Режиссёр Артыкпай Сүйүндүков жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев

Режиссёр Сүйүндүковдун эл аралык фестивалдан уткан сыйлыктары колуна тийди

74
(жаңыланган 17:06 19.05.2021)
Толук метраждуу "Шамбала" тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылып, бир нече сыйлыктарга татыды.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев КРдин эл артисти, режиссёр Артыкпай Сүйүндүковго "Ника" жана Калькуттада өткөн эл аралык кинофестивалдын "Мыкты режиссура" номинациясынын сыйлыктарын тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

  • Режиссер Артыкпай Суюндуков во время вручения наград международных фестивалей
    Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев КРдин эл артисти, режиссёр Артыкпай Сүйүндүковго "Ника" жана Калькуттада өткөн эл аралык кинофестивалдын "Мыкты режиссура" номинациясынын сыйлыктарын тапшырды
    © Фото / пресс служба МКИСиМП КР
  • Режиссер Артыкпай Суюндуков и министр культуры, информации, спорта и молодежной политики Кайрат Иманалиев во время вручения наград международных фестивалей
    Иманалиев режиссёрго чыгармачылык ийгилик каалап, байгеси менен куттуктады
    © Фото / пресс служба МКИСиМП КР
1 / 2
© Фото / пресс служба МКИСиМП КР
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев КРдин эл артисти, режиссёр Артыкпай Сүйүндүковго "Ника" жана Калькуттада өткөн эл аралык кинофестивалдын "Мыкты режиссура" номинациясынын сыйлыктарын тапшырды

Иманалиев режиссёрго чыгармачылык ийгилик каалап, байгеси менен куттуктады.

"Бүгүнкү күндө кыргыз киносунун кереметтерин жаратуучуларынын эл аралык абройлуу фестивалда негизги байгелерди утуп жатканын сыймыктануу менен кабыл алуудабыз. Андыктан кино ишмерлери үчүн мыкты устат болуп, өсүп келе жаткан жаш киноиндустриясынын сап башында болуңуз", — деди министр.

"Шамбала" тасмасы 25-апрелде "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" номинациясын утуп, Россиянын Кинематографиялык искусство академиясынын "Ника" сыйлыгына татыган.

Ошону менен бирге 8-15-январда Калькуттада (Индия) өткөн эл аралык кинофестивалда "Мыкты режиссура" сыйлыгына ээ болгон. Анда калыстар тобун Канн кинофестивалынын лауреаты Бриллиант Мендоза (Филиппин) жетектеп, ага Сара Хох (Мексика) жана Дубравка Лакич да (Сербия) кирген.

Бул сыйлыктарды алуу үчүн режиссёр өзү бара алган эмес.

Артыкпай Сүйүндүковдун толук метраждуу "Шамбала" тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.

74
Белгилер:
'Шамбала' тасмасы, кино, сыйлык, Артыкпай Сүйүндүков, режиссер
Тема боюнча
"Шамбала" тасмасы мыкты аталып, "Ника" киносыйлыгына ээ болду
Кыргызстандык режиссёр Индиядагы кинофестивалда мыкты аталды
Кийиз дүйнө коомдук фондунун жетекчиси жана сүрөтчү-дизайнер Айдай Асангулова

Асангулова: туш кийиз көргөзмөсүнө 13 жаңы эмгек коюлду

38
"Кийиз дүйнө" коомдук фондунун жетекчиси жана сүрөтчү-дизайнер Айдай Асангулова Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде 27-июлдан 25-августка чейин "Туш кийиз — келечекке касиеттүү жазуулар" деп аталган көргөзмө өтөрүн айтты.

Музейде XX кылымдын 60-80-жылдарында эл ичинен жыйналган XIX-XX кылымдарга таандык туш кийиздердин түрлөрү бар. "Кийиз дүйнө" коомдук фонду демилгелеген бул көргөзмөгө айтылган топтомдор, ошондой эле учурдагы уздардын колунан чыккан эмгектер коюлду. Бул тууралуу Айдай Асангулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Асангулова: туш кийиз көргөзмөсүнө 13 жаңы эмгек коюлду

Анын айтымында, каталогду басып чыгаруунун жана көргөзмөнү уюштуруунун максаты — жаш муунду элдин салттуу маданий мурастарын түшүнүүгө кызыктыруу.

"Көргөзмөдө 2019-жылдан баштап сайылган 13 жаңы туш кийиз коюлду. Андан сырткары Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде бирден гана сакталып калган уникалдуу туш кийиздер да бар. Долбоордун алкагында көркөм каталогдун бет ачары болду. Бул боюнча аталган музейдин жамааты иштеди. Ага 35 туш кийиз түшүрүлүп, анын маани-маңызы кыргыз, орус, англис тилдеринде жазылган. Жалпы 500 даана каталог басылып чыгарылды. Андан тышкары, Толсун Көкөева, Гүлсана Атамкулова апалар жана анын небереси Алтынай катышкан туш кийиз жасоо боюнча үч видео-сабак тартылган эле. Мына ошол сабактар каталогдо QR-код менен жайгаштырылды. Бул кыргыз, орус тилдериндеги сабактар "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун Youtube каналына да жайгаштырылды", — деди Асангулова.

