Боз уй тигип жаткан адамдар. Архив

Маданият министрлиги "Мыкты боз үй" сынагын жарыялады. Катышуунун шарттары

111
Сынактын максаты — боз үй жасаган чеберлерден жаш муун үчүн салттуу өнөрчүлүк мектебин калыптандыруу, өнүктүрүү.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык VI фестивалынын алкагында "Мыкты боз үй" кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сынактын максаты — боз үй жасаган чеберлерден жаш муун үчүн салттуу өнөрчүлүк мектебин калыптандыруу, өнүктүрүү жана сактоо. Кол өнөрчүлүгүнүн казынасын байытуу, элдин күнүмдүк турмушунда унутта калып бара жаткан өнөрчүлүк технологиясын кайра жандандыруу.

Сынакка катышуунун шарттары:

  • Калктын бардык катмарынын өкүлдөрү катыша алат жана чеберлердин жаш курагы, улуту чектелбейт. Сынакка ички-сырткы жасалгалары толук бүткөн, элдик нукура технологияны колдонуу менен сын-келбеттүү боз үйлөрдү өз колдору менен жасаган бардык чеберлер катыша алат;
  • Буга чейинки эпос фестивалына катышкан боз үйлөр катыша албайт;
  • Сынактын жеңүүчүлөрү калыстар тобу тарабынан аныкталат.
  • Катышууну каалагандар уюштуруу тобуна билдирмени 20-сентябрга чейин, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү №78 (3-кабинет) дарегине тапшыруусу зарыл.
  • Сынакка кабыл алынган боз үйлөр 22-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын алдында орнотулат.
  • Жеңүүчүлөр Маданият министрлигинин диплом, грамоталары менен жана акчалай түрүндө сыйланат.

Кенен маалымат менен министрликтин Facebook баракчасынан тааныша аласыздар.

111
Белгилер:
Боз үй, сынак, Кыргызстан, катышуу
Тема боюнча
Алай тоолорун көрүп ыйлап... Ошто тартылган "Орел и решка" шоусу чыкты
Кыргызстандык стендап-куудул ТНТ каналынын “Ачык микрофон” шоусуна кабыл алынды
Кыргызстандык Разия Мансурова дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу беш сынактын бири болуп саналган Miss Interсontinental 2021 кароосуна катышат

Кыргызстандык модель Египетте өтүп жаткан сулуулар сынагына катышууда. Сүрөттөр

7043
(жаңыланган 22:28 20.10.2021)
Конкурс 14-октябрда Шарм-эль-Шейхте (Египет) башталган. Финалы 29-октябрга белгиленди. 24 жаштагы модель эл аралык сынакка алгачкы ирет катышууда.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Разия Мансурова дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу беш сынактын бири болуп саналган Miss Interсontinental 2021 кароосуна катышат. Бул тууралуу сынактын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Участница международного конкурса красоты Miss Interсontinental — 2021 от Кыргызстана Разия Мансурова
© Фото / предоставлено Разией Мансуровой
Кыргызстандык Разия Мансурова дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу беш сынактын бири болуп саналган Miss Interсontinental 2021 кароосуна катышат

Конкурс 14-октябрда Шарм-эль-Шейхте (Египет) башталган. Финалы 29-октябрга белгиленди.

24 жаштагы модель мындай эл аралык сынакка алгачкы ирет катышууда. Аны жай айларында “Кыргызстан сулуусу” улуттук сынагынын расмий сайтына жарыяланган кастинг аркылуу тандап алышкан.

Участница международного конкурса красоты Miss Interсontinental — 2021 от Кыргызстана Разия Мансурова
© Фото / предоставлено Разией Мансуровой
24 жаштагы модель бул сыяктуу эл аралык сынакка алгачкы ирет катышууда
“Учурда сулуу кыздар фотосессияларга катышууда. Эмки жумада подиумга чыгып маек беришет”, — деп айтылат билдирүүдө.

