"Көл" тасмасы Казанда өтчү мусулмандар кино фестивалына катышат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүВидеооператор иш учурунда. Архив
Видеооператор иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
"Көл" драмалык жанрда Ысык-Көлдө тартылган. Сюжетинде ыйык көлдө балык түрүндө жашаган байыркы ата-бабалардын жан дүйнөсү тууралуу уламыш баяндалат.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Эмил Атагелдиевдин "Көл" аттуу тасмасы Казань XVII эл аралык мусулмандар кино фестивалынын "Россия – Ислам дүйнөсү" программасына кирди. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондунан кабарлашты.

Фестиваль 5-10-сентябрь күндөрү Татарстандын борборунда өтөт.

Уюштуруучулардын негизги максаты — кино аркылуу коомчулукка ар кайсы өлкөнүн каада-салтын, маданиятын жана азыркы учурдагы негизги көйгөйлөрдү көрсөтүү. "Россия – Ислам дүйнөсү" программасынын алкагында Иран, Азербайжан, Малайзия, Кыргызстан, Казакстан, Нигерия, Түркия жана Судандан 10 кинокартина көрсөтүлөт. Жыйынтыгында алардын бири "Ислам дүйнөсүндөгү маданияттар диалогу" сыйлыгына ээ болуп, 300 миң рубль байге алат.

"Көл" драмалык жанрда Ысык-Көлдө тартылган. Сюжетинде ыйык көлдө балык түрүндө жашаган байыркы ата-бабалардын жан дүйнөсү тууралуу уламыш баяндалат.

Кинонун сценарийин Эрке Жумакматова менен КРдин эмгек сиңирген артисти Эмил Атагелдиев жазган. Башкы ролдорду Артыкпай Сүйүндүков, Болот Тентимишов, Малика Айдабосунова, Айнура Качкынбек кызы, Санжар Өмүрбаев аткарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0