Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземи

Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форуму жыйынтыкталды

90
(жаңыланган 10:44 10.06.2021)
Президент Айтматовдун өмүр жолу, адабий мурасы, айткан акыл сөзү, даанышман ойлору терең изилдөөнү талап кылган эбегейсиз руханий байлык экенин белгилеген.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 9-июнда Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чара эки мамлекеттин гимндери менен башталып, андан соң форумдун катышуучуларына Айтматовдун чыгармачылыгы жана анын дүйнөлүк маданият менен адабиятты өнүктүрүүдөгү ролу жөнүндө видеоролик көрсөтүлгөн.

  • Церемония закрытия IV Международного Иссык-Кульского форума имени Чынгыза Айтматова, который проходил в г. Анкара. 09 июня 2021 года
    Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Садыр Жапаров и президент Турции Реджеп Тайип Эрдоган приняли участие в церемонии закрытия IV Международного Иссык-Кульского форума имени Чынгыза Айтматова, который проходил в г. Анкара. 09 июня 2021 года
    Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Садыр Жапаров принял участие в церемонии закрытия IV Международного Иссык-Кульского форума имени Чынгыза Айтматова, который проходил в г. Анкара. 09 июня 2021 года
    Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Гости церемонии закрытия IV Международного Иссык-Кульского форума имени Чынгыза Айтматова, который проходил в г. Анкара. 09 июня 2021 года
    Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Турции Реджеп Тайип Эрдоган принял участие в церемонии закрытия IV Международного Иссык-Кульского форума имени Чынгыза Айтматова, который проходил в г. Анкара. 09 июня 2021 года
    Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Церемония закрытия IV Международного Иссык-Кульского форума имени Чынгыза Айтматова, который проходил в г. Анкара. 09 июня 2021 года
    Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Садыр Жапаров и президент Турции Реджеп Тайип Эрдоган приняли участие в церемонии закрытия IV Международного Иссык-Кульского форума имени Чынгыза Айтматова, который проходил в г. Анкара. 09 июня 2021 года
    Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 7
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземи

Мамлекет башчы Садыр Жапаров түрк элине жана Режеп Тайип Эрдоганга залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумун уюштургандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

"Айтматовдун адабий аренада жарк этип жаралуусу беш континенттин миллиондогон окурмандарын таң калтырды. Кыргыз элинен бүткүл түрк тилдүү дүйнөнүн кадыр-баркын көтөргөн таланттуу жазуучунун чыкканы күтүүсүз болду. Ал XX кылымда Орто Азия республикаларынын тарыхында болуп көрбөгөндөй секирик жасаган. Жазуучунун дагы бир сабагы — Ак илбирс Жаабарс, бөрү эне Акбаранын образдары, Арал деңизи, мөңгүлөр аркылуу туюнтулган экологиялык проблема. Айтматов — планетардык аң-сезимге салым кошкон адам. Түрк элдеринин улуу жазуучусунун ойлору түбөлүк даңазаланууга татыктуу", — деди өлкө башчы.

Президент жазуучунун өмүр жолу, адабий мурасы, айткан акыл сөзү, даанышман ойлору терең изилдөөнү талап кылган эбегейсиз руханий байлык экенин белгилеген. Жапаров президенттик кызматка расмий киришкенден кийин биринчи эле "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыкка кол койгондугуна токтолду.

"Айтматов жар салгандай, адамзаттык баалуулуктар кайсы бир этникалык жана улуттук кызыкчылыктардан жогору турат. Ал эми акыл-эстүү адамдын жаратмандык күчү тынчтыкка жол ачат. Ошол эле учурда адамзат цивилизациясынын өнүгүшүндө улуттук маданияттын ролу үстөмдүк кылат. Бир эле тил, бир эле маданият жок болсо, дүйнөнүн боёгу өчө түшөт, бир жери кемийт. Көп түрдүүлүктү сактоо көп кырдуу жана бирдиктүү аракеттерди талап кылат", — деген Жапаров.

