1-октябрда кинематограф мыктыларына "Ак илбирс" сыйлыгы тапшырылат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгы. Архив
Ак илбирс улуттук кино сыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Жазылуу
Ак илбирс" улуттук сыйлыгы 2012-жылы өлкөнүн алдыңкы кинематографисттери тарабынан негизделген. Мыктылар 18 номинация боюнча аныкталат.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бишкекте "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгын тапшыруу аземи 1-октябрь күнү болот. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Сыйлык 2012-жылы өлкөнүн алдыңкы кинематографисттери тарабынан негизделген. Иш-чара Кинематографисттер бирикмесинин, "Айтыш" коомдук фондунун, Кинематография департаментинин жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүп келет.

"2019-жылкы сыйлык тапшыруу аземи ошол жылдын 25-апрелине белгиленип, бирок пандемиядан улам кийинкиге жылдырылган. Анда 40 эмгек көрсөтүлүп, 61 кишиден турган калыстар тобу жабык добуш берүү жолу менен мыктыларды тандашкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Сыйлык 18 номинация боюнча тапшырылат:

  • Мыкты тасма;
  • Мыкты режиссёр;
  • Мыкты сценарий;
  • Мыкты оператор;
  • Мыкты сүрөтчү;
  • Мыкты композитор;
  • Мыкты үн режиссёру;
  • Мыкты монтаж;
  • Эркектин мыкты ролу;
  • Аялдын мыкты ролу;
  • Мыкты даректүү тасма;
  • Мыкты кыска метраждуу тасма;
  • Көрүүчүлөр жактырган мыкты тасма;
  • Улуттук кинематографияга кошкон салым;
  • Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салым;
  • Борбор Азиядагы мыкты тасма;
  • Борбор Азиянын мыкты актёру;
  • Борбор Азиянын мыкты актрисасы.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгынын эл аралык өнөктөшү болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0