Манастын образынан жаралды. Бишкектин башкы мунарасынын эскизи жарыяланды

© пресс-служба мэрии города БишкекПроект Бишкек-тауэра — главной башни столицы
Проект Бишкек-тауэра — главной башни столицы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Жазылуу
Мунаранын бийиктиги 65 метр. Анда кыргызга тиешелүү сакралдуу образдар, ыйык белгилер, символдор камтылат.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы борбордун башкы мунарасы — Бишкек-Тауэрдин (Bishkek Tower) эскизин түздү.
Мекеме азыр көп каражат талап кылган ири имарат кура турчу мезгил эмес экенин, бирок келечекте ишке ашышы мүмкүн деген үмүт менен эскиз иштелип чыкканын белгиледи. 
© пресс-служба мэрии города Бишкек"Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы борбордун башкы мунарасы — Бишкек-Тауэрдин (Bishkek Tower) эскизин түздү
Проект Бишкек-тауэра — главной башни столицы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы борбордун башкы мунарасы — Бишкек-Тауэрдин (Bishkek Tower) эскизин түздү
"Мунаранын негизги максаты — Астана шаарынын "Байтерек", Ирандын борбору Тегерандагы "Азади", Париждеги Эйфель жана дүйнөнүн башка шаарларындагы белгилүү мунаралар сыяктуу Кыргызстандын борборунун көрүнүктүү символу боло турчу объект куруу болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Мунара шаардын түштүк бөлүгүндө жайгашышы мүмкүн, себеби үстүндө туруп калаага байкоо жүргүзсө болот. Имарат үч түркүктөн туруп, ортосуна айнек пирамида жайгашат. Үстүнө купол орнотулуп, ал алтын түстүү түндүк менен жабылып, үстүнө шиш найза бекитилет. Мунаранын бийиктиги 65 метр (найзаны эсепке албаганда) болот. Имараттын негизги түсү ак болуп, кээ бир элементтерине алтын жана күмүш түстөр берилмекчи. 
© пресс-служба мэрии города БишкекМунара шаардын түштүк бөлүгүндө жайгашышы мүмкүн, себеби үстүндө туруп калаага байкоо жүргүзсө болот
Проект Бишкек-тауэра — главной башни столицы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мунара шаардын түштүк бөлүгүндө жайгашышы мүмкүн, себеби үстүндө туруп калаага байкоо жүргүзсө болот
Мунаранын образы "Манас" эпосундагы Айкөл Манас баатырды сүрөттөгөн саптардан түзүлгөнү белгиленди.
© пресс-служба мэрии города БишкекИмарат үч түркүктөн туруп, ортосуна айнек пирамида жайгашат.
Проект Бишкек-тауэра — главной башни столицы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Имарат үч түркүктөн туруп, ортосуна айнек пирамида жайгашат.
Бишкек шаарынын дрондон көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Бишкектин жаңы башкы планы тез арада иштелип чыкмай болду
Манастын образынан сырткары, мунарада кыргызга тиешелүү сакралдуу образдар, ыйык белгилер, символдор камтылган. Ошондой эле архитектура тили менен чакырыктар жана ураандар берилет.
Эскиздер менен кененирээк мекеменин Telegram каналынан таанышууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0