Мамлекет башчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнө элинин улуттук оюндарын, каада-салтын сыймык менен ааламга таркатуучу аянтчага айлангандыгын белгилеп, аны уюштуруу көчмөндөр цивилизациясынын маданий мурасынын маанилүү бөлүгүн сактап калууга жасалган аракет экенин кошумчалаган. Ал кийинки жылы Түркияда өткөрүлүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ийгилик каалаган.

90
Белгилер:
форум, Чыңгыз Айтматов, Режеп Тайип Эрдоган, Садыр Жапаров
Тема:
Садыр Жапаровдун Түркияга расмий сапары (24)
Тема боюнча
Жапаров Эрдоган экөө Анкарадагы Кыргызстанга арналган сүрөт көргөзмөсүн ачышты
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

23
(жаңыланган 18:05 14.06.2021)
Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков соңку учурда манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилгенин белгиледи.

Манасчылык мектебин ачуу менен эпостогу коошпостуктар жөнгө салынат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

Анын айтымында, буга чейин манасчылык боюнча жалгыз Тыныбек Жапый уулунун гана мектеби болгон.

"Мектептерде "Манас таануу" сабагы кирип жатканына карабастан манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилди. Тарыхта манасчылык боюнча бир эле мектеп болгон. Ал чоң манасчы Тыныбек Жапый уулунуку. Маселен, Сагынбай Орозбаков, Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахманов), Молдобасан Бусурманкулов, Байбагыш, Деңизбай сындуу залкар манасчылар ошол мектептен өткөндүктөн, алардын "Манасында" эпостун окуясы системалуу түрдө, иреттүү, көркөм берилген. Мектептен таалим алгандар менен андан өтпөгөн манасчылардын варианты кескин айырмаланат. Бул манасчылык деңгээлдин көтөрүлүшүнө таасирин тийгизип, кийинки муунга көркөм, бай варианттагы эпосту калтырат. Албетте, ар кимдин өзүнүн варианты бар. Маселен "Манастын" — 80, "Семетейдин" 50гө чукул, "Сейтектин" 23төй варианты айтылып жүрөт. Ушулардын ар биринин сюжетинде айырмачылык бар. Эл кайсынысын кабылдап, кимисиникин туура деши керек? Бул бир мектептен окубагандыктан улам келип чыгууда. Мына ушул кемчиликти жоюп, системалуу түрдө иш алып баруу үчүн манасчылык мектебин ачуу мерчемделүүдө", — деди Талантбеков.

Ошондой эле мектептен окууну каалагандар азыртадан даярдык көрүп баштоосу керектигин кошумчалады.

23
Белгилер:
эпос, мектеп, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Манасчы Баянгали Алимжанов үчилтикти бириктирип казак тилинде китеп чыгарды
Душанбе шаары, Тажикстан. Архив

Душанбеде ШКУнун 20 жылдыгына карата кинофестиваль өтөт

73
Фестивалдын алкагында Кыргызстан баш болгон уюмга мүчө сегиз өлкөнүн жана байкоочу макамындагы алты мамлекеттин фильмдери көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Душанбе шаарында 29-июндан тарта 2-июлга чейин Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин арасында көркөм жана телефильмдердин фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондунан кабарлашты.

Фестивалдын алкагында Кыргызстан баш болгон уюмга мүчө сегиз өлкөнүн жана байкоочу макамындагы алты мамлекеттин фильмдери көрсөтүлөт. Жеңүүчүлөргө "Алтын чабалекей" сыйлыгы жана дипломдор ыйгарылат.

Кыргызстандын атынан кайсы тасма көрсөтүлөрү айтыла элек.

Эске салсак, ушул жылдын 15-июнь күнү бирикменин түзүлгөнүнө 20 жыл толот. Буга байланыштуу ар кандай саясий жана маданий иш-чараларды өткөрүү пландалган.

73
Белгилер:
тасма, фестиваль, ШКУ, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Байге фонду миллион сомдук республикалык айтыш сынагы өтөт
Кыргыздын "Шамбала" тасмасы Испаниядагы кинофестивалга катышат
Бишкек шаары. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

0
15-июнга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз кээ бир райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас өрөөнүндө +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарында +18…+23 градуска жогорулайт.

Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +32…+34 градуска жетет.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы