Окуу үчүн Алматыга жөө жеткен. Композитор Абдылас Малдыбаев жөнүндө 8 факты

© Sputnik / Александр ФедоровБелгилүү композитор, коомдук ишмер Абдылас Малдыбаев
Белгилүү композитор, коомдук ишмер Абдылас Малдыбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
Белгилүү композитор, коомдук ишмер Абдылас Малдыбаев өмүрүн музыкага арнап, кыргыз профессионал музыкасын негиздеген. Ал жердештеринин арасынан биринчилерден болуп СССРдин эл артисти наамын алып, далай шакирттерди тарбиялаган.
Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик искусствонун башында турган инсан тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Кой кайтарып чоңойгон. Абдылас Малдыбаев 1906-жылы 7-июлда Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинде кыйын күндөрдү башынан өткөрүп, атасына кол кабыш кылып байдын коюн кайтарып чоңойгон. Үйдө үй-бүлө башчысы комузду жакшы чертсе, апасы менен эжеси жакшы ырдаган. Өспүрүм эл арасында ырчы, комузчулардын өнөрүн көрүп шыктанып, жаштайынан музыкага жакын өскөн.
Алматыга жөө жеткен. Октябрь революциясынан кийин элеттеги мектепти бүтүрүп Абдылас музыкалык билим алууну көксөп, ата-энесин эптеп көндүрүп Алматы шаарын көздөй сапар алат. Өзү курактуу эки өспүрүм менен бир жума бою жөө жүрүп көздөгөн жерине жетип, ал жактан Айыл чарба техникумунун даярдоо курсуна кабыл алынып, бир жылдан кийин Казакстандын агартуу институтундагы кыргыз группасына которулат. Коңшу республикада жердештери менен Кубанычбек Баялиновдун калемине таандык "Куйручук" комедиясын коюп, чыгармачыл топтордун ишине аралашат.
© Sputnik / Александр ФедоровАбдылас Малдыбаев 1906-жылы 7-июлда Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинде кыйын күндөрдү башынан өткөрүп, атасына кол кабыш кылып байдын коюн кайтарып чоңойгон
Композитор и певец Абдылас Малдыбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Абдылас Малдыбаев 1906-жылы 7-июлда Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинде кыйын күндөрдү башынан өткөрүп, атасына кол кабыш кылып байдын коюн кайтарып чоңойгон
Актёр, аткаруучу, композитор... 20 жашында Фрунзеде жаңы ачылган педагогикалык техникумда окуусун улантып, сабактарынан бошогондо өзүнүн көксөгөнүн издеп ийримдерге катышып, оркестр, чыгармачыл топтордун катарына кошулган. Болочоктогу атактуу композитор менен бирге ал кезде Касымалы Жантөшев, Мукай Элебаев, Узакбай Абдукаимов, Гапар Айтиев билим алган. Окууну бүткөндөн кийин театрдын студиясында иштеп, композитор Петр Шубинден да сабак алат. Андан соң драма театрга ишке кирип Атай Огонбаев, Муратаалы Күрөңкеев, Ыбырай Туманов, Муса Баетов, Карамолдо Орозов, Калык Акыев, Шаршен Термечиков менен замандаш болуп, айрымдары менен чогуу эмгектенген. Ошол куттуу театрда актёр болуп образ жаратып, тенор үндүү ырчы "Алтын күз", "Ажал ордуна", "Көкүл", "Кыз-Жибек", "Евгений Онегин" спектаклдерине катышып, убакыттын өтүшү менен өзүнүн обондорун жарата баштайт.
Кыргызстандык актёр Болот Тентимишов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Күндүз жоокер, кечкисин актёр. 50 жашка чыккан Болот Тентимишов жөнүндө 6 факты
33 жаштагы СССРдин эл артисти. 30-жылдары мыкты аткаруучу ондогон обон чыгарып, кыргыздын жазма акындары менен тыгыз иштешип эл арасында кеңири таанылган. Аалы Токомбаевдин эле жүздөн ашык ырын обонго салган. 30-жылдардын ортосунда Фрунзеге москвалык Владимир Власов, Владимир Фере келип, улуттук музыканы мыкты түшүнгөн адис катары Абдылас Малдыбаев экөөнү коштоп жүрөт. Чыгармачыл инсандар биргеликте Кыргыз ССРинин борборунда опера театрын ачууга аракет кылып, үчөө ал жылдары кыргыз артисттери үчүн мыкты чыгармаларды жаратып, кыргыз профессионалдык музыкасын негиздеген. Алар Жусуп Турусбековдун "Ажал ордунда" чыгармасынын негизинде музыкалык драмасын сунуштаган. Кийинки жылдары ар кыл жанрдагы бир топ эмгектерди жаратып, эң негизгиси, "Манас" эпосуна таянып биринчи улуттук "Айчүрөк" операсын жазышкан. Ал эмгек 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасында коюлуп, Малдыбаев 33 жашында СССРдин эл артисти наамына татыган.
Фронтко жөнөтпөй койгон. Композитор жалпы союздук деңгээлдеги атак-даңкка ээ болгонуна карабай 1940-жылы Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын алдындагы улуттук студияга билим алганы кетет. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталып кетип окуусун токтотууга мажбур болот. Ал жылдары жаш талант башкалар сыяктуу эле фронтко кетүүнү көздөгөн, бирок жогору жактагылар жибербей койгон. Музыкант патриоттук ырларды, романстарды жазып, 1947-жылы консерваторияга кайра келип окусун уланткан.
© Sputnik / Александр ФедоровМалдыбаев, Власов жана Фере үчөө Кыргыз ССРинин мамлекеттик гимнинин музыкасын жазган
Композитор и певец Абдылас Малдыбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Малдыбаев, Власов жана Фере үчөө Кыргыз ССРинин мамлекеттик гимнинин музыкасын жазган
Коомдук ишмер, гимндин автору. Малдыбаев, Власов жана Фере үчөө Кыргыз ССРинин мамлекеттик гимнинин музыкасын жазган. Композитор 1950-жылдардын ортосунда Мурааталы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайды жетектеп, 30 жылдай Композиторлор союзунун башында турган. Эмгек Кызыл Туу орденинин үч жолку ээси коомдук-саясий иштерге да жигердүү катышып, СССРдин Жогорку Советинин бир, Кыргыз ССРинин эки чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Актёр Азиз Мурадиллаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
Курсташына 18 жашында үйлөнгөн. Актёр Азиз Мурадиллаев тууралуу 6 факты
Уул-кыздары да ата жолу менен кеткен. Таланттуу музыканттын аялы Батина Малдыбаева көп жыл театрда актриса болуп иштеген. Экөө эки кыз, бир уулду тарбиялап чоңойткон. Улуу кызы Толкун пианист, дагы бир кызы Жылдыз кыргыз кыз-келиндердин арасынан чыккан биринчи композитор, профессор жана КРдин эл артисти. Ал эми уулу Болот дирижёрлукту аркалап, көп убакыт билим берүү тармагында эмгектенип келет.
Симфония жаратууну кыялданган. Абдылас Малдыбаев 1970-жылы "Манас" операсынын музыкасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болуп, кийинки жылдары балдар музыкасына кайрылып, мектеп окуучулары үчүн окуу куралын жазат. Ал өзүнүн чыгармачылыгында ар кыл жанрдагы жүздөгөн эмгек жаратып, 70-жылдары Ала-Тоо жөнүндө симфония жазууну кыялданып жүрүп, 1978-жылы бул дүйнө менен кош айтышкан. Азыр анын ысымын борбор калаадагы Опера жана балет академиялык театры жана бир көчө алып жүрөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0