Жаш манасчы. Архив

Бишкек мэриясы "Наристе манасчы" сынагын жарыялады. Шарты

44
(жаңыланган 11:14 28.05.2021)
Катышуучулар өзү тууралуу маалымат менен манас айткан видеосун мэриянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырышы керек.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Балдарды коргоо майрамына карата Бишкек шаарынын мэриясы "Наристе манасчы" шаардык сынагын жарыялады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Сынак 31-майда "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин жыйындар залында өтөт. Ага калаанын мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарындагы 3 жаштан 11 жашка чейинки (1-4 класс) балдар катыша алышат.

Алар "Манас" эпосунан үзүндү айтышы керек, көркөм аткаруу чеберчилигине баа берилет. Шарт боюнча райондук сынактардан алдыңкы орунга ээ болгон жеңүүчүлөр шаардык конкурска катыша алышат.

Сынакта өнөр сынашчулар алдын ала тандалат. Ал үчүн бала тууралуу маалымат жана "Манас" эпосунан үзүндү  айткан видеосу мэриянын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнө бүгүн саат 13.00гө чейин тапшырылышы керек. Кенен маалыматты муниципалеттин баракчасынан алууга болот.

Мэрия иш-чаранын өнөктөштөрү "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы менен "Көйкашка" коомдук фонду экенин белгиледи.

44
Белгилер:
манасчы, Манас эпосу, сынак, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема боюнча
Талантбеков: брелокту кыргызча "cапсалга" десе болот

Орозбек Кутманалиев 11 уул-кызы менен. Үй-бүлөнүн таберик сүрөтү

53
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
КРдин эл артисти, киноактёр Орозбек Кутманалиевдин байбичеси жана уул-кыздары менен түшкөн сүрөт 1985-жылы 8-мартта Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган
© Фото / из семейного архива Кутманалиевых

КРдин эл артисти, киноактёр Орозбек Кутманалиевдин байбичеси жана уул-кыздары менен түшкөн сүрөт 1985-жылы 8-мартта Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Биринчи катарда оңдон солду көздөй тун уулу Акматбек, кыздары Чынара, Шайыргүл, Айнура, ортодо Марс, кыздары Бактыгүл менен Динара жана четте Касен турат. Экинчи катарда келини Дамира, кызы Мээрим жана аялы Фатима, ортодо кызы Рахат менен баласы Каныбек. Сол жагында Орозбек Кутманалиев эки небересин эки жагына алып отурат жана алардын четинде келини Замира.

Ошол кезеңди белгилүү актёрдун тун уулу Акматбек Орозбеков мындайча эскерет.

"Бул сүрөт биздин үй-бүлөбүз үчүн аябай баалуу. Анткени сүрөттө атам, апам, алардын эки небереси, биздин 11 бир тууган, менин жана Марстын келинчеги түшкөн. Көпчүлүк учурда биздин мындай толук курам менен чогулушубуз кыйын болчу. Жылына жок дегенде бир жолу жалпы сүрөткө түшкөндүктөн кээде фотограф "көбөйүп менин объективиме батпай баратасыңар" деп калчу. Биз дайыма жаңы жыл майрамынан кийин 1-январда, 8-мартта апабызды куттуктап, 10-майда атамдын туулган күнүнө чогулчубуз. Ата-энебиз жайыл дасторкон эле, үйдөн мейман үзүлчү эмес. Атам бизди кичинекей кезде баланча окуу жайда билим ал, тигил жакта иште, жумушка киргизип коёюн деген жок, өз эркибизге коюп чоңойтту. Ошондуктан биз университет, институттарды өзүбүз тандап, көпчүлүгүбүз аз алдыбызча жогорку билимдүү болуп, ар кыл тармакта эмгектенип келебиз. Азыр апам небере, чөбөрө көрүп биздин сый-урматыбызда", — деди Орозбеков.

Ал эми кызы Динара Кутманалиева атасы жөнүндө буларды кошумчалады.

"Кичинекей кезде көп кабаттуу үйдө кошуналарыбыз арызданышчу экен, атам "эми аларды байлап коеюнбу, балдар ойнойт, ары-бери чуркайт" деп койчу экен. Атам өмүр бою күнү-түнү иштеди. Анткени 11 баланы багыш оңой эмес да. Бизди башкалардан кем кылбай кийиндирип, курсагыбызды тойгузуп окутту. Кудайга шүгүр, атабыз бизди өзүнүн эмгеги, үлгү болгон жүрүм-туруму менен чоңойтту. Мамлекет 1982-жылы үй-бүлөбүзгө шаардан беш бөлмөлүү батир берген. Атам дайыма "балдарым менин бакытым, кыргыздын интеллигенциясынын ичинде 11 бала эч кимде жок. Мен ушул жагынан сыймыктанам" деп айтып калчу. Пенсия курагында неберелерин багып, аларды ээрчитип майрам, мааракелерде жүрчү", — деди Кутманалиева.

Орозбек Кутманалиев биринчи никесинен беш, экинчи жубайынан алты балалуу болгон. Байбичеси менен 35 жыл чогуу жашаган түгөйлөр алты кыз, беш уулду тарбиялап, 40ка жакын небере көрүшкөн.

