Бала-чакасы менен айлап гастролдогон актёрлор. Нарында тартылган таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Тоодогу чабандарга концерт коюп барган Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын артисттеринин сүрөтү 1971-жылдын декабрь айында тартылган. Анда ырдап, бийлеп, музыкалык аспаптарда ойногон чыгармачыл инсандарды жана аларга көз салган малчыларды көрүүгө болот.

Ошол кезеңди Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Кеңеш Курманалиева мындайча эскерет:

"Ал жылдары Нарын театры республикадагы күчтүү делген чыгармачыл жамааттардын бири эле. Биз үй бетин көрбөй алты айга чейин гастролдоп кетип, Москва, Алматы, Тбилисиге чейин концерт коюп, фестивалдарга катышчубуз. Келиндер эмчектеги балдарыбызды жаныбызга алып алар элек. Кээде бизди көргөндөр тамашалап "быйыл артисттер укмуш төлдөгөн экен" деп коюшчу. Ымыркайларыбызга кезектешип буламык жасап, сахнага роль ойногону чыгыш керек болсо, бири-бирибиздин балдарыбызды кармап турчубуз. Чоңоюп калганда менин уул-кыздарымды апам бакты. Ошондон улам мен театрдан калган жокмун. Абышкам Бакирдин Алиев экөөбүз да театрдан табышып, Нарында эле 31 жыл иштедик, ойнобогон ролубуз, аткарбаган ырларыбыз калган эмес. Чыгармачылык менен жүрүп, үч уул, эки кызды өстүрдүк. Бир жолу режиссёр Төлөмүш Океев биздин жашообузду өз көзү менен көрүп сценарий жазып, Бекеш Абдылдаев даректүү тасма тарткан. Ошол убакта "Нарын жылдыздары" деп калың элге жакшы таанылып калганбыз", — деди Курманалиева.

Тапанча көтөргөн СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, анын жанында калпакчан экинчи оператор Аскар Жамгырчинов менен КРдин эл артисти, оператор Манасбек Мусаев жана оператордун ассистенти Самиджан Хусанбаевдин сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Ак-Суу капчыгайында тартылган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Мүнөзү оор, ишке так Болот Шамшиев. "Ак кемедеги" таберик сүрөт
Азыр театр ардагери Кеңеш Курманалиева 85 жашта. Пенсия курагындагы актриса азыр дагы Бишкектеги Жаш көрүүчүлөр театрында иштеп, тасмаларга да тартылып келет.

Эске сала кетсек, Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры 1939-жылы түзүлүп, өз ишмердүүлүгүн Жоомарт Бөкөнбаевдин "Токтогул" драмасы менен баштаган. Тоолуктардын театрынан Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Алиман Жанкорозова, Аманкул Куттубаев, Жумаш Сыдыкбекова, Капар Медетбеков, Бакирдин Алиев, Гүлсүн Мамашева, Калыйбек Тагаев, Тамара Жумакаева, Табылды Актанов, Күмөндөр Абылов өңдүү таланттар чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0