Ашхабаддан Таласка чейинки ат чабыш. Кемел Ашыралиевдин тарыхый окуя тууралуу маеги

© Sputnik / Александр Федоров"Манас" эпосунун 1000 жылдык маараке. Архив
Манас эпосунун 1000 жылдык маараке. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
Жазылуу
1995-жылы Аскар Акаевдин демилгеси менен "Манас" эпосунун 1000 жылдык мааракеси өткөн. Өлкө үчүн идеологиялык жана тарыхый мааниси бар иш-чарада улуттук оюндар көрсөтүлгөн эле. Ашхабаддан бери чабылган кыргыздын Жамбаш жана Жарык төш деген эки күлүгү намыска жараган.
Арадан 26 жыл өткөн соң ошол мааракеде ат чабышты уюштуруу иштери менен алектенген легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер жана саяпкер Кемел Ашыралиевди Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин журналисти кепке тартты.
© Sputnik / Асель СыдыковаЛегендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер, саяпкер, "Манас" эпосунун 1000 жылдыгынын уюштуруучуларынын бири Кемелбек Ашыралиев
Легендарный депутат, общественный деятель, путешественник Кемел Аширалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер, саяпкер, "Манас" эпосунун 1000 жылдыгынын уюштуруучуларынын бири Кемелбек Ашыралиев
— "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына даярдык көрүп жүргөндөрдүн катарында сиз дагы бар элеңиз. Ошол мезгил тууралуу айтып бербейсизби?
— Бул абдан чоң тарыхый окуя. Баштан-аяк баяндап берүү үчүн көп убакыт керек болот го... Ал кез Аскар Акаевдин абдан кадыр-барктуу болуп турган учуру эле. 1995-жылдын башында тарыхчылар "Манас" эпосуна 1000 жыл толгондугун аныктап, Аскар Акаев маараке өткөрүү идеясын көтөрүп чыкты. Негизги максаты бул жагы чыгыш, тигил жагы батыштан президенттерди чакырып, Манасты жана Кыргызстанды дүйнө коомчулугуна даңазалоо болгон. Бул чоң салтанатта ат чабышты уюштуруу өзгөчө мааниге ээ эле.
Аскар Акаев жаңыдан президент болгондо мен Нарында губернатор болуп тургам. Соң-Көлдө президенттин катышуусунда абдан чоң ат оюндарын өткөргөнбүз. Ал кезде Нарында мал көп, койдун башы эле 3,5 миллионго жетип турган маал. Тунгуч президентти көрөбүз деп көп эл чогулган. Эр эңиш, кыз куумай, ат чабыш жана башка ат оюндары масштабдуу өткөн. Андан кийин Жумгалда Куйручуктун юбилейин өткөрдүк. Менин атка шыктуу экенимди Акаев ошондо байкап калгандай.
КРдин эл артисти, белгилүү режиссер Болот Шамшиевдин уулу Чыңгыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2021
Ошондой сырдашууга жетпей өксүйм го деп ойлой берем. Чыңгыз Шамшиевдин маеги
Бир күнү эле коомдук ишмерлерди, тарыхчыларды, окумуштууларды, ошол кездеги кыргыздын аттуу-баштууларын чогултуп "Манастын" 1000 жылдыгын өткөрүү боюнча оюн ортого салды. Ат чабыш болсо жакшы болот эле деген кеп айтылды. Ошентип ар ким өз пикири менен бөлүшүп, дагы талкуулайбыз деп тарап кеттик. Көп өтпөй Болот Шамшиев чалып калды. Ал киши Нарынга көп барчу, абдан жакшы мамиледе элек. Дароо эле: "Кемел Жакешович, Аскар Акаев Түркиянын президенти Сулейман Демирель менен сүйлөшүптүр. Биз ат чабыш уюштура турган болдук, ал эми 300-500 миң доллар байгени Демирель каржыламай болду. Мунун баары Тышкы иштер министрлиги аркылуу жасалчу иштер. Катыша турган өлкөлөргө байланышка чыгабыз, сиз өлкө ичинде ат тандап, ушул жагын көзөмөлдөп бериңиз", - деди. Ал кезде Панфилов районунда аким болчумун.
