Жапжаш кездери экен! Мамакеев жана Океевдин "Алтын күздөгү" таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Таланттуу режиссёр Төлөмүш Океев менен белгилүү хирург Мамбет Мамакеевдин сүрөтү 1980-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Ал жылы СССРдин эл артисти Океев драматург Мар Байжиевдин сценарийинин негизинде "Алтын күз" тасмасын тартып, ага кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү катышкан.

Бул ирмемди кинофотограф Александр Федоров борбор калаадагы ооруканалардын биринде фотоаппаратына тартып алган.

Ошол кезеңди Кыргыз эл баатыры Мамбет Мамакеев мындайча эскерет:

"Мени Төлөмүш "Алтын күзгө" чакырганда 53 жашта болчумун. Ал менин биринчи жолу тартылган фильмим. Хирург болуп иштеп эл арасында таанылып калгам. Ага жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков, опера ырчысы Болот Миңжылкыев да катышкан. Убагында Төлөмүш экөөбүз ага-инидей, жердештей жакшы мамиледе болуп жүрдүк. Борбор калаадагы Фрунзе көчөсүндө кошуна жашап, бир туугандай катышып калдык. Андай таланттуу режиссёр чанда эле жаралат. Иште, көчөдө, тоо-ташта жүргөндө элдин баарын күлдүрүп чукугандай сөз тапчу. Кийин Түркияга элчи болуп кеткенде аялы катуу ооруду. Ошондо Төлөмүш келинчегине катуу сарсана болуп, жандалбастап чуркап жүрүп өзү эрте кетип калды. Кудай дагы өмүр бергенде кыргыз элине далай мыкты эмгектерин тартууламак. Анын адамгерчилик сапатын, киночу катары мыкты чеберчилиги эч качан унутулбайт", — деди Мамакеев.

Белгилүү төкмө акындар: Замирбек Үсөнбаев, Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев жана жазуучу Мар Байжиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жумакматовдун ордуна оркестр башкарган Байжиев. Залкарлардын таберик сүрөтү
Аталган кинокартинага Аида Юнусова, Димаш Ахимов, Хамар Адамбаева, Жамал Сейдакматова, Лидия Ашрапова, Макиль Куланбаев, Алмаз Кыргызбаев, Асек Жумабаев, Орозбек Кутманалиев, Советбек Жумадылов, Жамал Сейдакматова, Шайлообек Алыкулов, Орозбек Кутманалиев, Жумаш Сыдыкбекова өңдүү кыргыз, казак элинин таланттуу актёрлору роль жараткан. Ошондой эле хирург Мамбет Мамакеев, залкар опера ырчысы Болот Миңжылкыев, жазуучу Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков да тартылган.

Учурда 93 жаштагы Мамбет Мамакеев бейтаптарды кабыл алып операция жасап келет. КРдин баатыры 68 жылдан ашык эмгек жолунда 30 миңден ашык адамдын өмүрүн сактап, 1000ге чукул шакирттерди тарбиялап, 200дөй илимий эмгекти жаратууга жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0