Miss Interсontinental 2021 сынагынын жеңүүчүсү бриллиант таштуу таажы жана 50 миң долларга ээ болот.

Участница международного конкурса красоты Miss Interсontinental — 2021 от Кыргызстана Разия Мансурова
© Фото / предоставлено Разией Мансуровой
Miss Interсontinental 2021 сынагынын жеңүүчүсү бриллиант таштуу таажы жана 50 миң долларга ээ болот.

Сынакты 1971-жылдан бери Дүйнөлүк сулуулук агенттиги өткөрүп келет. 2016-жылы Кыргызстандын атынан Бегимай Карыбекова катышкан.

7043
Белгилер:
Кыргызстан, сынак, сулуулук сынагы, Египет
Тема боюнча
Кыргызстандагы эң сулуу бийкечти аныкташты. Сүрөт, видео

Театр менен кинонун ханышасы. Бакен Кыдыкееванын сүрөттө калган ирмемдери

209
(жаңыланган 18:01 20.10.2021)
  • Кыргыздын алгачкы толук метраждуу көркөм фильми Салтанатта актриса Салтанаттын ролун ойногон
  • Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева 1972-жылы Көчө фильминде
  • Уулдарынан, жолдошунан айрылган кайраттуу Толгонай эне
  • Геннадий Базаровдун Көздүн кареги тасмасында СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев эне-баланын образында, 1975-жыл
  • СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Раушан Сармурзина менен болочоктогу саясат таануучу Токтогул Какчекеев тасма тартуу маалында
  • Искусство жөнүндө жомок кинотасмасында режиссер Геннадий Базаров менен залкар актриса
  • Мелис Убукеевдин Тайгак кечүү тасмасын тартуу учуру: Бакен Кыдыкеева Уулжандын энесинин, Калича Рысмендеева байбиченин образында
  • Кыргыздын каймактары: солдон оңго актер Аманкул Куттубаев, опера ырчысы Сайра Кийизбаева, актерлор Ашыралы Боталиев, Муратбек Рыскулов, актриса Бакен Кыдыкеева жана төкмө акын Токтоналы Шабданбаев, Москвадагы Казань вокзалы, 1958-жыл
  • СССРдин эл артисти 30га жакын фильмге катышкан
  • Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты жүз жаштагы элеттик карыя менен. Чоң-Кемин, 1978-жыл.
  • Болот Шамшиевдин Караш-Караш окуясы фильми: КРдин Баатыры Сабира Күмүшалиева менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, 1967-жыл
  • Бакен Кыдыкеева 1993-жылы 30-декабрда жол кырсыгынан каза болуп, сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган
Бүгүн – белгилүү актриса, СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееванын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар талантты эскерип, сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.

Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Чүй облусундагы Төкөлдөш айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Мектепте 7-классты аяктагандан кийин ата-энесине билгизбей театрга кирип алат. Бирок анын мындай аракетине атасы каршы чыгат. Ошондо Кыдыкеева театрдан чыгуу үчүн арыз жазганы барса, өспүрүмгө жаңы роль сунушташат. Бир күнү атасы кызынын таланты тууралуу гезит бетинен окуп, ага чыгармачылык менен алектенүүгө макулдук берет. Ошондон тарта ал кызынын туруктуу күйөрманы болуп, өмүрүнүн аягына чейин ар бир жаңы спектаклине гүл көтөрүп барууну адат кылып алган.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Ысык-Көл, Нарын облусундагы театрларда эмгектенип, узак убакыт Кыргыз драма театрынын сахнасында ойногон. Ошол эле маалда Мираида Далбаева, Таттыбүбү Турсунбаева жана Жамал Сейдакматова өңдүү бир топ чыгармачыл инсандарга устат болуп жол көрсөткөн.

