КР эл сүрөтчүсү Виктор Шестопал

Кыргыз кызын жолуктурганым табылга болгон. Скульптор Виктор Шестопал менен маек

696
(жаңыланган 20:59 03.07.2021)
КР эл сүрөтчүсү Виктор Шестопалдын скульптуралары азыр Россия, Өзбекстан, Түркмөнстандын музейлеринде турат. Ошондой эле анын эмгектерин Түркия, Американын жарандары да сатып алып кетишет.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бишкектин чор ортосунда турган Курманжан датка скульптурасынын, Чоң-Таштагы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин авторлорунун бири. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы өмүрүн көркөм өнөргө арнаган талант менен маек курду.

— Быйыл 85 жашка толот экенсиз. Анын ичинен скульптура менен алектенип келе жатканыңызга 70 жылдай болуптур. Сизди бул өнөр эмнеси менен арбап алган?

— Мен 1951-жылы Одесса көркөм өнөр институтуна тапшырып, 15 жашымда устакананын босогосун аттап, чыгармачылык жолум башталган. Алгачкы жолу 1953-жылы бир эмгегим менен көргөзмөгө катышкам. Кийин окууну бүтүрүп аскерге кызмат өтөгөнү кетип калдым. Ал кезде советтик армияда чыгармачылыкка өзгөчө мамиле кылышчу. Инсандын ар тараптан өнүгүүсүнө, жөндөмүн арттырууга көмөктөшчү. Тажикстанда жоокер болуп жүргөндө да көргөзмөлөргө өз эмгектерим менен байма-бай барып турар элем. Кийин Өзбекстан ССРиндеги Ташкент театр жана көркөм өнөр институтунда окууга өтүп, республикалык иш-чараларга катышып калгам. Студент кезде менин эмгектеримди мамлекет сатып алып, буюртмалар түшүп, келишимдерди түзүп иштедим. Жакшы окугандыктан стипендия да алчумун. 6-курста эле профессорлордон көп акча тапчумун. Скульптура жасоо менин жашоом. Ансыз мен жашай албайм. Андан дем-күч алам, кубанам, шыктанам, кайгырам, өзүмдү сындайм. 

Народный художник КР Виктор Шестопал в мастерской
© Фото / предоставлено Виктором Шестопалом
Виктор Шестопал: Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бишкектин чор ортосунда турган Курманжан датка скульптурасынын, Чоң-Таштагы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин авторлорунун бири

— Ошол Өзбекстанда окуп жүргөндө Кыргызстандан барган кызды сүйүп кыргыздарга күйөө бала болгонсуз да. Жубайыңыз менен кантип табышып баш кошуп калгансыз?

— Ооба. Келинчегим Насипкан Исмаилова кыргыздын кызы. Айылдан окуганы барган көздөрү мончоктой болгон 19 жаштагы сулуу кыз болчу. Аны жолуктурганым мен үчүн чоң табылга болгон. Насипкан Ташкентте экинчи курста, мен армиядан кийин баргандыктан 1-курста окуп жүрүп пахта талаасынан таанышып калдык. Ал кезде Өзбекстанда окуу жылы пахта терүү менен башталып, эки ай талаада жүрүп, ноябрдагы майрамдардан кийин гана сабак башталчу. Кечкисин жаштар эмне кыларыбызды билбей патефонду коюп алып күндө бийлечүбүз.

— Казакстандын Петропавловск шаарында туулуп, Украинанын Одесса шаарында өсүп чоңойгон жигитти кайын журт кандай кабыл алды?

