Максат бир болсо жашоо да кызык экен. Издешпей табышкан Аваз менен Айдана

© Фото / Руслан МыктыевПевец Аваз Акимов и певица, блогер Айдана Дека
Певец Аваз Акимов и певица, блогер Айдана Дека  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2021
Жазылуу
Бул ирет "Издешпей табышкандар" рубрикасына ырчы Аваз Акимов менен келинчегин, ырчы, блогер Айдана Деканы чакырдык.
Жубайлар чыгармачылыгы, үй-бүлөсү, мамилеси жана социалдык тармактан тапкан кирешеси тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып беришти.
— Баш кошконуңуздарга канча жыл болду?
Аваз Акимов: — Эки жылдан ашып калды. 
© Sputnik / Табылды КадырбековАваз Акимов менен Айдана Дека чыгармачылыгы, үй-бүлөсү, мамилеси жана социалдык тармактан тапкан кирешеси тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып беришти
Певец Аваз Акимов и певица, блогер Айдана Дека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Аваз Акимов менен Айдана Дека чыгармачылыгы, үй-бүлөсү, мамилеси жана социалдык тармактан тапкан кирешеси тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып беришти
— Кыз-жигит болуп жүргөнгө салыштырмалуу үй-бүлө болгондо көп нерсе өзгөрөт эмеспи. Сиздер кандай айырмачылыктарды байкадыңыздар?
Аваз Акимов: — Сүйлөшүп жүргөндө келечек тууралуу көп деле ойлончу эмеспиз. Урушуп кетсең деле санааркабайсың. Үйлөнгөндөн кийин баскан-турганыңа, сүйлөгөнүңө маани берип калат экенсиң.
Айдана Дека: — Үй-бүлө болгондон кийин жоопкерчилик пайда болду.
А.А.: — Айдана эне болгондон кийин бир топ эле өзгөрдү. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөн кезде кичинекей кыз болчу. Турмушка чыгып, балалуу болгондон кийин мурдагыдан токтолду, көк беттиги калып, мээримдүү, оор басырыктуу болуп калды.
А.Д.: — Жолдошум деле кыз-жигит болуп жүргөн убакта жаш экен (күлүп). Негизи сүйлөшүп жүргөн убакта бири-бириңдин көйгөйүңдү деле билбейсиң да. Алыстан карап, баары жеңил, оңой көрүнөт. Жолдошум мурда өтө эмоцианалдуу болчу. Бат жини келип, бат сүйүнүп, айтор, мүнөзү өзгөрүлүп эле турчу. Азыр аябай эле токтолду. Бизге камкор ата. Жалпысынан үй-бүлө болгондон кийин бизде жакшы жакка өзгөрүүлөр көп болду. 
© Sputnik / Табылды КадырбековАйдана Дека: жолдошум башында мага байке катары мамиле кылып, курсагымды тойгузуп, сабактан алып кетип, үйгө жеткирип, айтор, эркелетип карады. Ошонун баары жакшы сезим калтырды
Певица, блогер Айдана Дека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айдана Дека: жолдошум башында мага байке катары мамиле кылып, курсагымды тойгузуп, сабактан алып кетип, үйгө жеткирип, айтор, эркелетип карады. Ошонун баары жакшы сезим калтырды
— Аваз, жар тандоодо жактырган кызыңыздын кесибине, жерлигине карадыңыз беле? Айрымдар башында эле өзүнө "мен бул кесиптин ээсин албайм же тийбейм" дешет экен.
Журналист, коомдук ишмер Азият Жекшеев менен келинчеги, алып баруучу Наргиза Бекназарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2021
Тилди тыя билиш керек. Издешпей табышкан Азият Жекшеев менен Наргиза Бекназарова
А.А.: — Айдана экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө ырчы эмес болчу. Анын шаардык кыз экенин билчүмүн. Бирок ал нерсе мени чочуткан жок. Анткени шаардык кыздар тың келет. "Оокат кыла албай калсачы" деп ойлогон да жокмун. Мен жумуштун санына эмес, сапатына карайм. Башкысы, ошол оокатты чын көңүлү менен жасаса болду. Жар тандоодо жаңылган жокмун, оюмдагыдай болду. Айдананын мага жумушту берилип, чын дили менен жасаганы жагат. Айылга ата-энеме барса дагы иштин баарын чын жүрөгү менен берилип кылат. Ата-энем да жакшы көрүп, келинин баалашат.
