Жаш ырчы Сырга Сагынбекова

Ырчы Сырга: жактырган жигитке арнап жазган ырым элге таанытты

712
(жаңыланган 17:50 05.07.2021)
Жаш ырчы Сырга Сагынбекованы жактырган жигитине арнаган чыгармасы чыгармачылыктын чыйыр жолуна салган экен. Ал окуу жайды аяктагандан кийин гана ырдап чыга баштаса дагы аз убакыттын ичинде эл оозуна алынды. Азыр жандуу ырдагандан эмес, фонограммадан коркорун айтат.

Таланты менен сулуулугу жуурулушкан ырчынын ажары көпчүлүк жигиттин көзүн күйгүзөт. Мындай кыздын кийимсиз жылаңач болгондон эмес, жан дүйнө жылаңач калгандан коркуш керек деген принциби бар.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы ырчы Сырга Сагынбекова менен чыгармачылык жолу, көңүлүн калтырган сынактар жана сезимдерин козгогон мырзалар тууралуу маек курду.

— Кечигип келгениңизге караганда күндүн ысыгына карабай катуу иштеп жаткан окшойсуз.

— Жаңы ырларды жаздырып, жайында клиптерди тарттырганга жетишип калайын деп күйпөлөктөп жүрөм. "Манас" университетинин "Түрк дүйнөсү" оркестринде солист болуп жана коммерциялык долбоорлордун үстүндө да иштеп жатам.

Певица Сырга Сагынбекова во время фотосессии. Архивное фото
© Фото / Руслан Мыктаев
Жаш ырчы Сырга Сагынбекова жагымдуу чыгармалары менен элге таанылып келе жатат

— Анда маегибиздин башында туулуп-өскөн жериңиз, ата-энеңиз тууралуу азыноолак айтып берсеңиз.

— Мен Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынан болом. Ошол жактан мектепти бүтүп келип Кыргыз-Түрк "Манас" университетине тапшыргам. Мында көркөм өнөр факультетинин эстрадалык вокал бөлүмүн аяктадым. Магистратураны болсо Ишеналы Арабаев атындагы окуу жайынын Көркөм билим берүү факультетинде окудум.

Ата-энем айылда турушат, соода-сатык тармагында чакан бизнеси бар. Алар баатыр ата-эне (күлүп), жети бир туугандын алтынчысымын. Айылдагы карапайым адамдар болгону менен дүйнө таанымы кенен. Кыздарга андай кесип болбойт же балдарга жарашпайт дебей, ар бирибизди өз каалообузга, шыгыбызга карап окутушту.

— Ата-энеңиз бизнесмен болсо сизге ырчылык өнөр кайдан келди?

— Таятам чыгармачылыкка жакын киши болгон деп калышат. Апамдын айтуусуна караганда, таятамдын колунан комуз түшпөй, түнү ойгонуп кетсе да чертип чыкчу экен. Атам кээде ыр жазып, бир аз обон созуп калат. Бир туугандарым да музыка сүйүүчүлөргө кирет, бирок профессионалдуу түрдө алектенишпейт. Мен айылда эле музыкалык мектепте окуп, маданият үйүндө болгон бардык концерттерде ырдачумун. Ошондо эле конкурстарга катышып, борборго чейин келип кеткем.

Певица Сырга Сагынбекова во время фотосессии. Архивное фото
© Фото / Руслан Мыктаев
Сырга Сагынбекова: Мирбек Атабеков менен көбү дуэт ырдагысы келет, мен да ошолордун катарындамын.

— Бала чагыңыздан эле ырчы атка конгон турбайсызбы.

— Ал да туура. Бирок айылда көбүнчө сүрөтчү кыз катары таанышчу. Анткени окуучу кезде көп убакыт документке сүрөт тартып, фотограф болуп иштегем.

— Окубай туруп бир жолу ырдап койгон видеосунан кийин жылдыз болуп кеткендер да бар эмеспи. Музыкалык билим алуу канчалык деңээлде маанилүү деп ойлойсуз?

— Албетте, тубаса өнөрү барлар көп. Бирок эмгек менен өнөрүңдү өркүндөтүп, талыкпай билим алган эң жакшы нерсе. "Бат күйгөн нерсе бат өчөт" деген сөз бар го. Ошондой эле билим сага келечегиңди түзө турган пайдубал болуп бере алат. Чыгармачылыгыңдын өмүрү узун болот. Андан дагы жылдызың жанып бир күн өчө турган мезгил келгенде "мындан ары эмне кылам?" деген ой пайда болот. Ошол мезгилде жок дегенде мугалим болуп калууга алган билимиң жардам берет. Өнөрүң болуп, билимиң жок болсо татыктуу мугалим болуу кыйын.