Макул болуп, "Ак кула" ат майданына бардык, облустан күлүктөр келип, чет өлкөлөрдөн дагы катышууну каалагандар чыга баштады. Атты Түркиядан бери чабуу мерчемделип, даярдыктар көрүлүп жатты. Анын жүрүшүндө Түркиядан кургак менен чабуу мүмкүн эместиги билинип, аттар Ашхабаддан бери келе турган болду. Түркмөнстандан берки маршрутту аныктоо үчүн ар бир өлкө, ал тургай ар бир облус, райондун башчылыктары менен сүйлөшүп иш алып бардык. Анткени айрым жерлерде пахта талаасы, поезд жолдор жана башка жерлер бар. Мунун баары айтканда жеңил сезилгени менен абдан чоң иштер. Маршрут түзүлүп, ал жактагылар билип, тоскоолдуктар болбой тургандай баарына маалымат жеткирилди. Маараке 1995-жылдын 31-августунда Эгемендүүлүккө туштап өтө турган болду. Ошол убакытка аттар келип калуусу зарыл, ал үчүн кандай чабылышы керектиги жана башка форматы аныкталды. Ага ылайык, бир командада экиден ат чуркайт. Бир күндүк нормасы 40 чакырымдан болот. Биринчи күнү бир ат чуркаса, кийинкисинде экинчиси, үчүнчү күнү экөө тең эс алат. Себеби бир ат 40 чакырым чуркагандан кийин эртеси кайра чуркай албайт да. Алар менен кошо бара турган топтун курамына ветеринар, врач, картаны караган адам, ашпозчу жана башка болуп жалпысынан 13-14 киши кирди. Топтун жата турган жери, ат кармай турган жайын жана башка ушундай иштеринин баарын Болот Шамшиев уюштурду.
© Sputnik / Александр ФедоровКемел Ашралиев: Нарындан, Ысык-Көлдөн төрттөн жана Чүйдөн эки күлүк катталды. Жалпысынан Кыргызстандан он чакты аргымак тапталмай болду. 1000 доллардан взнос төлөшү керек эле, акча да табылды. Алардын ичинен көлдүктөр аттарын өзүнчө тапташты.
Празднование 1000-летия эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кемел Ашралиев: Нарындан, Ысык-Көлдөн төрттөн жана Чүйдөн эки күлүк катталды. Жалпысынан Кыргызстандан он чакты аргымак тапталмай болду. 1000 доллардан взнос төлөшү керек эле, акча да табылды. Алардын ичинен көлдүктөр аттарын өзүнчө тапташты.
— Канча убакыт даярдык көрдүңүздөр?
— 1995-жылдын март айынын башынан башталды. Улам барып келиш керек, документтерге кол койдуруш керек, айтор, аябагандай чоң иштер жасалды. Кол коюлган эле документтер бир томдуктай болуп топтолду.
— Анан күлүк тандоого кириштиңер...
— Ооба. Япондордон эки тулпар, Казакстандан, Кыргызстандын ар аймактарынан келе баштады. Аралык узак болгондуктан зоом туяк, бышык, ысыкты көтөрө ала турган күлүктөргө басым жасалды. Буттары узун кадимки аттар жарабайт, баспай калат. Натыйжада Нарындан, Ысык-Көлдөн төрттөн жана Чүйдөн эки күлүк катталды. Жалпысынан Кыргызстандан он чакты аргымак тапталмай болду. 1000 доллардан взнос төлөшү керек эле, акча да табылды. Алардын ичинен көлдүктөр аттарын өзүнчө тапташты.
© Sputnik / Александр ФедоровКемелбек Ашыралиев: Панфиловдуктар Жамбаштын чабыларын угуп "Ашыралиевдин мээси иштебейт го" деп күлүшүптүр.