Негизи аялым ырчы болот деп ойлогон эмесмин. Айдана ырчылыкка экөөбүз сүйлөшүп баштагандан кийин киришти. Ошол учурда бир аз ойлондум. Бирок буйрук экен, баш коштук. 
© Sputnik / Табылды КадырбековАваз Акимов: Айдана эне болгондон кийин бир топ эле өзгөрдү. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөн кезде кичинекей кыз болчу. Турмушка чыгып, балалуу болгондон кийин мурдагыдан токтолду, көк беттиги калып, мээримдүү, оор басырыктуу болуп калды
Певец Аваз Акимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Аваз Акимов: Айдана эне болгондон кийин бир топ эле өзгөрдү. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөн кезде кичинекей кыз болчу. Турмушка чыгып, балалуу болгондон кийин мурдагыдан токтолду, көк беттиги калып, мээримдүү, оор басырыктуу болуп калды
— Таанышып-табышкан күнүңүздөрдү эстеп айтып бересиздерби? Айдана мурда ырчы эмес болсо, аны кайдан көрүп жактырып калдыңыз эле?
А.А.: — Айдана экөөбүздүн жаңыдан таанышып жазышкандарыбыздын баары "Одноклассники" деген социалдык тармакта бар. Аны башында клиптерден көрүп калчумун. Ал кезде болочок келинчегим "Береке" бийчилер тобунда бийлечү. Башында эле "жакшынакай экен, чоңойсо татынакай кыз болчудай" деп көз салып койгом. Кийин "Одноклассники" соцтармагынан таап алдым. Анан "Кандайсың, карындаш?" деп жазып номерин сурасам "сиз улуу эле байке экенсиз" деп койгон. Бирок мен жетем деген нерсеме жеткен адаммын, акыры жеттим.
— Айдана, Аваз сиздин жүрөгүңүздү кайсы сапаттары менен багындырып алды эле?
А.Д.: — Мага башында жазганда 16 жашта элем. Жаңыдан бой жетип, балдар жаза баштаган курак. Ошол учурда Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, окуп жаткам. Аваз мүнөзү, мамилеси, сөздөрү менен сүйдүрүп алган. Ортобузда алты жаш айырма болгондуктан эмнегедир аябай улуудай сезилчү.  Жолдошум башында мага байке катары мамиле кылып, курсагымды тойгузуп, сабактан алып кетип, үйгө жеткирип, айтор, эркелетип карады. Ошонун баары жакшы сезим калтырды. Эки жылдан кийин кыз-жигит болуп сүйлөшө баштадык. Ырдап баштаганда кеп-кеңешин айтып жанымда болду. Андан кийин төрт жылдан соң, 22 жашымда турмушка чыктым. 
© Фото / Руслан МыктыевЧыгармачыл жубайлар жакында эле кыздуу болушту
Певец Аваз Акимов и певица, блогер Айдана Дека  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Чыгармачыл жубайлар жакында эле кыздуу болушту
— Аял кишиге карьера, үй-бүлөнү бирдей алып кетиш үчүн жолдошунун колдоосу абдан маанилүү эмеспи. Аваз экөөңүздөр бир тармактын өкүлү болгондуктан ортодо колдоо, түшүнүшүү көп керек?
А.Д.: — "Жубайлардын бир тармакта болгону жакшы эмес, уруш-талаш көп болот, чыгармачылыктан алыс эле адамга тий" деп көп айтышчу. Көрсө, андай эмес экен. Жубайлардын кызыкчылыгы, максаты бир болсо, жашоо да кызыктуу өтөрүнө көзүбүз жетти. Мен азыр жолдошум башка тармакта болгонун элестете албайм. Аны менен эмне жөнүндө сүйлөшмөк элем деп ойлой берем. 
