Манасчы Дөөлөт Сыдыков

Дөөлөт Сыдыков Москвадагы манас айтуусун жыйынтыктады

309
(жаңыланган 17:13 06.09.2021)
Манасчы беш күн, беш түн тынбай улуу баянды айтуу үчүн Москвага 29-августта учуп кетип, иш-чара 31-августта башталган.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Дөөлөт Сыдыков беш күн, беш түн манас айтуусун жыйынтыктады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине иш-чараны уюштуруучулардын бири Гүлзар Кокенова билдирди.

Анын айтымында, учурда манасчынын абалы жакшы.

Эскерте кетсек, манасчы Дөөлөт Сыдыков беш күн, беш түн тынбай улуу баянды айтуу үчүн Москвага 29-августта учуп кеткен. Иш-чара 31-августта Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин имаратында башталган.

Сыдыков узак мөөнөткө манас айтып, Гиннес рекорддор китебине кирүүгө аракет кылууда.

309
Белгилер:
Дөөлөт Сыдыков, Манас эпосу, Москва, иш-чара
Тема боюнча
Венгриялык окумуштуу "Манастан" үзүндү айтып, ырчы "Сары-Ойду" аткарды. Видео
Наралиева: манасчы феноменин изилдөө иштери купулубузга толгон жок
Дөөлөт Сыдыков 5 күнгө созулган манас айтууну баштады. Видео

Бишкекте "Кыргыз көчү" аймагы түзүлүп, дүйнө эпосторунун фестивалы өтөт

14
Борбор калаада 22-25-сентябрь күндөрү Дүйнө элинин эпосторунун VI Эл аралык фестивалы өтөт. Учурда ага 20дан ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Фестивалдын программасында эпос таануучулар жана окумуштуулар арасында эл аралык илимий-практикалык симпозиум, тегерек столдор өтөт. Ошондой эле Улуттук филармониянын алдына "Кыргыз көчү" этнографиялык аймагы түзүлүп "Мыкты Боз үй", "Мыкты Семетейчи" жана "Саркеч көчмөн" сынактары уюштурулат.

Үстүбүздөгү жылдын 26-27-сентябрында Ош шаарынын борбордук аянты туризм индустриясына жаңы эшигин ачат.
© Видео / Facebook/ Мэрия города Ош - официальная страница
Аталган маданий иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана улуу акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы, "Арт Араба" коомдук фонду менен биргеликте уюштурууда.

Максаты — дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө. Ошондой эле президенттин "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу экени айтылды.

14
Белгилер:
Бишкек, фестиваль, эпос, маданият
Тема боюнча
Залкардын элесине арналат. Бишкекте "Үмүт" эл аралык кинофоруму башталды
 Бишкек шаарында жаш киночулардын Үмүт эл аралык XIX кинофоруму башталды

Залкардын элесине арналат. Бишкекте "Үмүт" эл аралык кинофоруму башталды

19
(жаңыланган 11:08 21.09.2021)
Бул маданий иш-чара СССРдин эл артисти, кыргыз кино өнөрүнүн алптарынын бири, режиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында жаш киночулардын "Үмүт" эл аралык XIX кинофоруму башталды. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.

  • Фотовыставка в честь Народного артиста СССР Болота Шамшиева у кинотеатра Ала-Тоо, где проходит XIX международный кинофорум Умут
    Бишкек шаарында жаш киночулардын "Үмүт" эл аралык XIX кинофоруму башталды
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов
  • Фотовыставка в честь Народного артиста СССР Болота Шамшиева у кинотеатра Ала-Тоо, где проходит XIX международный кинофорум Умут
    Аталган маданий иш-чара СССРдин эл артисти, кыргыз кино өнөрүнүн корифейлеринин бири, гениалдуу режиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналган.
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов
1 / 2
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Бишкек шаарында жаш киночулардын "Үмүт" эл аралык XIX кинофоруму башталды

Аталган маданий иш-чара СССРдин эл артисти, кыргыз кино өнөрүнүн корифейлеринин бири, гениалдуу режиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналган.

Бул ирет көрүүчүлөр "Адам. Тагдыр. Жашоо" темасы тууралуу тасмаларга күбө боло алат.

Толук метраждуу тасмалар "Ала-Тоо" кинотеатрында, ал эми сынакка катыша турчу кыска метраждуу фильмдер Кино үйүндө тартууланмакчы.

19
Белгилер:
Кыргызстан, Болот Шамшиев, 'Үмүт' кинофоруму
Тема боюнча
Ошондой сырдашууга жетпей өксүйм го деп ойлой берем. Чыңгыз Шамшиевдин маеги
Татарстанда Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы көрсөтүлдү. Сүрөт
Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков. Архив

Нарындын мэри Болотбеков сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулду

0
Шаар башчысы 2020-жылы өткөн паралменттик шайлоо маалында коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим кечээ, 20-сентябрда, чыккан. Болотбеков шайлоодогу коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелүүдө.

УКМК былтыркы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаты мандатын убадалап 300 миң доллар алган деген шек менен "Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, экс-депутат Руслан Чойбековду 16-сентябрда кармаган. Бул иш боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнө ("Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосун") ылайык өндүрүш ачылып, Чойбеков тергөө абагына киргизилген.

Ал эми 18-сентябрда аталган кылмышка катыштыгы бар деген шек менен шайлоодо "Кыргызстан" партиясынан талапкер болгон, учурда Нарындын мэри Самарбек Болотбеков кармалган болчу.

0
Белгилер:
Самарбек Болотбеков, мэр, кармоо, коррупция, бошотуу
Тема боюнча
500 миң долларлык мүлк. "Кыргызстандын" дагы бир экс-депутаты кармалды