Россияда өтө турчу "Русский мир" фестивалында көк бөрү тартылат

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрү оюну. Архив
Көк бөрү оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Иш-чарага Кыргызстандын атынан бара турчу көк бөрү боюнча команданын курамы азырынча толук бекитиле элек.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Россиянын күнүнө жана Александр Невскийдин 800 жылдыгына арналган "Русский мир" фестивалында кыргыздын көк бөрү оюну болот. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган спорт боюнча улуттук федерациясы билдирди.
Боордош элдердин улуттук спорт жана маданиятын чагылдырган ири иш-чара ушул жылдын 13-июнунда Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында өткөрүлөт. Ага Кыргызстандан бир катар коноктор чакырылган.
"Фестивалга ардактуу конок катары маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Шабданбаев, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Айбек Ажигулов, өлкөнүн Көк бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов, федерациянын башкы катчысы Куват Аскарбеков чакырылган", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандан катыша турган көк бөрү боюнча команданын курамы жакын арада айтылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0