Токтогул Сатылганов менен Александр Затаевичтин скульптурасы. Архив

Кыргыздар кыр көрсөтүп, казактар баалап. Музыка жыйноочу Затаевич жөнүндө 9 факт

714
(жаңыланган 21:36 08.08.2021)
Көркөм өнөрүбүздүн көптөгөн мурастарын оозеки формада жазып алып, аларды нотага салып, түбөлүккө өткөрүп берген бир инсан бар. Ал орус жана совет композитору, музыка жыйноочу, талыкпас этнограф Александр Викторович Затаевич.

Бул киши Фрунзеге келип, атактуу акын Токтогул Сатылгановду башкалар менен бирге отургузуп сүрөткө тартып, улуу акын кандай болгондугун урпактарына мурас кылып өткөрүп берген. Биз бүгүн опол тоодой эмгегин унутта калтырсак да тарых эстетип турган музыка таануучу Александр Викторович Затаевич тууралуу 9 факт сунуштайбыз.

Болхов шаарында жарык дүйнөгө келген. Александр Викторович 1869-жылы 8 (20)-мартта Россиянын Орёл губерниясынын Болхов шаарында туулган. Орёл кадеттер корпусунда (аскер окуу жайы) музыка тармагында окуп, 1886-жылы Полоцк шаарына кызмат кылууга жиберилет. Дал ошол жерде бош боло калганда музыка менен шугурланып, өз талант-шыгын ушул өнөр тармагында ачат.

Улуу композитор Сергей Рахманинов менен байланышы. Ал 1896-жылы атактуу композитор Рахманинов менен таанышып калат. Орус музыкасынын символу катары эсептелген пианист жана композитор Сергей Васильевич жаш кадеттин пьесасы менен таанышып, анын басылышына жардам берет. Кийин Рахманинов "Алты музыкалык абал" деп аталган фортепианалык түрмөгүн Александр Викторовичке арнаганына караганда экөө аябай жакшы болгон деп болжолдоого болот.

Польшадагы күндөр. 1904-1915-жылдарда ал Варшавада кызмат кылат. Кызмат арасында "Варшавский дневник" деп аталган музыка таануу газетасына миңден ашык макала жазып, аларда орус, польяк жана жалпы эле европалык композиторлордун жана аткаруучулардын чыгармаларына талдоо берген, сын айткан. Дал ушул он бир жыл ичинде польша фольклорунун мурастарын жазып жүргөн, а түгүл Варшава консерваториясынын кеңешинин мүчөсү болууга жетишкен.

Оренбургда казак музыкасын изилдеп... 1920-жылы тагдыр аны ошол кездеги казактардын борбору Оренбург шаарына айдап келген. Ал жерден Александр Затаевич казактардын 1000 ырын, 500 күүсүн, жалпысынан 2 300 музыкалык чыгармасын жазып алып, Абай Кунанбаев, Курмангазы Сагырбаев, Биржан Кожагулов, Жаяу Муса Байжанов, Даулеткерей, Балуан Шолак, Мухит, Ибрай ж.б ыр, күү устаттарынын өнөрүн түбөлүккө калтырган. Байыркы замандан ошол XX кылымдын 30-жылдарына чейинки казактардын ыр-күүлөрүн жыйнап 1931-жылы "1000 песен киргизского народа", "500 кюу и песни киргизского народа" аттуу антологиянын эки томун чыгарган. Тилекке каршы, антологиянын 3-томун көзү тирүүсүндө чыгара алган эмес, бирок ал да кол жазма түрүндө сакталып калган.

Атактуу француз жазуучусу Ромен Ролландын ыраазычылыгына татыган. Бетховен тууралуу жазылган "Жан Кристоф" романынын автору Ромен Роллан жазуучу гана эмес, музыканын тарыхын изилдөөчү да болгон. Александр Затаевич ага казак фольклору тууралуу нота китептерин жиберген. Ромен Роллан болсо ага 1926-жылы биринчи жана 1929-жылы экинчи катын өзү жашаган Швейцариянын Вильнев шаарынан жолдогон. Биринчи катында туулган күнүнө карата жиберген "1000 песен киргизского народа" деген китеби жана кыргыз темасындагы (ал кезде казактарды кыргыз дешкен – М.А.) өзүнүн композициялары үчүн ыраазычылык билдирген. Аксак-Кулан уламышына өзгөчө кызыкканын айткан. Үчүнчү катын 1935-жылы 29-июнда Москвадан салган. Ошол жылы жайында экөө Максим Горькийдин Горкидеги дачасында көзмө-көз жолугушкан. Алардын музыка боюнча пикирлерине пролетариаттын улуу жазуучусу да көбө болуп турган. Француз жазуучусу Ромен Роллан музыка жыйноочу Александр Викторович жиберген казак-кыргыз элинин музыкалык чыгармаларынан өтө таасирленгенин айтып, "сиз мага белгисиз элдердин музыкалык дүйнөсүн ачып бердиңиз" деп ыраазычылык билдирген.

