Мисте. Архивдик сүрөт

Жалал-Абадда "Ноокен мистенин мекени" эл аралык фестивалы өтөт

316
Иш-чара үч бөлүктөн турат. Учурда Иран, Россия, Түркия, Татарстан, Казакстан жана Өзбекстан катыша турганын тастыктаган.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Жалал-Абадда "Ноокен — мистенин мекени" эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучулар билдирди.

Иш-чара Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 28-августта болот. Ал жарманке, бизнес жана илимий форум, белгилүү өнөр адамдарынын катышуусундагы концерттик программа менен коштолот.

Учурда Иран, Россия, Түркия, Татарстан, Казакстан жана Өзбекстан катыша турганын тастыктады. Башка мамлекеттер онлайн катышышы ыктымалдыгы айтылат.

Уюштуруучулар илимий форумдун жыйынтыгы менен резолюция кабыл алууну ниет кылып жатканын билдирди.

Иш-чаранын демилгечиси жана башкы уюштуруучусу — Ноокен райондук мамлекеттик администрация.

316
Белгилер:
Жалал-Абад, Ноокен, мисте, фестиваль
Тема боюнча
Бул жылы "Оймо" фестивалы Ысык-Көлдө эмес, башка облуста өткөрүлөт
"Оймо" фестивалынын директору: коңшулар китеп чыгаруу жагынан алдыга кетишти
Президент Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандагы өкүлү Криста Пиккатты кабыл алуу учурунда

Жапаров ЮНЕСКО өкүлү менен КРдин атынан мурастар тизмесине кирчү жайларды сүйлөштү

79
(жаңыланган 23:54 20.09.2021)
Жапаров Кыргызстан учурда "Ысык-Көлдүн түштүк жээги" номинациясын ЮНЕСКОнун Геопарктар глобалдык түйүнүнө киргизүү үчүн даярдык көрүп жатканын билдирген. Ал ЮНЕСКОнун КРдеги эле эмес, Борбор Азиядагы биринчи геопаркы болуп калышы мүмкүн.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын тизмесине жана адамзаттын материалдык эмес мурастары тизмесине Кыргызстандан бир нече объектилерди киргизүүгө даярдык жүрүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандагы өкүлү Криста Пиккатты кабыл алып жатканда айтты.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, жолугушууда Кыргызстан менен ЮНЕСКО ортосундагы билим берүү, илим, маданий мурас жаатында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланган.

Президент Кыргызстана Садыр Жапаров во время встречи с представителем Организации Объединенных Наций по вопросам образования, науки и культуры (ЮНЕСКО) в Кыргызстане, Казахстане и Таджикистане Кристой Пиккат
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын тизмесине жана адамзаттын материалдык эмес мурастары тизмесине Кыргызстандан бир нече объектилерди киргизүүгө даярдык жүрүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандагы өкүлү Криста Пиккатты кабыл алып жатканда айтты.

Жапаров маданий мурастарды эл аралык деңгээлде сактоо жаатында активдүү кызматташып,  колдогону үчүн Криста Пиккатка ыраазычылык билдирген.

Президент кыргыздын салттуу "Көк бөрү" оюнун, "Тогуз коргоол" же "Тогуз кумалак" жана "Мангала" интеллектуалдык-стратегиялык оюндарын ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдүү тизмесине киргизүүдө Криста Пиккаттын кошкон салымын маанилүү деген.

"Учурда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын тизмесине жана ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес мурастары тизмесине Кыргызстандын бир элементи – Өзгөн археологиялык-архитектуралык комплекси болгон "Жибек жолу": Фергана-Сырдарыя коридору" объектиси трансулуттук номинацияда, ошондой эле "Саймалуу-Таш" аскадагы сүрөттөрүн" улуттук номинацияда киргизүүгө даярдык жүрүүдө. Кыргызстан үчүн бул иш-чаралар өтө маанилүү жана алар ЮНЕСКОнун колдоосуна, анын ичинде усулдук жана гранттык жардамга муктаж", — деп жазылган маалыматта.

Мындан сырткары, Жапаров Кыргызстан учурда "Ысык-Көлдүн түштүк жээги" номинациясын ЮНЕСКОнун Геопарктар глобалдык түйүнүнө киргизүү үчүн даярдык көрүп жатканына көңүл бурган. Аталган аймак эл аралык маанидеги геологиялык мураска ээ. Ал бул геопарк ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы эле эмес, Борбордук Азиядагы биринчи геопаркы болоруна үмүт арткан.

Президенттин белгилешинче, Кыргызстан материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча Конвенцияны кабыл алып, аны дүйнөлүк коомчулукта сактоо жана өркүндөтүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшап жатат.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы Кыргызстанда өлкөнүн улуттук тарыхы үчүн өзгөчө мааниге ээ эки миңдей кыймылсыз эстеликтер бар экенин билдирди. Бүгүнкү күндө алардын төртөө ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине кирген.

Ал эми Криста Пиккат Ош облусунун Өзгөн шаарында өткөн "Өзгөн-Мунара-2021" этнофольклордук фестивалына катышкандыгын канааттануу менен белгилеген.

"ЮНЕСКОнун өкүлү Жапаровдун мурастарга Кыргызстандын маданий өзгөчөлүгүнүн бир бөлүгү катары чоң маани берип, баалагандыгын кубануу менен белгиледи", — деп билдирди маалымат кызматы.

Мындан сырткары, ал Кыргызстан демилгелеген "Кыргыз жараны" программасын колдоого уюм кызыкдар экенин кошумчалаган.

