Жашына эмес, жарк эткен эмгегине карайт. Токтогул сыйлыгы тууралуу 6 факты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТоктогул атындагы мамлекеттик сыйлык. Архив
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Жазылуу
Мындан 56 жыл мурун Кыргыз ССРинде Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык негизделген. Узак тарыхы бар сыйлык азыркыга чейин кадырлуу болуп эсептелет.
Sputnik Кыргызстан агенттиги көп жылдан бери берилип келе жаткан наам тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Лауреаттар 2500 рубль алчу

Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитети жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин токтому менен 1965-жылы 16-июнда Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлык негизделген. Ал кыргыз адабиятын, искусствосун өнүктүрүп, адабият, музыка, искусство, театр жана кино жаатындагы көркөм чыгармаларды жараткандарга берилген. Эки жылдан кийин аны биринчилерден болуп "Абийир кечирбейт", "Сүйүү жана үмүт" пьесалары үчүн драматург Токтоболот Абдумомунов, "Чабандар" жана "Ысык-Көл — кыргыз деңизи" сүрөтүн тарткан Гапар Айтиев, "Мураталы Куренкеев" китебин жазган музыка таануучу Виктор Виноградов, "Таң алдында" романы үчүн Аалы Токомбаев, театрда "Атанын тагдыры" спектаклинде Акылбектин, "Король Лирде" Лирдин ролдорун аткарган Муратбек Рыскулов алган. Анда лауреаттардын ар бири 2500 рублден акчалай сыйлык алчу.

Татыктуулар тагынган

Аскердик машыгууда жоокерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Катардагы жоокер, ефрейтор, прапорщик. Мамлекеттик сыйлыкка татыгандардын тизмеси
1970-жылы "Асель" балетинде Аселдин ролун аткарган Бүбүсара Бейшеналиева, Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында коюлган "Манас" операсынын музыкасын жазган Абдылас Малдыбаев, "Семья" спектаклиндеги Мария Александровнанын, "Горе от ума" спектаклиндеги Софиянын, "Саманчынын жолу" тасмасында Толгонайдын ролун аткарган Бакен Кыдыкеева лауреат болгон.
Кийин ага дирижер Асанкан Жумакматов, кинорежиссер Төлөмүш Океев, композитор Жумамүдүн Шералиев, Мукаш Абдраев, комузчу Самара Токтакунова, сүрөтчү Семен Чуйков, жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Бексултан Жакиев, Абдрасул Токтомушев, Өскөн Даникеев, Насирдин Байтемиров, акындардан Жолон Мамытов, Майрамкан Абылкасымова, актерлор Даркүл Күйүкова, Жамал Сейдакматова, Сүймөнкул Чокморов, театр режиссеру Жалил Абдыкадыров, скульптор Тургунбай Садыков, опера ырчылар Токтоналы Сейталиев, Болот Миңжылкыев татыган. Союз маалында жалпы 52 чыгармачыл инсанга берилген.
© Фото / пресс-служба правительства КРТоктогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлык Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитети жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин токтому менен 1965-жылы 16-июнда негизделген
 Государственная премия Кыргызской Республики имени Токтогула  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлык Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитети жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин токтому менен 1965-жылы 16-июнда негизделген

Кайра жанданган сыйлык

Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин өкмөттүн токтому менен аталган сыйлык 1995-жылы "Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы" деп кайрадан түзүлгөн. Аны поэзия, проза, драматургия, көркөм публицистика, музыка, кино, скульптура, архитектура, театр, радио жана телечыгармалардын авторлоруна берүү чечилген. Ошентип 1989-жылдан тарта берилбей келген сыйлык 1997-жылдан баштап кайра ыйгарылып, "Теңири Манас" романы үчүн Ашым Жакыпбеков, аткаруучу Керим Турапов менен төкмө акын Замирбек Үсөнбаев алган. 1997-жылдан бери 45 инсанга жана эки чыгармачыл жамаатка берилген. Алардын арасында композитор Муратбек Бегалиев, акын Сооронбай Жусуев, жазуучулар Төлөгөн Касымбеков, Кеңеш Жусупов, Казат Акматов, Султан Раев, акындар Эсенгул Ибраев, Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүрканов, Акбар Рыскулов, режиссер Актан Абдыкалыков, Садык Шер-Нияз, оператор Хасан Кыдыралиев, сүрөтчү Юристанбек Шыгаев, ырчы Анарбек Ибраев, Саламат Садыкова, Роза Аманова, скульптор Виктор Шестопал, "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли, Нурдин Тугелов атындагы "Акмарал" мамлекеттик бий ансамбли бар.

Сыйлык ээлерин тандоо

Аталган сыйлыкка мамлекеттик орган, коомдук уюм, кесиптик кошуун, илимий мекеме, жогорку окуу жай, редакциялык жамааттар өз талапкерлерин көрсөтө алат. Жаш курагы жагынан аларга эч кандай чектөө жок, эмгек стажысы, тажрыйбасы эсептелбейт. Тандоо туруна эски эмгектер, чыгармалар, толук бүтө элек же коомчулуктун назарына сунуштала элек курулуш, скульптура, спектакль, кинофильм, концерттик программалар кабыл алынбайт. Лауреаттарды аныктоодо авторлордун эстетикалык жана тарбиялык мааниси күчтүү, коомго кеңири таанылган мыкты чыгармалары эске алынат.
© Фото / пресс-служба правительства КРӨлкө эгемендүүлүк алгандан кийин өкмөттүн токтому менен аталган сыйлык 1995-жылы "Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы" деп кайрадан түзүлгөн.
 Государственная премия Кыргызской Республики имени Токтогула  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин өкмөттүн токтому менен аталган сыйлык 1995-жылы "Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы" деп кайрадан түзүлгөн.

Үч жылда бир берилет

Аталган сыйлык үч жылда бир жолу берилип келет. Эгер талапкер көзү тирүү кезинде сыйлыкка көрсөтүлүп, тапшырууга чейин кайтыш болуп калса деле берилет. Сыйлык ээлерин өкмөттүн алдында түзүлгөн комитет тандайт. Анын курамына адабият, музыка, театр, балет, көркөм өнөр, кинематогафия, илим тармактарында узак убакыттан бери иштеп келе жаткан 25 чыгармачыл инсан, окумуштуу кирет.

Өкмөт башчысы тапшырчу

Баатыр Эне ордени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Быйыл 1 335 эне президенттин колунан сыйлык алат

Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байытууга салым кошкондор "Кыргыз Республикасынын адабият, көркөм өнөр жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты" деген наам ыйгарылат. Буга чейин аларга өкмөт башчысы 100 миң сом, диплом, ардак белги жана лауреаттын күбөлүгүн берип келген. КРдин мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгарууну жөнгө салган документтерге ылайык, Токтогул сыйлыгы мамлекеттик сыйлык системасына кирбейт жана аны алгандарга эч кандай жеңилдик, артыкчылыктар каралган эмес. Наам буга чейин өкмөттүн карамагында болуп келген, азыркы маалда президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссияга өткөрүү аракеттери жүрүп жатат.

Өкмөттүн аталган сыйлык жөнүндөгү жобосунда "Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээсинин ардак белгиси көкүрөктүн оң жагына ордендер менен медалдардан, чет мамлекеттердин бардык ардак белгилеринен өйдө тагылат" деп жазылып турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0