Кыргыз зыялыларынын кызыгуусу. Александр Затаевич талаа элдеринин музыкалык маданиятын Европага таратып жаткан кезде кыргыз күүлөрү менен обондорун нотага өткөртүп алуу да өкмөттөгүлөр тарабынан көлдөлөңүнөн коюлат. Атактуу музыкантты 1927-жылы Кыргыз АССРинин Эл комиссариатынын төрагасы болуп дайындалган Жусуп Абдрахманов жеке өзү демилге көтөрүп, кийинки жылы алдырып келген. Бул адамдын келиши менен Жусуп Абдрахманов жер-жердеги бийлик башчыларына таланттарды таап келүүгө катуу тапшырма берген. Анан Александр Затаевич 1928-жылы сентябрь айында Кыргыз Автоном Республикасынын Эл агартуу комиссариатынын (комиссар Касым Тыныстанов) чакыруусу боюнча Фрунзеге келет да, дароо жазуу иштерин баштайт.

Кыргыз ыр-күүлөрүнүн экинчи тагдырын ачуу. Ошол келишинде таланттуу музыка таануучу Александр Викторович ачарчылыкка, жугуштуу оорунун каптап турганына, суукка карабай Фрунзенин Кызыл-Аскер көчөсүндө жайгашкан бир үйдө отуруп Муратаалы Күрөңкеевден тарыхы менен коштолуп айтылган комуздун, кыл кыяктын, чоордун – 51, Карамолдо Орозовдон комузда аткарылган 31 күүсүн нотага түшүрүп алат. Ал эле эмес, дурус ырдайт деген кишилерди ырдатып туруп, жазуучу Касымаалы Жантөшевден – 12, акын Абдырасул Токтомушевден – 5, адабиятчы Токчоро Жолдошевден, журналист Насырымбек Жаналиевден, дагы Абике Дыйканбаевден, Султан Кочкорбаевден, Кожокан Рахматовдон ж.б. бир топ кишилерден элдик ырларды ырдатып, аларды нота менен жазып алган. Жаздыргандардын ичинде жаш композитор Абдылас Малдыбаев да болгон.

Токтогул Сатылганов менен кездешүү. 1928-жылы эстетикалык табити абдан жогору адис Александр Затаевич Фрунзеге келип, акындар жана комузчулар менен жолуккан кезде Кетмен-Төбөдөн Токтогулду да чакырып келишет. Кетмен-Төбөдөн Жолой Боогачыев, Абдырасул, Токтогул Сатылганов – үчөө аттанат. Баргандын эң эле утушу – үчөөнү фотого тартышат да, ошол фото тарыхта Токтогул Сатылгановдун жапжалгыз сүрөтү болуп калат, кийин айкелчилер жана портретчилер ошол сүрөткө таянып акындын образын ачып көрсөтөт.

