Күү укканды сагындыңызбы? Эртең Бишкекте "Таңшы комуз" иш-чарасы өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Ала-Тоо аянтында жаш комузчулар
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жаш комузчулар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Жазылуу
Майрамдык салтанатты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы жана КТРК менен биргеликте уюштурууда.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Эртең, 9-сентябрда, комуз күнүнө карата "Таңшы комуз" иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу уюштуруу тобунан кабарлады.

Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдында болуучу майрамдык салтанатты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы жана КТРК менен биргеликте уюштурууда.

Иш-чарага белгилүү комузчулар, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин "Акак" комузчулар ансамблинин жана Петр Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин таланттуу улан-кыздары катышат.

Ал түз эфирде "Маданият. Тарых. Тил" каналы аркылуу көрсөтүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0