Кыргызстанда Россия күнүнүн урматына ачык асман алдында концерт өтөт

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүРоссиянын желеги. Архив
Россиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Жазылуу
Майрамдын уюштуруучулары салтанат Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көлдүн айрым айылдарында өтөрүн белгилеп, тургундарды катышууга чакырды.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргызстанда Россиянын күнүнүн урматына ачык асман алдында концерт өтөт. Бул тууралуу Россия элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эпидемиологиялык абалга байланыштуу бардык салтанат таза абада, Бишкекте жана өлкөнүн башка аймактарында да болот.
Программада орус элдик ырларын жана бийлерин аткарган чыгармачыл топтордун концерттери, оюндар, балдар жана чоңдор үчүн викториналар, жеңүүчүлөрүнө эстелик сыйлыктар каралган. Орус тамактарынан даам татуу, Россия элдеринин кол өнөрчүлүк искусствосунун көргөзмөлөрү жана башкалар бар.
Бишкектин тургундары үчүн программа:
  • 10:00дөн 12:00гө чейин — Россия элдик ырлары жана бийлери камтылган майрамдык концерт;
  • 11:00 — "Россиянын даамдуу тамактары" аттуу гастрономиялык фестиваль;
  • 13:45 — "Жыл мезгилдери" (Санкт-Петербург) жана "Орус көйнөгү" (Бишкек) деп аталган кийимдердин коллекциясы көрсөтүлөт;
  • 14:15 – 15:30 — интерактивдүү интермедия, орус жомокторунун негизинде балдар үчүн конкурс;
  • 16:00 — "Орус адабиятынын барактары менен" квести, чыгармачылык мастер-класстар жана викториналар.
Бардык иш-чаралар Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында өтөт.
Каракол шаарында (Ысык-Көл):
  • 16:00 — Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта чыгармачыл коллективдердин "Россия күнү менен!" концерти.
Чүй облусунда:
  • 10:00 — Кара-Балта шаарындагы Ленин атындагы маданият үйүндө чыгармачыл топтордун "Биз — элбиз! Биз бир үй-бүлөбүз!" концерти;
  • 15:00, Кант шаарындагы Абдраимов, 74 дарегинде чыгармачыл топтордун "Мен сени сүйөм, Россия..." концерти;
  • 12:00 — Панфилов айылындагы А.Осмонов атындагы аянтта чыгармачыл топтордун "Орус жүрөгү" концерти;
  • 11:00 — Красная Речка айылындагы маданият үйүндө чыгармачыл топтордун "Мен сени сүйөм, Россия..." концерти;
  • 13:00 — Дмитриевка айылындагы маданият үйүндө чыгармачыл топтордун "Мен сени сүйөм, Россия..." концерти.
Уюштуруучулар бардык каалоочуларды элдик майрамга чакырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0