Келиндер ыргытылган эле жүндөн тыйын таап жатат. Уз Жибек Туратбекованын маеги

© Фото / из личного архива Жибек Туратбековой"Чоң-Алай уздары" коомдук бирикмесинин төрайымы Жибек Туратбекова (ортодо)
Чоң-Алай уздары коомдук бирикмесинин төрайымы Жибек Туратбекова (ортодо) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Жазылуу
Чоң-Алайдын кыз-келиндери жасаган таарлар өлкө аймагында гана таанылып тим болбостон, Европадан да буюртма ала баштады. Ош облусундагы ондогон кол өнөрчүлөрдү бир нече жылдан бери "Алай ишкер айымдары" коомдук бирикмесинин төрайымы Жибек Туратбекова жетектеп келет.

Талаада, кокту-колотто таштанды болуп жаткан койдун жүнүнөн киреше тапкан ишкер менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.

© Фото / из личного архива Жибек ТуратбековойТуратбекова: таарлар үйдөгү койдун, топоздун жүнүнөн эле жасалат. Элетте бош отургандан көрө жакшы эле иш болууда
Келиндер ыргытылган эле жүндөн тыйын таап жатат. Уз Жибек Туратбекованын маеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Туратбекова: таарлар үйдөгү койдун, топоздун жүнүнөн эле жасалат. Элетте бош отургандан көрө жакшы эле иш болууда

— Сиздер токуган таарлар Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөдө да сатыла баштаптыр. Жалпы канча адам иштейсиздер?

— Биздин кыз-келиндер жамаат болуп иштейт. Жалпы 213 болсок, анын ичинен 57 аял туруктуу эмгектенет. Көпчүлүгү буюртма алып өз үйлөрүндө жасап бизге өткөрөт. Таарлар үйдөгү койдун, топоздун жүнүнөн эле жасалат. Элетте бош отургандан көрө жакшы эле иш болууда. Эгер буюртмалар көп түшсө, бөлүшүп жасап калабыз. Таар токуу эзелтен бери эле чоң энелерибиз аркалап келген өнөр. Акыркы жылдары ал унутулуп, жаштар такыр эле токубай калган. Биз аны бир нече жылдан бери жандандырып, кошумча жумуш ордун түзө алдык.

— Негизинен койдун жүнүн колдонот экенсиздер. Аны кантип иштетесиздер?

— Койдун жүнүн тазалап, жип, ийрип токуйбуз. Иш чындыгында көп мээнетти, көздүн майын талап кылат. Көбүнчө боёбой, табигый өңү менен жасайбыз. Эгер түс берүү керек болсо, пияздын кабыгын, анардын кабыгын, чөптүн гүлдөрүн кайнатып пайдаланабыз. Мурун химиялык боёкторду ылгабай эле колдоно берчүбүз, азыр андай жок. Эки жылдан бери толук экологиялык таза продукция чыгаруу аракетин көрүп жатабыз. Байкасак, экологиялык таза продукция жакшы өтөт экен жана кардарлардын талабы да ушундай болууда.

— Таардан токуп гана тим болбостон, үй буюмдарын да жасасаңыздар керек?

— Таар токууну аялдар сүйүп жасайт. Убагында ата-энелерибиз кол өнөрчүлүк менен алектенгенде колкабыш кылып үйрөнүп алганбыз. Андан белдемчи, саркеч баштыктар, куржун, атка жабуу тигилет. Турмушка чыгып жаткан кыздарга берилчү себине кошулчу чоң таар даярдалат. Ошондой эле жүндөн килем токулат. Кийизден боз үйдүн жабууларын, үйдө кийип жүргөнгө ылайыктуу бут кийимдерди жасайбыз.

© Фото / Жибек ТуратбековаВойлочные изделия изготовленные мастером Жибек Туратбековой
Туратбекова: таар токуу эзелтен бери эле чоң энелерибиз аркалап келген өнөр. Акыркы жылдары ал унутулуп, жаштар такыр эле токубай калган - Sputnik Кыргызстан
1/4
Туратбекова: таар токуу эзелтен бери эле чоң энелерибиз аркалап келген өнөр. Акыркы жылдары ал унутулуп, жаштар такыр эле токубай калган
© Фото / Жибек ТуратбековаВойлочные изделия изготовленные мастером Жибек Туратбековой
Туратбекова: койдун жүнүн тазалап, жип, ийрип токуйбуз. Иш чындыгында көп мээнетти, көздүн майын талап кылат - Sputnik Кыргызстан
2/4
Туратбекова: койдун жүнүн тазалап, жип, ийрип токуйбуз. Иш чындыгында көп мээнетти, көздүн майын талап кылат
© Фото / Жибек ТуратбековаВойлочные изделия изготовленные мастером Жибек Туратбековой
Туратбекова: мурун химиялык боёкторду ылгабай эле колдоно берчүбүз, азыр андай жок - Sputnik Кыргызстан
3/4
Туратбекова: мурун химиялык боёкторду ылгабай эле колдоно берчүбүз, азыр андай жок
© Фото / Жибек ТуратбековаВойлочные изделия изготовленные мастером Жибек Туратбековой
Туратбекова: эки жылдан бери толук экологиялык таза продукция чыгаруу аракетин көрүп жатабыз. Таза продукция жакшы өтөт экен жана кардарлардын талабы да ушундай  - Sputnik Кыргызстан
4/4
Туратбекова: эки жылдан бери толук экологиялык таза продукция чыгаруу аракетин көрүп жатабыз. Таза продукция жакшы өтөт экен жана кардарлардын талабы да ушундай
1/4
Туратбекова: таар токуу эзелтен бери эле чоң энелерибиз аркалап келген өнөр. Акыркы жылдары ал унутулуп, жаштар такыр эле токубай калган
2/4
Туратбекова: койдун жүнүн тазалап, жип, ийрип токуйбуз. Иш чындыгында көп мээнетти, көздүн майын талап кылат
3/4
Туратбекова: мурун химиялык боёкторду ылгабай эле колдоно берчүбүз, азыр андай жок
4/4
Туратбекова: эки жылдан бери толук экологиялык таза продукция чыгаруу аракетин көрүп жатабыз. Таза продукция жакшы өтөт экен жана кардарлардын талабы да ушундай