Ал эми кинодо ондогон роль аткарып, "Саманчынын жолунда" Толгонайдын, "Биринчи мугалимде" Кара катындын, "Караш-Караш окуясында" Хадичанын образын жараткан.

Сахна жылдызы жашоосунда ар кандай бут тосууларга дуушар болуп эки жолу театрдан чыгырылган. Кыдыкеева орто жолдо калып, убагында эмгегине тиешелүү баа берилген эмес. Бирок ага карабай өмүрүнүн акыркы күндөрүн дагы театрда өткөргөн. Кыргыздын карлыгач актрисасы 70 жаш курагында жол кырсыгынан көз жумган.

209
  • Бакен Кыдыкеева 13 жашында Лопе де Веганын Койлуу булак драмасында Лауренсиянын ролун аткарган
    © Фото / Александр Федоров

    Бакен Кыдыкеева 13 жашында Лопе де Веганын "Койлуу булак" драмасында Лауренсиянын ролун аткарган

  • Кыргыздын алгачкы толук метраждуу көркөм фильми Салтанатта актриса Салтанаттын ролун ойногон
    © Sputnik / Филоненко

    Кыргыздын алгачкы толук метраждуу көркөм фильми "Салтанатта" актриса Салтанаттын ролун ойногон

  • Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева 1972-жылы Көчө фильминде
    © Фото / Александр Федоров

    Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева 1972-жылы "Көчө" фильминде

  • Кинокартиналарда энелердин ролун көп аткарган актриса уулу менен үйүндө
    Александр Федоров

    Кинокартиналарда энелердин ролун көп аткарган актриса уулу менен үйүндө

  • Уулдарынан, жолдошунан айрылган кайраттуу Толгонай эне
    © Фото / Александр Федоров

    Уулдарынан, жолдошунан айрылган кайраттуу Толгонай эне

  • Бакен Кыдыкеева трагедия менен комедияны бирдей ойноп кеткен көп кырдуу таланты жогору бааланган
    Александр Федоров

    Бакен Кыдыкеева трагедия менен комедияны бирдей ойноп кеткен көп кырдуу таланты жогору бааланган

  • Геннадий Базаровдун Көздүн кареги тасмасында СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев эне-баланын образында, 1975-жыл
    © Sputnik / Александр Федоров

    Геннадий Базаровдун "Көздүн кареги" тасмасында СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев эне-баланын образында, 1975-жыл

  • СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Раушан Сармурзина менен болочоктогу саясат таануучу Токтогул Какчекеев тасма тартуу маалында
    © Фото / Александр Федоров

    СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Раушан Сармурзина менен болочоктогу саясат таануучу Токтогул Какчекеев тасма тартуу маалында

  • Искусство жөнүндө жомок кинотасмасында режиссер Геннадий Базаров менен залкар актриса
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Искусство жөнүндө жомок" кинотасмасында режиссер Геннадий Базаров менен залкар актриса

  • Мелис Убукеевдин Тайгак кечүү тасмасын тартуу учуру: Бакен Кыдыкеева Уулжандын энесинин, Калича Рысмендеева байбиченин образында
    © Sputnik / Александр Федоров

    Мелис Убукеевдин "Тайгак кечүү" тасмасын тартуу учуру: Бакен Кыдыкеева Уулжандын энесинин, Калича Рысмендеева байбиченин образында

  • Кыргыздын каймактары: солдон оңго актер Аманкул Куттубаев, опера ырчысы Сайра Кийизбаева, актерлор Ашыралы Боталиев, Муратбек Рыскулов, актриса Бакен Кыдыкеева жана төкмө акын Токтоналы Шабданбаев, Москвадагы Казань вокзалы, 1958-жыл
    © Фото / семейный архив Кийизбаевых

    Кыргыздын каймактары: солдон оңго актер Аманкул Куттубаев, опера ырчысы Сайра Кийизбаева, актерлор Ашыралы Боталиев, Муратбек Рыскулов, актриса Бакен Кыдыкеева жана төкмө акын Токтоналы Шабданбаев, Москвадагы Казань вокзалы, 1958-жыл

  • Таланттуу актрисага грим коюп жаткан гример-художник Белякова
    Александр Федоров

    Таланттуу актрисага грим коюп жаткан гример-художник Белякова

  • СССРдин эл артисти 30га жакын фильмге катышкан
    © Sputnik / Александр Федоров

    СССРдин эл артисти 30га жакын фильмге катышкан

  • Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты жүз жаштагы элеттик карыя менен. Чоң-Кемин, 1978-жыл.
    © Фото / Александр Федоров

    Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты жүз жаштагы элеттик карыя менен. Чоң-Кемин, 1978-жыл.

  • Болот Шамшиевдин Караш-Караш окуясы фильми: КРдин Баатыры Сабира Күмүшалиева менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, 1967-жыл
    © Sputnik / Александр Федоров

    Болот Шамшиевдин "Караш-Караш окуясы" фильми: КРдин Баатыры Сабира Күмүшалиева менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, 1967-жыл

  • Бакен Кыдыкеева 1993-жылы 30-декабрда жол кырсыгынан каза болуп, сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Бакен Кыдыкеева 1993-жылы 30-декабрда жол кырсыгынан каза болуп, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган

Белгилер:
Кыргызстан, Бакен Кыдыкеева, кино, театр, сүрөт
Тема боюнча
Балет дүйнөсүнө 11 жашында аралашкан. Кайталангыс Айсулуу Токомбаева
Академиянын алгачкы президенти болгон. Иса Ахунбаевдин сүрөттө калган ирмемдери
Композ, Жаздык 66 жашта. Актер, режиссер Мурат Мамбетов жараткан образдар
Россиянын президенти Владимир Путин

Путин: коммунисттер менен улутчулдарга бирдей кароо такыр туура эмес

0
(жаңыланган 01:00 22.10.2021)
Россиянын башчысы экинчи дүйнөлүк согушка байланыштуу маселелерди талашууга аргументтери бар экенин айтты.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Коммунисттер менен улутчулдарды бирдей кароо такыр туура эмес. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Эл аралык “Валдай” дискуссиялык клубунун жыйынында билдирди.

Путин тарыхый эстеликтер тууралуу сөз болгондо экинчи дүйнөлүк согушка байланыштуу маселелерди талашууга аргументтери бар экенин айтты.

“Бизде 1917-жылдан 1990-жылга чейинки өлкөнүн башкаруучуларына көптөгөн дооматыбыз бар. Бул кадыр эсе көрүнүш. Бирок экинчи дүйнөлүк согуштун алдында коммунисттер менен улутчулдарды бир жерге коюп, жоопкерчилигин 50\50 пайыздан бөлүп кароо такыр орунсуз”, — деди Россия лидери.

Путин бул сөздөрдү СССРдин мураскери аталган Россиянын башчысы жана орус жараны болгону үчүн гана айтып жатпаганын белгиледи.

“Мен муну изилдөөчү катары айтып жатам. Архивде жаткан документтерди окуп чыктым”, — деди Россиянын башчысы.

Анын айтымында, анын арасында лагерлер жана репрессия сыяктуу Сталин жөнүндө көп нерсени эстесе болот.

“Бирок мен документтерден анын резолюцияларын көрдүм. Совет өкмөтү экинчи дүйнөлүк согуштун башталышына жол бербөө үчүн күрөшкөн”, — деди Путин.

Ошондой эле ал тарыхты бурмалоо аракети ар дайым болушу мүмкүн экенин, бирок жок дегенде документтерди окуп коюуга чакырды.

0
Белгилер:
Владимир Путин, тарых, улутчул, коммунист
Тема боюнча
Путин Афганистандын экономикасын калыбына келтирүү үчүн көмөктөшүүгө чакырды