© Sputnik / Табылды КадырбековАйдана Дека: Мен ичимдеги гармонияны сактаганга аракет кылам. Өзүмдү кыйнабай, жаккан нерсени гана жасайм. Бул ар бир аял жасоого аракет кыла турган нерсе деп эсептейм
Певица, блогер Айдана Дека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айдана Дека: Мен ичимдеги гармонияны сактаганга аракет кылам. Өзүмдү кыйнабай, жаккан нерсени гана жасайм. Бул ар бир аял жасоого аракет кыла турган нерсе деп эсептейм
— Казан-аягы кагышпаган үй-бүлө жок болсо керек. Ушундай учурда кырдаалдан кантип чыгасыздар?
А.А.: — Мурда кырдаалдан чыгыш бир аз кыйын болчу. Азыр салыштырмалуу жеңил болуп калды (күлүп). Мен улуураак болгондуктанбы, майда-барат нерсеге көп маани бербейм. Айдана болсо балалуу болгонго чейин бир сыйра таарынып, ыйлап алчу.
А.Д.: — Балалуу болгонго чейин кыларга жумуш жок да. Кызыбыз төрөлгөндөн кийин анын көзүнчө уруша да албай калат экенбиз. Мен бала кезде бир дагы жолу ата-энемдин урушканын көргөн эмесмин. Азыр бала тарбиялоо темасы тууралуу көп окуйм. Алардын психикасын бузуп албаганга, бактылуу балалыкта чоңоюшуна аракет кылабыз. 
© Sputnik / Табылды КадырбековАваз Акимов: чын-чынына келгенде күйөөсүн сыйлаган аял бактылуу болот деп ойлойм. Кээ бир кыздар чычалап чыгышы мүмкүн, бирок менин оюм ошондой
Певец Аваз Акимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Аваз Акимов: чын-чынына келгенде күйөөсүн сыйлаган аял бактылуу болот деп ойлойм. Кээ бир кыздар чычалап чыгышы мүмкүн, бирок менин оюм ошондой
— Буга чейин келген конокторубуздун бири үй-бүлө болгондон кийин жубайлар көк беттик, принцип деген нерселерди унутушу керек деп айткан эле. Бул пикирге кошуласыздарбы?
А.А.: — Кошулам. "Жана кечирим сурашың керек эле, жана айтышың керек болчу" деп айрымдар жазылбай таарынып жүрө берет. Анте берсе уруш чыгат да. Менимче, жараны ырбатпай баарын учурунда чечишип, жарашып алган жакшы. "Менин мүнөзүм ушундай, мындай болчумун" деп жүрө берсе, биринчиден, көңүл калат. Экинчиден, кийин тамашалашып, сүйлөшкүң да келбей калат. Жубайлар ансыз деле жараша турган болгондон кийин болор-болбос үчүн урушуп-талашпай эле койгону дурус деп ойлойм.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Айдана Дека👩🏻‍🎤 (@aidana_deka_official)

— Аял киши үйгө да, жумушка да, өзүн караганга да жетишиши керек деген заман талабы болуп калды. Айдана, баарына кантип жетишесиз?
А.Д.: — Жанымда колдоп турган адамдарым көп болгон үчүн баарына жетишкенге аракет кылат болушум керек. Ырдайм, бий студиясын, сулуулук салонун иштетем. Мунун баары өзүмө жаккан жумуштар. Өзүңө жакпаган ишти жасасаң тажайсың, депрессияга түшүп кетесиң. Ошондуктан ар бир аял жактырган ишин табышы керек деп ойлойм. Эгер жакшы көргөн иш менен алектенсең, ал жактан эс аласың, үйгө жакшы маанай менен келип чын жүрөктөн тамак жасап, үй-бүлөңө да жетиштүү түрдө кам көрөсүң. Мен ичимдеги гармонияны сактаганга аракет кылам. Өзүмдү кыйнабай, жаккан нерсени гана жасайм. Бул ар бир аял жасоого аракет кыла турган нерсе деп эсептейм. Мен деле баарына укмуш жетишип иштейм деп айта албайм. Кээде, тескерисинче, көбүрөөк эс алып коем. 