— Насипкандын аркасы менен Кыргызстанга байланып калгам. Башында экөөбүз бир жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө ата-энеси биздин мамилебизди билип калды. Экөөбүздү жолуктурбай, башкага турмушка берип салышы мүмкүн болчу. Ага чейин окууну толук бүтүп баш кошолу деп пландап жүргөнбүз. Бирок шартка байланыштуу 2-курста эле бирге түтүн булатууга мажбур болдук. Ташкентте келинчегим Болот Бейшеналиев, Имаш Эшимбеков, анын аялы Таттыбүбү Турсунбаева болуп чогуу окушкан. Таттыбүбү бир жыл кеч келген, аны биз Танюша деп койчубуз. Ал биздикине келип сабактарын жасап үй-бүлөбүз менен жакын мамиледе болуп жүрдүк. 1962-жылы тун уулубуз төрөлүп, ошондо кайненем, Күлүмкан апам биздикине келди. Ал киши аябай акылман, талапты катуу койгон аял болчу. Убакыттын өтүшү менен экинчи энем болуп калган. Улуу баламды алты жашына чейин өзү багып чоңойтту. Кийин Фрунзеге алып кетейин деп барсам орусча такыр сүйлөбөй калыптыр. Жолукканда экөөбүз бири-бирибизди түшүнө албай кыйналганбыз. Мектепте мугалимдин текшерүүсүнөн кийин дептери кызыл жаян болуп калчу. Азыр ал уулум 59 жашта. Келинчегим экөөбүз эки уул, бир кызды тарбиялап чоңойттук. Азыр беш неберебиз бар. Мен кыргыз маданиятына, менталитетине ушунча аралашып кеткендиктен Кыргызстанды өзүмдүн мекеним, элим деп эсептейм. Буга чейин балдарым ар кайсы өлкөгө чакырышты. Менин сөөгүмдү бул жактын жери кабыл алат деп ойлойм. Уул-кыздарым, неберелерим ушул Кыргызстанда төрөлдү. Өзүмдүн катышым, кесиптештерим арбын, эл да мени тааныйт. Кантип ушунун баарын таштап кетип калмак элем. 29 жашымдан баштап Кыргызстанда адам катары калыптандым. 

Народный художник КР Виктор Шестопал в мастерской
© Sputnik / Александр Федоров
Виктор Шестопал: студент кезде менин эмгектеримди мамлекет сатып алып, буюртмалар түшүп, келишимдерди түзүп иштедим. Жакшы окугандыктан стипендия да алчумун. 6-курста эле профессорлордон көп акча тапчумун. Скульптура жасоо менин жашоом. Ансыз мен жашай албайм. Андан дем-күч алам, кубанам, шыктанам, кайгырам, өзүмдү сындайм

— Кыргызга күйөө бала болуу кыйын бекен?

— Эми кандай деп айтсам, өтө сылык кабыл алышкан. Ошол эле маалда абайлап мамиле жасашчу. Ортодо кандайдыр бир чек болуп тургандай сезилчү. Анткени элдин каада-салт, үрп-адатын билишим керек эле. Бирок кайын журтум жөнүндө бир дагы терс пикир айта албайм.

— Чыгармачыл инсандын өзү сүйгөн, көкүрөгү эңсеген иши менен алектенүүсү үчүн өмүрлүк жары аны колдоп турушу керек эмеспи. Кезинде жубайыңыз сизге жакшы эле дем-күч бергендир...

— Быйыл 5-июлда анын бул дүйнө менен кош айтышканына бир жыл толот. Буюрса ал күнү эстелигине барып гүл коюп, эстеп келем. Театрда 33 жыл иштеди, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти болду. Өмүр бою Кыргыз академиялык драма театрында артист болуп эмгектенип, ошол жактан пенсияга чыкты. 60 жыл бирге өмүр сүргөн жашообузда ал мени бир жолу дагы жемелеп, нааразычылыгын билдирген жок. Башыбыздан барчылык, токчулук, жокчулук күндөр өткөн. Кийин пенсияга чыгып таяк таянып, жакшы баса албай калганда да ишимди үзгүлтүккө учуратпай чарбалык иштерди өз жоопкерчилигине алып алчу. Мен болсо бир дагы эмгегимди аялыма көрсөтмөйүнчө, анын сынынан өткөрмөйүнчө эл алдына чыгарчу эмесмин. Негизги, күчтүү жана кыраакы сынчым, көркөм кеңешчим эле. Эгер "бул скульптуранын үстүнөн кичине иштешиң керек экен" десе, мен аракетимди улантчумун. 

