Чокморовду кастарлаган киночулар. 40 жыл мурунку таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Кинорежиссёр, сценарист Төлөгөн Сыдыков, даректүү тасмалардын режиссёру Үсөн Дүйшөнбеков жана белгилүү актёр Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү 1981-жылы Чүй облусунун Чоң-Таш айылында тартылган.

Ошол кезеңди ардагер киночу Төлөгөн Сыдыков мындайча эскерет:

"Сүймөнкул экөөбүздүн ортобузда турган таланттуу режиссёр Үсөн Дүйшөнбеков. Ал көптөгөн даректүү тасмаларын жараткан. Күчтүү изилдөөчү, улуттук баалуулуктарды мыкты билген инсан болчу, бул дүйнөдөн эрте эле өтүп кетти. Сүрөт "Кыргызфильмдин" 40 жылдыгын белгилөө маалында Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында киночулардын эс алуу жайында тартылган. Мааракеге Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев баш болгон бир топ чыгармачыл инсандар чогулганбыз. Ал жер биздин конференция уюштуруучу, тасма тартуучу жайга, кээде кинематографисттердин жатаканасына да айланып кетчү. Сүрөттөгү Сүймөнкул Чокморов менен көптөгөн тасмаларда бирге иштештим. Ошол жылдары Болот Шамшиев болуп "Бөрү зындан" фильмин тартып жүргөнбүз. Бир жолу Сүймөнкул ооруп калып иш узак убакытка чейин токтоп калган. Айлык албай, командировкага чыкпай отуруп калганбыз. Жогору жактагылар "башканы чакыртып келип деле тартпайсыңарбы" деген эле. Болот Төлөнович "эч нерсе болбойт, кичине чыдайлы, мындай кишини такыр өлтүрөлүбү" деп көгөрүп болбой койгон. Сыркоолоп жүргөндө Москвадагы ооруканага чейин барып амандашып, күндө ал-абалын сурап турчубуз. Башка артист тартылганда алмаштырып коймокпуз, бирок киночулар Сүймөнкулду аябай жакшы көрөр элек. Жакшы болуп келгенден кийин тартылганда деле кыйналды. Анткени катуу ооруп операция болуп, көп жолу наркоз алгандан соң организмди калыбына келтирүүгө убакыт керек эле. Сүймөнкул менен иштен сырткары да катташып, жакын мамиледе катышып жүрдүк", — деди Сыдыков.

Ал жылы Төлөгөн Сыдыков 37, Сүймөнкул Чокморов 42 жашта эле.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0