Коргол Досу уулу тууралуу 12 факт. Ашыктык ырларын туздап ырдаган торгой

Комузчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2021
Жазылуу
Кетмен-Төбө жеринен чыккан Коргол Досу уулунан кыргыз маданиятына түбөлүк мурас болуп "Акбакай" сыяктуу күүлөрү калды, анын оозунан улуу Токтогул устатынын көптөгөн ырлары жазылып алынды.
Комузда черткен күүлөрү менен элдин черин жазган, күлкү-тамашалары менен отургандардын көңүлүн тапкан, улуу муундагы төкмөлөрдүн соңку өкүлү болгон Коргол акын тууралуу бүгүн 12 фактыны сунуштайбыз.
Туулган жери, мезгили жана ата-теги. Коргол Досу уулу өзү менен теңтайлаш ырчы Калык Акы уулунун айтуусунда, 1882-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү азыркы Чолпон-Ата айылынын жогору жагындагы Ак-Булак деген жердин Айыкты деген жайыгында, Назардын кыштоосунда туулган. Атасы Досу кыштоодогу алакандай жерге таруу сээп, дыйканчылык кылган, тоого аңчылыкка чыккан адам экен. Аны менен бирге эле комуз чаап, комузду мыкты чертсе, энеси Үпөл да таанымал кошокчу болгон.
Ысымынын сыры. Жети кыз жана Суранбай деген жалгыз уул төрөгөн Үпөл элүүгө чамалап калганда кош бойлуу болот. "Ушундай улуу катын да төрөйбү" деген айың кептен корунуп, кой короого кирип эркек бала төрөгөндө кызыл эт наристеге коргол жабышып калыптыр. Негизи бул баланы Суранбайга шерик болсун деп суранып жүрүп тапкан үчүн ага Суранчы деген ысым ыйгарышат. Бирок жанагы окуядан улам Суранчы аты аталбай, Коргол деп калышыптыр.
Церемония открытия памятника акыну Арстанбеку Буйлаш уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2021
Заманың келди жакындап, тайган иттей такымдап. Олуя акын Арстанбек тууралуу 13 факты
Токтобек-Сайды турак кылганда. Айрым булактарда Корголдун 1890-жылы азыркы Аксы районуна караган Нарын дарыясынын боюндагы Кара-Көл шаарына жакын Токтобек-Сай айылында туулгандыгы айтылып келет. Чынында бул жерге кийинчерээк эле агасы Суранбайдын артынан барышкан. Азыр суу амбар курулуп Нарындын арыгы алабында калган бул айыл аз гана эл жашаган жатакчылардын жери болгон.
Өнөр жолуна түшүүсү. Атасы Досу "Кер толгоо", "Кара өзгөй", "Кызыл чымчык", "Сары барпы", "Каракаш торгой" ж.б. күүлөрдү чертчү экен. Баласына комуздун башын карматып үйрөтүп жүрүп, мыкты комузчу болоруна көзү жеткенден кийин тууганчылык жайы бар атактуу Ныязаалы (Борошов) комузчуга – Аксынын Тегенесине жеткирип берет. Бир жылдай залкар комузчунун эшигинде жүрүп, ээрчип элге чыгып өнөр үйрөнөт, "Арсар күү" сыяктуу залкар күүлөрдү чертет. Ошол Аксыда Сейилкандын ашында элге ырдап көрүнөт да, Коргол аты менен дайыны угулат.
Эркек акындарды жүдөткөн Айчүрөк ырчынын айласын табат. Кийин ата-энесинен айрылып, кайра Кетмен-Төбөгө көчүп келет. Ошол чөлкөмдө даңазасы таш жарып турган атактуу Керимбай энесине аш берет. Ошол ашка Айчүрөк деген ырчы аял келип, ар кимди кордоп, ыплас сөздөрдү айтып, деги бирөөсүнө жеңилип бербейт. Ныязаалы, Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет, Жаңыбай, Курман, Кулуке, Калык болуп айлалары кетет. Бул аялга бир тең келсе Коргол тең келет деп, жамы ырчылар аны жарышка салат. Ошондо жаш Коргол чечендиги, таамай сөз тапкычтыгы, какшыгы, шакабасы менен Айчүрөк ырчынын шаштысын алып, эл көзүнө дагы бир көрүнөт.
Токтогул Сатылгановдун эң жакын шакирти болгон. Коргол жаш чагынан эле Токтогул акынды ээрчип, аш-тойго бирге барып жүргөн. Андан "Курманбек", "Жаныш-Байыш", "Кедейкан", "Нуржан" дастандарын, "Кыз кербез", "Шыңгырама", "Терс кайрыш" ж.б. күүлөрүн үйрөнүп, жогорку чеберчилик менен аткарган. Эгер биринчи устаты Ныязаалы болсо, кийинки устаты Токтогул болуп, аны менен 17 жыл ээрчишип жүрөт, "Токтогул коруш болду сөзүмө, кош айнек болду көзүмө", "Токомдун жүрүп артынан, торгой болдум таңшыган" деп өз өмүрүндөгү анын ролун өзгөчө баалайт. Токтогул Сатылгановдун көзү өткөн соң анын көптөгөн чыгармалары ушул Коргол ырчынын оозунан жазылып алынган.