Мастерская народного художника КР Виктора Шестопала
© Фото / предоставлено Виктором Шестопалом
Виктор Шестопал: жубайым күчтүү жана кыраакы сынчым, көркөм кеңешчим эле. Эгер "бул скульптуранын үстүнөн кичине иштешиң керек экен" десе, мен аракетимди улантчумун 

— Эми чыгармачылыгыңызга өтөлү. Сиздин эмгектериңиз КМШнын бир катар шаарларына коюлганын билебиз. Скульптураларыңыздын көпчүлүгү азыр каякта турат?

— Менин 500дөн ашык эмгегим азыр Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр сүрөт музейинде сакталуу. Андан сырткары, Өзбекстан, Түркмөнстан, Россиянын бир катар шаарларында коюлган. Ошондой эле Түркия, Америкадан келип сатып алып кеткендер да бар. Быйыл 85 жылдыгымды күздө белгилеп, акыркы беш жылда жасаган эмгектеримди көрсөтөм. Азыр жаш өтүп калгандыктан чоң эстелик жасабай калдым, ага ал-күч керек. Чыгармачылыгымда бир нече жолу жеке көргөзмөмдү уюштурдум. Мамлекет сүрөтчү катары эмгегимди жакшы баалады, ыраазымын.

— Устаканаңызда көп убакыт өткөрөт экенсиз, күн сайын келип турасызбы?

— Күндө кечки саат ондо уктаганга аракет кылам. Эртең менен саат беште туруп жетиге чейин үйдөгү чарба иштери менен алектенем. Короодогу гүлдөрдү, майда-бараттарды сугарып, түптөрүн жумшартам. Андан соң эртең мененки тамакты ичип саат тогузга жакын устаканамда болуп калам. Саат 12ге чейин иштеп түштөнүүгө кетем, кичине эс алып, кайра саат экиге чейин скульптура менен алектенем. Анан күн ысып калганда китеп, гезит окуп, кечке маал социалдык тармактарды барактап, ал жакка эмгектеримди чыгарып, радиодон жаңылыктарды угам. Ден соолукка байланыштуу эле устаканада иштебей калбасам эле дем алыш жок иштейм. 

Мемориальный комплекс Ата-Бейит в селе Чон-Таш
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Виктор Шестопал: боёк менен боёлуп борбор калаанын көчөлөрүнө коюлган чаарчыгын ээрчиткен элик, ак илбирс өтө жупуну көрүнөт. Аны койгондон көрө элдин назарына чыгарбай койгон жакшы

— 2002-жылы Чоң-Таштагы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин жасап чыкканыңыздар үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын алгансыз. Ошол иште кандайдыр бир кыйынчылыктар болду беле?

— Анда эки архитектор, бир конструктор жана эки скульптор болуп эмгектенгенбиз. Биз үчүн ал өтө олуттуу иш болчу. Скульптор катары ал доорго сүңгүп кирип, ошол азаптуу трагедияны толук аңдап сезүү керек эле. Скульптор Садабек Ажиев экөөбүз мамлекеттик архивде бир же бир жарым айдай отуруп Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен чыккан репрессия боюнча документтерди изилдегенбиз. Ошондой эле 30-жылдардагы гезиттерди карап чыгып сүрөттөрдү тартып, эскиздерди жасап баштаганбыз. Андан соң өкмөттөн макулдук алып скульптурага киришкенбиз. Биздин максатыбыз кандуу тарыхый окуяны бейтарап, эч нерсени жашырбай жана кошпой көргөзүү болгон. Салтанаттуу ачылышы болгондо катышуучулардан жакшы пикир укканбыз.

— Дагы бир мыкты скульптураларыңыздын бири Эркиндик бульварындагы Курманжан датканы сөз кылбай койсок болбойт. Ушундай күчтүү тарыхый образ кантип жаралды?