Кабар кеч угулганбы же дагы бир шойкому барбы, айтор, жанагы үчөө кашайып кыйла кечигип барат. Ал кезде Фрунзеге Төө-Ашуу, Кара-Балтанын капчыгайы менен эмес, Талас менен катташкан болуу керек, Таласта да туруп калат. Таласта Токтогулдун 1928-жылы Кетмен-Төбөдөн келип, "Фрунзеге жаштар менен жөнөп баратам,  олимпиадага чакырыптыр" деп Жолой кыякчы менен чайханада элге тамаша куруп берип, ырдап да, кара сөз айтып да, эки согончогу менен жылып комуз чертип да жатканына таң калганын Бекмурза Ишимов эскерет. Буга караганда Токтогул баласындай болгон Алымкул Үсөнбаевди Фрунзеге алып баруу ниетинде болгон экен, тилекке каршы, таппай калыптыр. Бул тууралуу ошол 1928-жылы Фрунзеде таанышкан, бир аз күн болсо да чогуу жүрүп калган Карамолдо Орозов да эскерет, "Током бизден үч күн кеч келди, себебин сурасак, Таластан Алымкул деген жаш ырчы чыгыптыр, ошону ала кетейин деп аныкына барса, ал жок, бир тойго кетиптир, үч күн күтүп келбеген соң анан жолун улаптыр". Абдырасул – сүрөттөгүдөй эле үчөөнүн жашыраагы эле, комузчу болгон. Жолой Боогачы уулу (1888-1934) Кетмен-Төбөнүн Ничке-Сайынан, сүрөттө кыл кыяк карматып койгондой эле кыякчы экен, комузчу да болуптур, кыягын "сүйлөтүп" койчу дешет эскергендер. Кийин 1932-1933-жылдарда райондо элдик театр ачылып калган кезде театрда да иштептир. Ошол барышта ал Александр Викторович Затаевичке 17 күү жаздырат, "Гүлгаакы", "Карачач-Зейнеп" деген дастандарды күүгө салып, анын баянын кара сөз менен да айтып берген экен. Ошолордун ичинде Александр Викторович Затаевич Токтогулдун да 18 күүсүн нотага түшүрөт, анын "Тогуз кайрык", "Миң кыял", "Шыңгырама кыз ойготор", "Алайдын миң кыял", "Токтогулдун кербези" деген күүлөрүн жогору баалайт, өмүр таржымалына өзгөчө кызыгып, орусча суудай билген акын менен кеңири сукбатташат. Токонун "Кыз ойготор" күүсүн угуп, татаалдыгынан улам бир топ жерин нотага түшүрө албай калыптыр, бирок жибип кеткенби, иши кылып, фортепианодо өзүнө ойноп бериптир. Өнөр таануучу Көпбай Күмүшалиевдин эскерүүсүнө караганда, Фрунзенин "Ударник" кинотеатрынын жайкы залында ал кездеги агартуу министри, профессор Касым Тыныстанов, музыковеддер Александр Викторович Затаевич, Николай Николаевич Еленин болуп Токтогулдун күүлөрүн угуп жатышкан экен. Токо "Тогуз кайрыгын" черткенде аны нотага жазып отурган Затаевич "Молодец" деп кыйкырып жиберген экен. Ошондо ак кителчен Касым Тыныстанов ордунан туруп, Токтогулга карап Затаевич аксакал чарчап калса да, дагы бир күү чертип берсе деп суранып атат дептир.

Мына ушул келиште жазып алган 250 күүнү жана обонду 1934-жылы Москвадан китеп кылып чыгарып, профессионал музыка дүйнөсүнө тараткан.

Экинчи келиши. Александр Затаевич бул жолу кетип, Токтогул Сатылгановдун күүлөрүн дагы бир жазып алайын деп айланып кайра үч жылдан кийин, 1936-жылы Фрунзеге келсе, Токтогул ырчы келбес жайга кеткен болот. Ошондо европалык деңгээлдеги музыка таануучу жер муштап кала берген экен... Ал келиште Атай Огомбаев, Шаршен Термечиков, Муса Баетов, Калык Акиев, Саид Бекмуратов, Ыбырай Туманов ж.б. таланттардан 170 ыр-күү жазып алган. Абдылас Малдыбаевдин "Кызыл жолукчан", "Тилек", "Күн бүгүн", дагы башка он ырын фортепиано үчүн иштеп чыккан. Анын эки келиштеги жыйнаган материалдары 1971-жылы Москвадан "Киргизское инструментальные пьесы и напевы" деген ат менен басылган.

Казактардын сыйы, кыргыздардын кыр көрсөтүшү. Александр Викторович Затаевич да 1936-жылы Москва шаарында каза табат. Казактар ага 1923-жылы эле "Казак эл артисти" деген ардактуу наамын ыйгарган. 2019-жылы Өзкемен, 2021-жылы Алматы, Нур-Султан, Караганды шаарларында бирден көчөгө ысымын ыйгарган, ал жашаган жана иштеген Оренбург шаарындагы Николаев аялдар институтунун башкы корпусунун имаратына эстелик тактайын орноткон. А кыргыздар болсо улуу мурастарыбызды сактап берген кишини унуткандай кыр көрсөтүп турабыз, балким бул азырынча эледир...

714
Белгилер:
Кыргызстан, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, кыргыз, музыка, Александр Затаевич
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (412)
Тема боюнча
Ырда калган Даткайым. Мударис атыккан Молдо Нияз тууралуу 10 факты
Төлөмүш Океев атындагы Кыргызфильм киностудиясында кинопленкага тартылган эски тасмаларды санариптөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү

"Кыргызфильмдеги" шедевр кинолорду санариптөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү