Айтматовдун "Жамийласы" кайрадан, жаңы стилде экрандаштырылат

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүЖамийла тасмасынан кадр. Архив
Жамийла тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Фильмди улуу жазуучунун туулган күнүн утурлай 2021-жылдын декабрь айында экранга чыгаруу пландалууда.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргызстан менен Швейцариянын киночулары биргелешип Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повестин кайрадан экрандаштырат. Бул тууралуу кино тартуу долбоорунун продюсери Паризат Жакыпбекова билдирди.
Анын айтымында, повесттин негизинде кинокартина жаратуу боюнча жазуучунун уулу Элдар Айтматов менен макулдашып, уруксат кагазы алынган.
"Тартуу иштери июнь айында башталып, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарында болот. Азыркы учурда актёрдук курамды бекитүү, локацияларды, костюмдарды даярдоо жүрүп жатат. "Жамийла" тасмасын заманбап стилде чагылдырууга бел байладык, бирок негизги өзөгү бузулбайт", — деди Жакыпбекова.
Режиссёр Артыкпай Сүйүндүков жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Режиссёр Сүйүндүковдун эл аралык фестивалдан уткан сыйлыктары колуна тийди
Кинокартинага Эльдар Турдумамбетов режиссёрлук кылат, сценарийдин автору Керез Зарлыкова. Ал эми Швейцария тараптан Кайрат Биримкулов продюсерлик кылат.
Фильмди улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай 2021-жылдын декабрь айында экранга чыгаруу пландалууда.
Белгилей кетсек, буга чейин ушул эле чыгармачылык топ "Өзбек фильм" менен биргеликте Айтматовдун "Делбирим" чыгармасын тасмага түшүргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0