Дизайнер ушундай долбоордун артында илгерки салтты кайрадан жандантып, уул-кызга арнап туш кийиз тигип, сепке кошуп берүү каадасын киргизүү көздөп жатканын кошумчалады.

38
Белгилер:
Айдай Асангулова, дүйнө, көргөзмө, каталог
Тема боюнча
Азамат Жаналиев: колдор жооруп, канаган күндөр болгон. Көк беттенип жатып, быштык
Манастын уулу Семетей тасмасынын продюсери Өмүрзак Төлөбеков

Төлөбеков: "Манастын уулу Семетей" тасмасынын бюджети 1 миллион доллар болот

103
"Манастын уулу Семетей" тасмасынын продюсери Өмүрзак Төлөбеков аталган кинонун режиссёрлору беш жылдан бери Семетейди театрларда коюп жүргөн Кыргыз эл артисти Эгемберди Бекболиев жана казакстандык тарыхый тасмаларды тартып жүргөн Дархан Кожохан экенин айтты.

"Манастын уулу Семетей" тасмасынын бюджети 1 миллион доллар. Анын үчтөн бирин "Казак фильм" каржылап, массалык сценалардагы каармандарды костюм менен камсыздашат. Ал эми Россиянын Каро продакшн кинокомпаниясы тартуу аяктаган соң үн менен иштеп, 3D анимациясын жасап берет. Кыргызстандык ишкерлер президенттин тапшырмасы аркылуу долбоорго 300 миң доллар бөлүп жатат. Бул тууралуу Өмүрзак Төлөбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Төлөбеков: "Манастын уулу Семетей" тасмасынын бюджети 1 миллион доллар болот

Анын айтымында, тасма орус, немис, англис, кытай жана түрк тилдерине которулат.

"2012-жылы кино тармагына "Президент жана бомж" тасмасы менен келдим. Бул лента чет мамлекеттерде көрсөтүлгөн. Ошол учурда Мар Байжиев баш болгон улуу устаттар "Манас" эпосун тартууну продюсер катары колго алсаңчы деген сунуш, ойлорун айтып келишти. Ар кандай эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп отуруп долбоорду баштадык. Ооба, "Манас" эпосуна кайрылгандан кооптонгон режиссёрлор көп болду. Биз да ошондон улам Семетейден баштап отурабыз. Себеби Манаста массалык сценалар, чабуул, басып алуулар арбын. Ал окуяны чагылдырыш үчүн өтө көп каражат керектелет. Семетейдин ар кандай варианттарын карап чыгып, пьесага токтолдум. Анда Семетейдин хан көтөрүлүшү менен аяктайт. Андан ары улантып, атасынын өчүн алып Семетейдин Коңурбайды өлтүрүп, кыргыз элине күнкорсуз бийлик орноткон учуру кошулду. Негизинен пьеса 40 жылдан бери кыргыз драма театрында коюлуп келген. "Манастын уулу Семетей" тасмасынын бюджети 1 миллион доллар деп эсептелди. Анын 300 миң долларын кыргыз тарап өнөктөш катары бөлүп жатат. Мен бул каражатты президенттен ишкерлер мага карызга эле берип турсун, фильм сатыкка чыкканда кайтарып берем деп сурагам. Өлкө башчысы бизнесмендерди чакырып сүйлөшүп, алар аталган акчаны бөлүп жатышат", — деди Төлөбеков.

Продюсер тасмада Семетей Ала-Тоого келип эл чогулуп дүңгүрөп аны хан көтөргөнү жана Коңурбай менен согушкан окуялары эң татаал эпизод болорун кошумчалады.

103
Белгилер:
Манас эпосу, Семетей, эпос, кино, Өмүрзак Төлөбеков
Тема боюнча
Кыргызстанда "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартыла баштады. Сүрөт
Вакцина алып жаткан адамдар. Архив

Кыргызстанда бир суткада 17 миңден ашык адам вакцина алды

0
(жаңыланган 13:41 01.08.2021)
Жалпысынан өлкөдө 450 398 адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 116 625и экинчи дозасын сайдырганы маалым болду.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада 17 194 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Билдирмеге караганда, кечээтен бери 16 722 киши коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 472си экинчи дозасы менен эмделген.

Жалпысынан Кыргызстанда 450 398 адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 116 625и экинчи дозасын сайдырганы айтылды.

Белгилей кетсек, өлкөгө AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцинасынын 226 миң дозасы жеткирилген.

Андан мурда, тагыраагы, 11-июлда, Кыргызстанга Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алып келинип, өлкөдө калкты массалык түрдө эмдөө башталган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, вакцина, эмдөө, коронавирус, иммунитет
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Үймө-үй кыдырып эмдөөдө вакцина бузулбайбы? Адистин жообу
Мэрия: 10 киши чогулса мобилдик топ барып вакцина сайып берет