Кыргызстанда "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартыла баштады. Сүрөт

© Фото / Жолдош ЖанжигитСъемки художественного фильма "Семетей, сын Манаса"
Съемки художественного фильма Семетей, сын Манаса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Жазылуу
Фильмдин бюджети бир миллион доллар. Тартуу иштери ушул аптада Чуңкурчак жайлоосунда башталды, андан кийин Ысык-Көл, Таласта улантылат.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстанда "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартыла баштады. Бул туурасында фильмдин продюсери Өмүрзак Төлөбеков билдирди.

© Фото / Жолдош ЖанжигитКыргызстанда "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартыла баштады.
Кыргызстанда Манастын уулу Семетей тасмасы тартыла баштады. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кыргызстанда "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартыла баштады.
© Фото / Жолдош ЖанжигитКино Кыргыз эл жазуучусу Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" пьесасы жана "Семетей" эпосунун негизинде тартылат.
Кино Кыргыз эл жазуучусу Жалил Садыковдун Манастын уулу Семетей пьесасы жана Семетей эпосунун негизинде тартылат. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Кино Кыргыз эл жазуучусу Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" пьесасы жана "Семетей" эпосунун негизинде тартылат.
© Фото / Жолдош ЖанжигитБакай атанын ролун Темирлан Сманбеков, Жакыпты Эшенкул Барпиев, Каныкейди Альбина Имашова, Чыйырдыны Калича Сейдалиева ойноп жатат.
Бакай атанын ролун Темирлан Сманбеков, Жакыпты Эшенкул Барпиев, Каныкейди Альбина Имашова, Чыйырдыны Калича Сейдалиева ойноп жатат. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Бакай атанын ролун Темирлан Сманбеков, Жакыпты Эшенкул Барпиев, Каныкейди Альбина Имашова, Чыйырдыны Калича Сейдалиева ойноп жатат.
1/3
Кыргызстанда "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартыла баштады.
2/3
Кино Кыргыз эл жазуучусу Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" пьесасы жана "Семетей" эпосунун негизинде тартылат.
3/3
Бакай атанын ролун Темирлан Сманбеков, Жакыпты Эшенкул Барпиев, Каныкейди Альбина Имашова, Чыйырдыны Калича Сейдалиева ойноп жатат.

Анын айтымында, кино Кыргыз эл жазуучусу Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" пьесасы жана "Семетей" эпосунун негизинде тартылат.

"Тартуу иштерин мурдагы күнү Чуңкурчактан баштадык. Ал жерге хан ордо орнотконбуз. Андан кийин Ысык-Көлдүн, Таластын көп жеринде тартылат. Хронометражы 2,30-3 сааттык болот. Кинотеатрларга прокатка чыгаргандан кийин өзүнчө телесериал болуп көрсөтүлөт. Азырынча бир миллион долларлык бюджет менен баштадык. Тасма президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен тартылууда", — деди Төлөбеков.

Бакай атанын ролун Темирлан Сманбеков, Жакыпты Эшенкул Барпиев, Каныкейди Альбина Имашова, Чыйырдыны Калича Сейдалиева ойноп жатат. Ал эми Семетейдин ролуна кастинг жыйынтыктала элек. Продюсер башкы каармандын чоңойгон кези тартылганга чейин ал тандалып бүтөрүн белгиледи.

Тасманын жаратуучулары төмөнкүлөр:

  • Режиссерлор — Дархан Кожохан, Эгемберди Бекболиев;
  • Сценарийин жазган жана продюсер — Өмүрзак Төлөбеков;
  • Башкы оператор — Айбек Жангазиев;
  • Креативдүү продюсер — Нурлан Мамакеев;
  • Аткаруучу продюсер — Жолдошбек Жанжигит;
  • Койгон сүрөтчү — Садыр Сагынбаев.
Жаңылыктар түрмөгү
0