53
Белгилер:
таберик сүрөт, үй-бүлө, Орозбек Кутманалиев
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
Жусуп Мамай, Айтматов, Баекова, Жакиев. "Манас" мааракесинен таберик сүрөт
Өкмөт үйүнүн алдындагы комбайн, тракторлор. Фрунзедеги таберик сүрөт
"Уулдуу болуп" сүйүнгөн Рыскулов менен Турсунбаева. Баткендеги таберик сүрөт
Кыргызстандын желегин көтөргөн майрамдык иш чаранын катышуучулары. Архив

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата логотип даярдоого сынак жарыяланды

78
(жаңыланган 12:30 17.06.2021)
Мыкты деп табылган логотиптин эскизи расмий документтерде, ошондой эле ар кандай коомдук иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө пайдаланылат. Сынактын жалпы байге фонду 50 000 сомду түзөт.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата логотиптин эскизин даярдоого сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

"Сынакка профессионалдуу сүрөтчүлөр, "живопись" жана "графика" адистиги боюнча окуу жайларынын студенттери жана бүтүрүүчүлөрү катыша алат. Долбоордун катышуучулары жалгыз автор же автордук коллектив болушу мүмкүн", — деди министрликтен.

Сынактын шарттары:

  • Катышуучу сынакка эмблеманын эскизинин идеяларын түшүндүрмөлөрү менен аты-жөнү, туулган жылы, билими жана адистиги, электрондук дареги жана байланыш телефондорун тапшырышы керек;
  • Сынактын материалдарын даярдоо карандаш, сыя, боёк, фото, компьютердик графика жана башка каражаттарды колдонууга болот;
  • Сунушталган кагаз түрүндөгү үлгү А4 форматынан кичине болбошу керек. Ал эми компьютердик графика электрондук вариантта кабыл алынат.

Сынак эки этапта жүргүзүлөт:

  • Биринчи этап – сынактын материалдары 2021-жылдын 25-июнуна чейин кабыл алынат;
  • Экинчи этап – эң мыкты логотиптин эскизин тандоо 2021-жылдын 5-июлунда каралат.

Сынак жашыруун түрдө жүргүзүлөт. Катышуучулардын аты-жөнү жыйынтык чыкканга чейин жарыяланбайт. Ал эми тапшырылган материалдар рецензияланбайт жана кайра кайтарылып берилбейт.

  • Сынакка келген эмгектерди кароо тартиби жана критерийлери:
  • идеянын оригиналдуулугу;
  • эстетикалык таасиринин деңгээли;
  • сапаттуу жана көркөм деңгээлде аткарылышы.

Сунушталган долбоорлорду Сүрөтчүлөр союзунун, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн калыстар тобу тандайт. Калыстар тобунун курамы сынак өткөрүүгө үч күн калганда дайындалары белгиленди. Алар жеңүүчүнү ачык добуш берүү жолу менен аныктайт.

Мыкты деп табылган логотиптин эскизи расмий документтерде, ошондой эле ар кандай коомдук иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө пайдаланылат.

Сынактын жалпы байге фонду — 50 000 сом.

Логотиптин үлгүсү төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: 720040, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78. Улуттук маданий борбор. Телефон 66-24-04, ncc07@mail.ru

78
Белгилер:
калыстар тобу, сынак, эскиз, министрлик, логотип, эгемендүүлүк, Кыргызстан
Тема боюнча
Байге фонду 345 миң сом. Эл-жер тууралуу ырлар сынагы жарыяланды
Түнкүсүн Бишкектин борборунун көрүнүшү. Архив

Бишкектин жарымы жарыксыз калды. Энергетика министринин түшүндүрмөсү 

0
(жаңыланган 22:56 17.06.2021)
Жарык Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунда жана Бишкек шаары менен Токмоктун айрым бөлүктөрүндө өчкөн.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жарык Казакстандын энергосистемасында авариялык кырдаал жаралгандыктан өчтү. Бул тууралуу "Улуттук электр түйүнү" ишканасынын маалымат кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаева билдирди.  

Буга чейин ордо калаанын тургундары соцтармакка жарык өчкөнүн жазышкан. Ал тургай электр жарыгы Жогорку Кеңештин имаратында да жок болгон. Анын себебин энергетика жана өнөр жай министри Доскул Баймурзаев өлкө боюнча жыштыкты жөнгө салуу жабдуусу иштеп кеткени менен түшүндүргөн.  

"Коңшу мамлекетте авария болуп, Токтогул ГЭСи былтыркыдай кырдаалды  жөнгө салды", — деди ал.  

Ишкананын маалымат кызматы саат 19:28те "Л-514 Фрунзенская-Шу" линиясында авария болгонун билдирди.  

"Борбор Азиянын бириктирилген энергосистемасы Казакстандын түндүгүндөгү бирдиктүү энергосистемадан өзүнчө бөлүнүп чыккан. Өлкө боюнча автоматтык түрдө жыштыкты жөнгө салуу жабдуусу иштеп кеткен. Саат 20:26лар чамасында "Фрунзенская-Шу" линиясы транзитке кошулуп, саат 20:55те жарык берилди", — деди Саргашкаева. 

Электр кубаты Чүйдүн Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунда жана Бишкек шаары менен Токмоктун айрым бөлүктөрүндө өчкөн.

0
Белгилер:
себеп, жарык өчүрүү, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Эч кандай энергетикалык кризис жок, өчүрүү да болбойт. Министрлик үн катты
Өчүрүп чык! Электр кубаты үчүн аз акча төлөөнүн 10 жолу