— Менимче, бул өнөрдү аркалагандар Чоң-Алайда эле көп, таардын артыкчылыктарын айта кетсеңиз?

— Чындыгында эле таар токуу Кыргызстандын көпчүлүк бөлүгүндө унутулуп кеткен. Чоң-алайлык аялдар анын жасоо технологиясын сактап калдык. Биз түрдүү иш-чараларды уюштуруп, мектеп окуучуларына, студенттерге үйрөтөбүз. Жаңы нерсе ойлоп таппай эле апаларыбыз күнүмдүк жашоосунда аткарган ишин улантып киреше таап жатабыз. Акчасынан сырткары, эң негизгиси элдик өнөр кийинки муунга үйрөтүлүүдө. Чоң-Алайда кыз турмушка чыгып жатканда себине энеси чоң таар жасап берет. Эгер жасалбаса, кудалары жаңы келген келинин же кудагыйынын колунан эч нерсе келбейт экен деп түшүнөт. Ошондуктан биз жакта кыздын себине килем менен чоң таар атайын жасалат. Ошондо барган жеринде кыз барктуу делет. Таардын артыкчылык жактары өтө көп. Биринчиден, өтө бышык, жакшы колдонсо жүз жылга чейин пайдаланса болот. Экинчиден, жылуу. Анан кийим-кече тигип кийип жүрсө ден соолукка зыян тийгизбейт.

— Даяр эмгекти кантип сатасыздар, чет өлкөгө чыгарып сатууга мүмкүнчүлүктөр болуп жатабы?

— Жазында Москва шаарында өткөн "Тюбетейка" эл аралык маданий фестивалына катышып келдик. Ал жактан биздин эмгектердин бирин да калтырбай сатып алып кетишкен. Айылда эс алуучулар, туристтер келген мейманканаларга коюп сатабыз, жергиликтүүлөр да алат. Бишкектеги дүкөндөргө коёбуз. Жакында Европадан чоң буюртма түштү. Азыр анын үстүнөн жалпылап иштеп жатабыз. Япониядан да кызыгуусун билдирип, келип көрүп кетишкен. Азыр бир жаңы ишкана ачуу аракеттери көрүлүүдө.

© Фото / из личного архива Жибек ТуратбековойТуратбекова: кийизден боз үйдүн жабууларын, үйдө кийип жүргөнгө ылайыктуу бут кийимдерди жасайбыз
Келиндер ыргытылган эле жүндөн тыйын таап жатат. Уз Жибек Туратбекованын маеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Туратбекова: кийизден боз үйдүн жабууларын, үйдө кийип жүргөнгө ылайыктуу бут кийимдерди жасайбыз

— Бир таарды токууга канча убакыт кетет, кардарлар жасалган эмгекти жакшы эле баалайбы?

— Негизи таар токуу менен төрт мезгилде тең, жылы бою алектенсе болот. Иштин көзүн тапкан бир келин бир жылда үйдө иштеп эле 200 миң сомго жакын акча таба алат. Мисалы, бир таар 18 миң сомдун тегерегинде бааланат. Аны кол билген аял 13-14 күндө эле бүтүрөт. Өзүн кыйнабай эле он айда он таар жасаса эле 180 миң сом колуна тиет. Азыр элеттеги кожойкелердин кылганын жолдоштору да колдоп жатат. Себеби мурда талаада, тоодо таштанды болуп же өрттөлүп жаткан жүндөрдөн эле келиндер тыйын табууда. Буюрса, жергиликтүү кыз-келиндердин кирешесин андан дагы көбөйтөбүз. Буюртмалар көп келип турса, биздин аялдар күнү-түнү иштегенге даяр.

Жаңылыктар түрмөгү
0