"Шамбала" тасмасы Канадада өтө турчу кинофестивалдын негизги сынагына кирди

© Фото / Айтыш фильмФильм кыргызского режиссера Артыкпая Суюндукова "Шамбала"
Фильм кыргызского режиссера Артыкпая Суюндукова Шамбала - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Жазылуу
Артыкбай Сүйүндүковдун толук метраждуу тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Артыкбай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы HECare Film Festival (Human-Environment Care Film Festival) эл аралык кинофестивалынын негизги сынагына илинди. Бул тууралуу "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы кабарлады.

Режиссёр Артыкпай Сүйүндүков жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Режиссёр Сүйүндүковдун эл аралык фестивалдан уткан сыйлыктары колуна тийди
Фестиваль Канаданын Онтарио провинциясында өтөт. Бул Канададагы маанилүү маданий иш-чаралардын бири болуп саналат.

Сүйүндүковдун толук метраждуу "Шамбала" тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.

"Шамбала" тасмасы быйыл 25-апрелде "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" номинациясын утуп, Россиянын Кинематографиялык искусство академиясынын "Ника" сыйлыгына татыган. Ошону менен бирге 8-15-январда Калькуттада (Индия) өткөн эл аралык кинофестивалда "Мыкты режиссура" сыйлыгына ээ болгон. Мындан тышкары, бир катар кинофестивалдарга катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0