Кыдыр Байсары уулунун (Кыдыр Аке) эстелик бюстту. Архив

Кыдыр аке тууралуу 15 факты. Петербургда Николай IIге жолборстун күчүгүн тартуулаган

576
(жаңыланган 17:21 08.05.2021)
Ысык-Көлдөгү акелердин бири Байсары уулу Кыдыр акенин өмүрү, ишмердиги кылым алмашып жаткандагы кыямат кыргындарга, өзгөчө учурга туш келди.

Алар — Үркүн окуясы; диндер менен диндердин, тилдер менен тилдердин тиреши; уруулук чабышуулар; бийлик талаштар, жер талаштар; 1917-жылдагы катар-катар революциялар ж.б. эле. Мына ушундай кыйчалышта сөз тапкан, караңгыда көз тапкан Байсары уулу Кыдыр аке тууралуу бүгүн 15 факт сунуштайбыз.

Туулган жери, теги. Кыдыр аке 1843-жылы Ысык-Көлдүн Сары-Жазындагы Байыш жайлоосунда, Дүңгүрөмө конушунда туулган. Демек, ал ысык-көлдүк акелердин улуусу Алдаяр уулу Мойт акеден жүз жылдай кийин жарык дүйнөгө келген. Атасы – Байсары, анын атасы Олжобай – Түлөберди – Бобон – Сейитказы – Күчүк – Жоотатыр – Арыкмырза – Орозбакты – Кылжыр – Тагай болуп кете берет. Бугунун арык тукумунан. Чоң атасы Олжобай бий даражасында болуп, бугулардын арык тукумун башкарып турган, бийик тоолуу Сары-Жаздын Хан-Теңир чокусун этектей Кытай менен чектешкен Кызыл-Сөөк, Эңилчек, Кайыңды деген аймактарды жерлеп келген. Ошол Олжобайдын чоң уулу Байсары болсо, кичүүсү Токсоба болгон. Токсобанын Миңжылкы деген уулун ат тээп (аттан жыгылып деп да айтылат) каза болуп калып, өксүк тартып турган Токсоба менен Канымга ушул Кыдырды берет. Эки атанын баласы аталганы, "Токсобанын Кыдыры" деген сөз ошондон. А Токсоба болсо Орус падышачылыгына кызмат кылган, Каракол уездинин уезд башчысынын жардамчысы — султан болгон да, Кыдыр ошонун үйүндө орустун да, кыргыздын да ар түрдүү адамдарын көрүп, атын алып, колуна суу куюп чоңойгон.

Чоң атасы. Олжобай чоң атасы калмактар, кытайлар менен чатактарды болтурбай, болуп калганын чечип, элдик дипломат катары таанылган. 1824-жылы эле Олжобайдын кеңеши менен Качыбек, Алымбек, Акынбек, Жапалак деген көлдүк бугулардын ар уругунун жигиттери Россия падышасынын өзү менен сүйлөшмөккө, эгер макул көрсө, курал-жарактан жардам алмакка алардын ордосу орногон Петербург шаарына жөнөйт (айрым варианттарда ал өзү да барган деп айтылат). Булардын максатын билип калган Батыш-Сибирь генерал-губернатору аларды жолдон утурлай чыгып, Омбу шаарында аябай конок кылып, 1825-жылы элүү орус аскери коштоп, кайра Ысык-Көлгө белек-бечкектери менен алып келип коёт.

Мүнөзү, өнөрү. Кыдыр аке элге-журтка карамдуу, кичи пейил, зээндүү, чынчыл, даанышман, көрөгөч жан экен. Анын айткан-дегенин эл эгерим эки кылбаган, ар дайым калкты артынан ээрчите алган. Ат таптаган саяпкер, куш салып, тайган агыткан аңчы, малга-жанга баа берген сынчы, комузду муңга келтирген күүчү, уруу-урук сүрүштүргөн санжырачы болгон. Эки жагында эки жолборс коштоп жүргөнү көрүнчүлөргө көрүнүп да калчу экен. Оң көзүндө калы менен төрөлгөн, мындай адамдар көздүү болот деп, өзү да адамдарга жакын көз тигип караган эмес дешет.

Ысымынын Кыдыр аталып калышы. Санжыраларда айтылып жүргөндөй кыйладан бери бала көрбөй келе жаткан энеси кош кат кезинде качыр минген, ак селдесин башына кийген кары киши булардыкына кудайы конок болуп түшөт. Жаш келин мейманды жаркылдаган кабагы менен тосуп алып, кымызын сунуп, чаңкоосун кандырат, конууга жай салып берет. Анан ал абышка "кош кат экенсиң, эркек төрөсөң, атын Кыдыр кой, зобололуу, элге кызмат кылган азамат болсун" деп батасын тартат. Көрсө ал Кыдыр (Кызыр) алейсалам экен. Бул бала ошол Кыдырдан бата алган бала деп айтылып калган.