Арабская каллиграфия - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Ырда калган Даткайым. Мударис атыккан Молдо Нияз тууралуу 10 факты
Угузуу ырларынын классикалык үлгүсүн жараткан. Жамандыкты, анын ичинен өлүмдү ыр менен угузуунун өзүнчө аткарылуу учуру, өзүнчө салты болот. Токтогул акын Сибирь сүргүнүнөн келгенде аялы кетип, энесинин көзү көрбөй калып, жалгыз баласы Топчубай каза тапкан эле. Мына ушулардын ичинен уулунун өлгөнүн угузуу элге кыйын турду. Аны үчүн аксакалдар атайын бирөөнү дайындайт. Бул жолу мындай милдет Коргол ырчыга жүктөлөт. Коргол ал кезде элге алынып, таланты ташкындап турган кези экен. Ал киши психологиялык жактан адамды жаман кабар угууга даярдап, анан акындын өтө оор кайгысын жумшартып, ырдын күчү менен кайманалап, комуз менен туюндуруп угузушу керек эле. Мындай ишке баруу ар кимдин эле колунан келе бербейт, эл мындай тапшырманы да ар кимге бере бербейт. Коргол ырда балп этип эле "балаң өлдү" деп айтып салбайт. Ал салтта жок. А түгүл "өлдү", "өлүм" деген сөздөрдү да колдонбойт. Адегенде мындай деп учурашат:
Айталы сизге саламды,
Эшендер кылган жаңжалда,
Ак жеринен кармалып,
Айдоого кетти дечү эле.
Булбул үндүү, куш тилдүү,
Айнегим, Током, аманбы?
Андан ары Токтогулдун түрмөдө кандай азап тартканын айтуу менен анын көңүлүн алат, ички дартын бөлүшөт. Зар болгонун, сары оору кесел дал болгонун, кайран жандын кор болгонун айтып, заманды "жапасы күчтүү" деп айыптайт. Ушинтип айланып-айланып келип, анан айтар сөздүн ток этер жерине өтөт:
Сен алыстан келгенче,
Амандашып көргөнчө,
Ноктолуу башта бир өлүм,
Токо, аткардык жалгыз балаңды…
Карабайсыңарбы, "ноктолуу баш" — демек, башты бирөө ноктолоп, жетелеп жүрөт, ошонун ыгы менен болот. Андан ары кайра башка сөздөр, синтаксистик параллелизм ыкмасы менен дагы учурашат, дагы жалпы абалды айтат, анан кайра угузууга келет:
Калайлуу туур башынан,
Кайгылуу өлүм касынан,
Токо, качырдык жалгыз балаңды!
Андан кийинки куплеттердин аягы:
Аркаңда жалгыз Топчубай,
Аткардык жалган дүйнөдөн!..
...Перзентиң жалгыз Топчубай,
Бегене болгон дүйнөдөн...
Коргол бул дүйнө, өлүм-өмүр тууралуу атам замандан келе жаткан кыргыз философиясынын ойлорун ортого салат:
Учук өтпөс ийнеден,
Уулуң жалгыз Топчубай,
Убайым болбо, кейибе,
Учурдук жалган дүйнөдөн.
Жибек өтпөс ийнеден,
Жибердик жалган дүйнөдөн…
Карагыла, бул дүйнө кандай дүйнө? "Учук өтпөс ийнедей", "жибек өтпөс ийнедей"! Бул жөн гана кийинки саптарга уйкаштык үчүн колдонулган салыштыруу эмес, бул дүйнөнүн тардыгы, ааламдын койнунда адамдын эч нерсеге алы жетпес чабалдыгы тууралуу айтып, акындын дилин жумшартууга кылынган далалат, алгачкы чалгын, жамандык менен амандыкты катар коюу. Ошон үчүн эмне кылуу керек:
Түздөгү коңур салкынча,
Жаркыра күмүш, алтынча,
Муунуңду бошотуп,
Жалпы агайын эл турса,
Жашыба жаман адамча.
