Кыргызстандык акын Асылбек Маратов

Кыргыз-казак эл аралык айтыш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды

165
(жаңыланган 09:55 01.09.2021)
Кыргыз менен казактын айтыш өнөрүнүн ээлеринин беттеши өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, Жеңижоктун 160 жылдыгына жана Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына карата болду.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргыз-казак эл аралык "Айтыш- 2021" сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Баш байге акындар Асылбек Маратов менен Айбек Калиевге ыйгарылган.

1-орун:

  • Акматбек Султан уулу;
  • Аспанбек Шугатаев.

2-орун:

  • Нурмат Мансуров;
  • Турат Жумаев.

3-орун:

  • Кубат Тукешов;
  • Бөрүбай Орозымбетов.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, кыргыздын төкмө акыны Жеңижоктун 160 жылдыгына жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган кыргыз-казак айтышы 31-август күнү жыйынтыкталды.

Айтыш Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Республикалык "Айтыш" коомдук фонду тарабынан уюштурулган.

165
Белгилер:
Кыргызстан, Казакстан, айтыш
Тема боюнча
Борбиев, Казаков, Темирова. Наам алган маданий ишмерлер. Тизмеси
"Кыздын сыры" менен багы ачылган Өскөн Даникеев. Жазуучу тууралуу 11 факт
Манасчы Дөөлөт Сыдыков

Манасчы: соңку убакта "Семетей", "Сейтек" көп айтылбай калууда

15
Манасчы Дөөлөт Сыдыков семетейчилердин алгачкы сынагынын "Манас" эпосун жайылтуу үчүн мааниси чоң экендигин белгиледи.

Семетейчилердин сынагынын өтүшү жаңы "Семетей", "Сейтек" айтуучулардын чыгышына себепкер болушу ыктымал. Анткени соңку убакта көбүнчө "Манас" айтылып, "Семетей", "Сейтек" көп айтылбай калууда. Бул тууралуу Дөөлөт Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Манасчы: соңку убакта "Семетей", "Сейтек" көп айтылбай калууда

Анын айтымында, 22-25-сентябрь күндөрү Дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык VI фестивалынын алкагында өтүп жаткан семетейчилердин алгачкы сынагынын мааниси чоң.

"Фестивалга келген окумуштуулар "Манас" дастаны тууралуу маалымат алып, жок дегенде бир макала жазса дагы пайда. Учурда "Манас" эпосу кайсы бир деңгээлде изилденүүдө. Бирок эми гана изилденип баштагандай түр калтырууда. Мисалы, классикалык деп саналган Саякбай Каралаев менен Сагынбай Орозбаковдун варианттары дагы толук кандуу изилденип бүтө элек. Анан фестивалдын алкагында өткөн сынак атайын семетейчилер үчүн болгону дагы жакшы жөрөлгө. Чоң манасчыларыбыз өзүн семетейчи катары эсептеген. Анын үстүнө соңку убакта "Семетей", "Сейтек" көп айтылбай калды. Ошондуктан сынак манасчылыкта жаңы айтып келе жаткандарга шык берет, анткени манасчы айткан сайын такшалат эмеспи", — деди Сыдыков.

Ошондой эле ал дүйнөдөгү эпостордун ичинен "Манас" ооздон-оозго айтылып келе жаткан жалгыз жандуу дастан экенин кошумчалады.

15
Белгилер:
Дөөлөт Сыдыков, Манас, фестиваль, илим
Тема боюнча
Кыргызстанда алгачкы жолу семетейчилердин республикалык сынагы өтөт
Комуз. Архивдик сүрөт

Ош шаарында төкмө акындардын айтышы өтөт

199
Мэрия шаардыктарды жана анын конокторун акындарды колдоп жана айтыштан эргүү алып кетүүгө чакырды.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Ош шаарында 23-сентябрда республикалык төкмө акындардын "Ак таңдай-2021" деп аталган айтышы башталат. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы социалдык тармактагы баракчасына чыгарды.

Бул сынак "Алтын комуз" байгесине арналганы айтылды.

"22-сентябрда "Санжыра" эс алуу жайында тандоо туру, ал эми 23-сентябрда Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында "Ак таңдай-2021" республикалык төкмө акындардын айтышы башталат", — деп жазылган маалыматта.

Мэрия шаардыктарды жана анын конокторун акындарды колдоп жана айтыштан эргүү алып кетүүгө чакырды.

Ага тиркелген жарнама видеодо Мамлекеттик тил күнү жана Ош шаарынын күнүн утурлай уюштурулган бул иш-чараны "Ак таңдай" коомдук фонду, Ош шаардык мэриясы жана ЭлТР каналы биргелешип уюштургандыгы кабарланган.

199
Белгилер:
Кыргызстан, Ош шаары
Тема боюнча
Кыргыз-казак эл аралык айтыш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов

Тазабек Икрамов Армения менен Азербайжанга бир элчи дайындоого чакырды. Видео

0
(жаңыланган 17:55 20.09.2021)
Дипломат Азербайжанда элчилик бар экенин, бирок ал жерден Арменияны кароого мүмкүнчүлүк жоктугун айтты.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Россиядагы элчилигине Арменияны дагы кошуп берүүнү сунуштады.

Бүгүн парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине ТИМ башчысынын орун басары Нуран Ниязалиев Ереванда дипломатиялык өкүлчүлүк жок болгондуктан Москвадагы элчилик аркылуу кызматташуу демилгесин кароону сунуштады.

Жыйында комитеттин төрагасы Тазабек Икрамов андан көрө Армения менен Азербайжанга бир элчи дайындоо туура болмоктугун билдирди.

"Негизи Россия чоң, элчиликтегилер өзүнө жетише албайт. Сиздер Азербайжан, Армения, Грузия кылып эле бул жакка кошсоңуздар болмок. Ал жакта биздин жарандар азчылыкты түзөт. Эмне үчүн бардыгын бириктирип бербей, өздөрү жетишпей, мигранттарыбызды камсыздай албай жаткан Россиядагы элчибизге Арменияны кошуп берип жатасыздар", — деп нааразы болду Икрамов.

Анда Ниязалиев Азербайжанда элчилик бар экенин, бирок ал жерде жайгашып туруп Арменияны кароого мүмкүнчүлүк жоктугун айтты. Эки мамлекеттин ортосундагы мамилеге байланыштуу Армения тарап буга уруксат бербесин эскертти. Андыктан алар Россияда туруп кызматташууну улантууга макул болушкан. Ал эми Грузияны Бакудагы элчилик тейлей турганын кошумчалады.

"Бул жерде, албетте, сөзсүз түрдө саясий көз карашын да эске алышыбыз керек. Анан кабыл ала турган мамлекеттин уруксатына жараша иш жүргүзөбүз", — деди министрдин орун басары.

Эскерте кетсек, өткөн жылы сентябрь айында Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабахты талашып согушкан. Эки тарап тең жоготууга учурап, миңдеген адам набыт болгон.

 

0
Белгилер:
Тазабек Икрамов, Армения, Азербайжан, элчи, дайындоо
Тема боюнча
Икрамов ЕККУ отурумуна катышып, Азербайжан, Норвегия депутаттары менен жолукту