Кыргызпатент сый акысын албай калган авторлорду издөөдө. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековКагаздагы ноталар. Архив
Кагаздагы ноталар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Жазылуу
Автордук сый акыларды бөлүштүрүүгө жана төлөөгө байланыштуу маселелер боюнча 0(312) 68-00-86, 0(550) 778-450, 0(550) 778-590 номерлерине чалса болот.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызпатент чыгармалары телерадиокомпаниялардын эфирлеринде жаңырган, бирок сый акысын албай калган автор, аткаруучуларды издеп жатканын маалымдады.
Мекеме изделип жаткан авторлордун тизмесин жарыялап, андан өзүн тапкандарга сөзсүз кайрылууну өтүнгөн. Автор, аткаруучулар өзүн бул шилтемеге кирип тапса болот.
Автордук сый акыны алуу үчүн талап кылынган документтер:
  • Чыгармаларды каттап, укуктарды башкаруу укугун берүү тууралуу келишим түзүү керек;
  • Автордун же аткаруучунун каттоо барагын толтуруу зарыл;
  • Паспорттун көчүрмөсү;
  • Банктан эсеп ачып, анын дарегин Кыргызпатенттин кызматкерлерине тапшыруу шарт.
Автордук сый акыларды бөлүштүрүүгө жана төлөөгө байланыштуу маселелер боюнча 0(312) 68-00-86, 0(550) 778-450, 0(550) 778-590 номерлерине чалса болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0