© Фото / Руслан МыктыевАйдана Дека: мага жолдошумдун ар кандай белек же башка нерсени сюрприз кылганынан дагы жөн эле үйдө колдоо көрсөтүп койгону чоң бакыт. Ичимен ыраазы болуп калам. Эркектер үчүн деле аялынын колдоосу керек
Певец Аваз Акимов и певица, блогер Айдана Дека  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айдана Дека: мага жолдошумдун ар кандай белек же башка нерсени сюрприз кылганынан дагы жөн эле үйдө колдоо көрсөтүп койгону чоң бакыт. Ичимен ыраазы болуп калам. Эркектер үчүн деле аялынын колдоосу керек
— Кызыңар кичинекей экен. Гастроль, концерт учурунда чоң эне, таенелери каралашабы?
А.Д.: — Кызыбызды дайыма жаныбызга алып жүрөбүз. Биринчи кызыбыз болгондуктанбы, кайда жүрбөйлү ар дайым жаныбызда. Бүгүн да сиздердин студияга ээрчип келди. Ата-энелерибиз "бала ата-энеси менен чогуу чоңойгону жакшы" деген кеңештерин беришкен. 
— Үй-бүлөнүн пайдубалы бекем болуш үчүн жубайлар ортосунда эмне маанилүү деп ойлойсуздар?
А.А.: — Эң башкысы түшүнүшүү го. Бири-бирин түшүнүп, болор-болбос нерсе үчүн тынчын албаса ынтымак да бекем болот. Чын-чынына келгенде күйөөсүн сыйлаган аял бактылуу болот деп ойлойм. Кээ бир кыздар чычалап чыгышы мүмкүн, бирок менин оюм ошондой.
А.Д.: — Үйдө дайыма жакшы маанай болуп туруш үчүн аял киши жолдошунун ыраазычылыгын алып турушу керек. Ошол эле учурда эркек да аялын сыйлап турганы жакшы. Мисалы, мага жолдошумдун ар кандай белек же башка нерсени сюрприз кылганынан дагы жөн эле үйдө колдоо көрсөтүп койгону чоң бакыт. Ичимен ыраазы болуп калам. Эркектер үчүн деле аялынын колдоосу керек. Кээде майда нерсе үчүн деле ыраазы болуп каласың го. Менимче, бул нерсе жубайлар ортосундагы мамиледе маанилүү. Бири-бирине ыраазы болгон жубайлардын никеси да бекем болот деп ойлойм.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Айдана Дека👩🏻‍🎤 (@aidana_deka_official)

— Instagram баракчасында миллиондогон катталуучуларыңар бар экен. Дайыма ГИВ (аккаунтка колдонуучуларды тез тартуу жолу) ойнотконуңарды да байкап калабыз. Анын артыкчылыгы эмнеде, силерге кандай пайда түшөт?
Певец Акбар Суйунбаев и журналист, телеведущая Кундуз Казыбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Эркин жүргөн эркек табышкер болот. Издешпей табышкан Акбар менен Кундуз
А.Д.: — Бул жерде бир дагы адам акча коротпойт. Жөн гана ГИВ аркылуу демөөрчүлөр өздөрүнө колдонуучу чогултушат. Ал эми биз ортомчу болуп, аны ойнотуп, колдонуучу чогултууга жардам беребиз. Бул үчүн демөөрчүлөр бизге каражат төлөп беришет. Мында эч ким, эч нерсе коротпойт. ГИВде жөн эле сүрөт киргизе бербей, белек да берилет. Бул эң жакшы система. Албетте, ар ким өз ГИВи үчүн жооп берет. Жеке биз демөөрчүнү сураштырып, документтерин тактап, анан макул болобуз. Мындайда алдамчылар да чыгышы мүмкүн. Ошондуктан өз колдонуучуларыбызга белгилеген баракчага гана катталгыла деп эскертебиз. Биздин атыбызды жамынып баракча ачкандар — алдамчылар, алар акча сурашат. Биз болсо белектерди акысыз беребиз.
Жаңылыктар түрмөгү
0