— Окуу жайды бүтүрүп деле ырчылыкты алып кете албагандар арбын. Сиздин кайсы ырыңыз чыгармачылыкка чыйыр салды.

— Айылдан жаңы келгенде бир теледолбоорго катышып, алдыңкы орундарды алгам. Ошондо эле мени айылдагылар телевизордон көрүп, таанып калышкан. Бирок ошол кезде жаштык кылдым окшойт, атаандаштыктын айынан конкурстарга катышуудан көңүлүм калган. Эл аралык сынакка чакыруу алып, ага да барбай калдым. Коомчулук алдына көп чыкпай эле окууга баш отум менен кирип кеттим. Окуумду жакшы бүтүрүп алгандан кийин гана чыгармачылыкка кадам таштадым. "Супермен" деген ырымды эл жакшы кабыл алып, ошондон кийин тааныла баштадым окшойт. Андан кийин "Дале" деген дуэтибиз өз угармандарын таба алды.

Певица Сырга Сагынбекова во время фотосессии. Архивное фото
© Фото / Баяман Осмонов
Сырга Сагынбекова: шаарга жаңы келгенде сынактарга көп катыштым, кийин көңүлүм калды

— Имидж, стиль жаратуу да кыйын иш, продюсерлер менен иштешесизби?

— Баары эле өзүмдүн идеям, дос-жарларым, дизайнер курбуларым гана жардамдашып турушат. Ооба, продюсер менен иштешиш керек. Сунуш кылгандар деле жок эмес, бирок өзүмдүн адамымды таба албай жүрөм.

— Социалдык тармакта ачуу да, таттуу да пикирлерди жазып турушат. Хейтерлерге туруштук бере аласызбы?

— Бардык адамдарга бирдей жакпайсың да. Бир колуң ачылып калса деле "жап" дей беришет. Өзүмө жакса эч кимге карабай жасай берем. Мени өкүндүргөнү — билимине же адамдык сапатына эмес, кийген кийимине карап сын айткандары. Ал болгону чүпүрөк да. Кийимсиз жылаңач болгондон эмес, жан дүйнөң жылаңач калгандан коркуш керек. Эң башкысы ата-энем дайыма колдогону мага жетиштүү. Калганын өзүм тандайм.

— Негизи ырчылар бири-бирин жарнамалап, чогуу жүргөндөрүн көп көрөбүз. Байкашымча сиздин досторуңуз башка чөйрөдөн, анан көбү эркектер. Мунун себеби эмнеде?

— Ооба, чындыгында көбү эркектер экен. Ырчылар менен да жакшы мамиледемин, арасынан досторум дагы бар. Бирок алар дагы балдар экен (күлүп). Кичинекейимден эле ушундаймын. Билбейм, мүнөзүм эркектердикине окшош болгондугуна байланыштуу болушу мүмкүн.

Певица Сырга Сагынбекова на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Сырга Сагынбекова: кийимсиз жылаңач болгондон эмес, жан дүйнөң жылаңач калгандан коркуш керек.

— Кимди карап түздөнөсүз? Балким, ырчылардын арасынан кумириңиз бардыр.

— Апамдан башка эч кимди кумир тута албайм. Ырчылардын баарынан эле жакшы жактарын алсаң болот. Кыргыз ырчыларынын арасынан кичинекейимде Каныкей Алымбекованын ырларын угуп суктанып жүргөм. Анан, албетте, Мирбек Атабеков менен көбү дуэт ырдагысы келет, мен да ошолордун катарындамын.

— Сизге кайсы жерде ырдаган көбүрөөк жагат?

— Оркестр менен ырдагандан ырахат алам. Мага көбүнчө жандуу ырдаган ыңгайлуу. Башкалар мындай ырдагандан коркуп турса мен, тескерисинче, фонограмма менен чыкканда качан уят болуп калам деп кооптоно берем.

— Instagram баракчаңыздан колго тартылган сүрөттөрүңүздү көрүп калдым, сүрөтчүлүк өнөрүңүз да бар окшойт. Дегеле бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?