"Бизде ата-бабалардын сиздерге өткөрүп берген маданиятты кийинки муунга жеткирүү үчүн, жаштар арасында бул боюнча маалымдуулукту жогорулатуу максатында даярдап жаткан долбоордук сунушубуз бар. Ошону менен бирге Кыргызстандын ЮНЕСКОнун тизмесине жаңы объектилерди кошуу ниети ЮНЕСКОну кубандырат", — деп кошумчалаган ал.

Кыргызстандын ЮНЕСКО тизмесине кирген маданий мурастары тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан тааныша аласыз.

79
Белгилер:
Кыргызстан, ЮНЕСКО, Садыр Жапаров, тизме
Тема боюнча
Кыргызстандын ЮНЕСКО тизмесине кирген маданий мурастары
Манасчы Дөөлөт Сыдыков

Манасчы: соңку убакта "Семетей", "Сейтек" көп айтылбай калууда

18
Манасчы Дөөлөт Сыдыков семетейчилердин алгачкы сынагынын "Манас" эпосун жайылтуу үчүн мааниси чоң экендигин белгиледи.

Семетейчилердин сынагынын өтүшү жаңы "Семетей", "Сейтек" айтуучулардын чыгышына себепкер болушу ыктымал. Анткени соңку убакта көбүнчө "Манас" айтылып, "Семетей", "Сейтек" көп айтылбай калууда. Бул тууралуу Дөөлөт Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Манасчы: соңку убакта "Семетей", "Сейтек" көп айтылбай калууда

Анын айтымында, 22-25-сентябрь күндөрү Дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык VI фестивалынын алкагында өтүп жаткан семетейчилердин алгачкы сынагынын мааниси чоң.

"Фестивалга келген окумуштуулар "Манас" дастаны тууралуу маалымат алып, жок дегенде бир макала жазса дагы пайда. Учурда "Манас" эпосу кайсы бир деңгээлде изилденүүдө. Бирок эми гана изилденип баштагандай түр калтырууда. Мисалы, классикалык деп саналган Саякбай Каралаев менен Сагынбай Орозбаковдун варианттары дагы толук кандуу изилденип бүтө элек. Анан фестивалдын алкагында өткөн сынак атайын семетейчилер үчүн болгону дагы жакшы жөрөлгө. Чоң манасчыларыбыз өзүн семетейчи катары эсептеген. Анын үстүнө соңку убакта "Семетей", "Сейтек" көп айтылбай калды. Ошондуктан сынак манасчылыкта жаңы айтып келе жаткандарга шык берет, анткени манасчы айткан сайын такшалат эмеспи", — деди Сыдыков.

Ошондой эле ал дүйнөдөгү эпостордун ичинен "Манас" ооздон-оозго айтылып келе жаткан жалгыз жандуу дастан экенин кошумчалады.

18
Белгилер:
Дөөлөт Сыдыков, Манас, фестиваль, илим
Тема боюнча
Кыргызстанда алгачкы жолу семетейчилердин республикалык сынагы өтөт
Кол кармашып турган түгөй. Архив

Түгөйлөрдүн бири эмнеден улам орой болуп калат? Адистин түшүндүрмөсү

0
Психологдун айтымында, орой адамды жар катары тандаган киши "жылытууга" аракет кылышы керек. Мисалы, кыйкырыкка кыйкырык менен жооп бербей, тескерисинче, жумшак мамиле кылган туура.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Психолог Александр Колмановский жубайлардын оройлугу эмнеден келип чыгарын жана аны кантип жеңсе болорун айтып берди. Адистин пикирин РИА Новости жарыялады.

"Кандай адамдар жакындарына ороңдоп бир тийип, көңүлүн көп оорутат? Адатта булар кичинесинде ата-энеси жетишерлик көңүл буруп, бооруна тартпаган балдар. Көкүрөгүндө кичине кезинде албай калган мээримдин орду бош болуп, кийин анын ордун түгөйүнүн мээрими менен толтургусу келет. Бирок ошол нерсеге жылуу-жумшак жол менен жетүүнүн ордуна оройлугун көрсөтөт, башка жолун билбейт", — деди адис.

Колмановский түшүндүргөндөй, мындай адамды кабыл алып, жар катары тандаган киши "жылытууга" аракет кылышы керек. Мисалы, кыйкырыкка кыйкырык менен жооп бербей, тескерисинче, жумшак мамиле кылган туура.

"Мисалы, сиз аябай шашып бара жатканда, бирөө токтотуп алып сиз үчүн маанисиз бир нерсе сурады дейли. Албетте, жиниңиз келип, кагып коюшуңуз мүмкүн. Ошол учурда ал кечирим сурап, кичипейил мамиле кылса, сиз уялып каласыз. Кийин ал адамды көргөндө ыңгайсыз болуп, жакшы сүйлөгөнгө аракет кыласыз", — деди психолог.

Адис кошумчалагандай, түгөйүн мындай абалдан алып чыгып кетем деген киши ал уруша баштаганда сөздөрүнө эмес, ошол учурдагы абалына көңүл бурушу керек. Ошондо гана кырдаал даана көрүнүп, жакын адамга жардам берүү оңоюраак болот.

0
Белгилер:
күйөө, аял, уруш, психология, абал
Тема боюнча
Бош убакыттын көптүгү маанайды чөгөрүп, ден соолукка залакасын тийгизет
Окумуштуулар коронавирустун дагы бир олуттуу кесепетин айтышты