Празднование 1000-летия эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кемелбек Ашыралиев: Панфиловдуктар Жамбаштын чабыларын угуп "Ашыралиевдин мээси иштебейт го" деп күлүшүптүр.
— Жеңип чыга турган аттарды кандайча тандап, кантип бириктирип калдыңыздар эле?
— Ат тандап жүргөндө Панфиловдон арабага чегилген тору ат көрүп калдым. Аны Жамбаш деп коюшат экен. Тай же кунан кезинде поездге урунуп жамбашындагы урункайы сынып кетиптир. Ошол айылда ооруган малды дарылай турган пунктуга дары, чөп, кык тартып жүрүптүр. Байкуш ат кор болуп калыптыр. Анан бир жаш балага мингизип талаа кыдырып жүрдүк. Кеминде 100 чакырымдай бастырдык. Байкасам, аттын күчү бар, бирок таптоо зарыл экен. Балага багуу жолдорун, жууп-тазалоо, суутуу боюнча кеңештерди бердим. Панфилов колхозунун башкармасына тапшырдым. Ал "жөн эле бир атты ардактап жатасыз" деп күлдү. Улам барып көз салып турдум, кадимкидей кебетеси жакшыра баштады. Нарындын аттарын Обол деген мыкты саяпкери менен Чүйдүн күлүктөрүн бирге таптай турган болдук. Ошол нарындыктардын тулпарларынын ичинен Жарык төш деген атын сурап алдым. Ал жаш, чапчаң жылкы экен. Жамбаш менен жакшы жуп болчудай. Ипподромдон аттарды таптап, аларды баккан адамдар каржыланды.
Панфиловдуктар Жамбаштын чабыларын угуп "Ашыралиевдин мээси иштебейт го" деп күлүшүптүр.
© Sputnik / Александр ФедоровКемелбек Ашыралиев: План боюнча аттар 25-августта келе турган болду. Бул жерден эс алдырып, анан 29-августта Суусамырга чыгарып, 31-августта Кароол чокудагы марага саат 4-5терде келери мерчемделген. Ага чейин элге "Манастан" театралдык оюн-зоок тартууланып турмак.
Празднование 1000-летия эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кемелбек Ашыралиев: План боюнча аттар 25-августта келе турган болду. Бул жерден эс алдырып, анан 29-августта Суусамырга чыгарып, 31-августта Кароол чокудагы марага саат 4-5терде келери мерчемделген. Ага чейин элге "Манастан" театралдык оюн-зоок тартууланып турмак.
— Күлүктөрдү таптап жатканда эмнелерге көңүл буруп, кандай ыкмаларды колдондуңуздар?
— Маршруттун бардык жеринде машина жүрө алмак эмес. Кээ бир жерде суу болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан күлүктөрдү дарбызга көндүрөлү дедик. Анын ичин алып таштап ичине суу куюп берсек ичишпейт. Суусаганда берип отуруп акырындан көндүрдүк. Бара-бара дарбызга да көнүп, жей башташты. Дарбыз алып келе жатканда кадимкидей окурана турган болуп калышты.
Аларды багып жаткан балдардын да бети-башы жара болуп кетти. Анткени күн ысык, аттын кыгы, чымын-чиркей көп, айтор, кыйналдык. Анан автоунаага салып Ашхабадга алып бардык. Чүйдөн чабылган күлүктөрдү тели-теңтуш, дос-туугандардан каражат топтоп өзүм каржыладым. План боюнча аттар 25-августта келе турган болду. Бул жерден эс алдырып, анан 29-августта Суусамырга чыгарып, 31-августта Кароол чокудагы марага саат 4-5терде келери мерчемделген. Ага чейин элге "Манастан" театралдык оюн-зоок тартууланып турмак.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, улуу манасчы Жусуп Мамай, Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова жана жазуучу Бексултан Жакиевдин сүрөтү 1995-жылы Бишкек шаарында тартылган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Жусуп Мамай, Айтматов, Баекова, Жакиев. "Манас" мааракесинен таберик сүрөт
Аттар Ашхабаддан кое берилди. Биз алар менен кабарлашып турдук, кокус бир нерсе болсо басып өткөн өлкөлөрдүн бийлиги менен байланышта элек. Тулпарларды Шымкенттен тосуп алдым. Аттардын буттары лак-лак деп ысып, шишип келет. Кээ бир күлүктөр төрт бутун көтөрүп эле жатат экен. Ошол Казакстан менен Өзбекстандын чек арасына келгенде Казакстандын эки аты, Япониянын аттары, анан Кыргызстандын төрт аты калыптыр. Калгандары улам жолдон чыга берген. Жуп менен чабылгандыктан бир аттын буту кокустап же чуркай албай калса, экинчи ат дагы чыгууга мажбур болот.