— Бошоп калсам сүрөт тартканды жакшы көрөм. Анда эс алып калам. Негизи аябай кызыгып, академияга да окусамбы деп ойлоп, ишке ашпай калган. Азыр сүрөт тартуунун башка техникаларын да үйрөнөйүн деп жүрөм. Андан башка бийлеп турам. Фортепиано жана гитараны черте алам. Андан башка мыкты болбосо да комузда кол ойното билем.

Певица Сырга Сагынбекова во время фотосессии. Архивное фото
© Фото / Руслан Мыктаев
Сырга Сагынбекова: көп жана жалган сүйлөгөн, сөзүнө турбаган, мактанчаак жигиттерге жолобойм

— Өзүңүз жазган ырлар да барбы?

— Ооба, жогоруда айткан "Суперменим" деген ыр өзүмдүн чыгармаларымдан. Бирок ал деле чыгармачыл кишилердин жардамы менен жаралган. Негизи досторум менен биргелешип иш алып барам, текстин мен жазсам, обонун башка бирөө же обонун мен текстин алар жазып чыгарабыз.

—Демек, “супермениңизге” арнап чыгарган турбайсызбы?

— Супермендей көргөн бирөөгө арнагам (күлүп). Бир досум экөөбүз ыр жазмак болуп, ага бир кезде жактырып жүргөн баланы укмуш сүрөттөп берипмин. Ал мени шылдыңдап "тим эле аны “супермен” кылып салдың го, "Сен, сен, сен, суперменим" деп кой да" деп калды. Ага жооп кылып мен да "Болоюн мен, мен, супер келин" деп улап каткырып жатып калдык. Ушундай да текст болмок беле деп жатып жакшы бир чыгарма жаралып калды.

— Анан ошол “супермениңиз” барбы дагы деле?

— Жок, ал жөн гана сырттан жактырып жүргөн жигит болчу да.

— Анда азыркы “супермениңиз” ким болду экен?..

— Дале күтүп жүрөм.

— Мырзалардын кайсы сапатын баалайсыз же эмнеси сизден алыстатат?

— Өзүн да, бирөөнү да чектебеген, дүйнө таанымы кенен жана адамгерчиликтүү болсо жакшы. Мен көп анан жалган сүйлөгөн, сөзүнө турбаган жана мактанчаак жигиттерге жолобойм.

— Ошондой жигит сиздин кайсы мүнөзүңүзгө чыдашы керек болот.

— Тамак жасай албайм (күлүп), эркемин, эмоционалдуумун, бетке айтам.

— Келечекке кандай максат койдуңуз?

— Болгон күчүмдү чыгармачылыкка жумшайм. Эң негизгиси маданиятка салым кошуп, эл аралык конкурстарга катышкым келет. Анан коомдо болуп жаткан көйгөйлүү темаларды ыр менен көрсөткөнгө аракет кылам.

712
Белгилер:
Сырга Сагынбекова, мырза, чыгармачылык, маек, талант, ырчы
Тема боюнча
Эркин жүргөн эркек табышкер болот. Издешпей табышкан Акбар менен Кундуз
Менеджер Эсеналиева: ырчылар шарт жок жерде фонограмма менен ырдашы керек
Көөнө сөз рубрикасы

Талантбеков: "дара" деген сөздү бир нече мааниде колдонсо болот

23
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздү чечмелеп берди.

Өрөөн, капчыгай, өзөн же коктуга синоним катары "дара" деген сөз колдонулат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Талантбеков: "дара" деген сөздү бир нече мааниде колдонсо болот

Анын айтымында, эпосто аталган сөз кезиккен бир нече саптар бар.

Манасчи, член общественного объединения Көйкашка Нурбек Талантбеков
© Sputnik / Асель Сыдыкова
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
"Эпосто төрт тамгадан, эки муундан турган "дара" деген сөз айтылат. Аны эки мааниде колдонсо болот. Биринчиси - капчыгай, өрөөн, өзөн, же болбосо эки тоонун ортосундагы аралык катары түшүндүрүлөт. Экинчи маанисинде "өзүнчө" же "айрым" деген мааниде колдонулуп келет. Бул сөздү күнүмдүк турмушта пайдалана бербейбиз. Бирок жогорудагы сөздөргө синоним катары пайдаланып, тилди байытууга мүмкүндүк түзсөк деген пикирдемин", — деди Талантбеков.

