Акыркы көч фильминин кадрлары

Коңгуроо каккан тасма. "Акыркы көч" фильминин премьерасынан сүрөттөр

82
"Акыркы көч" кинотасмасы бир топ эл аралык кинофестивалдарга, сынактарга катышып, байгелерге татып жүрөт.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Борбор калаада режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан "Акыркы көч" кинотасмасынын бет ачары болду. Ага Маданият министрлигинин өкүлдөрү, чыгармачыл адамдар жана кино сүйүүчүлөр катышты.

Тасманын режиссёру Бакыт Мукул фильм аркылуу элге чыгармачыл адамдын жашоосун көрсөткүсү келгендигин айтып берди.

  • Люди на премьере фильма Дорога в Эдем в Бишкеке. 01 сентября 2021 года
    Борбор калаада режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан "Акыркы көч" кинотасмасынын бет ачары болду
    © Фото / Мээрим Догдурбекова
  • Люди на премьере фильма Дорога в Эдем в Бишкеке. 01 сентября 2021 года
    Ага Маданият министрлигинин өкүлдөрү, чыгармачыл адамдар жана кино сүйүүчүлөр катышты
    © Фото / Мээрим Догдурбекова
  • Люди на премьере фильма Дорога в Эдем в Бишкеке. 01 сентября 2021 года
    Тасманын режиссёру Бакыт Мукул фильм аркылуу элге чыгармачыл адамдын жашоосун көрсөткүсү келгендигин айтып берди
    © Фото / Мээрим Догдурбекова
  • Кадры из фильма Дорога в Эдем
    Кинокартина 2-сентябрдан тарта өлкөнүн кинотеатрларында коюлуп, прокатка чыкмакчы
    © Фото / Дастан Жапар уулу
  • Кадры из фильма Дорога в Эдем
    "Акыркы көч" көптөгөн эл аралык сынактарга катышып, соңку ирет Дакка эл аралык кинофестивалда баш байгеге жана Куала-Лумпурда өткөн эл аралык кинофестивалда атайын сыйлыкка татыган
    © Фото / Дастан Жапар уулу
1 / 5
© Фото / Мээрим Догдурбекова
Борбор калаада режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан "Акыркы көч" кинотасмасынын бет ачары болду
"Чыгармачыл адамдар коомго тарбия берип, элдин алдында жүргөн катмар. Бирок ошол эле учурда жашоодо экинчи планда кала берет. Адамдарды алдыга үндөп, тарбиялаганына карабастан аларды алдап, колдонуп кетишет. Башкы каармандын азыркы жашоосу ак-кара түскө боёлгонун фильмдин ак-кара түстө тартылгандыгы менен берели дегенбиз", — деди режиссёр.

Кинокартина 2-сентябрдан тарта өлкөнүн кинотеатрларында коюлуп, прокатка чыкмакчы.

"Акыркы көч" көптөгөн эл аралык сынактарга катышып, соңку ирет Дакка эл аралык кинофестивалда баш байгеге жана Куала-Лумпурда өткөн эл аралык кинофестивалда атайын сыйлыкка татыган.

Кинону Төлөмүш Океев атындагы "Кыргыз фильм" улуттук киностудиясы менен "Билимкана" коомдук фонду биргелешип тарткан. Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу сценарийдин автору жана режиссёрлору болсо, Эльнура Осмоналиева да продюсерлик кылып көмөктөшкөн. Фильмде Марат Алышпаев, Шайыр Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыяктуу көрүнүктүү актёрлор роль жараткан. Кино Бишкек, Каракол шаарларында жана Түргөн жайлоосунда тартылды.

"Акыркы көчтө" улгайып калган белгилүү жазуучунун акыркы күндөрү чагылдырылат. Анда социалдык теңсиздик, жалпы маданият, искусство тармагында эмгектенген адамдардын камкордукка алынбаган абалы баяндалган.

82
Белгилер:
кино, тасма, фильм, режиссер
Тема боюнча
Мактап да, сындап да көрүшкөн. "Каныбек" тасмасындагы кызыктуу ирмемдер
Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шаханов тууралуу тасма тартылат
Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында Кыргызстан жөнүндө баяндаган сүрөт көргөзмө

Министр Казакбаев БУУда Кыргызстан тууралуу сүрөт көргөзмөсүн ачты

41
(жаңыланган 15:39 21.09.2021)
Сүрөттөрдө өлкөнүн байыркы тарыхы, кооз жерлери, улуттук спорт оюндары, маданияты, жаратылышы жана Кыргызстандын БУУ менен болгон мамилеси чагылдырылган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында Кыргызстан жөнүндө баяндаган сүрөт көргөзмөсүн ачты. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

