Душанбеде ШКУнун 20 жылдыгына карата кинофестиваль өтөт

© AP Photo / Olga TutubalinaДушанбе шаары, Тажикстан. Архив
Душанбе шаары, Тажикстан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Жазылуу
Фестивалдын алкагында Кыргызстан баш болгон уюмга мүчө сегиз өлкөнүн жана байкоочу макамындагы алты мамлекеттин фильмдери көрсөтүлөт.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Душанбе шаарында 29-июндан тарта 2-июлга чейин Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин арасында көркөм жана телефильмдердин фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондунан кабарлашты.
Акыркы көч тасмасынын режиссёрлору Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу актер Марат Алышпаев менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
"Акыркы көч" тасмасы эл аралык Азия фестивалында ат салышып жатат
Кыргызстандын атынан кайсы тасма көрсөтүлөрү айтыла элек.
Эске салсак, ушул жылдын 15-июнь күнү бирикменин түзүлгөнүнө 20 жыл толот. Буга байланыштуу ар кандай саясий жана маданий иш-чараларды өткөрүү пландалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0