Аттар ошентип буту шишип келет, япондор бир дарысын сыйпайт, эртең менен кадимкидей болуп калат. Башкаларга сырын айтпайт. Ал япон дагы өзү жакшы турган бай адам экен. Ат чапкан баласынын кийген кийимдери чымын кирбегендей болуп, эми мыкты. Балдар ысыкта кыйналып, чымын-чиркей кирип жүдөйт. Анын баласы анча кыйналбай келет.
Япон атына өзгөчө кам көрөт, биз дагы өзүбүздүн ыкманы колдонобуз. Аттын буту кетип калбасын деп туягынын алдына атайын аскерде колдонулчу тыгыз кийизден салып, анан үстүнөн така кагып жаттык. Катуу жер менен бут тийгенде жумшагыраак тийсин деген ой эле. Жанагы спортсмендер деле атайын батек салып, жумшак бут кийим кийип жүрүшөйбү. Ошенткенге аракет кылдык. Обол деген саяпкердин мыктылыгын караңыз, аттар чуркап келгенде топурактан баткак жасай салып тизеден ылдый ылай менен сүйкөп сыртынан марли менен таңып коет. Буттагы шишикти ылай соруп алат экен, көрсө. Кыргызстанга келгенде казактардын бир атынын буту жарабай калды. Анан аттарды эки-үч күн эс алдырып Төө-Ашууну ашырып, соңку күнү Суусамырда түнөттүк.
Анан акыркы күнү марага Жарык төштү коелу дедик. Анткени ал жаш, өкүмүрөөк, жеңил, анан ылдамыраак болчу. Жеңиш биздики болот деген ишеним болуп турду. Анткени күндө чаап отуруп 2-2,5 сааттай убакыт алдыга чыгып калганбыз. Ошондуктан кичинекей балага ылайыктатып кыргыздын желегин даярдатып, марага киргенде көтөрүп киресиң дедик. Ал убакытка карамак беле, күтүп жаткан эл кайсы ат биринчи келсе ошого сүйүнүп тосуп алат да.
Аттарды кое бергенге чейин Обол барып жолду карап, чапкан балага "4-5 чакырым калганда бир тик кирген жер бар экен. Ошондон этият бол" дептир. Ал эми тиги Жарык төш кудай ургандай жеңил ат болчу. Чыкканда эле алдыга озуп, башкаларды артка калтырчу. Анан бала алдыда бара жатканына кубанганбы же балалык кылганбы, баягы тик кирген жерден катуу кириптир. Ат мүдүрүлүп кетип бала аттан ыргып, тизеси менен ташка тийип эси ооп калыптыр.
— Канча жаштагы бала ошол кезде?
— 13-14 жашта болчу. 10-20 мүнөттөй эси ооп жыгылып калыптыр. Ат чарчагандыктан алыс кетпей турган экен. Бала жанагы буту менен эптеп атка минип, анан биринчи келди.
© Sputnik / Александр ФедоровКемелбек Ашыралиев: Казакстан менен Өзбекстандын чек арасына келгенде Казакстандын эки аты, Япониянын аттары, анан Кыргызстандын төрт аты калыптыр. Калгандары улам жолдон чыга берген.
