу менен ачкычын бербей турганын айтышкан. Белгилей кетсек, маданий жайдын ичине жалаң мультимедиалык жабдуулар коюлган.

Бирок карызды ким төлөөрү белгисиз. Мамкурулуш агенттиги жоопкерчиликти аткаруучу компания болгон СМУ-3кө жүктөгөн. Ал компания да жоопкерчиликти мойнуна алган эмес.

263
Белгилер:
Тарых музейи, карыз, реконструкция
Тема боюнча
Беш жыл болду. Тарых музейи качан ачылары дагы деле белгисиз
Кыргызстан үч айда мамлекеттик карызга 8,1 млрд. сом төлөдү
Жүк ташуучу унаалар. Архив

Милиция: Баткенде кармалган Тажикстандын 3 фурасы кыргыздардыкына алмаштырылат

0
(жаңыланган 23:12 11.05.2021)
Үч фура 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздук үчүн милиция кызматкерлеринин карамагында болгон.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Баткен облусунун кире бериш аймагынан токтотулган Тажикстандын жүк ташып бара жаткан унаалары милиция тарабынан кармалып турган. Бул тууралуу Баткен облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, үч фура 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлеринин карамагында болгон.

“Бүгүн, 11-майда, кармалган фураларды Баткен ОИИБдин унаа токтотуучу жайына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алып келе жаткан. Кыргыз жарандарынын жети фурасы Тажикстанда кармалып турат. Эки өлкөнүн ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында жүк ташуучу унаалар алмаштырылат”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда Тажикстандын жүк ташуучу унааларын Кыргызстандын укук коргоо органдары коштоп чек арадан өткөрүүгө аракет кылган деген видео тараган.

0
Белгилер:
милиция, Тажикстан, алмашуу, фура, Баткен
Тема боюнча
УКМК Тажикстанга Баткен аркылуу бензин ташылууда деген маалыматты четке какты
Лейлекте чек ара чырында уурдалган 16 унаанын үчөө Тажикстандан кайтарылды