* МОЛДО * НИЯЗ * ТУУРАЛУУ * 10 * ФАКТ *
Араб каллиграфиясы. Архивдик сүрөт

Ырда калган Даткайым. Мударис атыккан Молдо Нияз тууралуу 10 факты

194
(жаңыланган 20:47 05.06.2021)
Молдо Нияз же Молло Нийаз Эрназар уулу өз кезегинин эң билимдүү аалымы жана жазгыч акыны болгон. Анын чыгармачылыгында санат ырлары өзгөчө орунда турат.

Молдо Нияздын башка кыргыз акындарынан айырмачылыгы – анын фарсы, араб жана чагатай тилдерин мыкты билгендиги, ошол тилдерде жаза алгандыгы жана балдарды окуткандыгы, ырларын кол китептер аркылуу окурмандарына тараткандыгы.

Биз бүгүн ошол акын тууралуу 10 факт сунуштайбыз.

Туулган жери, мезгили жана ата-теги. Молдо Нияз Эрназар уулу азыркы бөлүштүрүү боюнча Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Булак кыштагында туулган. Так маалымат болбогону менен 1823-жылы жарык дүйнөгө келген деп айтылып жүрөт. Ичкиликтердин найман уруусунан. Түпкү насилинде эл башкарган бийлер болгон, алар Сүмбүл бий – Дулдул бий – Болот бий – Кочкор бий – Сазан бий – Молдо Рахман – Адыл – Кошон – Кошаалы – Битике. Кошондон – Мырзаян, Куюк, Куюктан – Арык, Эштай, Эрназар, Молдо Пинназар. Эрназардан – Молдо Нияз, Жусупаали жүз баш, Эсенкул, Мамадилла, Абдилла.

Билими. Такыба мусулмандардын чөйрөсүндө өскөн бала жаш чагынан эле айылда исламий адабияттарды окуй баштап, кийин Каратегинге (азыркы Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусу) барып медреседе окуйт. Андан кийин Кашкарда (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шыңжан аймагы) билим алат. Кийин кайра Фергана өрөөнүнө кайтып, Маргалан (азыркы Өзбекстандын Фергана облусу) медресесинде окуусун улантат. Үч жерде (Каратегин, Кашкар, Маргалан) окуу, үч тилди – фарсы, араб, чагатай (эски түрк тилдери) үйрөнүү анын өз мезгилинин өтө илим-билимдүү инсан болуусуна шарт түзгөн.

Билим берүүнү уюштуруучу жана мударис. Маалыматтарга караганда ал акын гана эмес, атайын медресе ачып, балдарды окуткан агартуучу, ислам окуусун таратуучу, Фергана өрөөнүндөгү диний билим берүүнүн уюштуруучусу да болгон. Ал жаш балдарды араб тамгасы менен кыргызча окуткан. Кысык деген жерде Чоң-Кара-Дабанда үңкүрдө (азыр да "Молдо Нияздын үңкүрү" деп аталат) медресе ачканы маалым. Анын дарстары кызыктуу экендигин, чыгыш акындарынын, өзүнүн ырларын окуп бергендигин, ыр үйрөткөндүгүн айтуу менен Молдо Нияздын медресесинин окуткан сабактарынын мазмунун аңдоого болот, алар: араб тили, чыгыш поэзиясы жана акындын өзүнүн ырлары.

Көп жерди кыдырып чыккан. Молдо Нияз өз кызыкчылыгынанбы же атайын тапшырма мененби, же сопучулук агымындагы адамдардын дервишчилик жашоо образын тандаганданбы, айтор, ал көп жерди, көп элди кыдырып көргөн, ошол барган жерлеринен географиялык-климаттык, этнографиялык, фольклордук маалыматтарды, чыгармаларды жыйнаган, өз жазгандарын кол китеп таризине салып элге тараткан. Кашкар, Бухара, Самаркан, Ат-Башы, Жумгал, Каратегин, Өзгөн, Жалал-Абад, азыркыча айтканда, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кыргызстандын, Кытайдын көп жерлерин көргөн.

