"Оймо" фестивалынын директору: коңшулар китеп чыгаруу жагынан алдыга кетишти

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Оймо" фестивалынын башкы директору, ЮНЕСКОнун материадык жана материалдык эмес маданий мурастар боюнча эксперти Динара Чочунбаева
Оймо фестивалынын башкы директору, ЮНЕСКОнун материадык жана материалдык эмес маданий мурастар боюнча эксперти Динара Чочунбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
"Оймо" фестивалынын директорунун айтымында, маданиятты таанытууда көп нерсе аткаминерлерден жана алардын билимдүүлүгүнөн көз каранды.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстандын бийлиги маданият, мурас жана тарых жөнүндө китептерди чыгарууга маани бербейт. Бул тууралуу "Оймо" фестивалынын башкы директору, ЮНЕСКОнун материадык жана материалдык эмес маданий мурастар боюнча эксперти Динара Чочунбаева билдирди.

Адис Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингге катышты. Анын айтымында, маданиятты таанытууда көп нерсе аткаминерлерден жана алардын билимдүүлүгүнөн көз каранды.

"Ар дайым Өзбекстанды мисал кылып келем. Бул жагынан алганда өлкө Борбор Азия боюнча алдыга кетти. Балким алардын бермети болгон Бухаранын, Хиванын, Самарканддын таасири чыгар. Алар көптөн бери эле ЮНЕСКО менен иштешип келишет. Маданий туризмдин баа-баркын жакшы билишет. Кол өнөрчүлүккө кандай көңүл буруп жатышканын карап көргүлө. Сайттарга түрдүү материалдарды чыгарып, жарнаманы жакшы жасап жатышат. Укмуш китептерди дагы чыгарышууда. Китеп чыгаруу жагынан Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан алдыда. Тажикстанда бизге караганда 10 эсе көп китеп басылган. Ал эми бизде болсо китептерди жеке тараптар гана чыгарат. Мамлекеттин басмага бир китеп бергени эсимде жок", — деди Чочунбаева.

Бишкектеги Оймо фестивалында модельдер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Бул жылы "Оймо" фестивалы Ысык-Көлдө эмес, башка облуста өткөрүлөт
Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңешинин президенти Жамбы Карыбекова Маданият министрлиги жакынкы убактан бери колдоо көрсөтө баштаганын, бирок ал дагы жетишсиз экенин белгиледи.

"Борбор калаада жана облустарда кол өнөрчүлөр эмгектерин көргөзмөгө кое турган маданий борборлор жок. Иш-чараларда пакеттерибизди көтөрүп алып жүрөбүз", — деди ал.

Эске салсак, быйыл кол өнөрчүлөрдүн жана салттуу маданияттын "Оймо" фестивалы "Шырдак" фестивалы менен чогуу 24-25-августта Нарында өтөт. Ал эми 27-31-августта Бишкекте уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0