Болуштугу менен атагы чыккан, чек араларды тактоого катышкан. Кыдыр Байсары уулу он бешинде Тилекмат акенин Мааке деген кызына баш кошот. Ал эң жаш кезинде болуштукка шайланган башкаруучу катары тарыхта калган. Он сегиз жашынан болуштукту алып барып, эл башкарат. Анын бул кызматка туруп калышына 1861-жылкы шайлоодо арык тукуму Түргөн болуштугунун башчысын шайлай албай бир топ күн убара болуп, анан чыр чыгып, эскилерди кетирип, жаштардан коёлу деп Кыдырга токтолушкандан улам болду. Кийин да Түргөн, Ак-Суу волостунун башкаруучусу болуп шайланат. Өмүрүндө ар үч жылда шайланып отуруп, алты жолу болуштук милдетти аткарат да, андан кийин бул кызмат ордунан өз эрки менен баш тартат. Болбой эле 1889-жылдан аны Каракол уездинин башкаруу комитетинин мүчөсү, уезд башчысынын жардамчысы, кеңешчиси кызматтарында иштетип турган. 1873-жылы Россия империясы менен Кытай казактардын, кыргыздардын, тургауттардын, калмактардын Текестин Сумбо жайлоосундагы, Кытайдын Кулжа, кыргыздардын Каракол, казактардын Верный аймактарындагы жер чектерин, жайлоолорун бөлүштүрөт, ошондо Кыдыр аке калыс катары чоң ролду ойнойт.

Көкөтөй чеченди Сибирден алып калган. Бийликтүү кишилерди куудулдугу жана курч сөзү менен мыскылдап жүрүп, Тынымсейиттен чыккан айтылуу Көкөтөй чечен Такырбаш деген болуштун ачуусуна бир тийип алат. Көрсө ал Такырбаштын агасы Турдубек бий өлгөндө көз көрсөтүп өкүрүп түшкөндүн ордуна "карышкыр өлсө, кой ыйламак беле" деп коёт. Муну ошол Турдубек бий Жапар деген жатакчынын Гүлайым деген кызын өлтүртүп "басты-басты" кылып койгондон улам айтат. Муну эл да билет. Ошондо адам өлтүрткөн ишин ортого коюп, Кыдыр аке губернаторго чейин арыз кылдырып отуруп, Сибирге айдалып кетип жаткан Көкөтөй чеченди бошоттуруп калган экен. Минтип карапайым калктын таламын талашканы, албетте, калың элдин эсинде сакталат.

Каракол шаарын курууга катышкан. Чүйдөн Боом аркылуу Кашкарга кетип жаткан жол тоомуна, Каракол суусунун боюна 1860-жылдардан кийин азыркы Караколдун үйлөрү түшө баштаган. Айрым булактарда Кыдыр аке 1866-жылы ошол жердеги курулуштарга такай жардам берип, жигиттери менен аттарга, өгүздөргө, төөлөргө артып, тарттырып тоодон карагай алып келип берип турган. Ал карагайлар азыркы күнгө чейин сакталып калган имараттар кездешет.

Тогуз болуштуктун жарым айга созулган курултайын башкарган. 1910-жылы Жети-Суунун Каракол, Дуулат, Олуя-Ата, Пишпек деген төрт уездинин тогуз болушунун жакшылары курултайга чогулат. Ал Кочкор суусу агып өткөн азыркы Балыкчы шаарына жакын кең талаада (Көтмалдынын сазында) өткөн. Ошол курултайда он сегиз маселе каралып, жыйын жарым айдан ашыкка созулган. Ушундай чоң да, талаш-тартыштуу да, казак-кыргыздан көп уруунун өкүлдөрү катышкан тарыхый курултайды Кыдыр аке төрагалык кылып ызы-чуусуз башкарып берген. Ал бей-бечаралардын таламын талашып, алардын арыз-даттарын чечип, урматтоосуна татыган.

В Таврическом дворце Санкт-Петербурга состоялась торжественная церемония передачи в дар МПА СНГ памятного бюста Кыдыр Байсары уулу (Кыдыр аке). 22 марта 2019 года
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Кыдыр Байсары уулунун (Кыдыр Аке) эстелик бюстту