Санат ырлары. Акындын санат ырларынын негизги булактары — мусулман дининин иштеп чыккан шарияттары. Анын поэзиясы да, оозеки баяндары да динге барып, бардык нерсе ислам идеялары менен чечилген. Чыгармаларынын көбү диний мазмунда, өмүр-өлүм, адеп-ахлак, жамандык-жакшылык, бу дүйнө-тиги дүйнө сыяктуу философиялык-этикалык темаларда болгон. "Молдо Нияздын "Санаттарынын" борбордук мазмунун адам жөнүндөгү, адамдын жүрүм-туруму, адеби, жекече касиет-сапаттары жөнүндөгү акыл-насаат түзөт. Акын адамды "жакшы" – "жаман", "жакшы жигит" – "жаман жигит", "жакшы аял" – "жаман аял" деп так кесе экиге бөлөт, "жакшыны" – "жаманга" карама-каршы коёт", — деп жазып, адабиятчы Кеңешбек Асаналиев (Асаналиев К. Молдо Нияз // китепте: Кыргыз адабияты. 10-класс үчүн окуу китеби. – Б.: 1996. – 11-б.) андан ары оюн мындайча улантат. " ...Молдо Нияздын дүнүйө жөнүндөгү санаты кыргыздын башка акындарынан (төкмө акындарынан да, жазма акындарынан да) айырмаланып турат.

Аялзатын даңаза кылган "Даткайым" деген ыры. Бул ыры акындын өзүнүн тагдыры менен байланыштуу чыгарылган сыяктанат. Акын Хан-Абад, Сузак деген жерлерден өтүп, азыркы Жалал-Абад шаарына Базар-Коргон тараптан түшө бериштеги Топурак-Бел деген чакан белге барганда Максыт миңбашыга жолукканын кеп кылат. Ал мундуз деген урууга караган миң үйлүү айылдардын башчысы экен. Акын ошол кишинин үйүнө кудайы конокпу же чакыртылган конокпу болуп түшөт. Ошондо анын байкаганы төрүндө жата турган жеринде жайнамаз, килем турат, бул болсо ал кишинин динчил да, бай да экенинен кабар берет. Анын аялы тууралуу "Ак шумкар экен салганы, ай жамал сулуу алганы, торала туйгун салганы, төрөлөр кызы айымдай, бир шахардин баасы" дейт. Миң башы кыздарына базарлык алып келет, алар кызыл шуру, чач папик. Мына ошолорго зайыбы Даткайым бир карап койбойт, кол да салбайт. Анын өң-келбетин акын мындай тартат:

Суксур моюн, суу талдай,
Сулуулугун мен билдим.

Сунган бутун жыйбаган,
Улуктугун мен билдим.

Ал жубан "Босого бойлуу, кара чач".

Ак бетинин ортосу,
Анардай кызыл болорбу.

Даткайымдын жамалы,
Ак тамагы ак сүттөй,
Ак бети айдын жүзүндөй,
Көздөрү чилги жүзүмдөй.

Чачы кара кундуздай,
Сааркы чолпон жылдыздай.

Кашы кара пиликтей,
Колдору койун жиликтей.

Султан боюн карасаң,
Суудан чыккан сүлүктөй.

Мына ушинтип отуруп Максыт миңбашынын аялы Даткайымды Алымбектин аялы Курманжанга, Бакыбектин зайыбы Базаржанга, Султанмураттын сулуусу Супсурканга, Ашымбайдын алганы Айшажанга, Ырыскулбектин айтылуу жубайы Канышага салыштырат. Ырда аялзатынын сулуулугу менен акылмандыгы, адеби менен меймандостугу, адамгерчилиги менен сымбаттуулугу тең катар, айкалыштырыла көрсөтүлөт. Чыныгы реалдуу турмушта жашап өткөн аялзатынын реалдуу образы көз алдыбызга келет жана Молдо Нияз жашаган мезгилдеги жигиттердин аялзаты тууралуу эстетикалык, этикалык чен-өлчөмдөрү кандай болгонун аңдап билебиз. Акын Даткайымды сүрөттөө үчүн салыштырууларды чеберчилик менен колдонот.

Тарыхты түшүнүүгө жардам берет. Молдо Нияз өзү жашаган Кокон хандыгынын учурундагы тарыхый окуяларды, тарыхый инсандар Алымкул аталыкты, Курманжан датканы, Полот ханды ырга салган. 1845-1858-жылдардагы Кудаяр хандын кордугунан улам элдин Кашкар тарапка көчүп барышы, ал жактан Жакыпбек бийден көргөн кордуктар, 1864-жылдарда орус аскерлеринин Ташкен, Чымкен чептерин басып алышы, аларга каршы Алымкул аталык баштаган мусулмандардын күрөшү – анын чыгармаларында биографиялык маалыматтар менен коштолуп чагылдырылган. Ал Алымбек датка менен жакшы мамиледе болгон, Оштогу анын медресесинде дарс бергени да, ошол кишинин жиберүүсү менен алайлык, анжиандык, аркалык, кызыл-суулук кыргыздардын арасын кыдырып, этнографиялык, фольклордук, тилдик ж.б. материалдарды жыйнаганы да айтылат.

