"Русский мир" фестивалында көк бөрү мелдеши өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрү беттеши учурунда атчандар. Архив
Көк бөрү беттеши учурунда атчандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Жазылуу
Турнир Кыргызстандын Көк бөрү улуттук федерациясынын эрежеси менен өтөт. Жеңүүчүлөр Чыңгыз Айтматов атындагы кубок жана уюштуруу комитетинин белектери менен сыйланат.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Россияда өтүүчү "Русский мир" фестивалында Чыңгыз Айтматовдун кубогуна арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун улуттук федерациясы билдирди.
Турнир 13-июнда Россия Федерациясынын Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болот. Спорттук иш-чара Россия менен Кыргызстандын кайчылаш жылына арналып, Россия жана Евразия өлкөлөрүнүн элдеринин "Русский мир" дене тарбия фестивалынын алкагында өткөрүлөт.
Мелдештин негизги максаттары:
  • орус-кыргыз мамилесин бекемдөө;
  • Россия күнүн жана улуу князь Александр Невскийдин туулган күнүн майрамдоо;
  • Кыргыздын улуу жазуучусу, Социалисттик эмгектин баатыры Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу;
  • Евразиядагы көчмөн элдеринин нукура улуттук спорту катары көк бөрү оюнун жайылтуу.
 Санкт-Петербург шаарынын Мамлекеттик кино жана телевидение институтунда көрүнүктүү режиссер Төлөмүш Океевдин бюсту орнотулуп, ачылыш салтанаты болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Санкт-Петербургдагы окуу жайга Төлөмүш Океевдин бюсту орнотулду. Сүрөт
Эл аралык мелдешти Спортту жана тынчтыктын маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча региондор аралык коомдук фонду, Россиянын Элдер ассамблеясы жана Кыргызстандын Көк бөрү улуттук федерациясы уюштуруп өткөрөт.
Эскерте кетсек, мелдеш Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын эрежеси менен өтөт.
Жеңүүчүлөр Чыңгыз Айтматов атындагы кубок жана уюштуруу комитетинин белектери менен сыйланат. Ал эми катышуучуларга эстелик белек берилет.
Жаңылыктар түрмөгү
0