Кары мергенди төшөгүнөн тургузган. 1913-жылы падыша Романовдордун династиясынын 300 жылдык мааракеси өтмөк болот. Ага эмне белек камдайбыз деп отуруп Каракол уездинин башчысы жолборстун тирүү баласын алып баруу чечимине келет. Же зоопарк негиздеп жаткан падыша сарай жактан ошондой ишарат болгонбу, ким билсин? Өзүнө караштуу бүт волостордун башчыларын (болуштарды) чакырып, баарынын мөөрүн алып коёт, демек, бийлигин алып коёт да, жолборс алып келүүгө буйрук берет. Бул буйрук болуш катары Кыдыр акеге да тиешелүү эле. Мергендер менен сүйлөшүп отуруп, бул ишке Кончой (айрым варианттарда Чонтой) деген мерген гана жарап келгенин, бирок ал карып, төшөктөн турбай жатканын айтышат. Кыдыр аке айла жок ал кишиге өзү барат. Сексенден ашып калган экен. Кыдыр акени көргөндө эмнеге келгенин билген соң "жашың жаш болгону менен журт ээсисиң" деп, ооруп жаткан ордунан туруп, салынып турган төшөгүн жыйдырып, жигиттерди алып жолборс издеп кеткен экен. Айтуудан үч күн жойлоп жүрүп Текестин башы Ала-Айгырдан (айрым варианттарда Нарынколдон) кызыл жолборстордун күчүгүн кармап келип Кыдыр акеге, Кыдыр аке уезддин башчысына берет да, "сураганыңды ал" дегенде болгону "болуштардын мөөрүн кайтарып берип коюңузчу" деп сураган экен.

Санкт-Петербург шаарына сапары, Россия падышасынын сыйы. 1913-жылы падыша Романовдордун династиясынын 300 жылдык мааракесине Жети-Суу губерниясынын Каракол уездинен чакырылган урматтуу конок катары тизмеге кирет. Оренбургга чейин ат менен жүрүп, андан ары поездге отуруп, Санкт-Петербург шаарына жетет. Ал жерде кыргыз элинин айкөлдүгүн көрсөтүп "ак падыша" Николай IIге жогоруда айтылган Текестин кызыл жолборсунун тирүү баласын тартуулаган. Ал падышанын зоопаркында кармалган. Кыдыр аке Россияга кызматы үчүн 1871-жылы Станислав атындагы күмүш медалын, 1875-жылы Ыйык Владимир атындагы чоң күмүш медалын, 1881-жылы Ыйык Станислав атындагы алтын медалын, 1883-жылы экинчи жолу Ыйык Станислав атындагы алтын медалын, 1898-жылы күмүш медалын, 1913-жылы Ыйык Анна чоң алтын медалын алган. Россия аскерлеринин подполковник чинин алган. Төртүнчү чакырылыштагы Россия Мамлекеттик Думасына өкүл болуп катышкан. Айрым учурда анын Ташкент губерниясынын Каракол уездинен Ак-Суу болуштугунун атынан Россия Мамлекеттик Думасынын Сенатына депутат болгондугу да айтылып келет. Эки жолу Түркстан генерал-губернаторунун баалуу сыйлыгына татыган.

Үркүндөн элин сактап калган даанышмандыгы. 1916-жылы кыргыз эли биринчи дүйнөлүк согушка мандикерчиликке балдарыбызды жибербейбиз деп жер-жерлерде толкуйт. Бул учурда Россиянын борборуна чейин барып келген Кыдыр аке алардын эли-жери, куралы көп экендигин айтып, түшүнсүн деп аларды аттын жалпы түгүнө, кыргыздарды аттын кашкасына гана барабар деп салыштырып бунт кылууга каршы чыккан. Ал өзүнүн зоболосу жана Россия падышасынан алган сый-ургалдары жана погон тагылган аскерий кийимдери менен 1916-жылдагы Үркүн окуясында Кереге-Таш айылын жана кошуна кыштактарын коопсуз жерге качырып, жазалоочу отряддарды тийгизбей, элин кыргындан сактап калган. Ал гана эмес качкын кыргыздарга миңдей жылкысын бекер берген. Совет бийлиги орногондон кийин да Ысык-Көлгө кайтпай койгон бугунун жакшылык, жантай урууларын кытай-кыргыз чегиндеги Көйкап деген жерден большевиктерге тийгиздирбей аман-эсен көчүрүп алган.

Өз баласына көзү тийген баяны. Бир жолу Кыдыр аке алыстан келе жаткан жолоочуларды карап: — Ой, байбиче, тиги келе жаткан атчандар кимдер? – дейт.

Зайыбы: — Өзүбүздүн эле балдар деп коёт.

— Ой-бой, алдыңкы атчандын эки ийнинде шам күйүп келе жаткансыйт да, — дейт Кыдыр аке. Көрсө, ал назар кылып, сугун артып жибериптир. Алдына келе жаткан өз уулу Төгөчү экен.