Ырларынын таралышы жана изилдениши. Ырларын дептер кылып жазып жүргөнү жана көп нускада көчүрүп элге таратканы да уникалдуу көрүнүш. Ондой кол китеби болгону, алардын үчөө гана бизге жеткени маалым. Анын китеби "Молдо Нияз: Санат дигарстар" деген ат менен Омор Соороновдун азыркы тилге оодарышында 1993-жылы жарык көрдү. 1993-жылы ноябрь айында акындын 170 жылдык мааракеси белгиленди. Анын чыгармаларынын тили боюнча Болот Юнусалиев советтик мезгилде эле изилдөө жүргүзгөн, бирок жалпы элге ырларын окутууга тыюу салынган. Себеби анда диний идеялар күчтүү болгон. Ал эң биринчи орунга адамдын адеп-ахлагын алып чыгат. Адамдагы башкы сапат – анын эмгекчилдиги, "Пешене терин шыпырып, пештемей кетмен көтөрүп, азамат чөлдө иштеген" дейт. Жазгыч акын катары Молдо Нияздын Академиянын Кол жазмалар фондунда үч кол китеби жана бир кошок жазылган чоң барак бар. Биринчисин 1962-жылы кызыл-булактык Эрмек деген молдодон Ысык-Көлдөн барган мугалим Камбарбек Сыдыкбаев алып, академик Болот Юнусалиевге өткөргөн. Үчүнчүсүн ошол кездеги УИАнын Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдыганы Эркебаев Чоң-Алайдагы Жайылма кыштагынан Аманилла Азимовдон алып, Кол жазмалар фондуна каттаткан. Молдо Нияздын кол жазмаларын табууда, иргөөдө жана чыгармачылыгын изилдөөдө тилчи Болот Юнусалиев, философ Аскар Какеев, этнограф Тайтөрө Батыркулов, адабиятчылар Омор Сооронов, Абдыганы Эркебаев, Садык Алахан, акын Эгемберди Эрматов чоң эмгек сиңирген.

Элге турмушту, дүйнөнү таанытууга салым кошкон. Молдо Нияз ырларында дүйнө таанытуучулук милдетке өзгөчө маани берет, мисалы, "Ысык-Көл барып балалап, Индустан кетет куш деген" деген саптарда келгин куштар тууралуу маалымат берсе, "Эшекти тажик "хар" деген", "Эчкини тажик "буз" деген, ууруну көрсө "дуз" деген" сыяктуу саптар менен лингвистикалык, "Чынбайдан келет туз деген", "Буудайдын кани Ноокатта" деген саптар менен географиялык билим берип жатат. Анын көрүп-билгендери аябай кенен экендигин төмөнкү саптарынан байкайбыз:

Тыт майиз кани Шайданда.
Илимнин кани Бухарда
Койдун кани Гиссарда.

Хандек өрүк Хушарда (Хучарда)
Гүрүчтүн кани Анжийан
Майиздин кани Наманган.

Парчанин кани Маргалаң
Арчанын жайы тоолордо,
Ылаачын ойнойт зоолордо.

Кара чай жайы Кашкарда
Койдун кани Кочкордо.

Жылкынын жайы Жумгалда
Түлкүнүн жайы Тар-Көлдө.

Молдо Нияздын убагында ушундай кеңири маалыматка ээ болуу үчүн ошончо жерлерди кыдырып көрүү, китептерден окуп билүү зарыл эле. Ал ошондой өзгөчөлүктөргө ээ болгон.

Каза болгон мезгили жана урпактары. Акын 1896-жылы (айрым булактарда 1886, 1898-жылы) өзүнүн туулуп өскөн жеринде каза болгон. Молдо Нияздан балдары экөө: Мырзакул, Раззак. Мырзакулдан үчөө – Жунусаали, Бекмырза, Ташбүбү. Бекмырзадан – Кундуз, Садык, Мойдун, Эсен. Урпактарынын негизги бөлүгү азыр Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында жашап жатат. Акындын ысымы орто мектепке берилген. Адабият жагынан Молдо Нияз атындагы сыйлык уюштурулган.

194
Белгилер:
ыр, акын, медресе, окуу, дин
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (398)
Тема боюнча
Бул аманат дүйнөдө бирөө жүрөт зор болуп... Молдо Нияздын кеп казынасы
Төлөмүш Океев атындагы Кыргызфильм киностудиясы Эшенаалы Арабаев аталышындагы толук метраждуу даректүү-публицистикалык тасма тартылып жатканын билдирди

"Эшенаалы Арабаев" аталышындагы толук метраждуу тасма тартылууда. Сүрөт