  • Министр иностранных дел Кыргызской Республики Руслан Казакбаев в рамках участия в мероприятиях Недели высокого уровня 76-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН открыл фотовыставку, посвященную 30-летию Независимости Кыргызской Республики
    Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында Кыргызстан жөнүндө баяндаган сүрөт көргөзмөсүн ачты
    © Фото / пресс-служба МИД КР
  • Фотовыставка, посвященная 30-летию Независимости КР в рамках участия в мероприятиях Недели высокого уровня 76-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН
    Маалыматка караганда, министр БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгына катышып жатат
    © Фото / пресс-служба МИД КР
  • Фотовыставка, посвященная 30-летию Независимости КР в рамках участия в мероприятиях Недели высокого уровня 76-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН
    Көргөзмөгө иш-чарага катышып жаткан чет мамлекеттердин делегацияларынын бардык мүчөлөрү күбө боло алат.
    © Фото / пресс-служба МИД КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба МИД КР
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында Кыргызстан жөнүндө баяндаган сүрөт көргөзмөсүн ачты

Маалыматка караганда, министр БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгына катышып жатат.

"Анын алкагында Казакбаев Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн ачты. Анда өлкөнүн байыркы тарыхы, кооз жерлери, улуттук спорт оюндары, маданияты, жаратылышы жана Кыргызстандын БУУ менен болгон мамилеси чагылдырылган", — деп айтылат маалыматта.

Көргөзмөгө иш-чарага катышып жаткан чет мамлекеттердин делегацияларынын бардык мүчөлөрү күбө боло алат. 

41
Белгилер:
Кыргызстан, Нью-Йорк, БУУ, сүрөт, көргөзмө, Руслан Казакбаев
Тема боюнча
Жапаров ЮНЕСКО өкүлү менен КРдин атынан мурастар тизмесине кирчү жайларды сүйлөштү
Бүгүн Садыр Жапаров БУУ трибунасынан дүйнө коомчулугуна кайрылуу жасайт

Бишкекте "Кыргыз көчү" аймагы түзүлүп, дүйнө эпосторунун фестивалы өтөт

60
(жаңыланган 16:38 21.09.2021)
Борбор калаада 22-25-сентябрь күндөрү Дүйнө элинин эпосторунун VI Эл аралык фестивалы өтөт. Учурда ага 20дан ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Фестивалдын программасында эпос таануучулар жана окумуштуулар арасында эл аралык илимий-практикалык симпозиум, тегерек столдор өтөт. Ошондой эле Улуттук филармониянын алдына "Кыргыз көчү" этнографиялык аймагы түзүлүп, "Мыкты боз үй", "Мыкты семетейчи" жана "Саркеч көчмөн" сынактары уюштурулат.

Үстүбүздөгү жылдын 26-27-сентябрында Ош шаарынын борбордук аянты туризм индустриясына жаңы эшигин ачат.
© Видео / Facebook/ Мэрия города Ош - официальная страница
Аталган маданий иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана улуу акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы, "Арт Араба" коомдук фонду менен биргеликте уюштурууда.

Максаты — дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө. Ошондой эле президенттин "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу экени айтылды.

60
Белгилер:
Бишкек, фестиваль, эпос, маданият
Тема боюнча
Залкардын элесине арналат. Бишкекте "Үмүт" эл аралык кинофоруму башталды
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен

Садыр Жапаров Өзбекстан парламентинин төрайымы менен жолукту

22
(жаңыланган 22:46 21.09.2021)
Тараптар парламент аралык жана регионалдык эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

  • Президент Садыр Жапаров встретился с председателем Сената Олий Мажлиса Узбекистана, прибывшей в страну с официальным визитом. 21 сентября 2021 года
    Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолукту
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР встретился с председателем Сената Олий Мажлиса Узбекистана Танзилой Нарбаевой, прибывшей в страну с официальным визитом. 21 сентября 2021 года
    Тараптар парламент аралык жана регионалдык эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолукту

Тараптар парламент аралык жана регионалдык эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Мамлекет башчы Өзбекстандын парламентине парламент аралык жана регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын мартында президент Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга ар тараптуу көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

"Олий Мажлис сенатынын төрайымы Кыргызстанда Садыр Жапаровдун бардык тармактарда жүргүзүп жаткан реформаларынын натыйжасында болгон жакшы өзгөрүүлөрдү белгиледи. Ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жалпы кыргыз элине чын дилден бакубатчылык тилеген каалоосун жеткирди. Өзбекстандын парламенти Жапаровдун Ташкентке болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын ишке ашуусуна ар тараптуу көмөк көрсөтөрүнө ишендирди", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуу соңунда Жапаров кесиптеши Мирзиёевге жылуу салам айтууну өтүнүп, ошондой эле боордош өзбек элине тынчтык, бакубатчылык жана мындан аркы гүлдөп өнүгүүнү каалаган.

22
Белгилер:
Өзбекстан, Садыр Жапаров, жолугушуу, Танзила Нарбаева
Тема боюнча
Жапаров ЮНЕСКО өкүлү менен КРдин атынан мурастар тизмесине кирчү жайларды сүйлөштү
Жапаров суучул Шуликонун рекордун каттатуу үчүн 500 миң сом бөлдү