Ошто Болот Шамшиев менен Айтурган Темировага арналган иш-чара өтөт

© Sputnik / Фред Гринберг / Медиабанкка өтүүCоветский и кыргызский кинорежиссер, сценарист и актер Болотбек Шамшиев
Cоветский и кыргызский кинорежиссер, сценарист и актер Болотбек Шамшиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Жазылуу
Сүрөт көргөзмө менен актрисанын чыгармачылык кечеси 30-август күнү саат 16:00дө шаардагы "Семетей" кинотеатрында өтөрү кошумчаланды. Кирүү акысыз.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Ош шаарында режиссёр Болот Шамшиевдин элесине арналган "Кыргыз керемети" сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Ага ылайык, сүрөт көргөзмө менен катар эле актриса Айтурган Темированын чыгармачылык кечеси болот.

Бул иш-чара 2021-жылы Кыргызстанда белгилене турган төрт маанилүү датага карата уюштурулуп жатканы айтылды. Алар:

  • Кыргыз улуттук киносунун 80 жылдыгы;
  • "Кыргыз киносу кереметинин" авторлорунун бири, дүйнөгө белгилүү кинорежиссер Болотбек Шамшиевдин 80 жылдыгы;
  • Актриса Айтурган Темированын чыгармачыл ишмердигинин 50 жылдыгы;
  • "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" фильминин 50 жылдыгы.

Сүрөт көргөзмө менен актрисанын чыгармачылык кечеси 30-август күнү саат 16:00дө Ош шаарындагы "Семетей" кинотеатрында өтөрү кошумчаланды. Кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0