Жапжаш Базаровду курчаган сулуу кыздар. "Көчөдөгү" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Камеранын жанында отурган оператор Мурат Алиев, ортодо жаш актрисаларга баш-көз болгон кинорежиссёр Геннадий Базаров жана алардын артында турган КРдин эл артисти Чоро Думанаевдин сүрөтү 1972-жылы Ош облусунун Ноокат районунда тартылган.

Ал жылы драматург Мурза Гапаровдун чыгармасынын негизинде Базаров "Көчө" кинофильмин тартууга киришет.

Ошол кезеңди аталган кинокартинада экинчи оператордун милдетин аткарган Мурат Жыргалбаев мындайча эскерет.

"Жаңы эле Москвадагы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтун бүтүп келип фильмге катышып калгам. Ага мени башкы оператор Марлест Туратбеков менен Виктор Дурандин чакырган. Тартуу маалында техникалык мүчүлүштүктөрүн жолго салчумун. Жашоо шартыбыз элеттегидей эле болчу. Режиссёр актёр жана актрисалар менен мейманканада жашаса, биз, жаштар, мектепте турчубуз. Чыгармачылыкта жүргөн адамдар эл артисти, эмгек сиңирген артист, маданияттын мыкты кызматкери деген сыйлыктарды алат. Мен болсо "Көчөдө" өзүмдүн болочоктогу келинчегимди жолуктургам. Менин табылгам да, сыймыгым да ошол адам эле. Режиссёр Геннадий Базаров жөнүндө сөз кылбай кетпесем болбойт. Менимче, ал эл артисттеринин ичинен анык эл баалаган эл артист, күчтүү сүрөткер. Убагында мага окшогон далай жаштарга жол көрсөтүп жардамын аяган жок. Эмгек жолубузда тилектеш, сөзүбүз, оюбуз дал келген адамдардан болдук. Ошол "Көчө" аркылуу табышкан, дүкөнчү кыз Маликенин ролун аткарган Мамлакат Кылычева экөөбүздүн бирге түтүн булатып келе жатканыбызга 50 жылдай болуп калды. Кудайга шүгүр, уулдуу, кыздуу болуп небере күтүп калдык", — деди Жыргалбаев.

"Көчөдө" Муратбек Рыскулов, Исмаилбек Абдубачаев, Сабира Күмүшалиева, Насыр Кытаев, Нуртай Борбиев, Алиман Жангорозова, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Чоро Думанаев, Мамлакат Кылычева, Айнура Жумабаева, Светлана Евдокимова жана башкалар роль аткарган. Ал кинофильм Токтогул ГЭСинин жана суу сактагычынын курулуш иштери башталар алдында көчүрүлгөн Беш-Кемпир айылынын тургундарынын турмушун, элеттиктердин кылык-жоругун чагылдырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0