Ырас, Топчубай булбул эле, күкүк эле, канат эле, эми ал "мусапыр сапар жол кеткен", "күн тийбес сапар жол кеткен", "караңгы сапар жол кеткен". Мына ушундай этикалык эрежелер менен Коргол өлүм кабарын угузат. Коргол угузуу формасын жогорку деңгээлде кемелине келтирип берет. Бул угузуу – салттуу угузуу Токтогул үчүн оор эле. Ырга ыр менен, ый менен жооп берет.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кырчын капчыгайында театрлаштырылган көрсөтүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Калыгул Бай уулу жөнүндө 13 факты. Аркасында жалы, көзүндө калы менен туулган олуя
Жоомарт Бөкөнбаев Коргол жөнүндө. Жоомарт Бөкөнбаев 1938-жылы 11-августта "Кызыл Кыргызстан" гезитине "Токтогул жана Коргол" деген макаласын жарыялайт. Анда Коргол Токтогулдун окуучусу экенин, экинчи жолу кармалып, Наманганга полиция айдап кетип жатканда устатынан калбай көп жерге чейин ээрчип барганын баяндайт. Анда жаш экенин, ошол камактан бошоп келген соң Токтогул аны жанына ээрчитип жүрүп өнөрүн үйрөткөнүн айтып берет. Атасы Досу эки гана эчкилүү кедей экенин, чөп чаап, орок оруп жүргөндүктөн "Ороо башы Досу" атыкканын баяндайт. Окурмандарга Корголдун кырк тогуз жашта экенин, "Кошмо" колхозуна мүчө экендигин да айтып берет. Коргол бир гана Токтогулдун эмес, Жеңижок, Эшмамбет ж.б. ырчылардын ырларын, күүлөрүн биле тургандыгын, бирок алары жазылып алынбаганын айтып, Кетмен-Төбөдөгү өкмөттүк уюмдар ал кишиге шарт түзүшү, материалдык жардам көрсөтүшү, билгендерин толук жаздырышы керек деп тапшырма берет.
Кеңеш бийлигин орнотууга жардам берген. 1917-1922-жылдарда даңазалуу большевик, ыктыярдуу отряддын командири Арстаналы Осмонбековдун аскерлеринин курамына да кирип, эски бийлик өкүлдөрүн жаңы бийликке киргизүү үчүн аракет кылган. Колхоз курулганда "Кызыл партизан" колхозуна мүчө болгон. Кетмен-Төбө менен Кара-Көл ортосундагы жолдун салынышына катышкан, 1929-жылы Узун-Акмат суусунун боюндагы Кошмо колхозуна кирген.
Фрунзеде жашабай койгон. Жер-жерлерден таланттуу адамдарды алып келип, аларды филармония, театр сыяктуу жайларга жайгаштырып жумуш берип жатканда Корголго да бир нече жолу кайрылышат, ал борборго барып да көрөт. Ошондо эркин ырдап, эркиндикке көнүп калган акынга ар кыл саясатташкан репертуар таңуулай беришкен көрүнөт, анан саясий окууларга да катыштырса керек го, айтор, акыры жадаганда:
Сталинчил акынбыз,
Сталинге жакынбыз.
Сталин деп жатырбыз,
Ушул турган баарыбыз,
Сталинге катынбыз, — деп Кетмен-Төбөсүнө кетип калыптыр да, калган өмүрүн айылда эт жеп, бозо ичип, келин-кыздар менен дуулдап өткөрүптүр. Бирок да Калык, Алымкул, Осмонкул, Ысмайыл сыяктуу акындарды көргөндө алардын ырдаганына, китептери чыгып атканына суктана карачу экен. "Мен акыны болдум айылда, аял менен баланын", "кошулбай жүрүп картайдым, комузчу, ырчы, шайырга" деп арман кылып ырдап калчу экен.
Карга акенин (Карга Мендегул уулу) Дархан айылындагы айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Карга аке тууралуу 14 факты. Чачкын болсок чачылабыз, бир балээге кабылабыз
Чыгармачылыктагы өзгөчөлүк. Коргол Досу уулу көп кырдуу талант, ашыглык ырларын аябай туздап ырдаган, ырлары куйкум сөзгө бай, комузду кыймыл-аракет менен коштой черткен, чындыкты өткүр тили менен бетке айтып ырдаган, мактоо, кордоо, учурашуу айтыштарынын чебери болгон. Ал Тууганбай Абдиев, Алтымыш Мундузбаев сыяктуу таанымал өнөрпоздорду, Актан, Кади, Качкынбек деген анчалык аты угула бербеген таланттарды тарбиялап чыгарган. Өмүрүнүн күзү жакындап келгенде карылык темасына көп кайрылган, ошол чакта анын кудай жолуна түшүп, намаз окуп жүргөнүн айтышат.
Корголго көрсөтүлгөн сыйлар жана урматтоолор. 1936-жылы Коргол ырчыны эл чыгармачылыгынын биринчи олимпиадасына катыштырып, ырчы жана комузчу катары сыйлык беришкен. 1940-жылы аны Фрунзеге Токтогул Сатылгановдун мурастарын жазып алууга чакырышкан. 1993-жылы чыгармалары жыйналып, "Коргол" аттуу китеп чыгарылган, 2015-жылы анын туулган күнүнүн 125 жылдыгынын урматына почта маркасын чыгарышкан. Токтогул районунда акындын үй-музейи ачылган. Анын "Дүнүйө" деген санат ырын, "Көлөч" ("Кепич жоголгондо") жана "Тер-Жайдактагы тамаша" деген сатиралык ырларын, "Акбакай" күүсүн ааламдык интернет желелеринен ушул тапта дүйнөнүн кайсыл бурчунда болсоңуз да ырахаттанып уга аласыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0