Празднование 1000-летия эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кемелбек Ашыралиев: Казакстан менен Өзбекстандын чек арасына келгенде Казакстандын эки аты, Япониянын аттары, анан Кыргызстандын төрт аты калыптыр. Калгандары улам жолдон чыга берген.
— Аябай кубансаңыздар керек?
— Келе турган убактысы алдын ала айтылып, президентке маалымат берилген. Ал жактагы чет элдик президенттер, коноктор менен аттарды өзү тосуп алмак. Ал эмне болгонун билбейбиз, Аскар Акаев жок. Микрофондон кыйкырып кыргыздын аты келе жатат деп жар салынып, эл калпагын көккө ыргытып, айда кубанышты. Кээси намысыбызга жарады деп ыйлап жүрөт...
— Чабандес бала эмне болду?
— Буту ооруп аттан түшө албайт. Манастын чоросунун ролун аткарып жүргөн Майрамбек деген жигит бар эле, азыр каза болуп калды. Ошол жигит баланы эңип алып, алдына отургузуп алып келе жаткан учуру сүрөткө тартылып калыптыр. Тиги байкуш баланын буту кыпкызыл болуп кан уюп калган. Кийин текшергенде томугу чыгып кетиптир. Мурду канап, шымынан ылдый кан акканына карабай атты минип келгенин карасаңыз. Кыргыздын балдары чыйрак болот. Эл "өмүрлүү бол" деп алкады. Аскар Акаев келип 25 миң доллар байгени тапшырды. Япондор экинчи келип 15 миң, казактын аты үчүнчү келип аларга 10 миң доллар берилди.
© Sputnik / Александр ФедоровКемелбек Ашыралиев: Кыргызда ат, аламан байгеге абдан маани берилет. "Манастагы" негизги кульминация "Чоң казат" менен "Каныкейдин Тайторунун чабышы" эмеспи.
Празднование 1000-летия эпоса Манас  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кемелбек Ашыралиев: Кыргызда ат, аламан байгеге абдан маани берилет. "Манастагы" негизги кульминация "Чоң казат" менен "Каныкейдин Тайторунун чабышы" эмеспи.
— Байгени кантип бөлүштүрдүңүз?
— Оболго тапшырдым. Жардамдашкандар болуп өзүңөр бөлүшүп алгыла деп бердим. Эң башкысы, байге алганга эмес, ошол аттар кыргыздын намысын коргогонуна абдан кубандым. Себеби Манастын мааракесинде чет өлкөлүктүн аты чыгып кете турган болсо, сөзгө калып намысыбызды алдырат элек. "Булар Манастын Аккуласын, Эр Төштүктүн Чалкуйругун, Алмамбеттин Айсараласын айтып даңазалашат. Жарыштан биз чыгып кеттик го" деген сөз айтылмак. Айрыкча япондор "тигине, тоолук кыргыздын аттарын жеңип алдык" дешмек. Ошондой болбой өзүбүздүн күлүктөр ушинтип кыргыздын намысын сактап калган. Кубанганым эле ошол болду. Кийин Аскар Акаев сыйлыкка көрсөтөйүн деди, "кереги жок, башкысы кыргыздын намысы сакталып калганына баарыбыз кубанычтабыз" деп койгом.
Кыргызда ат, аламан байгеге абдан маани берилет. "Манастагы" негизги кульминация "Чоң казат" менен "Каныкейдин Тайторунун чабышы" эмеспи. Муну менен манасчылар деле макул болот деп ойлойм. Тайторуну чапканда Каныкей апабыз эркекче кийинип, бардаңке мылтыгын алып "Тайтору чыкса Семетейим эр жетип жетилди. Чыкпаса Семетейим кандай болор экен" деп төлгө кылып чабат. Алтымыш аттын артынан жүрүп чыгып келет. Ошону угуп отурсаң ыйлагың келип көзүңө жаш аласың. Ошол сыяктуу "Манастын" 1000 жылдыгында кыргыздын аты чыгып, намысыбызды сактап калганбыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0