— Ок! Кара көзүм кашайган турбайбы! О, кудай суук көздөн, жаман сөздөн сактай көр. Кечир, сөзүмдү кайта өзүмө алдым! – деп кудайга жалынып, жакасын кармап тобо келтирет. Ошол кезде бөлөсү, курдашы Садыр аке жигиттери менен келип калат. Кучак жайып көрүшүп, мейман камы көрүлүп, бээ союлуп, кымыз ичилет, ыр-күү жаңырат. Дал ушунда Төгөчү катуу ооруп калат, ал тууралуу атасы Кыдыр акеге кабар беришет. Эмчи, домчулар, табыптар түгөл келип, Караколдон орус доктур чакыртышып, бирок ажалга арачы боло албайт. Ошондо өлүм кабарын Кыдыр акеге угузушат. Коногун сыйлаган Кыдыр аке эч сыр билгизбей отура берет. Эт тартылып, бата тиленет. Анан Кыдыр аке комузду муңдуу күүгө салат. Муну Садыр аке да түшүнөт. "Күү бузулду, кетели" – дейт да, коштошуп чыга берет. Тай чабым жерге барып, кайра кайтат, жер жаңыртып өкүрүп түшөт. "Төгөчү күү" ("Кыдырдын арман күүсү") ушунда чыккан экен.

Өнөрлүү адамдарга өзгөчө караган. Кыдыр аке күү чыгарган, анын "Төгөчү күү" ("Кыдырдын арман күүсү") дегенинен башка да "Кыдыр акенин камбарканы", "Кыдыр акенин ботою", "Кереге-Таштын Кербез ботою", "Кыдыр акенин шыңгырамасы" деген чыгармалары өзгөчө белгилүү болгон. Саякбай Каралаевдин устаты Чоюке Өмүр уулунун "Манасын" көп жолу угуп турган, Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов сыяктуу комуз күүсүн чыгарган өнөрпоздорго жол көрсөткөн.

Казасы, урпактары. Кыдыр аке 1926-жылы 26-мартта 83 жашында азыркы Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында каза болгон. Топурак салганга жана тажыяга Кашкар менен Текестен, Талас менен Аксыдан, Нарын менен Чүйдөн, Казак жергесинен орус, кыргыз, уйгур, дунган, татар, өзбек ж.б. улуттан үч жарым миңдей эл келип, элүүдөй жылкы, жүздөй кой союлган. Байбичеси Маакеден эки уулу – Төгөчү менен Акимкан болуп, алар жаш бойдон көзү өтүп кетти, Гүлшара аттуу кичүү зайыбынан төрөлгөн Закенай, Шакир, Шамий, Акиралы деген уулдары, алардан башка кыздарынан тукуму уланып келет. 1993-жылы 150 жылдыгы өткөрүлүп Кереге-Таш айылына жол боюна бийиктиги он алты метрге жеткен эстелиги коюлган, музейи ачылган, айылга Кыдыр акенин аты ыйгарылган. 2013-жылы 170 жылдыгы белгиленген. Ак-Суу райондук мамлекеттик акимчилигин имаратынын алдына да эстелиги орнотулган. 2019-жылы 22-мартта анын бюсту Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайына — КМШ парламенттер ассамблеясынын штаб-квартирасынын алдына коюлган.

"Ар бир элде тарыхый улуу инсандар бар. Алардын катарында Кыдыр аке сыяктуу кылымдар бою калкынын эсинен кетпей турган залкарлар саналуу гана. Бүгүн биз ошол акылман саясатчынын, элинин сый-урматына татып, “Аке” деген асыл наамды алып жүргөн кадырман адамдын бюстун кабыл алып жатабыз. Кыдыр Аке Байсары уулунун бюсту Санкт-Петербург шаарындагы Таврия  сарайында татыктуу орунга ээ", — деген КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Дмитрий Кобицкий.

Акыл-насааттары, баталары. Казактын айтылуу Тезек төрөсүнүн тууганы Жамаке балалуу болбой жүргөндө Кыдыр акени чакырып, батасын алып бала көргөн. Ыбырай Тумановго "тилимди алсаң ырыңды коюп, комузчулугуңду күчөт. Сен черткениңде сан жылкынын ичинен марага жалгыз келүүчү күлүктүн учкаягы бар экен" деп батасын берип, кийин ал киши улуу комузчу, күү устаты болгондугун эл кийинки муундарга нуска кылып айтып калтырган. Анын мындай сөздөрү ошол күндөн ушул күн эл ичин аралап келет — "Урушпай ажырашсаң, уялбай учурашасың", "Адамдын пейилинин кеткени – дүйнөнүн тардыгы", "Итке итче тиш ырсайтсаң – өзүң ит болосуң", "Туура бийде тууган жок, тууганга тартсаң ыйман жок".

576
Белгилер:
Ысык-Көл, Ак-Суу, айыл, Үркүн, Кыдыр Аке
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (412)
Тема боюнча
Мойт аке тууралуу 10 факты. Элге эки кылым кызмат кылган батасы

Устаттарын ээрчип жетилген Актан Арым Кубат. 32 жыл мурунку таберик сүрөт