Манасчы көөнө сөздөрдү күнүмдүк турмушта колдонуу зарылдыгын кошумчалады.

23
Белгилер:
Кыргызстан, эне тил, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Талантбеков: куураган катуу жыгачты же абдан арыктарды "сейин" десе болот
Көк федерациясынын ардактуу президенти, коомдук ишмер Аскар Салымбеков

Салымбеков: көк бөрүнү даңазалоо максатында даректүү тасма тартыла баштады

204
Көк федерациясынын ардактуу президенти, коомдук ишмер Аскар Салымбеков ата-бабалар ойноп келген көк бөрүнү кийинки муунга мурас катары калтыруу максатында даректүү тасма тартылып жаткандыгын айтты.

Чыгармачыл топ Кыргызстанды түрө кыдырып, көк бөрү оюнунун өнүгүшүнө салым кошкон белгилүү улакчылардын басып өткөн жолун чагылдырууда. Бул туурасында Аскар Салымбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.

Салымбеков: көк бөрүнү даңазалоо максатында даректүү тасма тартыла баштады

Анын айтымында, совет доорунда көк бөрүгө маани берилбей калгандыктан ошол учурдагы атактуу улакчылар туурасында да баяндалат.

"Бул тасма көк бөрүнүн жаңы эрежелеринин пайда болушунун 25 жылдыгына арналууда. 1996-жылдын сентябрь, октябрь айларында Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеев аттуу чыгармачыл залкарларыбыз мага келип, көк бөрүгө өзгөртүү киргизип жаңы эреже менен тарталы деген сунушун айтышкан. Совет доорунда улакчыларга маани берилчү эмес. Айылда деле улак тарткандарга өтө кызыгуу менен көңүл бурбаптырмын. Кийин оюн болуп жаткан жеринен көрүп, спортчулардын эрдигине, эрктүүлүгүнө баа берип, кыргыздын оюну хоккейден кем калбаганына ынандым. Ошондо өлкөдөгү улуттук бул оюндун өнүгүшүн колдогом. Андан бери көп өзгөрүүлөр болуп, улак тарткан күчтүү муун тарбияланды. Учурда тандалып алынган чыгармачыл топ өлкөнү кыдырып, бабалар ойноп келген көк бөрүнү кийинки муунга мурас катары калтыруу максатында даректүү тасма жаратып жатышат. Эмгектин улут үчүн маанилүүлүгүн эске алып, фильмдин тартылышын финансылык жактан колдоп бердик", — деди Салымбеков.

Ошондой эле меценат 31-августта, эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдыгына карата көк бөрү боюнча президенттин кубогунда даректүү тасманын премьерасы боло тургандыгын кошумчалады.

204
Белгилер:
даректүү тасма, Көк бөрү, Аскар Салымбеков
Тема боюнча
Раимкулов: СССР учурунда ат спорту гүлдөгөн мезгил болду
Казакстандын QazVac вакцинасыны. Архив

Эртең Бишкекке Казакстандын QazVac вакцинасы жеткирилет

0
(жаңыланган 18:54 27.07.2021)
Алымкадыр Бейшеналиев июнь айында өлкөгө казакстандык QazVac вакцинасы 50 миң дозада гумжардам катары алып келинерин, бул тууралуу элчи менен сүйлөшүүлөр болгонун айткан. Бирок коңшу өлкөнүн бийлиги бул маалыматты төгүндөгөн.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Эртең Кыргызстанга QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы жеткирилет. Бул тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, гуманитардык жардамды коңшу өлкө "Акжол" көзөмөл пунктунан өткөрүп бермекчи. Иш-чарага КРдин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев менен казак элчиси Рапиль Жошыбаев катышат.

Эске салсак, Бейшеналиев буга чейин өлкөгө казакстандык QazVac вакцинасы 50 миң дозада гумжардам катары алып келинерин, бул тууралуу элчи менен сүйлөшүүлөр болгонун айткан. Көп өтпөй коңшу өлкөнүн вице-премьери Ералы Тугжанов менен саламаттык сактоо министри Алексей Цой бул маалыматты төгүндөгөн.

0
Белгилер:
QazVac вакцинасы, гуманитардык жардам, вакцина, коронавирус, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Штаб: COVID менен ооругандар азайды, бирок кырдаал кыйын бойдон турат
Эмдөөдөн өттү деген сертификатты кайсы жерден жана кантип алууга болот