— 2000-жылдардын башында сынак жарыяланып мен утуп кеткем. Чынын айтканда, ал темага кирүүдөн коркком. Башка улуттун өкүлү болуп алып кыргыз элинин тарыхына аралашуу оор болчу. Иш башталганда менин кесиптештерим, досторум, окумуштуулар кол кабыш кылышты. Сынактан өтүп кеткенде Курманжандын образын кантип ачып берем деп отуруп калгам. Биринчиден, Карл Густав Маннергейм тартып алган сүрөтүн пайдаланып Бишкектин чок ортосунда 90 жаштан өтүп калган кемпирди койгум келген жок. Ошондо мага "Курманжан датка" коомдук фондунун төрайымы Жылдызкан Жолдошова бир китепти белек кылып берип калды. Анда биринчи президент Аскар Акаевдин "Курманжан датка — кыргыз элинин энеси катары саналат" деген сөзүн окуп калдым. Мага ошол сүйлөм катуу таасир этти. Ошондо мен бир адамды гана ачып бербей, энеге, аялга тиешелүү болгон образды чогултууну чечтим. Бир аялды таап, анын жардамы менен этюд жасап, ага Курманжандын элементтерин четинен киргизе баштагам. Алымбек каза болуп 50дөн өтүп датка наамына ээ болуп, эл башкарган Курманжандын толуп турган учурун тандап алгам. Андан соң аны кийинтүү маселесине такалдым. Кыргыздардын кийим-кечесин изилдеп чыктым. Ал кезде аялдар күйөөсүнүн чапандарын эле кийип алышчу экен. Мен андай кыла алган жокмун. Андан сырткары, кыргыздардын аймактарга жараша элечектеринин да айырмачылыктары көп экен. Бардыгын тактап чыгып Ысык-Көлдүн элечегин тандап алгам. Ошентип кийим, элементтерди Кыргызстандын ар кайсы бөлүгүнөн чогулткам. Элге ыраазымын, жакшы кабыл алышты, азыркыга чейин ал эмгегим жөнүндө бир да жаман сөз уга элекмин. 

А завтра, 22 сентября, в Дубовом парке у памятника Курманджан датке пройдет шоу Живые статуи
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Виктор Шестопал: ошол убактагы президент Аскар Акаевдин "Курманжан датка — кыргыз элинин энеси катары саналат" деген сөзүн окуп калдым. Мага ошол сүйлөм катуу таасир этти

— Тажрыйбалуу адис катары борбор калаада жаңы коюлган айрым скульптураларга көз салып жүрсөңүз керек. Мисалы, Бишкектин көчөлөрүнө чаарчыгын ээрчиткен эликти, ак илбирстерди коюшту. Скульптор катары андай эмгектерге көз карашыңыз кандай?

— Союз маалында көркөм кеңештер бар эле. Сүрөтчүлөр союзунун алдында көркөм фонд ишкана, мамлекеттик органдардан буюртма алып бизге жасатчу. Ал жылдары чыгармачыл жана жасалга иштери боюнча эки көркөм кеңеш иштечү. Анын курамындагы адамдар ар бир ишти карап чыгып, уруксат бергенден кийин гана биз жасай баштачубуз. Эгер жакпаса сунуш-пикирлерди эске алып оңдочубуз. Кыскасы, талап күчтүү эле. Азыр анын бири жок. Автордун абийирине жараша эмгек жаралып элге сунушталууда. Ошондуктан сүрөтчү-скульптор өзүн катуу сындаган инсан болуш керек, кесиптеш, сынчыларды жардамга чакырганы жакшы. Ал эми боёк менен боёлуп борбор калаанын көчөлөрүнө коюлган чаарчыгын ээрчиткен элик, ак илбирс өтө жупуну көрүнөт. Аны койгондон көрө элдин назарына чыгарбай койгон жакшы.

696
Белгилер:
Кыргызстан, скульптор, маек
Тема боюнча
"Ата-Бейит": жарым кылым ың-жыңсыз жаткан кайрандар. Чүкөдөй кемпир ачкан чындык
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков

Талантбеков: "жигин тартып көрүү" душмандын чамасын билүү дегенди түшүндүрөт